Архив метки: Жолдошев

Райондук ордо оюну жыйынтыкталды

Бүгүн Токон Камчыбековдун элесине арналган ордо оюну жыйынтыкталды.

Жер-Капчыгай айылында өткөн 2 күндүк таймашка район боюнча 8 команда катышып, жогорку деңгээлдеги кызыктуу оюн көргөзүштү.

Оюн бүгүн түштөн кийин жыйынтыкталып, калыстар тарабынан жеңүүчүлөрдүн аттары аталды. Мында, 1-орунду Айгыр-Жал командасы ээлеп, алты миң сом акчалай байгеге ээ болду. 2-орун жана төрт миң сом акчалай байге Багыш айылынын командасына ыйгарылды. 3-орун жана үч миң сом акчалай байгеге Коргон-Сай айылынын командасы, ал эми 4-орунга жана бир миң беш жүз сом акчалай байгеге Жер-Капчыгай айылынын командасы ээ болду.20180414_161354

20180414_16131620180414_16122420180414_161145IMG-20180414-WA002520180414_160837IMG-20180414-WA0032«Ордо оюнунун мыкты чертмекчиси» деп  Курманбай уулу Умар (Айгыр-Жал), Айдарбеков Жамгырчы (Коргон-Сай), Мамакеев Мирбек (Багыш), ал эми «Мыкты тоорумакчы»деп Нургазы Эшикулов, Мирбек Нурдинов (Айгыр-Жал) жана Тойчубек Байсейитов (Курулуш) табылды.

Мындан сырткары, эң жаш оюнчуларга жана ардагер оюнчуларга район акиминин орун басары Жуманалы Накетаев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Ал эми, маркум Токон Камчыбековдун иниси Көчөн Камчыбеков мелдешти уюшкандыкта өткөргөн Каныш-Кыя айыл аймагына жана Жер-Капчыгай айылынан калкына ыраазылыгын билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда, Токон Камчыбековго арналып куран окулган соң,  ордо оюнун өткөрүү кезеги Курулуш айылына салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

М. Эшназаров