Архив метки: дебат

С.Байдөөлөтов орто мектебинде маанилүү дебат өттү

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуучу коомдун манилуу аманаты» деген темада дебат өткөрүлдү.
Дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.
Дебаттын жүрүшүндө дебаттын негизги темасы болгон окуучулар арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири талкуу жүрдү жана тийиштүү кызматкерлерге окуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жоопторду ала алышты.
Иш чара мектептин соцпедагогу Т. Тагаева тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

мектеп иш чара 1 мектеп иш чара 2 мектеп иш чара 3 мектеп иш чара 4 мектеп иш чара 5

М.Эшназаров

Дебат-сынак болуп өттү

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан дебаттык-сынак өткөрүлдү.

Сынактын максаты-жаштардын арасындагы ынтымакты чындоо, бири бири менен байланышууга шарт түзүү, изденүү жана биргеликте иш алып барып, коомчулук алдында оюн эркин айтууга, эл алдында эркин болууга, так жана маанилүү сүйлөөгө, болуп жаткан окуяларга өз көз карашын билдирүүгө, салыштыра билүүгө үйрөтүү.
Дебатка “С. Байдөөлөтов”, “А. Баймырзаев”, “Исмаил уулу Матиш” жана “Т. Жаналиев” орто мектептеринин окуучуларынан, ар бири 3 кишиден турган 8 команда катышып, 3 баскыч менен өткөрүлдү.
Алгач командалар эки группага бөлүнүшүп, чек тандоонун жыйынтыгы менен эки экиден бири бири менен жарышып, 4 беттеш өткөрүлдү.
Дебатта интернеттин пайдасы жана зыяны, спорттун коомго болгон оң жана терс таасирлери, чет жерде иштеп жүргөн кыргыз жарандардын кайтып келүүсүнүн канчалык зарылдыгы, Кыргыз болуу маселеси. Дин багыттары. Улуттук баалуулуктар. Азыркы учурдагы жаштар. Жаштар кайсы жол менен келечекке багыт алуусу керектиги жана анын күнгөй- тескейи катышуучулар тарабынан кызуу талкууланды.
Дебат сынактын соңунда, калыстардын чечими менен Кубок өз позицияларын ишенимдүү коргой алган “С. Байдөөлөтов” орто мектебинин командасына ыйгарылды. Мындан башка бир топ катышуучулар ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул дебат сынак райБББ жана райондук жаштар кеңешинин колдоосу менен өткөрүлдү. “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин мүчөлөрүнүн маалымдашынча, мындай сынактар мындан ары жыл сайын өткөртүлүп турмакчы.