Архив метки: Биймырза Токторалиев

Кулактандыруу!

Урматтуу чаткалдык студент улан— кыздар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, биология илимдеринин доктору, Академик Токторалиев Биймырза Айтиевичтин демилгесинин негизинде “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан чаткалдык студенттерди колдоо максатында иштелип чыккан

“АКАДЕМИК Б.А. ТОКТОРАЛИЕВДИН СТИПЕНДИЯСЫНА”  сынак жарыяланат!

Сынактын ЖОБОСУ:

Багыты жана максаты:

Стипендия илимий багытка жана жаратманчылыкка арналат. Чаткал районунун ар кайсы шаардагы ЖОЖдордо окуп жаткан жаштарынын арасынан илим тармагына кызыккан, илим, технология, маданият сыяктуу тармактарда жанылык киргизүүгө жетишкен жаштарды колдоо жана эмгектерин баалоо максатын көздөйт. Жогоруда белгиленген тармактарга жаңыдан аралашып баштаган жаштарыбызга көңүл буруп, мындан аркы ийгиликтерине стимул берүү азыркы учур талабы болуп саналат.

Негизги талаптары:

Стипендия тууралуу:

1. Академиктин стипендиясы  жалпы 15000 сомду түзүп, 2 кишиге бөлүнүп берилет.

2. Жеңүүчүлөр тапшырылган документтердин негизинде аныкталат.

 

Кайсы тармактын өкүлдөрү катыша алышат:

1. Илимий жааттын кайсыл гана тармагы болбосун изилдөө иштерин жүргүзгөн жана көрүнүктүү жыйынтыкка жетишкен;

2. Эл аралык конкурстардын катышуучусу. Өзүнүн жеке таланты б.а. жөндөмүнүн негизинде ийгилик жаратууга жетишкен;

3. Технология тармагында. Заманбап деп эсептелинген бул тармакта жанылык ( сенсация) жаратууга жетишкен. ( компьютердик программалар, ар кандай электрондук буюмдар);

4. Маданият тармагында. Эл арасына таралган чыгармалардын, кызыктуу китептердин авторлору, жазуучулар, акындар, ырчылар, актёрлор ж.б.

Катышуучуга болгон талаптар:

1. Конкурска азыркы учурда Республикабыздын ар кайсы аймактарында билим алып жаткан ЖОЖдордун студенттери катыша алышат.

2. Конкурсанттын жашы 25 жаштан ашбоосу шарт.

3. Резюме (классикалык)

4. Өмур баян

5. Мунөздөмө

6. Өзүнүн жетишкендиктери түүралуу баяндама жана аларды тастыктоочу документтер.

7. Катышуучу тарабынан жасалган эмгек тууралуу башка кишилердин көз караш, сын пикирлери жана ал иштин маанилүүлүгү

8. Кошумча маалыматтар

Жыйынтыктоо жана сыйлоо:

Конкурсантардын документтери Академик Токторалиев Биймырза Айтиевичтин катышуусунда каралып чыгып, жеңүүчүлөр аныкталат.  Жеңүүчүлөр сыйлыктарын Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесинде” демөөрчүнүн өз колунан алышат.

 

Чаткал жолугушуусу-2016: Алдыңкы студенттерге стипендиялар тапшырылды

«Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү конкурсттук программасын иштеп чыкан.  Бул конкурстун программасы социалдык тармактар жана райондук мамлекеттик администрациясынын “chatkal.kg”   расмий сайтты тарабынан коомчулукка жарыяланган эле.  Ушул жылдын 27-февралү күнү  Бишкек шаарында Чаткал жаштар жолугушуу кечеси уюштурулуп,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү  салтанаты болду.Анда, Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясынын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек миграция жана жаштар министрлигинин “Ардак громатасы” татыктуу болгон,   Спорт тармагында Республикалык мелдештерде стол тенниси боюнча   1-орунду багындыргандыгы,  окуу жайдын “Жылдын мыкты студенти”,  Чаткал районунун Сумсар айылынын тургуну, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетнин 4 курсунун студентти Мирзаим кызы Улара 4000 сом, коомдук маданий иштерге жигердүү катышкандыгы, ыр-бий өнөрүн мыкты аткаргандыгы, комуз ойноо жана манас айтуудагы мыкты чеберчиликтери жана университетин громата, сертификаттарынын ээлси Кыргыз-Түрк Манас  университетинин 4курсунун студенти Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургуну Турганбаева Асел Манасбековна 2000сом , ушул эле номинация менен  Инновациялык технологиялар жана Экономика коледжинин 3курсунун студенти Чаткал районунун  Жаңы-Базар  айылынын  Кадырбек кызы Айзада 2000 сом, окуудагы мыкты жетишкендиктер үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун стипендиясынын ээси,  аталган окуу жайдын 5-курсунун студенти, Чаткал районун Жаны-Базар айылынын тургуну Турабеков Залкарбек Турабекович  4000 сом, коомдук иштердеги жигердүүлүгү  менен айырмаланган, аталган окуу жайдын дагы бир курсунун студенти, Чаткал районун Айгыр-Жал айылынын тургуну Алмазбек кызы Мираида  4000 сом, Махмуд Кашкари- Барскани атындагы чыгыш университетинин студенттик кеңешинин мүчөсү, “Кыргызстан жаш лидерлер” коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү,  жогоруда аталган университеттин 2-курсунун студенти Жуманазаров Аскар Жуманазарович 4000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атайын  номинацияларын жана сыйлыктарды Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев тапшырды.

