Архив метки: Жалал— Абад

Жаш спортчуларыбыз облустан байгелүү кайтышты

Чаткалдык жаш спортчулар 10-11-12-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарында өткөн волейбол боюнча облустук спартакиадага барып, жеңиштүү кайтып келишти. Бул тууралуу Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин директору Равшан Акжол уулу маалымдады. Анын маалымдашынча, спартакиадага облус боюнча балдар командасынан он команда, ал эми тогуз кыздар командасы катышкан. Чаткалдык жаш  спортчулар жогорку деңгээлде оюн көргөзүшүп, финалдык беттеште Кара-Көл шаарынын командасына мөөрөйдү алдырышып, ошентсе да 2-орунду алууга жетишти.

Ал эми кыздар командасы 9 команданын арасынан 4-орунга ээ болгон.  IMG-20180414-WA0001

IMG-20180414-WA0007 IMG-20180414-WA0006 IMG-20180414-WA0003 IMG-20180414-WA0005-Май айында борбор калаада өтчү республикалык спартакиадага Чаткал командасынан мыкты оюнчу катары 3 бала жана 1 кыз, жалпы 4 спортчубуз тандалып алынды. Бул биз үчүн чоң сыймык-деп кошумчалады Равшан Акжол уулу.

Чаткалдык жаш спортчуларды машыктыруучулар-Нурбек Сатимбай уулу жана Мирбек  Козубаев машыктырып келүүдө.

М. Эшназаров

 

Дин иштери боюнча облустук көчмө жыйын болду

Бүгүн раймамадминистрациянын жыйындар залында КР. Коргоо Кеңешинин 2014—жылдарга карата кабыл алынган Концепциясынын  багыттарын турмушка ашырууга жана 2017-жыл -ыйман, адеп жана маданият жылына карата облустук маанидеги көчмө жыйын болду.

Көчмө жыйынга облустук дин башкармалыгынын жетекчилиги,  он эки район, шаарлардан келген имам хатибдер жана райондук мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты.20170727_111925 20170727_111932 20170727_113048 20170727_113125

Көчмө жыйында алгач  адеп-ахлак жана маданият тууралуу слайд шоу тартууланды.

Андан соң, күн тартибине ылайык, Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажы райондук хатибиятта өткөн алты айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан сырткары, ынтымакты даңазалоо, диаспоралар аралык ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Көчмө жыйын соңунда, облус казысы Закиров Абдулазиз кары  көчмө жыйынды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн райондук жетекчиликке ыраазылык билдирип,  район акими Канжарбек Эшалиевге «Ыраазылык» тапшырды. Буга кошо эле, Терек-Сай айыл аймагынын имам хатиби Умаров Нармырза жана Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы облустук казияттын ал эми,  Каныш-Кыя айылынын имамы Акулов Улан жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян райондук хатибияттын «Ардак Грамоталары» менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, көчмө жыйын буга чейин Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.

Көчмө жыйын жакынкы күндөрдө Тогуз-Торо районунда өткөрүлмөкчү.

М. Эшназаров

Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги районго келди

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Мамасеитов Акылбек Садырбекович жетектеген ОИИБнын орун басары, милициянын подполковниги А. Хажиматов, ОИИБнын штабынын башчысы, милициянын подполковниги К. Сариев, ОИИБнын ички коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын майору Б. Маматов, ОИИБнын кадрлар бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Э.Тажиев,  ОИИБнын патрулдук милициянын башчысы, милициянын подполковниги А Досовдор Чаткал районуна иш сапары менен келишип, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Эшалиев менен биргеликте Чаткал РИИБнүн өздүк курамы жана райондун жашоо шарты менен жакындан таанышты.21

Областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен таанышуунун алдында  райондук ички иштер бөлүмүндө көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан РИИБнүн казына башчысы Турсунбаева Гүлчехра Хамидовнаны Кыргыз Милициясынын “90-жылдык” төш белгиси медалы менен сыйлады. Ал эми Чаткал райондук патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоодо ыкчам чараларды жүргүзүү үчүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды.

Өздүк курам менен болгон жолугушуу учурунда ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов кызматкерлердин жашоо шартына, кызмат орундары жана кызматкерлердин окуу деңгээлине терең токтолуп, кенже курамдын кызматкерлерин жогорку окуу жайларга тапшыруусуна, ар бир кызматкердин жогорку кесиптин ээси болуусу керектигин айтып өттү. Ошону менен катар эле өздүк курамдын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө баа берип, атуулдар менен кылдат жана сылык мамиледе болуп, райондук мамлекеттик администрация жана айыл аймактарынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна токтолуп, РИИБнүн кызматкерлеринин берген суроолоруна жооп берип, муктаждыктарын чечүүгө убадасын берди.

О. Өскөнбаев, РИИБнүн башчысынын кесиптик жана дене-тарбия боюнча орун басары, милициянын подполковниги.

Жайкы өрт коопсуздугун сактайлы

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. ЖоЖайкы өрт кооптуу Жайкы өрт кооптуу кандай өтүп жатат.

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда.

Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. Жогорудагы өрт кырсыктары этиятсыздыктан улам келип чыгып, көпчүлүгү Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун аймактарында катталган.

Жогорудагыдай кургак чөптөрдөгү өрттөрдү алдын алуу максатында   Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте айыл тургундарынан ыктыярдуу өрткө каршы кошундарды түзүү, аларды өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт өчүрүүгө ыңгайлаштырылган техникалар менен камсыз кылуу, чарбалык обьектилердин аймагын, жол четтерин кургак чөптөрдөн тазалоо, өрт кооптуу жайларда соколуу тракторлор менен атайын тосмолорду айдоо, тоют топтоого, эгин жыйноого катышуучу техникалардын абалына өзгөчө көңүл буруу сыяктуу жайкы өрт кооптуу мезгилдеги өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барууда.

Учурда, тоолуу келген Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунун жана  Кара-Көл шаарынын тоолуу аймактарындагы кургак чөптөрдө, токойлордо ири өрт кырсыктарынын чыгып кетүү коркунучу сакталат.    

Өрткө каршы кызматы  жайкы өрт кооптуу мезгилде кургак чөптөрдө катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында облус тургундарын ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.

 

Каныбек Маматкулов, Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн   улук инспектору, улук лейтенант