Архив метки: Жаңы-Базар

Т.Бектурганов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Жаңы-Базар айылындагы Таалай Бектурганов атындагы айылдык маданият үйү түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Эскерте кетсек, аталган маданият үйү курулгандан бери айрым утурумдук оңдоолорду эсептебегенде, быйылкыдай оңдоп-түзөөдөн өтө элек.жаныбазар клуб 1 жаныбазар клуб 2 жаныбазар клуб 3 жаныбазар клуб 4 Бул иштерге жалпысынан 894600 сом каралып, мындан Чаткал айыл өкмөтүнүн эсебинен 230000 сом каралып, калган каражаттар түрткү берүүчү гранттан болууда. -Маданият үйү буга чейин отун, көмүр менен жылытылган. Быйыл электр буу казаны менен жылытууга өтмөкчү -дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков

М.Эшназаров

Өзгөчө окуя! Кар көчкүнүн астында 44 күн калган ит аман— эсен табылды

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Жаңы— Базар айылынын тургуну Бектурганов Конушбайдын короосуна кар көчкүсү түшүп, сарайын жана ашканасын басып калган эле. Кар көчкүнүн кесепетинен К. Бектургановдун жети баш кою өлгөн. К. Бектурганов кар көчкүдөн соң, итинин жоголуп калганын— кар көчкүнүн алдында калып, өлдү го— деп ойлоп калган эле. Минтип, кесепеттүү окуядан 44 күн өткөн соң, тагыраагы, 4-апрелде кар көчкүнүн алдынан ити аман— эсен табылып олтурат.IMG-20170411-WA0014 IMG-20170411-WA0011 IMG-20170411-WA0017 IMG-20170411-WA0012

К. Бектурганов өзү бул өзгөчө окуя тууралуу буларды айтып берди— Итибиз түнкүсүн тандырдын астында жатчу. Кар көчкү келип, тандырды басканда, ит ал жерден чыгууга үлгүрбөй кала берген экен да. Мен 4- апрель күнү сыртта жүрсөм, капыстан иттин кыңшылаганы угулду. Үндү тыңшап басып баратып, бутум бир жерге түшүп кетти. Бутумду сууруп, ал жерди карасам, итим жатат. Көтөрүп, сууруп алсам, бечара ит арыктап, улактай эле болуп калыптыр. Муздак, сыз жерде жата берип, каптал жүндөрү тшүп, кызыл эти көрүнүп калыптыр….

Бир сындырым нан берсем ит дароо жеп алды. Анан, дагы нан берип, кийин тамак жасап берсек оңолуп кетти.—

«Кырк жыл кыямат болсо да, бейажал чымын өлбөйт— демекчи, кар көчкү астында дээрлик бир жарым ай ачкарын жаткан ит азыр бир топ оңолуп,  короо кайтарып, өз озуйпасын аткарууда.

М. Эшназаров

Бишкекте чаткалдыктардын футбол боюнча мелдеши өттү

Бишкекте футболдук аянтчалардын биринде кичи футбол боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл аймактары боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Футбол мелдешине жалпы эркектерден куралган 6 команда катышты. Ар бир беттеш курч атаандаштык менен өттү.

Жыйынтыгында, биринчи орунга Шакафтар айылы, экинчииге Жаңы-Базар айылы, үчүнчүгө Шакафтар айылынын интернат мектеби ээ болду. Мындан сырткары мыкты чабуулчу деп Жаңы-Базар айылынан Билимбек Оморов, ал эми мыкты дарбазачы наамына Каныш-Кыя айылынан Ыйманбек Шаршенкулов табылды.

Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Спорттук иш-чараны Бишкекте иштеген Башкы-Терек айылынын жарандары уюштурду.

футбол 7 футбол 6 футбол 5 футбол 4 футбол 3 футбол 2 футбол 1
Илгиз Жамалбеков

Автор: Илгиз Жамалбеков

ilgiz@maralfm.kg

Токон Эшбаев: Ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам

Токон Эшпаев

Ала-Тоонун бейиштей кооз, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек.

Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. Бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл алынган. Насип буйруп, мындан 4 жыл мурда бул ажайып чыгарманын автору, белгилүү обончу, ырааматылык Токон Эшбаевге жолугуп калдым. Өзүм чаткалдык болгондуктан, кичи мекеним тууралуу белгилүү чыгарманын жаралуу тарыхын билгим келип, Токон Эшбаевди маекке тарткан элем. Эмесе, ошол маек сиздердин назарыңыздарда.

-Токон аке, «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу белгилүү ырдын автору сиз экендигинизди билебиз. Бул ыр кандайча жаралып калды эле. Ушул тууралуу айтып бериңизчи?

