Архив метки: Беш-Арал

Жарыя!

Чаткал жайыт комитети төмөндөгү жумуштарды аткарууга тендер жарыялайт!

1. Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш айылындагы Кара-Корум участкасынын Чолок-Жарты-Суу суусуна мал өтүүчү көпүрө куруу.

2. Чаткал айыл аймагына караштуу Ак-Таш айылындагы Кызыл-Алма участкасындагы жуутту капиталдык ремонттон өткөрүү.

Тендерге керектелүүчү документтер 2017-жылдын 4-октябры саат 17.00 гө чейин Жаңы-Базар айылында жайгашкан Беш-Арал мамлекеттик коругунун имаратындагы Чаткал жайыт комитетинин кеңсесинде кабыл алынат.

Тендер 2017-жылдын 5-октябрында саат 10.00 дө Жаңы Базар айылында жайгашкан Беш-Арал мамлекеттик коругунун имаратындагы Чаткал жайыт комитетинин кеңсесинде өтөт. Кошумча маалымат алуу үчүн тел: 0773837451

 

Элге эмгеги сиңген ишмер жубайлар

мелисбай 4

Районубузда өзүнүн кажыбас эмгеги, мамлекетке жана элге жасаган ак кызматы менен таанылган инсандардын көп экендиги кубандырат. Андай инсандар, эл үчүн жасаган эмгегин милдет кылбай, карыса да, өзүнүн баа жеткис акыл-ойлору, эң бир керектүү демилгелери жана көсөмдүгү менен жжалпы журтка жол көрсөтүп, калк арасында, мамлекеттик башкарууда али да өз орду бар экендигин тастыктап келишет. Мындай инсандардын бири да эмес, экөөсү тактап айтканда, эмгектин баатырлары, жубайлар-Сейталиев Мелисбай аба менен Абылкасымова Сардал эне.

Сөздү алгач Мелисбай Сейталиевден баштасак, Мелисбай аба1939-жылы 3-мартта Чаткал районунун Сталин колхозунда жарык дүйнөгө келген.1956-жылы 10-классты аяктаган соң, Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумга  тапшырып, тилекке каршы ал окууну улантпай таштап койгон.1958-жылы Кызыл-Армиянын катарына чакырылат. Мелисбай аба аскердик кызмат өтөп жүргөн кезде эле алдын-ала көрөгөчтүк кылып,  жогорку окуу жайына тапшырууга даярданып жүргөн. Алдын-ала билгендей, аскердик милдетти аяктап келген оң, 1961-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Иниститутуна тапшырып, аны 1966-жылы ийгиликтүү аяктап,география-химия адистиги боюнча  кесипке ээ болот.мелисбай 3

Ошол жылы эле, Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя сегиз жылдык мектебине завуч болуп дайындалып , анда эки жыл иштеген соң, 1968-жылы өзү туулуп, өскөн  Курулуш айылындагы Крупская атындагы сегиз жылдык мектебине директор болуп дайындалат. Ал жерде1980-жылга чейин тактап айтканда, 12 жыл эмгектенди.

1980-жылы Чаткал өзүнчө район болуп, түзүлгөндө, райсполкомдун жооптуу катчысы болуп дайындалып, бул кызматта 1984-жылга чейин иштеп, райондун андан ары түптөлүшүнө өзүнүн көрүнүктүү салымын кошо алган.1984-жылдын февраль айында Беш-Арал мамлекеттик коругуна директор болуп дайындалып, бул кызматта 1989-жылга иштеген. Андан соң, тактап айтканда, 1989-жылы Чаткал совхозуна башкарма болуп дайындалып, анда да бир топ жыл эгектенип, совхоздун чарбалык жумуштарын бир топ алга сүрөйт. Кийин Беш-Арал мамлекеттик коругуна илимий-кызматкер болуп жумушка орношуп, ошол жерде эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.  мелисбай 2

Мелисбай аба мамлекетке жана элге көрсөткөн албан эмгектери көмүскөдө калбай, жогорку даражадагы бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Алардын айрымдарына токтоло кетсек, Ош облустук комитети тарабынан элге Марксизм –Ленинизмдин идеяларын тушундүрүүдө көрсөткөн эмгегим үчүн “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” мактоо Граммотасы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиуму тарабынан “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” маарекелик медалы менен сыйланган.

