Архив метки: ДЭП-27

Кара-Буура ашуусун ачуу иши башталды

Чаткал райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасы тарабынан Кара-Буура ашуусунун унаа жолун ачуу иштери башталды. Азыркы кезде ишкананын үч даана техникасы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 199-бөлүгүндө иштөөдө.FB_IMG_1528358701904 FB_IMG_1528358674276 FB_IMG_1528358682826 FB_IMG_1528358528502 -Кечээ жолдогу мөңгүлөрдү жана таштарды сүрүп тазалап, Снайпер көпүрөсүн толук ачып бүттүк. Айрым жерлерде мөңгү өтө калың болгондуктан, оболу өтмөк сыяктуу тешип өтүп, андан соң тазалоого туура келүүдө. Мындай иште тракторчуларыбыздын көп жылдык тажрыйбасы жана чеберчилиги зор жардам берип жатат.-дейт  ишкананын башкы инженери Талантбек Субаналиев.

Жол тазалоо иштерине кетчү каражат ишкананын эсебинен жумшалууда. Кара-Буура ашуусу жаңырган айдын соңуна чейин толук ачылмакчы.

М. Эшназаров

80 жылдык маарекеге даярдыктар

Изображение 4021 IMG_3296 Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө  кызуу даярдыктар башталды. Аталган маарекени уюшкандыкта өткөрүү боюнча райондук жетекчилик тарабынан уюштурулган курам тарабынан ар жума сайын жыйын өткөрүлүп, ага ылайык, мекеме, ишканаларга тийиштүү тапшырмалар бериле баштады.

IMG_3298IMG_3293

 

Бүгүн, 20-июль күнү берилген тапшырмага ылайык, райондук ДЭП-27 жол тейлөө ишканасынын техникасы раймамадминистрациянын атарабындагы боз үйлөр тигилип, расмий жана маданий иш чаралар өткөрүүгө ылайыктуу негизги аянтты тегиздөө иштерин жүргүздү.

Чаткалда комплекстүү машыгуу болду

машыгуу 1

Май айынын 21-22-күндөрү Чаткал районунда комплекстүү машыгуу болду. Бул иш чарага район аймагынан 15 мекеме жана эки айыл аймактан жалпы 200 адам катышып, өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кандай коопсуздук чаралары көрүлөөрү иш жүзүндө аткарылды.

машыгуу 4Мында, алдын-ала планмашыгуу 3га ылайык, район борбору Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин экинчи кабатынан “өрт чыгып”, ал кырсыктан мектеп окуучуларын аман алып калуу, андагы адамдарды коопсуз жерге эвакуациялоо, кырсыкка кабылгандарга медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу алдын алуу иш чаралары өрт коопсуздугу бөлүмү, саламаттыкты сактоо мекемеси, ички иштер бөлүмү мекемелеринин кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө аткарылып көрсөтулдү.

машыгу 6 машыгуу 7 машыгуу 8

Комплекстүү машыгуу иш чарасына район акиминин орунбасары Жуманалы Накетаев, КР. ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан келген өкүлдөр майор Асан Сулайманов менен улук лейтенант Кубанычбек Абдыракмановдор катышып, комплекстүү машыгуунун башында турушту.

23-май күнү КР. ӨКМнин райондогу бөлүмү тарабынан район борбору Каныш-Кыя айылындагы негизги спорт оюндары өтчү  аянттын Чаткал дарыясына жакын жээгине таш төгүп, дарыянын агымын өз нугуна буруу иштери аткарылды.

жээк ондоо 1 жээк ондоо 2 жээк ондоо 3 жээк ондоо 4

Бул жумуштарга райондук ДЭП-27 ишканасынан 1 автогрейдер, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 эксковатор, 1 КАМАЗ самосвал автомашинасы, Чаткал токой чарбасынан 1 трактор, Каныш-Кыя айыл аймагынан 3 самосвал автомашинасы жана 25 жумушчу тартылып, узундугу 60 метр, туурасы 4 метр жерге бийиктиги 1 метр таш жана шагыл ташылып, төгүлдү.

жээк ондоо 5 жээк ондоо 6 жээк ондоо 7

КР.ӨКМнин  райондогу бөлүмүнүн маалыматына ылайык, бул күнү жалпысы болуп 162000 сомдук жумуштар аткарылды.

М. Эшназаров “chatkal.kg