Архив метки: долбоор

Кулактандыруу!

АЙМАКТЫК КЕҢЕШ БЕРҮҮ БОРБОРЛОРУН АЧУУ

9-июлда “Аймактарды өнүктүрүү программасынын” алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында аймактык кеңеш берүү борборлорун ачты. Алдын ала конкурс жарыяланып жана белгиленген аймактарда бизнеске кеңеш берүү менен алектенген уюмдар тандалган болчу. Кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери окутулуп жана Фонддон сертификат алышты.

Жалал-Абад облусунун ишкерлери «Агролид» КУсы менен байланыша алышат: Жалал-Абад ш., Айбек Абдырахманов 0772177184, Coordinator-ja@agrolead.org

Ысык-Көл облусундагылар маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фондунан ала алышат: Каракол шаары, Жаныбеков Аскарбек, 0555418818, djaskar@mail.ru

Баткен облусунда маалыматты  «БТ Инновэйшнс» Финансы фонду берет: Баткен шаары, Нуркулов Даниярбек, 0555290529

Аккредитацияланган кеңеш борборлордон ишкерлер Фонддун кызматтары жана насыялык продуктулары тууралуу маалымат ала алышат. Кеңеш берүү борборлору ишкерлерге Фонд аркылуу түз дагы, ошондой эле коммерциялык банктар аркылуу каржылоо алган учурда бизнес-пландарды даярдоого, долбоордун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгууга, рынокту изилдөөгө жана башка коштогон кызматтарда көмөк көрсөтүшмөкчү.

2015-жылдын сентябрь айынан тарта  Кыргызстанда Фонд тарабынан жалпы суммасы  278.5 миллион долларды түзгөн чакан, ири жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча 1282 долбоор каржыланган.

МЫКТЫ БИЗНЕС-ДОЛБООРГО ЖАРЫЯЛАНГАН КОНКУРС

“Аймактарды өнүктүрүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын аймактарындагы мыкты бизнес долбоорлорду тандоого конкурс жарыялайт. Бизнес-долбоордун минималдуу суммасы 300 миң АКШ доллары болууга тийиш.

Конкурска туруктуу финансылык абалга ээ болгон жана КРдин аймагында рентабелдүү ишмердүүлүктү ишке ашырып жаткан коммерциялык уюмдар катыша алышат. Старт-ап долбоорлор ошондой эле инвестициялык долбоор менен байланышта болбогон иштеп жаткан бизнеси бар болгон шартта катыша алышат.

Тандалган бизнес-долбоорлор үчүн насыянын негизги суммасын төлөө боюнча 24 айга узартуу берилиши мүмкүн. Интенсивдүү бак өстүрүү чарбасы тармагында – 36 айга чейин берилет.

Насыя алуучунун өздүк салымы долбоордун баасынын 20%ынан кем болбошу керек. Долбоордун суммасынан 10%га чейинкиси долбоорду ишке ашырууга салынган активдер түрүндө берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда өздүк салымы катышуучу тарабынан  Фонд каржылоону бергенге чейин толук көлөмдө же Фонд тарабынан ар бир траншты бергенге чейин транштын 20%нан кем эмес өлчөмүндө  төлөнөт.

Инвестициялык максаттарга пайыздык коюмдар төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:

АКШ доллары менен 4% жылдык;

Сом менен 8% жылдык.

Улуттук валютадагы насыя каражаттары Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн гана товарларды жана кызматтарды сатып алууга колдонулушу мүмкүн.

Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруунун баскычтарында техникалык жардамды гранттык негизде берүүгө болот.

Мыкты деп таанылган долбоорлорго насыя боюнча төлөнгөн пайыздардын жарымы кайтарылып берилет.

Аймактардагы долбоорлордун саны жана артыкчылыктуу тармактар менен инфографиканын картасынан таанышууга болот. Конкурстун жоболору:http://www.rkdf.org/ru/kreditovanie/konkursy_proektov/regiony_tochki_rosta

Билдирмени сайтка 2018-жылдын  31-декабрына чейин берүү зарыл.

РКӨФ КАПИТАЛГА КИРҮҮ ҮЧҮН ӨНӨКТӨШ-КОМПАНИЯЛАРДЫ ИЗДӨӨ БОЮНЧА ДОЛБООРДУ ИШКЕ КИРГИЗЕТ

Конкурска катышуу үчүн 0,5 млн. 6 млн. АКШ долларына чейинки бизнес-долбоору бар, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы, машина куруу, химиялык жана тамак-аш өнөр жайы тармагында,  IT секторунда иштеген компаниялар чакырылат.

Артыкчылыкка экспортко жана импортту алмаштырууга  багытталган аймактык өндүрүштүк ишканалар ээ болушат.