IMG_7884 IMG_7886 IMG_7888 IMG_7889 IMG_7895IMG_7896IMG_7891   IMG_7897 IMG_7905 IMG_7908 (2) IMG_7910 IMG_8058 Ал эми, «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин активдүү мүчөлөрүн жаштар саясатын жүзөгө ашырууда кичи мекенине кошкон салымы үчүн  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Атантай уулу Жоодарбек, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Жунусбек уулу Шумкар,  Бишкек Гуманитардык университетинин студенти Анарбекова Раиса Жаныбековна,           Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенти Азимкул уулу Искак, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети студенти Нармырзаева Таттыбүбү  Асановна, Туризм академиясынын студенти Бейшенова Айгерим Нарбаевна, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Абдиев Жаныш Мирзалимович            , Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Нармырзаев Илясбек Мансурханович, Бишкек гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,     «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Кудайкулов Айбек Обгановичке        Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Канжарбек Эшалиев тарабынан “Ардак грамоталар” жана райондук деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды.
Мында айта кетсек, алдыңкы 6 студентке 4000 сомдон жалпы 20000 сом раймамадминистрация тарабынан, алдыңкы 3 студентке 1000 сомдон 3000 сом Чаткал айыл аймагы тарабынан берилди.

Бишкек Гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Кудайкулов жогорудагы маанилүү иш чара тууралуу өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди:

-Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты кичи мекенибиздин уясынан учуп чыгып, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында эмгектенип, изденип окуп, билим алып жаткан  жаштарыбызды бири-бири менен  жакындан тааныштыруу.  Мекенге болгон атуулдук сүйүүнү бекемдөө, өз-ара ой бөлүшүп, пикир алышууга чакыруу болуп саналат.

2014-2015-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын жана анын башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичтин материалдык жактан көмөк көрсөтүүсү менен 12 мектептен бирден алдынкы  көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды Бишкек, Ош шаарларындагы жогорку окуу жайлар, маданий, тарыхый  борборлор менен  тааныштыруу,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугуштуруу иш- чаралары жүзөгө ашырылды.

Бишкек шаарында билим алып жатышкан студенттер арасында бир кыйла иш чаралар уюштурулуп, районубузга кандай кызмат кылабыз?  деген теманын алкагында ар жыл сайын:   “Мыкты долбоор мыкты баскыч”,  “Миң кадам бир кадамдан башталат”, — деген сыяктуу  маселелердин алкагында жигердүү жаштардын жолугушуулары үзгүлтүксүз өткөрүлөп келүүдө. Райондук деңгээле мектеп окуучулары арасында кызыктуу дебаттар  уюштурулуп, алар менен студенттердин ортосунда өз ара алака байланыш түзүлүүдө.   Өткөн жылдын май айында элибиздин талантуу уулу Таалай Бектургановду эскерүү кечеси уюштурулуп,  буга районубуздун тургундары жана сиздер өзүңүздөр буга күбө болдуңуздар. Мындан сырткары борбор калаабыздагы жаштардын жайкы жана кышкы жаратылышка чыгып, эс алуу иш- чаралары ийгиликтүү өткөрүлүп келатат.

Учурдан пайдаланып, жаштардын бүгүнкү жолугушуу кечесине  атайы келип  катышып,  биздин коомдук бирикмебиз менен студенттерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөткөн Чаткал райондук мамлекеттик админстрация башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичке өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз.

