Архив метки: исабеков

Тоют базасын куруу максат кылынууда

Чаткал айыл аймагында быйылдан баштап эспарцет жана беде аянттары көбөйтүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, жакынкы жылдарда тоют базасы түзулүп,  Чаткал өрөөнүндөгү беш-алты айга созулган кыш мезгилинде калктын колундагы төрт тулүктү жутка кабылтпоо чаралары колго алынмакчы. Ал үчүн отуз-кырк миң таңгак чөп батчу чатырлар курулуп, тоют ошол чатырларда сакталмакчы.

М. Эшназаров

 

Айылдык маданият үйү оңдолот

Быйыл Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди. Анын маалымдашынча, аталган маданият үйүн капиталдык  оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн теңдөөчү гранттан 1,5 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы мезгилдерде  бул иштерди аткарууга тендер жарыяланмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин 2012-жылы маданият үйүнүн чатыры түрткү берүүчү гранттын эсебинен алмашылган.

 

М. Эшназаров

 

«Маалымат такталары» орнотулат

-Жакынкы мезгилдерде Жаңы-Базар айылынын ичине, ыңгайлуу жерлерге беш даана “Маалымат такталарын” орнотобуз.-деп билдирди Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков жакында Жаңы-Базар айылында өткөн элдик жыйында. Мунун максаты-Чаткал айыл өкмөтүнүн жарыя, буйруктарын жана  айрым зарыл маалыматтарды калкка тез жеткирүү болуп саналат.

“Маалымат такталарына” мындан сырткары, айыл аймактын айрым ички емыйзамдарына баш ийбей, моралдык жана маданий жактан калпыстыкка жол берип жаткан айрым тургундардын ысымдары да илинмекчи.   Б. Исабековдун белгилешинче, мындай инсандар ушундай чаралар аркылуу тартипке чакырылмакчы.

 

М. Эшназаров