Архив метки: Бишкек

Жаңы бактериологиялык лаборатория ишке кирди

1-февралдан тарта Каныш-Кыя айылындагы жаңыдан курулган бактериологиялык лаборатория иштеп баштады. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова маалымдады. Анын айтымында, мында өтө оор ичеги карын (рак) ооруларынан башка бардык оорулардын жана ичүүчү таза суулардын анализдерин чыгарууга болот.

 

-Буга чейин район тургундары анализдерин чыгаруу үчүн Жалал-Абад, Ош, же Бишкек шаарларына барууга аргасыз болушчу. Мындан ары, анализдерди биздин жаңы лабораториядан чыгарууга  болот. Мындан сырткары, район аймагында иштеген кен казган фирмаларда иштеген жарандарыбыз да ден соолугунун тазалыгын биздин лабораториядан текшертип, бул тууралуу тактама кагазын алышса болот, бул боюнча кен казган фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү максат кылуудабыз.-дейт Г. Акылбекова

 

М. Эшназаров

Дамира Жумабаева, мугалим:-Академияны таштап, Чакмак-Суу айылына келдим

Ал Бишкектеги бардык шарты бар, ыңгайлуу үйүн таштап, Жалал-Абад  облусунун Чаткал районунун эң алыскы Чакмак-Суу айылына кетти.

“Билим берүү тармагында 38 жылдан бери эмгектенем, орус тилинен сабак берем-дейт мага Дамира Жумабаева-Мектепте, интернатта жана Кыргыз билим берүү академиясында иштеп журдүм. Мен мага муктаж болуп жаткан жерде гана болушум керек. Мени азыр тагдыр мени мурдатан бери Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы чакырып жүргөн айылдык мектепке алып барды. Мында көптөн бери орус тили мугалими тартыш экен. Тилекке каршы, азыр Кыргызстандын бардык тарабында ушундай көрүнүш. “ Түшүнбөйм, эмне үчүн азыр керектүү кадрларды даярдашпайт, эмне үчүн колдон келип турганда жардам бербеш керек?!”,-деп өзүмө суроо койдум да, жолго даярдана баштадым.дамира жумабаева 1 жумабаева дамира 3 жумабаева дамира 1 видеокөзөмөл DSC_0875

Окутуучунун үйүндө бирге турам. Жай келээри менен жеке үй берүүнү убада кылышты. Бүтүндөй бир айыл үчүн бир мончо, бир фельдшер, жолдор начар, дарыкана, спорттук аянтча, маданий эс алууга шарт жок. Бирок, мында укмуштай таза аба,  таңгалаарлык  табигый көрүнүштөр, албетте, бул-бийик тоолуу аймак. Айыл да деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте, Талас облусу менен чектешкен жерде. Чакмак-Суу антсе да жаңыланып баратканы кубандырат. Мында көптөгөн жаш үй бүлөлөр бар. Мындагы адамдар азыркы цивилизациянын “жетишкендиктери”менен бузула элек, булар нагыз: жөнөкөй, ак көңүл, кайрымдуу, пенделик терс сапаттардан оолак,  мээнеткеч, негизинен үй чарбачылыгы жана жумуш менен алек. Алар менен ар кандай иш чараларды бирге өткөрсө болот. Кытайлык алтын казган ишкананын жардамы менен 180 орундуу мектеп курулган. Жаш директор Бакыт бул иште көп аракеттенген. Ар бир класста 8-12 гана окуучу болсо да, алар билим алууга умтулушуп,  ар бир жаңы нерсени өзүнө сиңирип алууга аракеттенишет. Алар сүйкүмдүү жана ишенчээк болушса да, башка тилдерди айтпаганда да, орус тилин эч бир билишпегендиги өкүндүрөт. Мендеги 2-класста эң көп окуучу бар. Анда 22 окуучу, баарысы тең кызыл жүздүү жана көздөрү  жанып турат.

Мен бул жашоодо ар нерсеге майдаланбай, бир бүтүн нерсеге кармалуу керектигин түшүндүм. Айылга өз эркимче жана канааттануу менен, адамдарга жардам берүү үчүн келдим. Адамдар менен көп жылдан бери өзүм топтогон тажрыйбамды бөлушүүнү каалайм. А, мүмкүн, чыныгы жашоо деген дал ушунун өзүдүр? Адамдар айылга кайтып келүүлөрү керек, шаарда деген, же жумуш, же турак жок. Мен кээ бир адамдардын жашоого ылайыктуу жактардан Бишкекке келишип,  жакырчылыкка кептелип жаткандыктарына түшүнбөйм! Өз айылдарына кайтып барып,  фирмаларды, курулуш компанияларын ачуулары керек.  Албетте, бул үчүн жакыш иштеп жана ага ылайык, жергиликтүү айыл өкмөттөр бардык маселелерин чечип берүүлөрү керек. А жер, таза, тунук аба жана суу-биздин башкы байлыгыбыз эмеспи?! Кыргыз ишкерлери, Өкмөтүбүз өз жери тууралуу кам көрүшүп,  адамдардын иштеши жана жашашы  үчүн жакшы шарттарды түзсө жакшы болмок. Анан албетте,  алар айылдарга кайтып келишмек.