— Анда тээ алтымышынчы жылдардын аягы эле. Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына жаңы көпүрө курулуп, анын ачылышы болмок. Ага удаа малчылардын облустук слету да Чаткалда болмок экен. Ал облустук мааракеге Жалал-Абад облусунан артисттерди чакырышты. Арасында мен да бармын. Скорый деп койчу УАЗ машине менен келатабыз артисттер, Чапчыма белин ашып. Жолу татаал, бийик, кыя жолдор…

Малчылардын Чаткалда өтчү облустук слетуна арнап, облустук гезиттин атайын чыгарылышын чыгарышкан экен. Бизге да бирден берген. Анан машинеде келатып, аны карасам, акын Таш Мияшевдин «Чакырат жашты Чаткалым» аттуу ыры кошо басылыптыр. Ырды окуп, жолдо эле кыңылдап, обонго салдым. Обонго салган соң, аккордеон менен ырдап да көрдүм. Чаткалга бардык. Слет башталды. Ал кезде слет деген кадимкидей эле майрам болчу эле. Слет учурунда, артисттердин катарында мага кезек келди. Анан мен, газетадагы ырды кыркып алдым да, карамель деп аталчу ширелүү момпосуйдун ширеси менен аккордеондун үстүнкү бетине ырды жармаштырып, эл алдына чыгып, аны карап алып, ырдадым. Слеттун катышуучуларына да газетадан бирден таркатылган. Алар жаңы эле чыккан газетадагы ырга качан обон чыгара салды экен?-дешип, таңгалып жатышкандыгы көрүнүп турду. Ошентип, ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам.

-Бул ыр анан, кандайча популярдуу болуп кетти?

-Ал мезгилде компартиянын идеологиясы өкүм сүрүп, жаштарды, комсомолдорду дың жерлерди өздөштүрүүгө жана алыскы жерлерди өнүктүрүүгө шыктандырып, үндөп жаткан мезгил эле да. Бул ыр ошол кездин ураанына, духуна үндөшкөндүктөн, ошол кездеги муунга алынып кетти.

-Сиз келген 70-жылдары Чаткалдын көрүнүшү, абалы кандай эле?

-Ал кезде, камыштан жабылган жепирейген тамдар бар экен. Тамдар да азыркыдан бир топ аз. Азыр болсо башкача. Чаткал бир топ өнүгүптүр.

-Токон аке, кызыктуу маегиңиз үчүн чын дилимден ыраазылык билдиремин.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү

 

Көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында

ipp ipp ipp

Быйыл районубузда көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлыгынын алкагында бир топ иш чаралар камтылганы белгилүү болду. Булардын айрымдарын атай кетсек, мындан эки жыл мурда башталган ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери быйыл да улантылат. Быйылкы өзгөчөлүктү айта кетсек-башка ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү менен бирге эле, жаратылыштын катаал шарттарына чыдамдуу хайленд дарагынын көчөттөрүн алып келип отургузуу максат кылынууда.

Жакында, раймамадминистрацияда болуп өткөн жыйында бул тууралуу айткан район акими Канжарбек Эшалиев Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге хайленд дарагынын көчөттөрүн районго алып келип, көчө бойлоруна эктирүү боюнча сунушун айтты. Ал буга кошо эле, Жаңы-Базар айылындагы Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын алды жагындагы капталына ийне жалбырактуу көчөттөрдөн отургузуп, ал жерди токойлуу аянтчага айлантуу максат кылынып жаткандыгын билдирди жана мекеме, ишканалардын жетекчилерин жана айыл аймак башчыларын көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

М. Эшназаров

Маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган мелдеште

23-февраль-Мекенди коргоо күнүндө Жаңы-Базар айылында волейбол боюнча маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган райондук мелдеш болду.

Мелдеш бул күнгө коюлгандыгынын себеби, бул күн маркумдун туулган күнү болуп эсептелет. Ошондуктан, мелдеш жыл сайын ушул күнү өткөрүлөт.

волейбол 8волейбол 7

Бу жолку мелдешке жалпы  команда катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу таймаш менен өтүп, мыкты командалар алдыга иргелип  чыкты.

Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Чаткал командасына берилип, беш миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орун болсо, Каныш-Кыя командасына берилип, үч миң сом акчалай байге кошо ыйгарылды. Ал эми, 3-орун райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасына берилип, эки миң сом акчалай байгеге ээ болушту. 4-орунга Ак-Таш айылынын командасы ээ болуп, миң сом акчалай байгенин ээси болушту. Мындан сырткары, өзгөчөлөнгөн спортчуларга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар да берилди.

Мелдеш маркумдун иниси Кудайберди Батырбеков тарабынан демилгеленип жана каржыланып, маркум мурда иштеген райондук электр тармагы ишканасы, Чаткал айыл аймагы, райондук сот, маркумдун туугандары, классташтары тарабынан да акчалай демөөрчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Абдыкадыр Турсуматов билдирди.

