Архив метки: Башкы-Терек

Залкар жазуучунун 90 жылдык маарекесине карата

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата  районубуздагы мектептерде жазуучунун чыгармачылыгына арналган адабий кечелер жана ачык сааттар өтүүдө. Мындан иш чаралардын бири жакында Башкы-Терек орто мектебинде болду.
Тактап айтканда, аталган мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова 11-класстын окуучулары үчүн залкар жазуучунун чыгармачылыгына арналган «Адабият-турмуш күзгүсү» аттуу ачык сабак өттү.  Сабактын жүрүшүндө жазуучунун каармандарынын ролдорун аткарган окуучулар монологдорду айтышып, бири-бирине суроолорду беришип, өз түшүнүктөрүн бышыкташты. DSC_0349 DSC_0351DSC_0387 DSC_0379
DSC_0368DSC_0360Буга кошо эле, окуучулар тарабынан жазуучунун чыгармаларына арналган обондуу ырлар да ырдалып, көркөм окуулар аткарылды.
Ачык сабактын соңунда сабактын жүрүшүнө баа берип олтурган мугалимдер тобу тарабынан жыйынтык чыгарылып,  ачык сабакка «эң жакшы» деген баа берилди.
-Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын балдарга терендетип окутууда ачык сабактардын ролу чоң. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова тарабынан өткөрүлгөн бүгүнкү ачык сабак абдан жеткиликтүү болуп, окуучуларга жакшы таасир калтырды деп эсептейм-деди  болуп өткөн ачык сабакка баа берген мугалимдер тобунун жетекчиси,  мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Абдыманап Качикеев.
Ал эми,  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында камтылган улуу ойлорду окуучуларга толук жеткирүүдө ачык сабак менен гана чектелүү жетишсиз экендигин айткан кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнара Абдыкеримова- Өзүм демилгелеп, Улуу жазуучунун чыгармаларына арналган сүрөт коргөзмөсүн уюштурдук. Бул эми албетте, окуучулар сүрөттөр аркылуу да улуу жазуучунун философиялык терең чыгармаларын тушүнүшсө деген максат-дейт.

М. Эшназаров

Башкы-Терек орто мектебинин жылытуу системасы оңдолду

Башкы-Терек орто мектебинин жылытуу системасы буга чейин көйгөй жаратып, окуу-тарбия иштеринин жүрүшүнө кедергисин тийгизип келген.  Быйыл аталган жергиликтүү бюджеттен 1173,4 мин сом каралып,  мектептин жылытуу системасы  толугу менен оңдолду.IMG-20171122-WA0010 IMG-20171122-WA0011

М. Эшназаров

Бишкекте чаткалдыктардын футбол боюнча мелдеши өттү

Бишкекте футболдук аянтчалардын биринде кичи футбол боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл аймактары боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Футбол мелдешине жалпы эркектерден куралган 6 команда катышты. Ар бир беттеш курч атаандаштык менен өттү.

Жыйынтыгында, биринчи орунга Шакафтар айылы, экинчииге Жаңы-Базар айылы, үчүнчүгө Шакафтар айылынын интернат мектеби ээ болду. Мындан сырткары мыкты чабуулчу деп Жаңы-Базар айылынан Билимбек Оморов, ал эми мыкты дарбазачы наамына Каныш-Кыя айылынан Ыйманбек Шаршенкулов табылды.

Жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Спорттук иш-чараны Бишкекте иштеген Башкы-Терек айылынын жарандары уюштурду.

футбол 7 футбол 6 футбол 5 футбол 4 футбол 3 футбол 2 футбол 1
Илгиз Жамалбеков

Автор: Илгиз Жамалбеков

ilgiz@maralfm.kg

«Чаткал мырзасы-2016» кароо-сынагы болду

22-февраль күнү район борбору Каныш-Кыя айылындагы «Ч. Айтматов»атындагы райондук маданият үйүндө 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата жогорку класстардын окуучулары катышкан «Чаткал мырзасы-2016» кароо-сынагы болду.чаткал мырзасы IMG_6004

Кароо-сынакка Башкы-Терек, К. Акназаров, Кайың-Суу, С. Байдөөлөтов, А. Баймырзаев, С. Исмаилов, Т. Жаналиев жана К. Усупбеков орто мектептеринен келишкен 8 улан өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, күч сынашышты.