1984-89 жылдарда “Беш-Арал” мамлекеттик коругун жетектеп, коруктун өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун 30 жылдык маарекесине карата Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата айылдын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2009-жылы мамлекет жана эл үчүн кылган зор эмгеги эске алынып, райондук жетекчилик тарабынан “Чаткал районунун ардактуу атуулу” ардактуу наамы ыйгарылган.

Мелисбай Сейталиев буга кошо эле, коомдук жана саясий иштерге көп аралашып, райондук кеңештин бир нече жолку чакырылышына депутат болуп шайланып, өзүнүн баа жеткис сунуштары, калыс пикири жана учур талап кылган демилгелери менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген.

Мында сөзсүз айта кетчү нерсе, үстүбүздөгү жылда Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин белгилөө демилгеси алгач Мелисбай Сейталиев тарабынан райондук жетекчиликке сунуш кылынып, колдоо тапкан. Мелисбай аба Чаткал районунун качан уюшулгандыгын архивдик материалдар аркылуу далилдеген соң гана район жетекчилигине сунуш кылгандыгы айдан ачык. Бул иш Мелисбай Сейталиевдин коомдук ишмер катары даанышмандыгын жана алысты көрө билген көсөмдүгүн дагы бир ирет далилдеп турат.

“Баатырды баатыр кылган жубайы”-демекчи, Мелисбай абанын жубайы Абылкасымова Сардал эне тууралуу да өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Сардал эне  жогорку билимдүү. 1966-жылы Ош Мамлекеттик Институтунун биология-химия факультетин аяктаган соң алгач, Каныш-Кыя 8жылдык мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган.  Андан кийин, 1968-69 окуу жылында Курулуш айылындагы 8 жылдык мектебинде биолог мугалим болуп иштеп жүрүп, 1987-жылы Курулуш айылындагы Крупская атындагы 8 жылдык мектебинде директорлук кызматка дайындалган. 1987-88 окуу жылында Сардал эненин аракети менен Крупская мектебинин аталышы “Сары-Булак толук эмес орто мектеби” болуп өзгөртүлгөн жана мектептин окуу корпусу кеңейтилип, он бир жылдык мектепке ылайыкташтырылып, он бир жылдык мектепке айландырылган. Көрүнүп  тургандай, аталган мектептин түптөлүшүнө Сардал эненин жетекчилик орду чоң экендигин танууга болбойт.

Сардал эненин агартуу тармагындагы элүү жылдык үзүрлүү эмгеги жогорку жетекчилик тарабынан өз учурунда жогору бааланып, “Кыргыз СССРинин методисти” ардактуу деген наам ыйгарылган. коомдук жана саясий иштерге активдүү катышып, эл ишенимине ээ болуу менен, айылдык советке эки ирет депутат болуп шайланган.

Баатыр жубайлар-Сейталиев Мелисбай менен Абылкасымова Сардал эне бири-биринен калышпай, жооптуу кызматтарды аркалап, мамлекетке ак кызмат өтөө менен бирге,  төрт уул, үч кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришип, баарысын жогорку билимдүү кылышты. Уулдардын улуусу Талант айылда жекече мал чарбачылык менен алектенет. Экинчи уулу Эрнис Новосибирск шаарында бизнес тармагында, Урал С. Мырзалиев  атындагы орто мектебинде мугалим жана ошону менен бирге эле, Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы ал эми, кичүү уулу Мекен салык кызматында эмгектенет. Кыздарынан-Венера райондук социалдык фонд башкармалыгында инструктор, Рахат С.Байдөөлөтов орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келет.