М. Эшназаров

Элдик жыйындар өтүүдө

 

26-январь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарында болуп, элдик жыйын өткөрүштү.акташ сходIMG_20160126_102426акташ соцфондIMG_20160126_104432

Элдик жыйын алгач Ак-Таш айылында болду. Жыйында негизинен, айыл тургундары соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулагандыгына нааразылыгын билдиришип, райондук соцфонд башкармалыгынын башчысы Адылбек Эшикуловго бир топ суроолорду беришти. Өз кезегинде Адылбек Эшикулов суроолорго жооп берип, соцфонд төлөмдөрү боюнча мыйзам КР. ЖК тарабынан колдоо таап, КР. Президенти тарабынан кабыл алынгандыгын ал эми, райондук соцфонд аткаруучу гана орган экендигин, райондук соцфонддон эч нерсе чечилбесин билдирип, соцфонд төлөмдөрү тийиштүү жогорку органдар тарабынан кайрадан каралып жаткандыгын, ага карата райондон сунуштар жиберилгендигин маалымдады.курулуш сходIMG_20160126_141040

Элдик жыйында мындан сырткары, айылга «Тез жардам» автоунаасы керек экендигин айтышты. Аким К. Эшалиев райондук борборлоштурулган ооруканадагы бир «Тез жардам» автоунаасын айылга бөлдүрүп берээрин билдирди.

Айыл тургундары айылда электр энергиясынын ашыкча чыңалуусунан улам жарык тез-тез өчүп калып жаткандыгын билдиришти. Бул маселе боюнча жооп берген РЭС башчысы Кылыч Жарашов айылдагы чегара заставасына жакында орнотулган трансформаторго айылдагы үйлөрдү бөлүп, чыңалууну калыбына келтирип берээрин айтты.

Элдик жыйындын жүрүшүндө мындан сырткары салык, саламаттыкты сактоо жаатында да бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Аким К. Эшалиев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө жигердүү салым кошкон айыл тургундарына ыраазылыгын билдирди.

Элдик жыйын андан ары Курулуш айылында улантылып, мында райондук ветборбордун башчысы Жунусбек Жолдошев малды дарылоо иштери февраль айында башталаарын, бүгүнкү күнгө кутурма оорусуна каршы беш миң вакцина келгендигин билдирди. Ал өткөн жылы республика боюнча ветеринария иштерине 60 млн. бөлүнсө, быйыл бул сумма эки эсе көбөйтүлүп, 130 млн. сом бөлүнүп жаткандыгын маалымдады. курулуш сходIMG_20160126_140407курулуш сходIMG_20160126_140248

Курулуш айылынын суу жээктерин өзөн суусу жеп, айрым үйлөргө жакындап жаткандыгы, айылдагы С. Мырзалиев орто мектебинин курулуш сходIMG_20160126_140320имаратынын эскирип бараткандыгы, айылдагы ФАПты ылайыктуу имаратка көчүрүү тууралуу көйгөйлөр айтылып, аким К. Эшалиев бул маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү  КР.ӨКМнин райондогу өкүлү А. Сулаймановго жана райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Б. Баймырзаевге тапшырды.

Жаңы-Базар айылындагы болгон элдик жыйында да жогорудагыдай маселелер көтөрүлүп, айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Мындагы элдик жыйында айыл тургуну А. Абдылдаев өткөн жылдары Чаткал айыл аймагы тарабынан аткарылган Жаңы-Базар айылына таза суу чыгаруу, жаныбазар сходIMG_1697көчө чырактарын орнотуу, Ак-Булак каналын ишке киргизүү жумуштарына байланыштуу сын пикирин билдирди.  Бул маселелер боюнча Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров жооп берип, аталган маселелер боюнча жогорку тийиштүү органдар тарабынан ондон ашуун текшерүүлөр келип, эч бир кемчилик табылбагандыгын, эгер кемчиликтер табылган болсо, эбак мыйзам боюнча чаралар көрүлмөк экендигин айтты жана таза суу чыгаруу жана көчө чырактарын орнотуу иштерине айыл аймактын бюджетинен бир тыйын коротулбай жалаң инвестиция тартуу менен бүткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Ал эми, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы М. Суранов Ак-Булак каналы боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирип, далил катары тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Айыл тургуну А. Осмонкулов жогорудагыдай сын, пикирлер аркылуу элди экиге бөлүү аракетин токтотуп, учурда район жетекчилигинде жигердүү иштеп жаткан жергиликтүү жаштарды колдоп алууга чакырды.жаныбазар сходIMG_1707

