Архив метки: Жумагүл Эгембердиева

Ыйгарым укуктуу өкүл Чаткалга келди

Май айынын  он сегизинде КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу Чаткал районуна иш сапары менен келди.

Ал алгач, Терек-Сайдагы «Этибакр Терек-Сай» кен өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, Ак-Таш айылына келип, андагы жаңыдан курулуп жаткан жүз элүү окуучуга ылайыкташырылган мектептин курулушу жана Ак-Таш чегара тосотунун абалы менен жакындан таанышты.

Буга кошо эле, айыл тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.IMG_20160518_125251 IMG_20160518_125855 IMG_20160518_125406 IMG_20160518_160228 IMG_20160518_160521 IMG_20160519_101808 IMG_20160519_101736

Ыйгарым укуктуу өкүл айыл калкы менен жолугушууда аталган айылга курулуп жаткан мектепке республикадан бөлүнүп жаткан каражат жетип калса, быйыл ишке кириши мүмкүн экендигин себеби, өлкөдө акыркы мезгилдерде болуп жаткан ар кандай табигый кырсыктарга каражаттар жумшалып кетип жаткандыгын айтты жана акыркы жылдары райондун үч айылында-Коргон-Сай, Айгыр-Жал жана Ак-Таш айылдарында үч жаңы мектеп курулуп жаткандыгы чоң жетишкендик экенин кошумчалады.

Буга кошо эле, райондо он чакырымга жакын унаа жолу асфальтталып, көпүрөлөр курулуп жаткандыгын белгиледи.

Ал Ак-Таш айылы да чегарага жакын аймактарынын катарына кирээрин, ага ылайык келечекте социалдык жактан колдоолор болоорун айтты.

Жумагүл Эгембердиева мындан сырткары, республикада акыркы жылдары ишке ашырылып келаткан социалдык-экономикалык албан иштерден да бир топ мисалдарды келтирип, элди ынтымакка, ар кандай кырдаалдарды сүйлөшүүлөр менен гана бүткөрүүгө чакырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу андан ары Кара-Суу айылына курулуп жаткан мектепке жана айгыр-жалдык дыйкан Нуржамал Наргозиеванын күнөсканасына барып, андагы иштер менен таанышты.

Андан соң, Чаткал-Ала-Бука унаа жолунун Айгыр-Жал айылынан чыга беришине курулуп, жаңыдан ишке берилген көпүрөнү көрүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш сапары эртеси да улантылып, райондук мамлекеттик администрациясында район тургундары жана райондук актив менен жолугушту.

Жолугушууда алгач, Ж. Эгембердиева буга чейин район тургундарынан коюлган суроо-талаптардын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Буга кошо эле, айыл чарба тармагында базар экономикасы талап кылган айыл чарба өсүмдүктөргө басым жасалып, башка райондор сыяктуу эле Чаткал районунда да күнөсканалар иштетилип башталгандыгын, бүгүнкү күнгө карата облус боюнча төрт жүз сексенден ашуун күнөскана бар экенин, күнөсканаларды тамчылатып суугаруу ишке ашырылып жаткандыгын, мал чарбасы да өнүгүп, калк азыркы кезде колундагы малды асылдандырууга көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда башка райондорго салыштырмалуу малдын саны көбөйгөнүн айтып, мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана даярдалган азыктарды райондогу тоо кен ишканаларына сатуу боюнча келишимге жетүүнү колго алуу керектигин айтты.

Ал буга кошо эле, Чаткал районунда тоо кен фирмаларынан түшкөн кирешелерге бир топ жакшы иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда акыркы мезгилдерде наристелердин өлүмү көбөйүп жаткандыгы кейиштүү экендигин бирок, мындай көрүнүшкө дарыгерлер гана эмес жарандар өздөрү да дарыгерлерге өз убагында кайрылбай айрым учурда өздөрү да күнөөлүү болуп калышаарын айтып, бул маселе менен иш алып барууну райондук жалпы дарыгерлик борборунун башчысына жана район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басарына тапшырма берди.

Чаткал районунда 4609 жаран жөлөкпул алышаарын жана жарандарга жөлөкпул берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгынан маселе чыгышы мүмкүн экендигин, мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоонун көрсөткүчүн жогорулатуу керектигин, акыркы мезгилде чет жактарда иштеген жарандарыбыз киреше таап, өз жерине жардам беришип, айрымдары балдарын жакындарынын колуна таштап натыйжада, балдар терс мамилеге кабылып жаткандыгын айтып, антсе да, миграциянын оң таасири бар экендигин билдирди.

