Архив метки: Г. Акылбекова

Дарыгер кеңеш берет; Мите курт ооруларынан сактаныңыз

Мите оорулары — мите курттар (гельминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амеба, лейшмания, лямлия, токсоплазма, плазмодиялар жана башкалар) жана муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар пайда кылган оорулар.

    Мите оорулар тууралуу:

Мите жаныбарлар пайда кылуучу оору инвазиялык деп, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылуучу оору жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гельминтоздорду пайда кылат. Буга аскаридоз, энтеробиоз, эхинококкоз, анкилостомидоз, дифиллоботриоз, фациолез, трихинелез, трихоцефалез, тениидоз  жана башкалар кирет. Жөнөкөйлөр протозооздорду пайда кылат. Аларга амебиоз, лямблиоз, безгек, токсоплазмоз, лейшманиоз, трипаносомоз жана башкалар кирет. Кишинин организминде 50дөн ашуун жөнөкөй жаныбарлардын түрү мителик кылат. Мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. Энтомоздорго миаздар, чиркей, желимчи, бит жана башкалар чаккандан болгон тери оорулары (дерматозооноздор); акоздорго котур кирет. Мите ооруларынын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге тамактануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер кишинин организминде өөрчүү мезгилинин айрым бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт.

Козгогучтардын бөлүнүшү:

Мите оорусун козгогучтар кишинин организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер негизинен ички органдарда — өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. Мындан сырткары тери алдында (котур кенеси) жана дене көңдөйүндө — мурун, ооз, кулак жана башкаларда жашоочу (сайгактын личинкасы) мителер белгилүү. Мите оорулары мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбарлар менен кишилерден жугат. Организмге козгогучтар тери же ооз, мурун аркылуу кирип, тамак-аш, чымын-чиркей, аба менен таралат.

Тамак-аш менен жугуучу:

Тамак-аш менен жугуучу мите оорулары на мите курттар пайда кылуучу оорулар, ич өткөк, амёбиаз, лямблиоз жана башкалар кирет. Алар мителер менен булганган тамак-ашты, сууну ичкенде, ошондой эле кир кол, идиш-аяк менен жугат. Кээ бир мите оорулары (котур, анкилостамидоз, биттөө жана башкалар) жолуккандан, тийишкенден жугат. Козгогучун башка организмдер (кенелер, чиркейлер, бүргөлөр) таратуучу мите оорулары трансмиссивдүү мите оорулары деп аталат.

Очоктуу оорулар:

Мите ооруларынын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, лейшманиоздо оорунун очогу кемирүүчүлөр болуп, ал эми тараткыч, жугузуучулар — желимчилер. Мите ооруларынын козгогучтары организмге түрдүүчө зыян келтирет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан препараттары жана витаминдер колдонулат.

Аскаридалар кишинин ичегисинде мителик кылат. Ургаачысынын уз. 25—40 см; эркеги — 15—25 см. Ургаачысы ичегиде суткасына 200 миңге чейин жумуртка тууйт, ал оорулуунун ичегисинен заң менен сыртка чыгат. Сырткы чөйрөдө жумуртканын өөрчүүсү ыңгайлуу шартта, кычкылтек жетиштүү, нымдуу топуракта (24—26°Сда) 24—25 күнгө созулат. Аскариданын жумурткасы сырткы чөйрөдө кыштап чыгуусу мүмкүн (кар алдында —30° температурада). Мелүүн климаттык зонада алар 20 см тереңдикте 5—7 жылга чейин сакталат.

Аскаридоздун жугуу жолдору:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы — адамдын заңы менен булганган топурак, кир кол, жуулбаган жашылча, жемиш, мөмлөр, ошондой эле булганган суу жана башка.