Элдик жыйын жүрүшүндө район акими К. Эшалиев быйыл кен ишканаларынан түшкөн 2 пайыздык кирешенин эсебинен Чаткал айыл аймагына бир даана трактор жана чөп таңгактоочу алуу,  Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарына бир чакырымдан жалпы эки чакырым унаа жолун асфальттоо, Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын шартын оңдоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер  максатталып жаткандыгын маалымдады. IMG_20160126_170210

Жыйын соңунда айыл тургундары өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Туусу», «Акыйкат», «Аймак», «Жаңы Ордо» сыяктуу жаныбазар сходIMG_1723республикалык абройлуу басылмалар тарабынан Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары белгиленгендигин,  аны менен бирге эле район акими Канжарбек Эшалиев аталган басылмалар тарабынан «Жылдын мыкты акими» деп табылгандыгын белгилешип, Канжарбек Эшалиевге ак калпак жана кыргыз чепкенин кийгизишип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

М. Эшназаров

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди

Биринчилик үчүн 8 команда ат салышты. (маалымат Марал радиосунун сайтынан алынды)

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди

 

Бул тууралуу мелдешти уюштуруучулардын бири Ильясбек Нармырзаев билдирди. Анын айтымында, негизи жаркын келечекке багыт деген ураандын астында Чаткалдын жаштарына ар кандай спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулуп келет.

Мында райондун 80 жылдыгына карата атайын футбол мелдеши болуп өттү. Ага жалпы 8 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Футболдук таймаш айыл арасындагы 92-96-жылкы спортчулардын катышуусунда курч маанайда уланды.

Жыйынтыгында биринчи орунга Жаңы-Базар, экинчиге Каныш-Кыя, үчүнчү орунга Башкы-Терек айылынын курама тобу ээ болушту.

Футболдук таймаш абдан курч маанайда өтүп, Жаңы-Базар айыл командасы атаандаштарын ири эсептик көрсөткүчтө утуп алып жатты. Айта кетсек, финалдык беттеште Башкы-Терек курамасын 6:2 эсебинде утуп алды. Оюндун чабуулчусу Билимбек Оморов буга чейинки даярдыктар жана спорттогу эмгектин жардамы менен ийгиликке жетип олтурганын айтты.

Мелдеш мыкты маанайда аяктап, жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар уюштуруучулар тарабынан тапшырылды. Мындан сырткары “мыкты чабуулчу” жана “мыкты коргоочу” деген номинациялар өз ээлерин тапты.

Баса белгилей кетсек, мындай спорттук мелдеш мындан ары да улантылып тураары белгилүү болду. Кийинки эстафета Жаңы-Базар айылынын 92-жылы туулган жаштарына берилди.

 

Автор: Илгиз Жамалбеков
ilgiz@maralfm.kg

 

Айт намазы жаңы мечитте окулду

IMG_3283   IMG_3290Жаңы-Базар айылында тээ Союз мезгилинен бери толук бүтпөй келаткан мечит бар болчу. Мечит өткөн жылдан бери жергиликтүү жаштардын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен ондолуп, учурда дээрлик толук бүтүү алдында. 17-июль-Айт күнү аталган мечитте Айт намазы окулду. Айт намазынын алдынан айыл имамы Кадыр Эгембердиев мечиттин курулуш иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн жарандардын аттарын атап, аларга айыл тургундарынын атIMG_3284ынан ыраазылык билдирди.IMG_3286

Андан соң, Айт намазына айылдын бардык намазкөй жашоочулары келишип, айыл имамы Кадыр Эгембердиевдин  имамдыгы алдында намазга жыгылышты. Бул күнкү Айт намазына мечитке үч жуздөн ашык адам катышты.

Белгилүү методист С. Абдылдаева семинар өткөрдү

семинар 0932семинар 0930

12-июнда Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы балдар бакчасында Каныш-Кыя жана Жаңы-Базар айылдарында кенже курактагы балдарды тарбиялоодогу белгилүү методист Сайкалбү Абдылдаева тарабынан 2-6 балдар үчүн ачылган кошумча тайпалардын тарбиячылары катышкан  «Алдыңкы өлкөлөрдүн ыкмаларын балдарды окутуп, тарбиялоодо пайдалануу» аттуу райондук семинар болду.

Семинарда тарбиячылар Калима Молдотаева, Чынара Орозова, Феруза Керим кызы  тарабынан «Айлана-чөйрө менен тааныштыруу. Жаз мезгили», «Орус тилин үйрөтүүдө куурчак театрынын балага тийгизген таасири» аттуу сабактар өтүлүп, катышуучулардын назарына сунушталды.

Мындан сырткары, мет  семинар 0936 семинар 0945одист Сайкалбү Абдылдаева «Балдар менен карым-катнаш жасоо процессиндеги педагогдун ролу» аттуу темада теориялык окуу өткөрдү.

Семинарда тарбиячылар теориялык жактан билимдерин бир топ кеңейте алышты.

М. Эшназаров