Быйыл мамлекет тарабынан облус боюнча сегиз чакырым унаа жолу асфальтталса, мындан эки чакырымы Сумсар айылына бөлүнгөнүн, Жалал-Абад облусунда негизги төрт чиелүү маселе-диний экстремисттик кырдаал, чегара маселеси, этностор аралык чыр-чатак жана техногендик кырсыктарга байланыштуу маселелер бар экендигин билдирип, чегара маселесин мамлекеттик деңгээлдеги адистер гана чечээрин, бул маселеге кийлигишүүгө карапайым калк эч качан аракет кылбоосу керектигин, мындай калпыс аракеттин алдын алууга ар бир кызматкер аракеттенүүсү керектигин айтты.

Ал мындан ары калкка ар кандай кырсык кырдаалдарда берилүүчү ссуда берилбесин, мындан ары турак-жайларды камсыздандырууну колго алуу керектигин маалымдап, буга карата бир нече мисалдарды келтирди.

Бүгүнкү күндө коңшулаш мамлекеттерге тиешелүү делген Кыргызстандын аймагындагы чоң объекттер мамлекетке өткөрүлүп жаткандыгын, коңшулаш мамлекеттер менен талаш маселелерде жеке жарандар кийлигишпесе, бул маселени чечүүчү тиешелүү жактарга жардам бергендиги ошол экендигин, жер-жерлерде кредит алгандар кредиттерди төлөбөйбүз-деп айтып жаткандары  мыйзамсыз экендигин, ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керектигин айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл сөз соңунда, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджети төрт жүз пайызга дейре өсүп, бир топ жакшы иштер болуп жаткандыгын айтып, элде фирмалар менен ынтымак болсо жакшы иштер турмушка ашырыла берээрин белгилеп, калкка ынтымак каалады.

Андан соң, турак-жайды камсыздандыруу боюнча облустагы өкүл Руслан Казаков турак-жайларды камсыздандыруу маселелери, пайдасы жана жол-жоболору тууралуу айтып, камсыздандыруу иштерине мамлекеттен жүз элүү миллион сом бөлүнгөнүн билдирип, камсыздандыруу полистери айрым социалдык жактан муктаж жарандарга бекер берилээрин ал эми, камсыздандыруу каражаттары атайын комиссиянын берилиши тууралуу чечиминен кийин мурдагыдай ссуда сыяктуу беш-алты жыл кечиктирилбестен бир айдын ичинде берилээрин билдирип, активдин катышуучуларын камсыздандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилерге берилчү суроо-жоопторго кезек берилип, катышуучулар О. Кожобеков, Ф. Атажанова, К. Өскөнбаев, Ө. Токтогулов, А. Сапарбеков, Ш. Муратбеков, У. Абдиев, Ш. Таласбаевдердин суроолоруна жооп берилип, ага ылайык, асфальтталган жолдор жана курулган көпүрөлөр убагы келгенде тийиштүү кагаздары бүтөөрү менен мамлекеттин балансына өтөөрү, экотехинспекциядан Чаткал районуна өзгөчө көңүл бөлүү боюнча Премьер  министрге кайрылуу жолдоноорун, балдар жана карылар эс алуучу лагерь ачууну райондук жетекчилик колго алуусу керектигин, балык чарбасын да мүмкүн болсо колго алуу керектигин, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү кайрадан каралып жаткандыгы, райондук сотко быйыл жаңы имарат  салынышы күтүлүп жаткандыгы, фирмалардагы кытай жарандарына берилчү квота маселесин экотехинспекция менен биргеликте текшерип чыкса болоорлугу, А. Айымбетов мектебинин спорттук залы быйыл бүтөөрү ал эми, Ак-Таш айылындагы мектептин бүткөрүлүшү каражатка байланыштуу болоору, Чандалаш көпүрөсүн бүткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү белгилүү болду.

Жыйын соңунда, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева район калкына ынтымак каалады.

Чаткал районунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди

 

28-29-октябрь күндөрү Чаткал районунда райондун 80 жылдыгына арналган облустук деңгээлдеги маареке болду.