Аскариданын жетилген жумурткасы менен булганган жашылча, жемиш, мөмөлөрдү жегенде, кээде кайнатылбаган сууну ичкенде жугат. Адамдын ичегисинде тамак менен кирген жетилген жумурткада личинка пайда болот. Личинка ичеги капталынын былжыр челин тешип, вена кан тамырына өтүп, кан агымы менен жүрөккө, өпкөгө андан өпкө альвеоласын тешип бронхторго келип, дем алуу жолдору аркылуу ооз көңдөйүнө келет. Ооздон шилекей менен кошо жутканда кайрадан ичегиге келип, жетилген аскаридага айланат.

Белгилери:

Аскаридоздун өтүшү миграциялык — личинкасы ичегиге 2-жолу түшкөнгө чейинки жана ичегидеги болуп эки стадияга бөлүнөт.

1-стадиясыкөбүнчө билинбей өтөт. Кээде дене ысып, жөтөлөт, бөрү жатыш чыгышы мүмкүн. 2-стадиясында оорулуунун жүрөгү айланат, ичи толгоп ооруйт, шилекейи агып, тамакка табити тартпайт, башы айланып ооруйт, бат чарчайт. Балдар уктап жатканда тишин кычыратат; деми кысылат, бронхит, аз кандуулук пайда болот.

Дарылоо:

Дарылоону врач жүргүзөт. Врачка кеч кайрылганда дарылоо узакка созулат. Кабылдап кеткенде (перитонит, ичеги өткөөлсүздүгү, ириңдүү холецистит) хирургиялык операция жасалат.

Алдын алуу:

Аскаридозду жугузуунун негизги булагы-өздүк гигиенанын эрежелерин жана даараткананы таза сактоо керек. Жашылча-жемиштерди чийки жээрден мурун жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо максатка ылайык. Балдарды кичине кезинен гигиеналык адатка (колду жууганга, колун оозуна салбоого жана башка) үйрөтүү чоң мааниге ээ.

Трихинеллез — адамдын жана жаныбарлардын жумуру мите курт — трихинелла пайда кылуучу оорусу.

Жыныстык жактан өсүп жетилген трихинелла адамдын жана айбанаттардын ичке ичегисинде, ал эми личинкасы булчуң этте мителик кылат. Ургаачысы уруктангандан кийин ээсинин ичегисинин капталына кирип, 2000ге жакын эң майда личинка тууйт да, көп узабай өлөт. Личинкалар лимфа жана кан тамыр аркылуу бүт денеге тарайт. Ал булчуңга өтүп чоңоё баштайт. Эки-үч жумадан кийин булчуңда личинка ийрилип өсүп, спираль формасына өтөт да, 2—2,5 айдан кийин сыртынан кабык (капсула) менен капталат.

Белгилери:

Бул оору адамга трихинеллез менен ооруган жаныбарлардын этин чала бышырып жегенден жугат. Оорунун алгачкы белгиси ал жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин денеси ысып (39—40°С), калтырак басат. Көзү кызарып, жарыкты карай албайт, булчуңдары, ичи ооруп, өтөт. Бети шишимик тартып, кээде көзү жүлжүйүп, ачылбай калат. Балдарда оору көбүнчө жеңил өтөт.

Дарылоо:

Дарылоону врач гана жүргүзөт. Ооруну алдын алууда ветеринариялык текшерүүдөн өтпөгөн малдын этин тамак-аш катары пайдаланууга болбойт. Чочко этин, жапайы жаныбарлардын этин жакшылап кайнатып же кууруп жеш керек.

