Архив метки: волейбол

Райондук спорттук иш чара болду

18-19-апрель күндөрү Чаткал районунда райондук деңгээлдеги спорттук иш чара болуп өттү.  Иш чарада алгач Айгыр-Жал айылына салынган стадиондун ачылыш аземи болуп, анда  район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, «Вертекс Голд Компани» фирмасынын өкүлү Жаныбек Кубандыков жана айыл тургундарынын катышуусунда  кызыл тасмасы кесилди.

Иш чаранын алкагында спортчулар волейбол, футбол, ордо жана чикилдек оюндары боюнча кызуу таймаш  өткөрүштү.

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233

Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди.

Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи.

Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды.

Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет.

М. Эшназаров

Жаш спортчуларыбыз облустан байгелүү кайтышты

Чаткалдык жаш спортчулар 10-11-12-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарында өткөн волейбол боюнча облустук спартакиадага барып, жеңиштүү кайтып келишти. Бул тууралуу Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин директору Равшан Акжол уулу маалымдады. Анын маалымдашынча, спартакиадага облус боюнча балдар командасынан он команда, ал эми тогуз кыздар командасы катышкан. Чаткалдык жаш  спортчулар жогорку деңгээлде оюн көргөзүшүп, финалдык беттеште Кара-Көл шаарынын командасына мөөрөйдү алдырышып, ошентсе да 2-орунду алууга жетишти.

Ал эми кыздар командасы 9 команданын арасынан 4-орунга ээ болгон.  IMG-20180414-WA0001

IMG-20180414-WA0007 IMG-20180414-WA0006 IMG-20180414-WA0003 IMG-20180414-WA0005-Май айында борбор калаада өтчү республикалык спартакиадага Чаткал командасынан мыкты оюнчу катары 3 бала жана 1 кыз, жалпы 4 спортчубуз тандалып алынды. Бул биз үчүн чоң сыймык-деп кошумчалады Равшан Акжол уулу.

Чаткалдык жаш спортчуларды машыктыруучулар-Нурбек Сатимбай уулу жана Мирбек  Козубаев машыктырып келүүдө.

М. Эшназаров

 

Мугалимдер спортто да мыктылыгын далилдешти

24-март күнү Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Матиш уулу Исмайыл атындагы жана А. Айымбетов атындагы орто мектептеринде Чаткал районундагы билим берүү кызматкерлеринин 23-спартакиадасы болду.

Спартакиадага район боюнча эркектерден турган 13 команда, аялдардан турган 7 команда, жалпысынан 20 команда катышып, спорттун волейбол, шахмат жана теннис түрлөрү боюнча күч сынашты.

Мында, мугалимдер  мелдештин программасында камтылган оюндарда жогорку деңгээлде таймаш көргөзүшүп, бир гана билим берүү жаатында эмес, спортто да мыкты экендиктерин иш жүзүндө далилдей алышты.айгыржал топ DSC_0083 айгыржал топ DSC_0101 айгыржал топ DSC_0106 айгыржал топ DSC_0111 айгыржал топ DSC_0122

айгырж топ DSC_0221 айгырж топ DSC_0228 айгырж топ DSC_0233 айгырж топ DSC_0240 айгырж топDSC_0210 айгыржал топ DSC_0188 айгыржал топ DSC_0192 айгыржал топ DSC_0197 айгыржал топ DSC_0203 айгыржал топ DSC_0206Мелдеш  соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Исмайыл уулу Матиш жана Ж. Ташкеев орто мектептеринин мугалимдеринен турган команда багындырды. 2-орунга Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээ болду. Ал эми, 3-орун Сумсар, Ю.А.Гагарин, В.И.Ленин жана Терек-Сай орто мектептеринин курама командасына ыйгарылды.

Аялдар командаларынын арасынан 1-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин командасына берилди. 2-орунду Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээледи. Ал эми, 3-орун Башкы-Терек орто мектебинин командасына ыйгарылды.

Шахмат боюнча 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалими  Ж.Алиев, 2-орунду А.Баймырзаев орто мектебинин мугалими К. Смаилов, 3-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Н. Анарбаев ээледи.

Теннис боюнча эркектер арасынан 1-орун Сумсар орто мектебинин мугалими А.Алымов, 2-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин мугалими А. Нармырзаев, 3-орун Ю.А.Гагарин орто мектебинин мугалими А. Вахабовго берилди.

Ал эми, аялдар арасында теннис боюнча 1-орун Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Н.Каримова, 2-орун Чымканаев орто мектебинин мугалими Г.Алимбекова, 3-орун Чакмак-Суу орто мектебинин мугалими С.Баймырзаевага ыйгарылды.

Мелдеш соңунда, спартакиаданын негизги уюштуруучусу болгон райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев катышуучуларга ыраазылык билдирип, келерки апрель айынын соңунда тандалган спортчу мугалимдер облустук спартакиадага бараарын маалымдады.

Ал эми, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов катышуучулар мындан кийинки спорттук иш чараларда спорттук кийим менен келүүнү колго алуу керектигин жана бул маселени жөнгө салууга тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн айтып, спартакиаданы өткөрүүгө демөөрчүлүк көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевге  ыраазылык билдирди.

Эскерте кетсек, спартакиаданы өткөрүүгө райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 20 миң сом жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 10 миң сом, жалпысы 30 миң сом акча каражаты жумшалды.

М.Эшназаров

 

Кызыл-Токой айылында мугалимдер таймашты

18-март күнү Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Б. Камчыбеков орто мектебинде Ю. А. Гагарин, Б. Камчыбеков, Сумсар орто мектептеринин жана В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалимдеринин ортосунда волейбол, теннис жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдеш абдан кызыктуу өтүп, волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Б. Камчыбеков орто мектебинин командасы, 2-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командасы, 3-орунга Сумсар орто мектебинин командасы жетишти.
Аялдар арасында мелдеште 1-орунду Сумсар орто мектебинин, 2-орунду Ю. А. Гагарин орто мектебинин, 3-орунду В. И. Ленин атындагы мектеп интернаттын командалары ээлешти.районо мелдеш DSC_0135 районо мелдеш DSC_0152 районо мелдеш DSC_0158 районо мелдеш DSC_0167 районо мелдеш DSC_0184 районо мелдеш DSC_0187 районо мелдеш DSC_0192 районо мелдеш DSC_0200 районо мелдеш DSC_0205 районо мелдеш DSC_0212 раойно мелдеш DSC_0193
Теннис боюнча 1-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Чыңгыз Оморов, 2-орунга Б. Камчыбеков орто мектебинин мугалими Равшан Арзыматов, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Шерзат Бабаев ээ болушту.
Шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Терексай орто мектебинин мугалими Нарынбай Анарбаев, 2-орунга Сумсар орто мектебинин мугалими Абыл Таиров, 3-орунга В. И. Ленин атындагы мектеп интернатынын мугалими Кылыч Коргонбаев ээ болду.
Мындан сырткары, бир нече спортчу мугалимдер кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.
Катышуучулар мелдештин демөөрчүсү болгон мугалимдердин райондук профсоюз уюмуна жана мелдештин жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздаган Б. Камчыбеков орто мектебинин жетекчилигине ыраазылык билдиришти.

М. Эшназаров