Архив метки: Б. Дилдебаев

Чаткалдык Өзгөрүш Сатимбаев КР. Ардактуу атуулу болду

Чаткал районундагы финансы тармагынын көрүнүктүү ишмери, Чаткал районунун Ардактуу атуулу Сатимбаев Өзгөрүшкө жакында Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамы ыйгарылып, төш белгиси менен берилип, Кыргыз Республикасынын Ардактуу инсандарынын коомунун бирикмесинин мүчөсү болду.

Бүгүнкү күндө 78 жаштын курагындагы Өзгөрүш Сатимбаев 1963-жылы Фрунзе кооператив техникумун бүтүп, эмгек жолун 1955-1956-жылдары Жаңы-Базар айылындагы сельподо эсепчи болуп баштаган. 1961-жылы Чаткал сельпосунда бухгалтер, 1963-1968-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын бухгалтери, башкы бухгалтери, 1968-1976-жылдары Чаткал жумушчулар кооперациясынын төрагасынын соода боюнча орун басары,  башкы бухгалтери, 1976-1986-жылдары Чаткал райондук керек-жарак коомунун башкармалыгынын төрагасы, 1986-1991-жылдары “Беш-Арал”, “Ак-Таш”, “Чаткал” совхоздорунун башкы бухгалтери, 1992-1998-жылдары “Ыдырыс” акционердик коомунун бухгалтери болуп иштеген. Айылдык, райондук Кеңештердин бир нече жолку депутаты болуп шайланып, эл үчүн кызмат кылып, Республикалык, областтык керек-жарак союздарынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мына ушундай басып өткөн финансы тармагында эмгек жолу жана учурдагы айыл жериндеги жаштарга үлгү болоорлук насааттарынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы наамынын ээси болуп олтурат.

Б.Дилдебаев

Музыка мектебинин окуучулары концерт беришти

Жакында райондук балдардын музыкалык мектебинин окуучуларынын бир жылдык отчеттук концерти райондук маданият үйүнүн концерттик залында болду. Анда музыкалык мектептин окуучулары өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, музыкадан алган билиминин жыйынтыгын элге тартуулашты.

Белгилей кетсек музыкалык мектептинТерек-Сай айыл аймагынын маданият үйүндө 27 окуучу, Чаткал айыл аймагынын Чаткал орто мектебинде 35 окуучу, ал эми Каныш-Кыя айылында жайгашкан музыкалык мектептин өзүндө 47 окуучу болуп жалпысы 109 окуучу музыка сабагынан кошумча билим алышууда. Мындагы окуган окуучулар аккордеон, комуз, фортепиано, бий сабактарынан билим алышат.

Б. Дилдебаев

«Чаткалдын өнүктүрүү фондунун» каражаттары максаттуу жумшалат

Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун төрагасы Жолдошев Акимбек Балбанович менен дил маек.

-Акимбек Балбанович, Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун иши качан башталган?

-Райондо өнүктүрүү фонду 2015-жылдын 31-июлунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын №141 буругунун негизинде түзүлгөн. Ал эми 2015-жылдын 6-августунда  Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун Уставы Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, күбөлүк берилген. Бирок, толук кандуу жумушубузду быйылкы жылдын жакынкы күндөрүнөн баштап жатабыз.

-Фонддун ишмердүүлүгү кандай максатта жүргүзүлөт?

-Фонддун негизги максаттары райондун аймагындагы жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, райондун экономикалык өнүгүү үчүн шарттарын түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо болуп саналат. Фонддо бюджеттик жана атайын каражаттар деген эки эсеби болот. Бюджеттик каражаттардын эсебинен калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфратүзүмүн өнүктрүү, жерлерди милеоративдүү жакшыртуу, сугат түйүндөрүн, гидротехникалык обьектилерди оңдоо жана калыбына келтирүү иш-чараларына жана жердин абалын жакшыртуу боюнча башка агротехникалык иш-чараларга, курорттук -рекрециялык зонаны  өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоонун долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп  чыгууга, экологиялык коопсуздукту жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыздоого, жергиликтүү калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу түтүктөрүнүнтарамдарын оңдоо жана калыбына келтирүү.райондо жана айыл аймактарында мамлекеттик  жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө, инвесторлор менен капиталга чогу катышуу жана инвесторлор менен биргелешип каржылоо принцибинде райондо жаңы ишканаларды ачууга, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чараларга, райондун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, коомчулуктун муктаждыктарын камсыздоого жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган техниканы жана жабдууну жаңыртууга борборлоштуруп сатып алууга акча каражаты жумшалат.