Лямблиоз — ичке ичегиде, кээде өт баштыкчасында мителик кылуучу жөнөкөйлөр — лямблия пайда кылган оору. Лямблия кыймылдуу (4 жуп шапалакчасы жана соргуч дискасы бар) жана кыймылсыз формада (циста) жашайт. Соо адамга лямблия цистасы менен булганган тамак-аш, суу, кол, буюмдар аркылуу жугат. Ал ичегикарынга өтүп, ичке ичегиге жабышып мителик кылып көбөйөт. Лямблиоз болгондо ичтин жогору жагы же киндиктин тушу ооруйт; ич көөп курулдайт, кускусу келет, кээде былжыр аралаш суюк заңдайт. Лямблия ичке ичегиден жоон ичегиге өткөндө ал жерде өөрчүшүнө шарт болбогондуктан циста формасына айланып, заң менен сыртка бөлүнүп чыгат. Циста формасы сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына чыдамдуу келет (топуракта 3 жумага, сууда 5 жумага чейин сакталат). Көбүнчө балдар (өзгөчө 1—4 жашка чейинки) ооруйт. Кээде оорунун белгиси билинбей өтүп, кай бир оорудан кийин байкалат. Баланын ичи көөп, ооруйт, тез-тез былжыр аралаш заңдайт. Врач оорулууга дарылоодон тышкары белогу жетиштүү жеңил диетаны (кайнатып бышырган эт, быштак, кефир, сабиз, капуста жана башкалар) сунуш кылат. Таттууну, камырдан жасалган тамактарды тарта жеш керек. Оорунун алдын алууда оорулууну убагында таап дарылоо мааниге ээ. Тамак-аш азыктарын таза сактоо, чымындарды жок кылуу, сууну кайнатып же суу түтүгүнөн ичүү, жашылча жемишти тамакка жууп пайдалануу, өздүк гигиенаны сактоо зарыл.

Токсоплазмоз — көпчүлүк орган жана системаларды жабыркатуучу оору.

Козгогучу — токсоплазма, 20° чөйрөдө 3 күнгө чейин сакталат. Тике тийген күн нурунан, ысытуудан, кургатуудан тез өлөт. Токсоплазмоз менен уй, кой, эчки, мышык, коен, тоок, өрдөк, жапайы жаныбарлардан бугу,  түлкү, сары чычкан, тыйын чычкан жана башкалар жабыркайт. Козгогуч ылаңдаган жаныбарлардын заңы, заарасы, мурдунан чыккан суюктук, сүтү менен сыртка бөлүнөт. Адамга оору жакшы бышырылбаган, кайнатылбаган эт, сүт, жумуртка жегенде жугат. Өзгөчө козгогучту бөлүп чыгарган мышыктар коркунучтуу. Анын булганган жүнүн кармаганда кол аркылуу козгогуч оозго кириши мүмкүн. Организмге  кирген козгогуч кан менен түрдүү органдарга (мээ, көз, боор, көк боор,  лимфа түйүндөрү жана башкалар) тарап, аларды жабыркатат.

Токсоплазмоздун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар.

Кийин пайда болгон түрү катуу кармаган жана өнөкөт түрүндө өтөт.

Өнөкөт түрүндө оору жылдап созулушу мүмкүн. Мында температура анча көтөрүлбөйт, оорулуунун алы кетет, башы ооруйт, көзү начар көрө баштайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, лимфа түйүндөрү, боор, көк боор чоңоёт. Көпчүлүк учурда гепатит, миокардит, өпкөнүн сезгениши,  психиканын бузулушу байкалат.

Тубаса токсоплазмоздо оору түйүлдүк мезгилинде энеден берилет. Бала эненин ичинде же төрөлөрү менен өлөт. Эгер өлбөй калса түрдүү майыптык жана өсүү кемтиктери байкалат.

Алдын алуу:

Оорунун алдын алуу үчүн оорулуу жаныбарларды убагында таап, аларды бөлүп, дарылоо; мындай жаныбарлардан балдар, кош бойлуу аялдар сак болуусу, мышык, итке тамак бергенден кийин колду сөзсүз самындап жуу зарыл. Мал чарбасында, эт, эт азыктары менен иштегендер атайын кийимдерди кийүүгө, тазалыкты сактоого тийиш. Базардан сатып алынган эт жана сүт азыктарын жакшы бышырып, кайнатып ичүү талапка ылайык.

Катуу кармаганда ысытма болуп, баш, булчуң ооруйт.