Даярдаган: Елена Баялинова

Борбор калаада чаткалдык жаштар жолугушту

2018-жылдын 24-февралында Бишкек шаарында «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси тарабынан борбор шаарда окуган чаткалдык жаштардын жолугушуу кечеси уюштурулуп,  өткөрүлдү.  Бул тууралуу “Чаткал жаштарынын жолугушуу” кечесинин уюштуруу комитетинин   төрагасы, Каныш-Кыя айылдык кенештин депутатты  Айбек Кудайкулов билдирди.

Кечеге чаткалдык жаштар менен бирге эле, борбордо мамлекеттик кызматтарда жана бизнес чөйрөсүндө иштеген чаткалдык инсандар да катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышты.

Жолугушуу кечеси ак дасторкондун четинде, белгилүү ырчылардын коштоосунда өттү. Белгилей кетсек, көптөн бери Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Чаткал районунан чыккан республикалык ЖОЖдорунда мыкты окуган студенттерге, республикалык деңгээлде ийгилик жараткан спорт чеберлерине, коомдук-маданий  иштерде активдүүлүгү менен айырмаланган жаштарга  стипендия берүү конкурсттук программасы ишке ашырылып,  стипендиялар жана Грамоталар Чаткал райондук администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин атынан ыйгарылып келе жатат.   Стипендия берүү боюнча конкурстун программасынын талаптары толук көрсөтүлүп, социалдык  тармактар аркылуу коомчулукка жарыяланган. _MG_3935

_MG_3928Жыйынтыктап айттканда, конкурска  талапкерлердин документтери кабыл алынып, атайын түзүлгөн комиссия тарабынын төмөнкү студенттер Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин стипендиясына татыктуу деп табылып, кеченин жүрүшүндө тапшырылды. Алар:

Терек-Сай айылынын тургуну, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын 4-курсунун студенти Жаналиева Жумасия Нуралиевна, республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде алгылыктуу жыйынтык көрсөтүп кичи мекенибизди башка өлкөлөргө таанытууга кошкон салымы үчүн Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия спорт академиясынын студенти, Жаңы-Базар айылынын тургуну Мамыров Артурбек Нурканович, республикалык коомдук иш-чаралардагы  мыкты уюштурууда окуудагы ийгиликтери үчүн Ош технологиялык  университетинин 4-курсунун студенти, Сумсар шаарчасынын тургуну Улукбек уулу Нурбек, райондук республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп кичи мекенибизди башка өлкөлөргө таанытууга кошкон салымы үчүн Ош мамлекеттик университетинин студенти, Коргон-Сай айылынын тургуну Өскөнбаев Мыктыбек Бакытбекович акчалай сыйлыктар жана атайы сертификат мнен сыйланышты._MG_3964

Ал эми, «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин активдүү мүчөлөрүнүн коомдук иштерге активдүү катышып, жаштар арасындагы биримдикти чыщдоого кошкон алгылыктуу иштери жана кичи мекенине кошкон салымы үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын  “Алкыш”  баракчасы менен Каныш-Кыя айылынан Кыргыз Улуттук концерваториясынын студенти Асылбеков Билал,  Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Барпиева Айгерим, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти Имашова Айназик  Ак-Таш айылынан Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия спорт  академиясынын 4- курсунун студенти Айтбеков Мелис,   Курулуш айылынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин 3-курсунун студенти Ашыркулова Аида,    Шекафтар  айылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 4-курсунун студенти Абдымалик кызы Самаралар сыйланышты.

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Жолдошевдин атынан  окуудагы жетишкен ийгиликтери жана жаштар арасындагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын “Ардак Грамотасы” менен Чакмак-Суу айылынын тургуну Искенов Урмат, Абдыкайым кызы Айтурган, билим жана илим тармагындагы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын алдындагы башкаруу академиясынын студенти Коргон-Сай айылынын тургуну Дөөлөтова Гулиза,  окуудагы жетишкен ийгиликтери жана коомдук – маданий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн   Айгыр-Жал айылынын тургуну Тургуналы кызы Сурмакан, спорт  тармагындагы жетишкен ийгиликтери жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү  үчүн Каныш Кыя айылынын тургуну Айтиев Эрнисттер сыйланышты.

М. Эшназаров