Фонддун ишканага катышуу мөөнөтү – жети жылга чейин, долбоордун суммасы демилгечинин жана\же кош инвестордун өздүк взносуна жалпы баанын 25%дан кем эмес өлчөмүндө киргизилет.

РКӨФтөн берилген каржылоо жабдууларды, жаңылоо үчүн техника сатып алууга жана иштеп жаткан өндүрүштү кеңейтүүгө же жаңысын түзүүгө, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга багытталмакчы.

Толук маалыматты Фонддун сайтынан алууга болот.

Конкурса билдирмени 2018-жылдын  01-октябрына чейин Фонддун сайтына берүү керек.

Регионы точки роста kg-08 Регионы точки роста kg-09 Регионы точки роста kg-10Вхождение в капитал kg-04

Биринчи грант алынды

Жер-жерлерде көптөгөн социалдык маселелерди чечүү максатында коомдук фонддор түзүлүп, түрдүү долбоорлор жазылып, грант утуп алып, көңүл өйүгөн көйгөйлөрдү чечип келишүүдө. Мына ушул багытта А.Жерембаев жетектеген “Айкан” коомдук фонду мыкты иштерди бүткөрүп жаткандыгы маалым. Буга бир мисал катары Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу максатында аталган фонд тарабынан долбоор жазылып, 1 миллион сом грант утуп алгандыгын айтсак болот.
— Өнүктүрүү саясат институту тарабынан өткөрүлгөн “Жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, жетим жана жарым жетим балдарга кошумча билим, тарбия берүү” деген темадагы долбоордун негизинде кичи гранттар конкурсуна катышып, 1 миллион сом утуп алганбыз,- дейт “Айкан” коомдук фонддун Терек-Сай айыл аймагы боюнча координатору А.Жантаева сөз учугун улай.
Жакында ошол каражаттын 1-траншы 250 миң сом бөлүнүп, ага “Ай нуру” балдар бакчасына керектүү эмерек буюмдар алынып келинди. Тактап айтканда килем, дорожка, чачык, фотоаппарат, телевизор, ДВД караоке, принтер, электро тефаль, электроплита жана башка ар түрдүү оюнчуктар алынды.
Буюруса 2-3 транштар да келип, кошумча тайпа ачылчу күн да алыс эмес.
Ооба, аракетке берекет деген ушул эмеспи. Минтип долбоор жазып, грант утуп, аздан болсо да социалдык маселелер чечилип жатышы кубанарлык күрүнүш деп ойлойм

Биринчи грант алынды 2
Т.Темиралиев «Чаткал оттору»

Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылды

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошумча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-26-январь күндөрү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” жана “Каныш-Кыя айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорлорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы “С. Чондоева”, Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка”жана Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчаларына керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, раймамадминистрациянын, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду. Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Долбоордун алкагындагы бул каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

кошумча тайпа 1 кошумча тайпа 2 кошумча тайпа 4 кошумча тайпа 5 кошумча тайпа 6

ЖАҢЫ ДОЛБООР БАШТАЛДЫ


АРИС Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Айылды инвестициялоо Долбоорунун (ПСИ-3) үчүнчү этабын баштады.
Максаты:
Айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу,социалдык жана экономикалык инфрастуктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.
Милдеттери:
• Айылдардын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүү.
• Этностор аралык чыр-чатактарды алдын алуу
КАРЖЫЛОО БУЛАКТАРЫ
• Долбоорду ишке ашырууга Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү Немец өнүктүрүү банкы (KFW) аркылуу 5,5 млн.евро бөлгөн. Финансылык каражат гранттык негизде берилет.
• Долбоорго катышкан коомчулуктун салымы АРИС тарабынан бөлүнгөн гранттын 3,75 пайызын түзөт.
• Гранттын минималдуу өлчөмү — 20000 АКШ $
• Гранттын максималдуу өлчөмү — 450000 АКШ $

КОНКУРСТУК ТАНДООНУН КРИТЕРИЙЛЕРИ:
• Айылдык аймактын «ийгиликтүүлүгү» (дотация, алыстыгы)- баалоонун 15пайызы.
• Коомчулуктарды мобилизациялоо ( окутуулар, массалык иш-чаралар) баалоонун 25 пайызы.
• Өнүктүрүү стратегиясы – баалоонун 30 пайызы.
• Долбоордук сунуш- баалоонун 30 пайызы.

Бүгүнкү күндөгү аткарылган иштер

• Областтык деңгээлде тегерек стол өткөрүлдү.
• Айыл аймагынын деңгээлинде тегерек стол өткөрүлдү.
• Ар бир айылда киришүү семнарлары өткөрүлдү.
• Ар айылда демилгелүү топтор түзүлдү.

Айтмырзаев Ж.А. АРИСтин Чаткал району боюнча эксперти