Архив метки: Д. Тайиралиев

Өрттөн сак, эрежеге так болуңуздар

  Мамлекеттик өрткө каршы кызматы тарабынан өрттүн алдын алуу боюнча алып барылган үгүт-насаат иштерине жана башка профилактикалык иштерге карабастан өрттүн натыйжасында келтирилген зыяндар өсүүдө. Өрт коопсуздугунун эрежесине көңүл бурбагандыктын же кайдыгер кароонун кесепетинен улам өрт кырсыгы келип чыгууда.

Андыктан ар дайым эсиңиздерде болуусу зарыл:

— жаш балдарды кароосуз калтырбаңыз жана  ширенкелерди катып салыңыз,

— Аба ырайы озгөрүп шамал учурунда  таштандыларды өрттөбөнүз;

— электр жана газ шаймандарын түнкү же жумушка кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз,

— тамеки чегүүдө этият болуңуз

— электр чубалгыларын  монтаждоодо атайын адиске кайрылыңыз.

Өрт кырсыгы катталган учурда көпчүлүк жарандарыбыз кабарлоо жолдорун биле беришпейт.   Эскерте  кетели өрткө каршы кызматынын телефону «101». Үй телефону жана уюлдук телефондор аркылуу да чалуулар акысыз иш жүзүнө ашырылат.

Акырында айтаарыбыз сак болунуздар, эрежеге так болунуздар. Райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын жамааты Сиздерге чын ден-соолук, ишиниздерге ийгилик каалоо менен бирге, кырсыктан алыс болууңуздарды каалайт.

 

Д. Тайиралиев Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары улук лейтенант                          

Турак жайларыбызды өрт кырсыктарынан сактайлы

 Урматтуу  районубуздун тургундары 2016-жылдын  бүгүнкү күнүнө  чейин район аймагында  8  өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 140678 сомду түздү. 

  Көпчүлүк өрт кырсыктары турак үйлөрдөн чыгууда. Адамдардын отко шалаакы жана кайдыгерлик менен мамиле кылуусу көп учурда өрттүн чыгышына себепкер болуп калат. Ыргытып ташталган тамеки калдыгы, түйүндөргө сайылган боюнча унутта калган электр шаймандары, балдардын от менен ойноосунан күтүлбөгөн өрт кырсыгы болуп,  үйлөр, үй мүлктөрү күйүп, кээбир учурда адамдар да каза болот.

Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс болуубуз талап кылынат. Ушул макалада өрттүн чыгуу себептерин чагылдыруу максатыбыз, сиздерди өрт коопсуздугунун эрежелерине так болууга чакыруу.

Төмөнкү эрежелерди сактай билүүңүз керек: балдарды кароосуз калтырбаңыз, күйүп турган ширенке жана тамекилердин күйгөн калдыктарын таштабаңыз, тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппаратураларын, газ плиталарын иштеген бойдон кароосуз калтырбаңыз, электр жылыткыч шаймандарын күйүп кетүүчү буюмдарга жакын орнотпоңуз, имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпаңыз жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды өрттөбөңүз, электр шаймандарын түнкү маалда же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербеңиз.

Урматтуу районубуздун тургундары, өрттүн алдын алуу ар бирибиздин колубузда. Кайдыгер болуу менен бирге өрт чыгуусуна өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. Ошондуктан өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликтен алыс бололу. Биз ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

Өрт учурунда эмне кылуу керек: Өрт болуп жаткандыгы тууралуу 101 телефонуна кабарлоо, адамдарды сактап биринчи жардамды көрсөтүү, колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү, материалдык баалууктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо – булар өрт учурундагы зарыл болон эң биринчи аракеттер.

Бул макалада баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды жанан мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт..

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн  башчысынын орун басары, улук лейтенант

 

Коргон-Сай айылында өрт кырсыгы катталды

ippөрт коопсуздугу 1

2016-жылдын 18-январдан 19-январга караган түнү  1саат 35 мүнөттө Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №81-ӨКБтүн байланыш түйүнүнө Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округуна караштуу Коргон-Сай айылында жайгашкан Курманалиев Бакытбектин 5 бөлмөлүү  турак үйүнүн меш орнотулган 2 бөлмөсүнүн  шыбынан  өрт кырсыгы чыккандыгы тууралуу кабар Кудайкулов Акжол  тарабынан билдирилген.

Кабар түшөөр замат Чаткал райондук ӨКМКБнүн №81-өрткө каршы бөлүгүнүн 4 кароолу 1 күзөттөгү ГАЗ-66-01 өрт өчүрүүчү автоунаасы менен 1 саат 40 мүнөттө чыгып, 02 саат 19 мүнөттө жетип келген учурда турак үйдүн чатыры түтөп жаткан.

Өрткө каршы кызматтын кызматкерлери турак үйдүн алоолонуп күйүп кетүүсүнүн алдын алып, өз убагында 05саат 10 мүнөттө  толугу менен өчүрүлдү жана жеке адамдардын ден соолугуна,  өмүрүнө коркунуч келген жок.

Өрттүн чыгуу себеби жылытуучу мештин жана морунун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккандыгы аныкталды.

           

Д. Тайиралиев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн башчысынын  орун басары,  лейтенант