Мектеп окуучуларынын экскурсия жасоодогу иштерине,  алардын тамактануусуна көмөктөшүп, ар дайым колдоп келе жаткан,  жердеш улуу агаларыбыз Биймырза Токтораливге,  Базарбай Мусабековга, Райимжан  Усупбековго, Атантай Акбаровго, Жайлообай Нышановго, Шайлыбай Дадабаевге,  Болот Алибековго,  Акматбек Таласбаевге, Роман Усупбековго,  Жээналы Орозбаевге, Абдыкайым Оморовго, Дүйшөн Стамбековго, Асылбек Орозовго, Субан Ашировго, Бактыбек Баймырзаевге, Абдыжапар Нурдиновго, Идирис Кубатбековго өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз. –

Кошумчалай кетсек, аталган жолугушуу белгилүү алып баруучу Чыңгыз Мырзаев, белгилүү эстрада жылдызы Дилшат Кангелдиевалардын катышуусунда өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду.
М. Эшназаров

Чаткал районунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди

 

28-29-октябрь күндөрү Чаткал районунда райондун 80 жылдыгына арналган облустук деңгээлдеги маареке болду.

Маарекенин алгачкы күнү “Чаткал району илимий изилдөөлөрдө” аттуу илимий конференция болду. Конференция район акими Канжарбек Эшалиев тарабынан алып барылып, анда КР. Илимдер академиясынын мүчөсү, академик Биймырза Токторалиев баштаган эл аралык абройлуу окумуштуулар Чаткалдын тарыхы тууралуу илимий изилдөөлөрдүн тыянактары, жоромолдору тууралуу ой бөлүштү. Окумуштуулардын билдиришинче, Чаткалдын тарыхы тээ миң жылдардан аркы мезгилдерге барып такалат. Чаткал тууралуу алгачкы жазма булактардагы эскерүүлөр Истахри, Мукадаси сыяктуу байыркы тарыхчылардын эмгектеринде жазылган. Мындан сырткары, Чаткал деген аталыш да илимий чөйрөдө ар кандай талаштарды туудуруп, Чаткал деген үндөш аталыштар ар кайсы улуттардын сөздөрүндө кездешээри айтылды. Чаткалда негизинен, кыргыз элинин айрым каада-салттары, улуттук өзгөчөлүктөрү сакталып калган. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында белгилүү тилчи  окумуштуунун “Кыргыз тилинин Чаткал говору” аттуу илимий эмгеги чыккан. Бул жогорудагы айтылгандарды ырастап турат. Буга кошо эле, кыргыз шырдагынын өзгөчө, эч жакта кездешпеген түрү да сакталып калган. Чаткал шырдагы монголдордун шыртык деп аталчу шырдагына окшош экендиги менен да кызыгууну туудурат.чаткал 80_DSC0151

Конференциянын соңунда, окумуштуулар жана коноктор Чаткал  району келечекте бир топ тармактарда алдыңкы райондордун катарына кошулууга мүмкүнчүлүгү зор экендигин баса белгилешти.

Эртеси күнү раймамадминистрациянын алдындагы атайы даярдалган жайда маарекенин салтанаттуу ачылышы болуп, анда КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилер тобу, маарекенин сыйлуу конокторунан болушту.

чаткал 80_DSC0011чаткал 80DSC0019

 

чаткал 80_DSC0029чаткал 80IMG_4402

 

Салтанаттуу ачылышта алгач, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салым кошкон Канжарбек Эшалиев баштаган бир топ инсандарга райондук, облустук жана өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды.

чаткал 80_DSC0115чаткал 80_DSC0068

Андан соң, Чаткал районунун тарыхына байланышкан театрлаштырылган “Чаткал жерим-бүтпөс дастан” аттуу оюн-зоок иш чарасы

чаткал 80_DSC0106

тартууланды.чаткал 80_DSC0046чаткал 80_DSC0106чаткал 80_DSC0070чаткал 80_DSC0083

 

 

Оюн-зооктон соң, төкмө акын Рахматулла Козукеев,  ырчылар-Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Гүлнур Асанова баштаган кыргыз эстрада жылдыздарынын жана белгилүү таланттардын катышуусунда концерт тартууланды.

чаткал 80_DSC0173чаткал 80_DSC0159чаткал 80_DSC0024чаткал 80_DSC0156чаткал 80_DSC0140чаткал 80_DSC0129

Маарекенин жүрүшүндө улуттук күрөш, улак тартыш, күлүк чабыш сыяктуу улуттук ат оюндары да болду.

Улуттук күрөш боюнча мелдеште чаткалдык балбан Мамыров Тынчтык балбандардын баарын жеңип,  жыйынтыгында чаткалдык жеке ишкер Идирис Кубатбеков тарабынан коюлган “Жигули” автоунаасына ээ болду.

чаткал 80 чаткал 80IMG_3170 чаткал 80IMG_3195 чаткал 80IMG_3198 чаткал 80IMG_3211

Ал эми, улак тартыштан баш байгеге коюлган эки даана “Жигули” автоунааларын чаткалдык балбандар Турматов Асылбек жана Кубатбеков Улукбектер илип кетишти. Күлүк чабыштан баш байгеге коюлган жеңил автоунаа бардык күлүктөрдөн озуп келген Таластан келген чабандеске ыйгарылды.