Маарекенин алгачкы күнү “Чаткал району илимий изилдөөлөрдө” аттуу илимий конференция болду. Конференция район акими Канжарбек Эшалиев тарабынан алып барылып, анда КР. Илимдер академиясынын мүчөсү, академик Биймырза Токторалиев баштаган эл аралык абройлуу окумуштуулар Чаткалдын тарыхы тууралуу илимий изилдөөлөрдүн тыянактары, жоромолдору тууралуу ой бөлүштү. Окумуштуулардын билдиришинче, Чаткалдын тарыхы тээ миң жылдардан аркы мезгилдерге барып такалат. Чаткал тууралуу алгачкы жазма булактардагы эскерүүлөр Истахри, Мукадаси сыяктуу байыркы тарыхчылардын эмгектеринде жазылган. Мындан сырткары, Чаткал деген аталыш да илимий чөйрөдө ар кандай талаштарды туудуруп, Чаткал деген үндөш аталыштар ар кайсы улуттардын сөздөрүндө кездешээри айтылды. Чаткалда негизинен, кыргыз элинин айрым каада-салттары, улуттук өзгөчөлүктөрү сакталып калган. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында белгилүү тилчи  окумуштуунун “Кыргыз тилинин Чаткал говору” аттуу илимий эмгеги чыккан. Бул жогорудагы айтылгандарды ырастап турат. Буга кошо эле, кыргыз шырдагынын өзгөчө, эч жакта кездешпеген түрү да сакталып калган. Чаткал шырдагы монголдордун шыртык деп аталчу шырдагына окшош экендиги менен да кызыгууну туудурат.чаткал 80_DSC0151

Конференциянын соңунда, окумуштуулар жана коноктор Чаткал  району келечекте бир топ тармактарда алдыңкы райондордун катарына кошулууга мүмкүнчүлүгү зор экендигин баса белгилешти.

Эртеси күнү раймамадминистрациянын алдындагы атайы даярдалган жайда маарекенин салтанаттуу ачылышы болуп, анда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилер тобу, маарекенин сыйлуу конокторунан болушту.

чаткал 80_DSC0011чаткал 80DSC0019

 

чаткал 80_DSC0029чаткал 80IMG_4402

 

Салтанаттуу ачылышта алгач, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салым кошкон Канжарбек Эшалиев баштаган бир топ инсандарга райондук, облустук жана өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды.

чаткал 80_DSC0115чаткал 80_DSC0068

Андан соң, Чаткал районунун тарыхына байланышкан театрлаштырылган “Чаткал жерим-бүтпөс дастан” аттуу оюн-зоок иш чарасы

чаткал 80_DSC0106

тартууланды.чаткал 80_DSC0046чаткал 80_DSC0106чаткал 80_DSC0070чаткал 80_DSC0083

 

 

Оюн-зооктон соң, төкмө акын Рахматулла Козукеев,  ырчылар-Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Гүлнур Асанова баштаган кыргыз эстрада жылдыздарынын жана белгилүү таланттардын катышуусунда концерт тартууланды.

чаткал 80_DSC0173чаткал 80_DSC0159чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0156чаткал 80_DSC0140чаткал 80_DSC0129

Маарекенин жүрүшүндө улуттук күрөш, улак тартыш, күлүк чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары да болду.

Улуттук күрөш боюнча мелдеште чаткалдык балбан Мамыров Тынчтык балбандардын баарын жеңип,  жыйынтыгында чаткалдык жеке ишкер Идирис Кубатбеков тарабынан коюлган “Жигули” автоунаасына ээ болду.

чаткал 80 чаткал 80IMG_3170 чаткал 80IMG_3195 чаткал 80IMG_3198 чаткал 80IMG_3211

Ал эми, улак тартыштан баш байгеге коюлган эки даана “Жигули” автоунааларын чаткалдык балбандар Турматов Асылбек жана Кубатбеков Улукбектер илип кетишти. Күлүк чабыштан баш байгеге коюлган жеңил автоунаа бардык күлүктөрдөн озуп келген Таластан келген чабандеске ыйгарылды.

 

Чаткал районунун 80 жылдык маарекесине карата райондогу айылдык кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Сейталиев Уралдын куттуктоосу

Чаткал районундагы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынын төрагасы (3)

Урматтуу жердештер! Сиздерди Районубуздун  уюшулгандыгынын 80 жылдык маарекеси менен   айылдык кеңештердин  кошмо жыйынынын аттынан чын дилимден куттуктаймын!