Ал эми атайын каражаттардын эсебинен жөндөмдүү жана таланттуу балдарды колдоого, акы төлөнүүчү, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизде коп балалуу жана жаш үй-бүлөлөрдү, бюджеттик уюмдардын жумушчуларын, районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрcөтүүчү бизнес долбоорлорду микрокредиттик уюм аркылуу чакан кредит берүүгө, ипотекалык насыялоого, калктын аялуу катмары үчүн турак жайдын курулушуна, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин, укук коргоо органдарынын коргоонун, жарандык коргоонун,жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишин колдоого жумшоого болот. Ал эми фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди уюштуруу боюнча иш-чараларга, белгиленген ченемден жогорку сый акыларды төлөөгө жана фонддун максаттарын, милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларга пайдаланууга жол берилбейт.

-Фонддун башкаруу органы болуп кимдер эсептелинет?

-Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун жогорку башкаруу органы болуп фонддун байкоочу кеңеши түзүлгөн. Азыр анын курамында жергиликтүү кеңештин депутаттары, МПОлордун өкүлдөрү, финансистер, юристер, профсоюз уюмунун төрагалары жана башка кесиптин ээлери бар. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өздөрү төрага шайлап алышкан.

Мындан башка аткаруучу органы болуп курамында 7 адамдан турган фонддун башкармалыгы, ошондой эле негизги иш алып баруучу фонддун администратору бар.

-Каржылоо үчүн долбоорду сунуштоонун жана тандоонун тартиби кандай?

-өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду сунуштоонун тартиби Уставда белгиленген. Уставдын негизинде фонддун каражаттарынан пайдаланууну каалаган арыз ээси долбоорду айыл аймагынын тургундарынын артыкчылыктуу демилгелерин табуунун негизинде фондого сунуштайт. Фонддун кароосуна жөнөтүлгөн долбоорду же долбоордун тизмегин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекитет. Арыз ээси өз алдынча жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын же башка булактардын эсебинен зарылчылыкка жараша долбоордук-сметалык документтерди жана долбоорго арыз түзүү үчүн башка керектүү документтерди иштеп чыгат. Бир айыл өкмөтүнөн бир жылдын ичинде фонддун каражаттарынын эсебиненкаржылоого үчтөн кем эмес долбоорду берүүгө укукту.

Ал эми артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо жана тизмегин түзүү фонддун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Долбоорду кабыл алуу жана тандоону өткөрүүнүн шарттары жөнүндө маалымат тандоо башталганга чейинки 10 календарлык күндөн кечиктирилбей жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Долбоорго карата артыкчылыктуу арыздарды тандоо критерийлер боюнча фонддун башкармалыгынын мүчөлөрү тарабынан коюлган баллды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт. Байкоочу кеңеш фонддун башкармалыгынан келип түшкөндолбоорлордун тизмегин каттоо күнүнөн тартып 30 күндөн кечиктирбей аны кароо жана бекитүү боюнча өзүнүн жыйынын өткөрөт.

-Фондго акча каражаты кайсы багыттан түшөт?

-Фонддун акча каражаттары алтындын запасы 50 тоннадан ашык болгон кен чыккан жерлерди, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамга ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги башка пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү күтүүгө чегерүүдөн 30 пайызынын, конкурстун обьекттин кенин пайдалануу укугун сатуудагы жыйынтык баадан жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин бонусун жана наркынын баасын эсептеп чыгаруу менен 3 пайызынын, кен чыккан жерлери токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймагында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттарынын эсебинен түшөт. Ал эми атайын каражаттардын эсебине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан келип түшкөн акча каражаттарынан толукталат.