 

Г. Акылбекова, Чаткал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери

Учурдагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өттү

ГКЧП 2016IMG_5636 ГКЧП 2016 IMG_5650 ГКЧП 2016 IMG_5648 ГКЧП 2016 IMG_5647 ГКЧП 2016 IMG_5646 ГКЧП 2016 IMG_5645 ГКЧП 2016 IMG_5644 ГКЧП 2016 IMG_5643 ГКЧП 2016 IMG_5640 ГКЧП 2016 IMG_5635 ГКЧП 2016 IMG_5639 ГКЧП 2016 IMG_5641

Февраль айынын 3 үндө раймамадминистрацияда  Жалал-Абад областтык ЭжЭКОК №1 чечиминин негизинде, область боюнча ботулизм оорусунун катталгандыгы жөнүндө жана райондогу тиешелүү ишканалардын  тамак-аштан ууланууну болтурбоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине байланыштуу райондогу билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары жана жеке менчик тамак-аш сатуу жайларынын ээлери катышкан чукул жыйын өттү.

Жыйында эки маселе-өткүр респиратордук вирустук оорулардын алдын алуунун абалы жана райондогу тиешелүү ишканалардын  тамак-аштан ууланууну болтурбоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселелер коюлуп, алгачкы маселе боюнча райондук ОААжМСЭКБнын башкы дарыгери Гүлбарчын Акылбекова баяндама жасады. Баяндамада белгиленгендей, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы өткүр респиратордук вирустук оорулар өткөн 2014-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп катталган. Мындан, көпчүлүк ооруп кайрылгандар мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар болуп эсептелет.

Жаңырган жылда жогорудагыдай оорулардын алдын алуу иштеринин деңгээлин билүү максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында февраль айынын башында  ОААжМСЭКБнын кызматкерлери Кайың-Суу ФАПына, райондук ЖДПБга, №46 кесиптик лицейге, Кайың-Суу, С. Байдөөлөтов орто мектептерине жана “Наристе” балдар бакчасына барышып,  жылуулукту өз деңгээлинде кармоо, тамак-аш даярдоодогу санитардык эрежелерди сактоо бир топ мүчүлүштүктөрдү таап чыгышкан.

Жыйында акыркы кездерде республикада кооптуулук жаратып жаткан ботулизм оорусунун алдын алуу боюнча да маселе козголду. Баяндамачы Г. Акылбекова маалымдагандай, Жалал-Абад областы боюнча 2015-жылы 13 үй-бүлөдөн 26 адам  ботулизм оорусу менен катталды. Бул катталган оорулуулардын баары эле үйдө жасалган консерваланган салат же үй шартында жасалган туздалган бадыраң жешип, ууланышкан. Ботулизм оорусунда бардык организмге бат таркоочу токсин болгондуктан, медициналык жардам эрте берилүүсү тийиш. Ботулизм оорусуна каршы сыворотка да 10 саатка чейин жасалыш керек жана күмөндөлгөн адамдар  ооруканага жаткырылып,  медкызматкерлердин көзөмөлүндө болушу керек.

Ал эми 2016-жылдын 6-январында Тогуз-Торо районунан 4 адам ботулизм оорусуна шектелип, бейтапканага жаткырылган бирок, сыворотканын жоктугуна байланыштуу,  Бишкекке кетип бара жаткан 4 оорулуудан 2 өөсү каза болушкан. Бул оорулуулар да үйдө жасалган салат жешип, ууланууга чалдыгышкан. Ботулизм оорусу өтө аз катталганы менен, буга чалдыккандар 60-70% өлүмгө дуушар болушу менен кооптуу.

Ботулизм оорусунун алдын алуу боюнча Чаткал  районунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр белгилүү болгон.