Бир кылымга жакын тарыхы бар районубузда буга чейин көптөгөн  өзгөрүүлөр болуп, районубуз өнүгүү жолунда келгендиги маалым. Районубуз башынан өткөргөн урунттуу мезгилдерге токтоло кетсем, 2014 -2015- жылдар аралыгында  районубуздун негизги жана ички унаа жолдорунун бир топ жерлерине асфальт төшөлүп, районубуздун инфратүзүмү бир топ оңолду.Булардын айрымдарына токтоло кетсек, социалдык объекттерди  капиталдык ремонттоо  жана кайра куруу боюнча КР  Өкмөтүнө караштуу архитектура , курулуш жана турак жай  мамлекеттик  агенттиги  тарабынан Коргон –Сай  айылындагы К.  Акназаров орто мектебинин  курулуш иши башталуу алдында турат. Ак-Таш айылындагы  мурдагы бала бакчаны  калыбына келтирүү боюнча   керектүү каражаттар бөлүнүп,   ремонтто иштери жүргүзүлүүдө.  Мындан тышкары,  Жаны-Базар айылындагы  таза суу түтүктөрүнө 100млн. сом жумшалып, капиталдык  ремонттон өткөрүлдү. Мындан сырткары, Курулуш  айылында жарыктандыруу иштери, Багыш жана Коргон Сай айылдарында  бала бакчаларынын курулуш иштери алынып барылууда. Жогорудагы иштердин аткарылышына  жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын салымы  жана эмгеги зор десек жанылышпайм.

Урматтуу жердештер!

Районубуздун 80 жылдык маарекесин белгилеп, биздин ийгиликтерибизге жана кубанычыбызга ортоктош болууга дилгирленип, дээрлик бүткүл республикабыздын булуң-бурчунан кадырлуу коноктор келишүүдө. Алар Чаткал районунун бир кылымга жакын мезгилде канчалык өзгөргөнүн өз көздөрү менен көрүшүп, район калкынын жашоо-турмушунун оңолгонуна, райондун социалдык экономикалык жактан бир топ жогорулаганына күбө болушууда. Ылайым ушул бүгүнкү өнүгүүнүн темпин кармап калууга жалпыбыз аракеттенели жана районубуздун тагдырын жаркын келечектүү көрө билели!

Чаткалда «Алыш» күрөшү боюнча облустук мелдеш өттү

 

27-июнь күнү Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук алыш IMG_2789ыйгарымдуу өкүлүнүн “Алыш” күрөшү боюнча өтмө кубогу болуп алыш IMG_2807өттү.

Мелдешке Жалал-Абад облусу жана Талас облустарынан балбандар келишип, катышты.

Мелдешке КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарымдуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустагы айрым район шаарлардын башчылары келишти.

Мелдешти Чаткал районунун акими КанжарбекЭшалиев ачты.алыш IMG_2815алыш IMG_2805

Ал эми,  КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарымдуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң кызуу мелдеш башталып, балбанбар өз салмак бөлүктөрү боюнча кызуу таймаш жүргүзүштү. Мелдешке  “Алыш” күрөшү боюнча Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча  вице-президенти Абдыкалык Турдиев жана “Алыш” күрөшү боюнча эл аралык калыс Жаныш Ташматовдор калыстык кылышты.

 

Кечке дейре кыйкырык-сүрөөн менен созулган мелдеш соңуна чыгып, соңунда, балбандарга байгелерди мелдешке конок катары келген район, шаарлардын башчылары тапшырышты.

Мында, 90 килодон жогорку салмак боюнча 1-орунду Арстанбаптан келген балбан Абдумалик Мулажанов женип алды. 2-орунду Таш-Көмүр шаарынан келген балбан Иляс Исаев эледи. Ал эми, 3-орун Базар-Коргондук балбан Абдыманап Жороевге ыйгарылды.алыш IMG_2833

90 кило салмактагы балбандар алыш IMG_2835арасында 1-орунду Баяман Муратбеков ээледи. 2-орунду чаткалдык балбан Жолдошев Мурат жеңип алды. Ал эми, 3- орун чаткалдык балбан Абдырасул уулу Мырзага берилди.

70 жана 80 кило салмактагы байгелалыш IMG_2885үү орундар да өз алыш IMG_2886ээлерин тапты.

 

Мелдеш соңунда “Алыш” күрөшүнүн өтмө кубогу Ала-Бука алыш IMG_2889районунун акими Алымкул Кулуевге салтанаттуу түрдө тапшырылды.

 

 

 

 

Ала-бука районунун акими Алымкул Кулуев  кезегинде Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге өтмө алыш IMG_2890алыш IMG_2889 кубокту ийгиликтүү өткөргөндүгүнө ыраазылык катары башына ак калпак кийгизип, чепкен жапты жана мелдешти өткөрүү убактысы келерки июль, август айларында болоорун, так өткөрүү убактысы кошумча кабарланаарын кошумчалады.

 

алыш IMG_2890алыш IMG_2899алыш IMG_2904

 

Эскерте кетсек, өтмө кубок Чаткал районунун 80 жылдык маарекесинин алкагында өттү.