-Учурда райондук өнүктүрүү фондунда канч акча каражаты бар?

-Бүгүнкү күндө фонддун бюджеттик эсебинде 45 миллон 997217 сом акча каражаты бар.

Чаткалда Улуу Жеңиш майрамы белгиленди

IMG_20160509_102307 IMG_20160509_102445 IMG_20160509_103402 IMG_20160509_102841 IMG_20160509_103640 IMG_20160509_103800 IMG_20160509_103309 IMG_20160509_113408 IMG_20160509_113419 IMG_20160509_115949 IMG_20160509_130139

9-Май Улуу Жеңиштин жетимиш бир жылдык мааракеси Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында чоң салтанат менен белгиленди.

Бул күнү ардагерлерди коштогон райондук жетекчилик менен биргеликте район калкы Улуу Жеңишти даңазалаган шаңдуу музыканын коштоосунда район борборундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун каармандарына арналып тургузулган эстелик монументке гүлчамбарлар коюлду.

Андан соң, Улуу Жеңиштин урматына РИИБ кызматкерлери тарабынан автоматтан залп атылып, Улуу Ата-Мекендик согуштун курмандыктарына арналып куран окулду.

Салтанаттуу аземдин калган бөлүгү ардагерлерди сыйлоо иш чарасына арналып мында, район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев, райондук аскер комиссариатынын комиссары, капитан Эрнис Самаков, райондогу Ооган жана Баткен коогалаңдарынын катышуучуларынын кошуунунун төрагасы, капитан Өмүрзак Токтогуловдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалашты.

Буга кошо эле, район акими Канжарбек Эшалиев ооруктун ардагерлери-Жакыпбеков Талип жана Нармырзаев Эргешбайга КР. Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн акчалай белектерин тапшырды. Буга коло эле, ардагерагерлерге Каныш-Кыя айыл аймагы жана райондук аскер комиссариаты тарабынан да акчалай белектер берилди. Эскерте кетсек, райондо бүгүнкү күндө, жалгыз гана согуш ардагери болгон Көчөрбай Таласбаев ден соолугуна байланыштуу майрамдык салтанатка келип катыша албагандыктан, ага арналган акчалай белек райондук жетекчилик тарабынан үйүнө алып барып берилди.

Салтанат спорттук оюндар жана райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.

Майрамдык салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан он беш миң сом ал эми, спорттук оюндарга он миң сом бөлүнүп берилди.

М. Эшназаров

Чаткалда жаз жарышы башталды

калемпир талаасы 3 калемпир талаасы 1

Быйылкы жылы жаздын эрте келиши менен жазгы айдоо жумуштары жылдагыдан эрте башталды. Район боюнча быйыл 335 га жаздык буудай, 58 га арпа, 73 га жүгөрү, 118 га буурчак түрүндөгүлөр, 692 га картошка, 415 га жашылча, 92 га май өсүмдүгү, 210 га көп жылдык чөп аянттары айдалып, себилмекчи. Ал эми пайдаланууга жарактуу болуп, бирок иштетилгей келе жаткан 742 гектар аянттын 10 гектары, тактап айтканда Сумсар айыл аймагында 5 гектар аянт жана Терек-Сай айыл аймагында 5 гектар аянт пайдаланылып, пайдаланылбай бош жаткан аянт 10 гектарга кыскартылат.

Жазгы айдап себүү өнөктүгүнө жалпысынан район боюнча 67 тонна буудай үрөөнү керектелсе ал элдин колундагы жана кредитке келген үрөөндөр менен толукталган. Ал эми арпа үрөөнү 11 тонна 600 кг керектелсе учурда 10 тонна 200 кг такталып, 1 тонна 400 кг жетишпейт. Ошондой эле эспарцет уругу 16 тонна керектелсе, 15 тонна камдалып, 1 тонна жетишсиз. Беде уругу 700 кг керектелсе, 505 кг даярдалып, 195 кг жетишпейт. Картошка 1730 тонна керектелсе, 1712 тонна 500 кг даярдалып, 17 тонна 500 кг жетишпейт.