Баатыр жубайлар бүгүнкү күндө, жыйырмадан ашуун неберенин, бир чеберенин,чоң ата, чоң энеси жана таята, таенеси энеси болуп, кутман карылыктын доорун сүрүп жаткан кездери.

М. Эшназаров

Өсүмдүктөр жашоо булагы, ден-соолуктун байлыгы

02
Чаткал өрөөнүндө күн жылымдап кар эрип, жерге дем келе баштады. Кар кетери менен айланабыз жашыл шиберге айланып, түркүн түрдүү чөп өсүмдүктөрү өсүп чыгып, кызыл сары гүлдөр ачылып, айланабыз көз жоосун алган кооздукка айланат. Өсүмдүктөр биздин жашоо булагыбыз. Ошондуктан жайнаган ар түркүн өсүмдүктөрүбүздү табигый абалда сактап, керектөөбүзгө үнөмдөп пайдалануу ар бирибиздин милдетибиз.
Жаратылышка көмөк көрсөтүү менен анын байлыгын пайдалануунун бирден бир жолу аарычылыкты өнүктүрүү. Бал аарылар өсүмдүктөрдүн нектарын эле жыйнап тим болбостон, аларды чаңдаштырып, урук байлоосуна чоң жардам көргөзөт. Чаңдашуунун негизинде чөп өсүмдүктөрдүн өсүүсү жана көбөйүүсү жогорулайт. Балчылыктын кенен өнүктүрсө ушул өрөөндөрдүн эли бал менен камсыз болуп, балды сырткары жактарга сатууга жетерлик даярдай алышат. Чаткал өрөөнүндө өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрү өсүп жана дары чөптөр көп кездешкендиктен Чаткалдын балы да баалуу, базарда өтүмдүү. Айыл чарбасында элдин көпчүлүгү балчылыкка багыт алып, балчылыкты өркүндөтсөк элдин дагы экономикасы көтөрүлүп, жаратылышка дагы чоң салым болмок.
Өрөөндүн токойлуу бөлүктөрү ар түрдүү жемиш бактарга жана балдарга бай. Бул байлыктарды пайдаланууда жапайы жемиштерди терүүдө үч эреженин сакталышы милдеттүү шарт болушу керек. Биринчиден – ал өсүмдүктөрдүн урук таштоосун, экинчиден ушул өсүмдүктөн азыктанган жапайы жаныбарлар жана канатуулардын шыбагасын эске тутуу. Үчүнчүдөн, айрыкча жашыруун келип алгандар бадалдардын, дарактардын бутак-шактарынын сынып-бүлүнгөнүнө карап отурушпайт. Жыл сайын опсуз сындырылган өсүмдүк сополдонуп, түшүм берүүсү азаят же оорууга чалдыгып куурап жоголо берет. Мына ушул өсүмдүктөргө чычырканак, ит мурун, карагат, бөрү карагат сыяктуу көптөгөн бадал-дарак өсүмдүктөрү кирет. Алардын мөмөлөрүн этияттап терип өз пайдабызга пайдалансак.
Чаткал өрөөнүнүн кен талааларында көптөгөн чөп өсүмдүктөрү менен кошо дары чөптөрдүн көп түрлөрү өсөт. Алардан адырашманга токтоло кетсем анын бийиктиги 20-25 см. Кыргызстанда өтө көп таралган өсүмдүк. Адырашман чөбүн эрте жазда орок богок байлаган мезгилде жерден 5-10 см жогору кыркып алыш керек. Өсүмдүктү кол менен жулууга болбойт. Уругун кутучасы ачыла баштаган мезгилде жыйнайт. Кутучаны кездемени жазып күнгө же бастырмага кургатат. Өсүмдүктүн курамындагы олголоит алгач борбордук нерв системасынын кыймылдаткыч борборлорун жандандырат. Кандын басымын төмөндөтөт, жүрөк кан тамырын кеңейтет. Өттүн жана ичегилердин иштешин жакшыртат. Адырашманды биз өтө ыйык тутуп үй-жайды, бала-чаканы, короо-малды, техникаларды аластап келебиз.
