1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Каныш-Кыя айыл аймагы жана Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген сүрөттөрү менен катышты. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары ыйгарылды.
Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. «ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошев, айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.
М.Эшназаров