Бүгүнкү күндө райондо 26 коомдук тамактануучу жай, 1 базар, 54 соода сатык түйүндөрү, 6 дарылоо мекемелеринин ашканалары бар болуп, 2015-жылы аларга карата  102 жолу текшерүү жүргүзүлгөн. Райондун борборунда жайгашкан  соода түйүндөрүнө жана тамак-аш жасап сатуучу жайларга 1-февраль күнү рейддик текшерүүлөр жүргүзүлүп, бир топ кемчиликтер табылды.  Тактап айтканда,  айрым дүкөндөрдүн сатуучусу медкароодон өтпөгөн, атайын кийим менен камсыз болбогон, дүкөндө жылытуу системасы жок, көпчүлүк товарлар бири бирине аралашып, жерге эле коюлуп,  стеллаждар менен камсыздалбаган. Айрымдарында  сактоо мөөнөтү өткөн майонездер, жасалган дареги жана мөөнөтү жок пирожныйлар  сатыкка коюлган, морозильниктерде балык, пельмень, майонездер иретсиз, маркировкасыз  аралаш жайгаштырылып, колбаса, балык, пельмендер кайсы күнү дүкөнгө алынып келингени боюнча журналда катталып, маркировка басылбаган.  Буга кошо эле,  үй шартында жасалган  курамында баклажан, бадыраң кошулган салаттар, эч кандай мөөнөтү, кайда жасалганы тууралуу маалым этикеткасы жок торт жана колдо жасалган самсалар, андан сырткары документтери жок эттер, сосискалар, пирожныйлар б.а. кооптуу тамак-аштар ачык,  муздаткычка коюлбай сатыкка коюлган. Дүкөндөрдө күн сайын нымдуу тазалоо иштери жасалбайт.   Эгерде ушундай азыктарды сатып, андан кокусунан бир уулануу катталса, ага түздөн-түз сатуучу күнөөлүү деп табылып, мыйзам чегинде жооп бермекчи.

Мектеп жана бала-бакчаларга да сертификаттары жок пряник, коржиктер алынат, тендер уткан сатуучулар аркылуу ташылат, буларда да ушундай эле көрүнүш. Мыйзам боюнча ал жерде директор жана бакча башчылары жооп беришет. Ошондуктан тендер өткөрүү учурунда ушул милдеттер көп көңүл бурулуусу зарыл.

Чаткал районунда өткөн жылы ботулизм оорусу катталган жок, бирок өткүр ичеги карын оорулары менен 213 адам оорушкан. Азыркы кундо Чаткал ЖДПБунда 10 доза ( А-1, В-5,Е-4) жана Сумсар ЖДБунда  (А-5, В-5, Е-5) 15 доза вакцина ботулизмге каршы сывороткалар бар.

2015-жылдын 7,8 апрель кундору тамак-аш коопсуздугу боюнча, райондун соода сатык, кафелерди иштеткен жеке ишкерлерге, мугалимдерге тегерек стол, семинар-тренинг өткөрүлгөн. Билим берүүдө 16 мектепте, 11 медициналык мекемелерде ботулизм боюнча   санитардык бюллетендер чыгарылган, диктанттар жаздырылган.  Райондук «Чаткал оттору» газетасына  ботулизм  боюнча август айында №16 санына бир макала жарыяланган.

Жыйындын жүрүшундө күн тартибинде коюлган маселеге тиешелүү мекемелердин жетекчилери суроолорго жооп беришти. Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ж. Накетаев жыйында айтылган маселелерди жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге талаптарды койду.

М. Эшназаров

 

 

Ботулизмден сактаныңыздар

Ото курч муноздогу тамак-аштан уулануу, борбордук жана вегетативдик нерв системалары жабыркайт.  Оорунун  козгогуч булагы болуп,  клостридиум ботулинум   кыймылдуу анаэроб  (аба жок жерде осуучу), грамм минус таякчасы эсептелинет жана бул таякчанын 2 формасы бар: вегетативдик, споралык.  Козгогуч  булагы чоп жеген жаныбарлардын, балыктардын, рактардын, адамдардын занында жашаган споралар жана ал  споралар бийик температурага туруктуу, ал аба жок жана  ото аз жерде  сыртка коркунучтуу токсин болуп чыгарат (ботулотоксин). Ботулотоксиндин 7 туру бар: А, В, Е, F  туру  адамда ботулизм оорусун, ал эми  С, Д, G туру канаттууларда, балыктарда жана сут эмуучулордо ботулизм оорусун чакырат.IMG_0765

Ботулизм адамдан адамга жукпайт.Ботулизм оорусу менен катталгандардын саны ото аз, бирок олумго дуушар болгондордун саны 70% тузот. Ошондуктан медициналык жардамды эрте алуу олумдон сактайт, себеби ага каршы вакцина эрте 10 сааттын ичинде берилиш керек.