Бака жалбырактын жалбырагы жайында гүлдөгөн мезгилде кол менен үзүп алынат. Бастырмага жука жайып кургатылат. Бака жалбырактын жалбырагы суук тийгенге каршы, жараны эрте айыктыруучу, какырык чыгаруучу болуп саналат. Жалбырактарды демдеп ичеги сезгенгенде жана бронхит, какырыкты жумшартуу үчүн демдеп ичет. Уругун ич катканда демдеп ичсе ичти жумшартат. Ириң чыгарууга пайдаланат. Кургатылган жалбырактан бир чоң кашык бир стакан (чоң) 20-30 минут демдейт, андан кийин пайдаланылат. Биздеги дары чөптөрдүн түрлөрүн таанып-билип жана аяр мамиле жасап пайдасын көрсөк.
Мындан тышкары бозунач, кадимки өгөй эне, долоно, шилби, чычырканак, карагат, ит мурун, мекеир ж.б. тамак ашка пайдаланган өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү витаминдерге өтө бай келип иммунитетти көтөрүүчү, денени калыптандыруучу, ар кандай оруулардын алдын алуучу катары чоң жардам көрсөтөт. Бул чөптөрдүн бир жагынан баалуулугу бар болсо, экинчи тараптан алганда жайыттар үчүн оттоо чөп болуп эсептелет.
Республиканын Улуттук Академиясына караган токойчулук боюнча институту, Агрардык академия атайын адистерди бөлүп, ар кайсы дары чөптөрдүн тараган орундарын жана запасын аныктап, сунуштарын (рекомендацияларын) берсе андан кийин республиканын фармация системасы кабыл алууну жана өз сырьебуздан көбүрөөк дары жасоону уюштурса, же ишкерлер коңшу республикалардын тиешелүү тармактары менен алака түзө алышса, жумушу жок айыл эли дары чөптөрдү даярдоого катышып, өздөрүнө да жайыттарга да пайда келтиришет эле. Чөп бышкан кезде чабылып, ордунда кургатылып жыйналса, чөптүн урук таштоосу да жакшырат.
Коруктардын, токой чарбасынын жана элдин керектөөсүнө жеткидей бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүү үчүн питомниктерди, айрыкча “токой жана токой-мелиоративдик” жана “жемиш бак” багытындагы питомниктерди уюштуруу бардык тараптан пайдалуу болор эле. Дыйкан чарбалар, жалпы эле жергиликтүү жашоочулар бак дарактарды тигүүнү көбөйтүүнү колго алуусу керек. Муну менен көптөгөн зарылчылыктар канаттандырылар эле. Талаа четтерине коргоо тилкеси катары тигилген бак-дарактар ал талаанын микроклиматын жакшыртса, жол жээктерине жана короо жайга тигилген бактар ал жайларга көркөмдүктү камсыз кылып кооздукту тартуулайт.
Жемиш бактар тигилсе түшүмүн берет. Андан ар кандай сок-сироптор, вареньелердин түрлөрү, жемиш кактар жасалып пайдаланылат. Акыры жүрүп жетилген учурунда ошол эле бак-дарактар арзан курулуш материалдары же отун болот. Айрыкча бадал өсүмдүктөрү же акация өңдүү өсүмдүктөр менен кошо талааны коргоо тилкесине тигилген мырза терек, кара жыгач же көк талдар курулуш материалы катары тез жетилүүчү дарактардан болуп эсептелет.
Аскасы бой тиреп, башынан ак кар кетпеген тоолордо токойлор анда өскөн өсүмдүктөр сулуулуктун белгиси эмеспи, токой байлыгын коргоо, аны көбөйтүү биздин асыл милдетибиз.
Жайнагүл Алчинбекова, Беш-Арал мамлекеттик коругунун кенже илимий кызматкери