Архив метки: Вертекс Голд Компани

Кен ылгоочу фабриканын долбоору тааныштырылды

«Вертекс Голд Компани » ЖЧКсы «Глобал Джамгыр Майнинг » ЖЧКсы менен биргеликте район борбору Каныш-Кыя айылында алдыда куруу пландаштырылып жаткан алтын ылгоочу фабриканын долбоору менен жергиликтүү калкты тааныштыруу иш чарасын өткөрүштү.
Иш чара учурунда быйылкы алдыңкы бүтүрүүчүлөргө аталган фирмалар тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми, «Вертекс Голд Компани » ЖЧКсынын жетекчиси Абдыбакыт Баялинов, Глобал «Джамгыр Майнинг » ЖЧКсынын жетекчиси Николай Ермошкин жана мамлекеттик геологиялык агенттиги менен мамлекеттик теникалык көзөмөл агенттигинин өкүлдөрү катышуучулардын фабриканын курулушуна байланышкан бир нече суроолоруна жооп беришти.
Кечкисин Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө айыл тургундарына «Вертекс Голд Компани » жана «Глобал Джамгыр Майнинг» ЖЧКларынын колдоосу менен КР. Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү ырчы жана обончу  Тотомидин Жолдошев жетектеген «Таалай элеси » эстрадалык тобунун жана белгилүү эстрада жылдыздарынын  концерти тартууланды.

М.Эшназаров

вертекс презент_DSC0253 баялинов Захват_2018_06_26_23_08_27_425 баялинов Захват_2018_06_26_23_09_01_917 Захват_2018_06_26_23_07_33_903 Захват_2018_06_26_23_08_02_432 Захват_2018_06_26_23_08_53_805 вертекс....... вертекс...... вертекс..... вертекс.... вертекс... вертекс......... вертекс........ жаныбек _DSC0344

вертекс элбурс вертекс чай ичуу

жаныбек _DSC0367 тото _DSC0333 тото _DSC0339 тото _DSC0358 тото _DSC0359

Кен казган компания ифтар өткөрдү

Кечээ, 9-июнь күнү район борбору Каныш-Кыя айылында район аймагында кен казуу менен алектенген «Вертекс Голд Компани» компаниясы үстүбүздөгү  Рамазан айына карата район тургундарына ифтар-ооз ачуу өткөрдү.

Бул иш чарага Чаткал өрөөнүнүн бардык айылдарынан айыл аксакалдары жана орозо туткан жарандар келишип, ак дасторкондун үстүндө ооз ачышты.

Ооз ачуу иш чарасына 150дөн ашуун адам катышты.

Соңунда, «Вертекс Голд Компани» компаниясынын өкүлү Жаныбек Сагындыков катышуучуларга компания жетекчисинин  жиберген саламын айтып, келгендерге ыраазылык билдирди.

ифтар DSC_0058

ифтар DSC_0060 ифтар DSC_0064 ифтар 1ифтар DSC_0074 ифтар DSC_0076 ифтарDSC_0069ифтар DSC_0079 ифтар DSC_0090

 

Райондук спорттук иш чара болду

18-19-апрель күндөрү Чаткал районунда райондук деңгээлдеги спорттук иш чара болуп өттү.  Иш чарада алгач Айгыр-Жал айылына салынган стадиондун ачылыш аземи болуп, анда  район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, «Вертекс Голд Компани» фирмасынын өкүлү Жаныбек Кубандыков жана айыл тургундарынын катышуусунда  кызыл тасмасы кесилди.

Иш чаранын алкагында спортчулар волейбол, футбол, ордо жана чикилдек оюндары боюнча кызуу таймаш  өткөрүштү.

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233

Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди.

Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди.

Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи.

Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды.

Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет.

М. Эшназаров