Ал эми айдап себүүгө техникаларды иштетүүгө 100 тонна 100 литр күйүүчү май керектелсе учурда  45 тонна 800 литри элдин колунда бар. Бирок, райондогу агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистеринин айтымында керектелүүчү күйүүчү майлар айдап себүү жумуштарды жүрүп жаткан мезгилде айыл аймактарынын жана элдин өздөрүнүн аракети менен жетишпеген күйүүчү майлар камсыздалат.

Б. Дилдебаев

Өнүктүрүү фондундагы каражаттар максаттуу пайдаланууга тийиш

IMG_5841 IMG_5844

Жакында Чаткал районунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму болду. Отурумда райондун акими, райондогу өнүктүрүү фондунун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө райондогу өнүктүрүү фондунун адилет башкармалыгынан каттоодон өтүп, күбөлүк жана штамп, мөөрүн алгандыгын маалымдады.

Бул отурумунда фонддун байкоочу кеңешинин төрагалыгына  Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошбаевди шайлашты. Ошондой эле, фонддун директорунун милдетин аткаруучуну, бухгалтерин жана операторун шайлашты. Ал эми фонд бюджеттик жана атайын каражаттар болуп эки эсеп менен иш жүргүзгөндүктөн, фонддо иштеген үч адамдын эмгек акылары КР. Финансы министрлиги менен такташкандан  кийин 2016-жылга сметасы менен кошо бекитип берүүнү кийинки отурумга калтырышты.

Чаткал районунун өнүктүрүү фондунда байкоочу кеңештен тышкары эмгек акы төлөнбөгөн курамы 7 адамдан турган башкармалыгы да болот. Ага тийиштүү адамдарды тандап алуу үчүн массалык маалымат каражатына конкурс жарыяланды.

Райондун акими, фонддун администратору К. Эшалиев байкоочу кеңешти ар бир жумшалып жаткан каражатты максаттуу пайдаланып, ачык-айкындуулук болушуна чакырды.

Б. Дилдебаев

Архив кызматынын 90 жылдыгына карата: Архив-тарых күзгүсү

райархив (2)

Архив бул-тарых топтомдору. Бул кызмат Кыргыз жеринде алгачкы жолу Кыргыз Автономиялык областынын аткаруу комитетинин 1926-жылы 30-августагы № 59 токтомунун негизинде уюшулган. 1931-жылы 14-ноябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин токтомуна ылайык 1932-жылдын 1-январында Жалал-Абад райондук базалык авхив болуп, райондук аткаруу комитетинин алдында 1 кызматкер дайындалган. Ошентип 30-август архивисттердин күнү болуп белгиленип калган.

Ал эми Чаткал райондук мамлекеттик архиви ачгач 1985-жылы уюшулуп, ошол мезгилде Ош мамлекеттик архивине карап, Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви болуп түзүлгөн. Анын биринчи жетекчиси болуп Иманалиев Чотон иштеп, жаңыдан уюшулган архивге өзүнүн чоң салымын кошкон. Алгач районго караштуу эки совхоздун 1958-жылдан берки документтерин сактоого кабыл алынган. Атап айтканда биринчи фонд болуп Чаткал совхозу жана экинчи фонд болуп Каныш-Кыя совхоздору киргизилген.

1986-1988-жылдары Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архивине Чотбай Нармырзаев жетекчи болуп иштеген.

