Архив метки: Ж. Нурбаев

Райондук маданият бөлүмүнүн отуруму болду

Февраль айынын он тогузунда райондук “Ч. Айтматов” атындагы маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн кеңешинин отуруму болду. Отурумга райондук маданият бөлүмүнүн жааматы, айылдык китепканалардын жана маданият үйлөрүнүн директорлору, айыл аймак башчылары жана район акиминин 1-орунбасары Ж. Накетаев, раймамадминистрациянын башкы адиси А. Таштанбаевалар катышты.

ДК IMG_5867ДК IMG_5868ДК IMG_5872

Отурумда райондук маданият үйүнүн директору К. Бекмуратовдун жана борборлоштурулган китепканалык тармактын директору Р. Момунованын өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчеттору угулду.

Отурумдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн директору Ж. Нурбаев баяндама жасап, КР. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жыл-“Тарых жана маданият жылына” карата иш пландарынын негизинде,  райондук маданият бөлүмүндө да жыйырма иш чара өткөрүү пландалгандыгын жана буга ылайык, кетчү каражаттар эсептелинип, айыл аймактарга жана айыл башчыларына иш чаралар таркатылып берилгендигин маалымдады.

Отурум соңунда, район акиминин орунбасары Ж. Накетаев өткөн жыл соңунда өткөрүлгөн Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин жогорку деңгээлде өтүшүнө райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин салымы чоң экендигин белгилөө менен, алдыдагы маданий иш чараларга жигердүү катышууга чакырды жана “Тарых жана маданият” жылын жемиштүү аяктоону каалап кетти.

М. Эшназаров

Аскердик патриоттуулук-ыйык милдет

Февраль айынын 18 инде Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан “Ч. Айтматов” атындагы райондук маданият үйүндө 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө жана 15-февраль-советтик жоокерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын жыйырма жети жылдыгына карата “Аскердик патриоттуулук-ыйык милдет” аттуу тегерек стол болду.

Тегерек столго район акиминин орунбасары Жуманбек Накетаев, раймамадминистрациянын башкы адиси Алтынай Таштанбаева, райондук аскер комиссариатынын башчысы, капитан Эрнисбек Самаков, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери, “С. Байдөөлөтов” жана “А. Баймырзаев” орто мектептеринин окуучулары катышты.

ДКIMG_5857 ДК IMG_5858 ДК IMG_5862 ДК IMG_5872 ДК IMG_5874 ДК IMG_5878ДК IMG_5889  ДК IMG_5897 ДК IMG_5867 ДК IMG_5868 ДК IMG_5880 Ча

Иш чаранын башында чакырылган коноктор катышуучуларды 23-февраль-Мекенди коргоо күнү менен куттукташып, жаштарды патриоттуулукка чакырган сөздөрдү сүйлөштү.

Ал эми, ооган согушунун ардагери Нурбек Нышанов Ооган согуш учурундагы башынан өткөн оор жана азаптуу күндөрдөн айтып берип, жаштарды аскер кызматын өтөөдөн качпоого, Мекенди сүйүп, аны көздүн карегиндей сактоого үндөдү.

Райондук аскер комиссары Эрнисбек Самаков учурдагы мамлекетибиздеги аскерге чакыруунун жол-жоболору жана Кыргыз Армиясынын учурдагы абалы тууралуу айтып берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият үйүнүн жана райондук борборлоштурулган китепканалык тармактын кызматкерлери жана мектеп окуучулары патриоттуулук духтагы обондуу ыр, бийлерден аткарышып, макалдарды айтышып, “Ооган ыйы” аттуу чыгармадан сахналаштырылган көрүнүш тартуулашты.

 М. Эшназаров