Адамдын  организмине  БОТУЛОТОКСИН  уй шартында туура жакшы обработкадан отпогон, консервациялоо технологиясы бузулуп жасалган жана  сакталган салат, ышталган колбаса, балык, эт  жана жашыл фасоль, шпинат,  козу карын продукцияларын колдонуудан  келип тушот.

Клиника

Инкубациялык мезгили 12 сааттан 24 саатка чейин жана 8 кунго чейин. Башкы симптомдору:  адам катуу алсырайт, башы айланат, удвоение-козуно кош корунот, оозу кургайт, жутунуу кыйындайт, кусат, ичи кобот, бара-бара моюн кол булчундары алсыз боло баштайт, журок согуусу басандайт, козу тунарат,  бирок дене табы которулбойт жана эс акылын жоготпойт. Акырында булчундардын параличи жана дем алуу кыйындайт.

Диагностика

  1. Медициналык жардамга убакытты откорбой тез кайрылуу
  2. Туура дигноз коюу (инсульт, синдром Гийена-Барре, тяжелая миастения)
  3. Ашказанды жууп тазалоо, клизма жасоо
  4. Тамак калдыктарын, кусунду, ашказанды жууп тазалаган сууну ж.б. чогултуу
  5. Ботулизмге каршы сыворотка жасоо
  6. Жасалма дем алдыруу

Алдын алуу жолдору

-Уй шартында жана жакшы обработкадан отпогон салаттарды ж.б продукцияларды колдонбоо

-консервацияланган тамак-ашты 30 минута 100 градустагы  ысык сууда кайнатып анан колдонуу

-тастыкталган документтери бар продуктыларды сатып алуу, туура сактоо

-тамак-аш саткан ар бир дукон, коомдук тамактануучу жайлардын  муздаткычтар менен камсыз болуусу

-коомдук,  мектеп, бала бакчалардын  тамак-аш жайларында ар бир жасалган тамактан контролдук суткалык проба алуу, 1 сутка муздаткычта сактоо

Андан сырткары тамак-аштан ууланууну алдын алуу учун  5принцип:

  1. Тазалыкты сактоо
  2. Бышкан жана бышпаган продукцияны оз-озунчо кармоо
  3. Кайнатуу
  4. Сактоо температурасын такай козомолдоо
  5. Таза сууну жана таза тамак-ашты колдонуу

Эпидемияга каршы  иш-чаралар

-Эгерде ботулизмге шектелип катталса, райондук ОААжМСЭКБуна тез билдируу беруу.

-Оорулууну тез арада жаткыруу (госпитализация).

-Очокто  эпидкозомолду кучотуу, кошо жеген адамдарды табуу, тактоо, медициналык 10 кундук козомолго алуу.

-Ботулизмге каршы сыворотканы убагында беруу.

Урматтуу Чаткал районунун тургундары,  биздин райондо ушундай кырдаал болбосун десек, жогоруда берилген маалыматтын ото маанилуу экенин жана аны аткаруубуз керек, ал эми  ден-соолук биринчи орунда турарын жыл башынан эскертет элем.

Оз убагында  медицинага кайрылуу  ар бир жарандын милдети жана жоопкерчилиги.

Маалымат иретинде-Жалал-Абад областы боюнча  2015-жыл ичинде 12 учур ботулизм  оорусу менен катталган, анын ичинен  26 адам жабыр тартып, 5 адам олумго дуушар болгон. Мында, Токтогул районунда -1, Таш-Комур районунда-1, Базар-Коргон районунда-2 жана Кара-Кол-1.

Чаткал райондук аялдар  кеңешинин төрайымы Гүлбарчын Акылбекова

 Г.Т.Акылбекова  Чаткал райондук ОААжМСЭКБнун башкы врачы