Чаткал райондук өздүк состав боюнча бирикме архиви 1990-жылдан Ош областтык мамлекеттик архивине караштуу  Жалал-Абад областтык филиалына карап турган. 1990-жылдын 14-декабры Кыргыз ССРинде “Областтык бөлүнүүлөр жана жаңы областтарды түзүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамдын негизинде Жалал-Абад областы түзүлүп, Ош областтык мамлекеттик архивинин филиалы болгон Жалал-Абад архиви өзүнчө областтык мамлекеттик архив болуп бөлүнгөн. 1991-жылы Кыргыз Республикасы көз карандысыз мамлекет болгондон баштап архив кызматында да өзгөрүүлөр болуп, Чаткал райондук мамлекеттик архиви болуп уюшулуп, Жалал-Абад областтык мамлекеттик архивине караган. 2013-жылы райондук архивге атайын жаңы имарат салынып, Жаңы-Базар айылынан райондун борборуна көчүрүлүп, республикалык, областтык жана райондук жетекчилердин катышуусу менен жаңы конуштун ачылуу аземи болуп, пайдаланууга берилген.

Чаткал районунда архив уюшулган алгачкы  мезгилден баштап ушул күнгө чейин 55 казына ачылып, районго караштуу мекеме-уюмдардан жана чарбалардан кабыл алынган 31-январь 2016-жылга карата 1956-жылдан 2011-жылдар аралыгындагы туруктуу сакталуучу 1900 көктөмө жана өздүк курам боюнча 2498 дело, баардыгы болуп 4391 дело мамлекеттик сактоодо турат. 2015-жылы октябрь айында өткөн Чаткал районунун 80 жылдык мааракесине арналган материалдары жана символикалары 2016-жылы райархивге мамлекеттик сактоого кабыл алынды.

Азыркы күндө архивдин толуктоо булактарынын тизмесинде турган 25 мекемелердин жүргүзгөн иш кагаздарынын жүргүзүлүшү жана сакталуусу боюнча усулдук жардамдар көрсөтүлүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №517, 499, 160 токтомдорунун аткарылышы боюнча ар бир мекемеге ведомстволук архивдер уюштурулган. Ошондой эле жеке жарандардын социалдык-укуктук муктаждыктарын канааттандыруу боюнча маалыматтарды берүү, эң негизгиси документтерди архив эрежелерине ылайык сактап, келечектеги урпактарга мураска калтыруу үстүндө иш жүргүзүлүүдө.

Ал эми 2016-жылдын 30-августунда белгиленүү алдында турган Кыргызстанда уюшулган архивдин 90 жылдык мааракесине карата Чаткал райондук мамлекеттик архиви өзүнүн алдына иш чараларды кабыл алды. Анда толуктоо булактарына кирген мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкерлерине семинар өткөрүү, 90 жылдык мааракеге карата көргөзмө уюштуруу иштери болот.

Мамлекеттин түптөлүү башатынын алгачкы тарыхый мезгилинен баштап, ар бир өткөн мезгилин чагылдырып туруучу бирден-бир кызмат же мекеме бул-архив. Ошондой эле элдин басып өткөн жолу, ар бир адамдын эмгеги түбөлүккө же кайсыл бир убактарга чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып, өчпөй кала бере турган жай бул-архив. Ошону туура аңдап ага маани берген инсан гана архив менен тыгыз байланышта болуп, өзүнүн изин калтырууга аракеттенет.

Негизинен архив мамлекеттик жана жеке менчик болуп экиге бөлүнөт. Жеке менчик архивде адам өзүнө тиешелүү жана өзү кызыккан ар кайсы багыттагы өздүк документтерин сактаса, ал эми мамлекеттик архивде мекемелердин жана уюмдардын, коомдордун иш кагаздары сакталат.

Архивдердин негизги максаты-тарыхый документтерди сактап, аны улуттук баалуулукка айландыруу.

Архив тарыхтын күбөсү катарында далай мезгилдерди карытып, өткөн күндүн күбөсү катарында элге түбөлүккө кызмат кылуучу мекеме болуп кала бермекчи. Архив (мурас) документтери, бул жөн эле элдин тарыхы, анын мамлекеттүүлүгү, даректүү эс-тутуму гана болбостон, басып өткөн тагдыр жолу экендигин унутпасак.

Т.Дилдебаев, Чаткал райондук мамлекеттик архивинин башчысы

Даярдаган: Б. Дилдебаев

Аткарылбагандан аткарылганы көп

IMG_6324

(Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын башчысы Момунов Расулбек Раимбекович менен маек.)

-Расулбек Раимбекович, райондо салык топтоонун абалы кандай болууда?

-2015-жылдын 12 айында 659 739,6 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1601257,3 миң сомго, же план 2,4 эсеге аткарылган. Пландан ашыкча бюджетке 941517,7 миң сомдук салык жана салык эмес төлөмдөр кириштелген. Мындан республикалык бюджетке 543559,5 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 1472313,1 миң сомду түзүп, же план 2,7 эсеге көп аткарылган. Жергиликтүү бюджетке 116180,2 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 128944,3 миң сомго же план 111,0 пайызга аткарылган.

2015-жылы бюджетке кириштелген салык жана салык эмес төлөмдөрдүн 2014-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 4,2 эсеге көп болгон жана бюджетке 1222237,9 миң сомдук ашыкча салыктар кириштелген.

Ал эми 2016-жылдын эки айында жеткизилген  план тапшырма 39498,1 миң сом болсо 55707,9 миң сомго же 141,0 пайызга аткарылган.

Ошол эле убакытта жергиликтүү салыктардын (жер, транспорт, мүлк, патент, жана башка салыктары) салыктык көзөмөлү 2015-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 52,1  беренесинин негизинде толугу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктар берилгендигин маалымдап коюу зарыл деп эсептейм. Салыктык көзөмөл бир гана бул салыктарды жыйноо гана эмес рейддик текшерүүлөр жана анын жыйынтыгы менен салыктык карыздарды мажбурлоо жолу менен өндүрүү, административдик чара (штраф салуу) колдонуу укуктарына ээ дегенди билдирет.

Райондо салыктардын кээ бир түрлөрүнүн жеткирилген план-тапшырмаларынын аткарылбай калганы бар да?

-Райондо жер алдындагы кен байлыктары менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалар бар. Алтын өндүрүүчүлөрдөн кирешесинин алынуучу салыкка 23825,3 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14629,3 миң сом болуп, план 61,4 пайызды түздү.

Сатуудан алынуучу салыктын түрүнө 34222,1 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 33232,5 миң сом болуп, 97,1 пайыз болгон.

Роялти салыгына 20569,8 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 14884,5 миң сомго, же 72,4 пайызга аткарылган.

Жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө чегерүү 2 пайыздык салыкка 134702,0 миң сомдук план берилсе, аткарылганы 29825,4 миң сомго, же 22,1 пайызга аткарылган.

Жогорку салыктардын 2015-жылдын башынан эң ири өлчөмдө төлөгөн биздин райондогу алтын өндүрүү менен ишмердүүлүк жүргүзгөн жалгыз гана ОсОО “Вертекс Голд Компании” ишканасы 2015-жылдын июль айынан баштап алтын өндүрүүсү токтоп калгандыктан август, сентябрь, октябрь, декабрь айларына бул салыктардын отчетторун нөл менен берип келгендиги негизги себеп болгон.

-1-мартта юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктады. Райондо бул декларациянытапшырууга милдеттүү канча юридикалык жак бар жана алар толугу менен тапшырууга жетише алдыбы?

—  1-мартта БСД тапшырууга милдеттүү болгон 139 юридикалык жактардын 134ү тапшырган. Мен бул сурооңузга кошумчалап райондук салык кызматынан каттоодон өткөн жеке жактарды  2016-жылдын 1-апрелине чейин активдүү түрдө кеч калбастан бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга чакырып кетет элем.

Андан сырткары декларацияларды, маалыматтык эсептерди жана отчетторду электрондук түрдө салык кызматынын  sti.gov.kg  сайты аркылуу салык кызматына келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир жолу калың элге айтып коюу ашыктык кылбас деп ойлойм.

Жакында республикалык салык мекемелеринин жетекчилери менен КРнын премьер-министринин болгон жолугушуусунда Темир Сариевдин берген суроосуна жооп бере албай калган учурду  КТРК каналынан көрсөттү эле. Сиз салык кызматында көп жыл иштеген адамсыз. Суроого жооп бере албай калганыңыздын себеби эмнеде болду?

-Бул сурооңузга жооп буга чейинки жооптордун өзүнөн келип чыгат. Анткени Премьер-министр мени биринчи суроо-жоопко которгондон баштап сиздер телевизордон көргөн маалга чейин бир топ суроолорго жооп берүү учурунда көп убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу регламент сактоо максатындабы же башка жагдай боюнчабы белги берилгендигине байланыштуу болгондугун актануу үчүн эмес, калың элде салык кызматы жөнүндө жакшы пикир бузулбасын деген ниетте жооп бердим. Ал эми теледен көрсөткөнү менин жооп берип жаткан убактымды эмес, ошондой абалды көрсөтүп салган. Ар бир жыйналыштарда ыңгайына жараша учурлар болот да.

Маектешкен: Б. Дилдебаев

Карышкыр менен чөө атсаң, акысы бар

карышкыр IMG_1875

КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө токтомунун жобосуна ылайык, карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысын, мезгилин жана убактысын күбөлөндүрүү, алардын жашын, ошондой эле көрсөтүлгөн терилердин түрдүк таандыгын аныктоо, аларга белги салууну ишке ашыруу, олжолоо жөнүндө актыларды тариздөө үчүн 2016-жылдын 14-мартында Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде райондо курамы беш адамдан турган комиссия түзүлдү.

Комиссияны раймамадминистрациясынын башчысынын биринчи орун басары жетектеп, курамында раймамадминистрациясынын сектор башчысы, ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыктын, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин райондогу егери, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү кирген. Ошондой эле буйрукка ылайык комиссиянын иштөө графиги 21-март, 11-апрель, 25-апрель, 10-май, 25-май, 10-июнь, 24-июнь, 11-июль, 25-июль, 10-август, 25-август, 9-сентябрь, 26-сентябрь, 10-октябрь, 25-октябрь, 10-ноябрь, 25-ноябрь, 9-декабрь, 23-декабрь күндөрү болуп бекитилген.

Ал эми карышкырларды жана чөөлөрдү атып алгандыгы үчүн (бир башка эсептегенде) карышкырдын дөбөтү жана канчыгы үчүн 6000 сом, бөлтүрүгү үчүн (учурдагы жылдын 1-октябрына чейин атып алынан бөлтүрүк) 1500 сом, чөө үчүн  2000 сом белгиленген.

Б. Дилдебаев «Чаткал оттору»

Айымдарга арналган күндө

IMG-20160305-WA0006

Аялдардын Эл аралык күнү  Чаткал районунун аймагында да өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленип, аялзатынын  коомдон алган орду, деги эле сөз менен айтып түгөтө алгыс бийиктиги ал күнү дагы бир ирет даңазаланды. Ал эми райондук мамлекеттик администрациясында аялзатына арналган азем райондук маданият үйүнүн таланттарынын аткаруусундагы ырлар жаңырып, арзуу тилектер, белек берүүлөр менен коштолду. Ошону менен катар райондун акими К. Эшалиев райондогу мекемелерде иштешкен эмгек алдыңкылары болгон аялдарга раймамадминистрациясынын Ардак грамоталарын жана мекемелер тарабынан даярдалган белектерди таршырды.

Бул аземде  райондук аялдар Кеңешинин төрайымы Г. Акылбекова алдыңкы айымдар С. Топчубековага “Бактылуу чоң эне”, А. Курманалиевага “Нарктуу зайып”, Т. Раимкуловага “Ардактуу апа”, Ч. Жумабаевага “Ажарлуу айым”, А. Мамбеткуловага “Ишкер эже”, М. Назаловага “үлгүлүү кыз”, М. Турдуматовага “Келечек карындаш”  номинацияларын тапшырды.

Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы С. Мусабаев айыл аймагынын аймагындагы эмгек алдынкыларына айыл аймагынын Ардак грамоталарын жана 250 Баатыр энеге белектерин берди.

Б. Дилдебаев