чаткал мырзасы IMG_6010 чаткал мырзасы IMG_6015 чаткал мырзасы IMG_6017 чаткал мырзасы IMG_6023 чаткал мырзасы IMG_6035 чаткал мырзасы IMG_6043 чаткал мырзасы IMG_6067 чаткал мырзасы IMG_6083 чаткал мырзасы IMG_6095 чаткал мырзасы IMG_6127 чаткал мырзасы IMG_6149 чаткал мырзасы IMG_6157 чаткал мырзасы IMG_6173 чаткал мырзасы IMG_20160222_182226 чаткал мырзасы IMG_20160222_182314 чаткал мырзасы IMG_20160222_182319

 

Мында, саламдашуу, обондуу ырлардан аткаруу, Манас эпосунан үзүндү айтуу, бийлөө, гиря көтөрүү жана өз өнөрүн көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилип, айрымдары коштогон бийкеч түгөйлөрү менен биргеликте ар улуттун бийлерин бийлешсе, айрымдары сынган айнектин үстүнө жылаңач денеси менен жата калып, кээ бири кумдун үстүнө сүрөт тартып айтоор, зал толо күйөрмандарды да, калыстарды да таңгалдырып атышты. Айрым катышуучулар Манас эпосунан үзүндү айтуу учурунда берилип кетип, коштоочулары араң токтоткон учурлар болду. Ал эми, гиря көтөрүү боюнча Рахманбай уулу Арген эч кимди алдына салдырган жок.

Катышуучулардын арасынан Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундуз, Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Арген,  С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайрат өзгөчөлөндү.

Кароо-сынактын жыйынтыгында, калыстардын калыс чечими менен 1-орун Т. Жаналиев орто мектебинен келген Эгембердиев Мундузга берилип, «Чаткал мырзасы-2016» ардактуу наамы кошо ыйгарылды. Ал эми, 2-орун А. Баймырзаев орто мектебинен келген Рахманбай уулу Аргенге, 3-орун   С. Байдөөлөтов орто мектебинен келген Айтикенов Кайратка тапшырылды.

Мындан сырткары, бир топ катышуучулар өз өнөрлөрүнө жараша ар кандай номинациялар менен сыйланышты.

Соңунда, кароо-сынактын уюштуруучусу болгон райондук жаштар кеңешинин төрагасы Айбек Бекмуратов кароо-сынакка демөөрчүлүк кылган раймамадминистрацияга жана Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдирди.

М. Эшназаров

 

Башкы-Терек айылы таза суу менен камсыздалат

IMG_2700

Башкы-Терек айылынын калкына буга чейин ичүүчү таза суу таңкыс болуп келген. Быйыл аталган маселени чечүү колго алына баштады. Тактап айтканда, айылга таза суу тартып келүү долбоорунун сметалык баасы 18 млн. сомго белгиленип, долбоор” Кичи-Чаарат” компаниясы тарабынан каржыланууда. Таза суу жеткирүү боюнча быйылкы жылы аткарылган иштерге 12 млн. сом акча каражаты жумшалды.

М. Эшназаров

Башкы-Терек мектебинин жылытуу тутуму оңдолууда

IMG_20151222_115834

Башкы –Терек мектебинин жылытуу тутуму буга чейин оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген. Бул маселеге чечүү үчүн каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 480 миң сом акча каражаты бөлүндү. Жакынкы күндөрдө бул иштер толугу менен бүткөрүлмөкчү.

М. Эшназаров

Башкы-Терек айылында бала бакча ачылды

SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES SAMSUNG CAMERA PICTURES

Декабрь айынын 12синде Башкы-Терек айылында жаңы курулган бала бакчанын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземине район акими Канжарбек Эшалиев жана Каныш-Кыя айыл аймагынын  төрагасы Сатаркул Мусабаев баштаган район аймагындагы мекеме, ишканалардын жетекчилери жана айыл калкы катышты.

Ачылыш аземи учурунда чакырылган коноктор бала бакчанын ички шарты менен таанышышты.

Бала бакчанын курулушуна Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 10 млн. 850 миң сом акча каражаты жумшалып, «Айти Булак» жана «Асаба Чаткал» курулуш ишканалары тарабынан курулуп, ишке берилди.

Ачылыш аземи учурунда бакчанын кызыл тасмасы кесилип, бакчанын курулушуна эмгек сиңирген жарандарды сыйлоо салтанаты болду. Салтанатта райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан бакча башчысы Рахия Өнөрбаевага, «Асаба Чаткал» жана «Айти Булак» курулуш ишканаларынын жетекчилери Эркебек Таштанбаевге жана Сулайманкул Айтивге «Ардак Грамоталар» жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, ыраазылыктар билдирилди. Буга кошо эле, бакчанын ишке берилишине жакындан көмөк көргөзгөн Кичи Чаарат фирмасынын жетекчиси Ван Лунга да сый көрсөтүлдү.

Аземдин жүрүшүндө катышуучуларга ак дасторкондон даам сыздырылып, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору жана бакчанын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Жаңыдан ишке берилген бул бала бакча 100 орунга ылайыкташтырылып, бакчанын имаратынын ич заманбап түрдө бүткөрүлгөн.

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди

Биринчилик үчүн 8 команда ат салышты. (маалымат Марал радиосунун сайтынан алынды)

Чаткал районунун 80 жылдыгына карата уюштурулган футбол мелдешинде Жаңы-Базар айылы жеңди

 

Бул тууралуу мелдешти уюштуруучулардын бири Ильясбек Нармырзаев билдирди. Анын айтымында, негизи жаркын келечекке багыт деген ураандын астында Чаткалдын жаштарына ар кандай спорттук жана маданий иш-чаралар уюштурулуп келет.

Мында райондун 80 жылдыгына карата атайын футбол мелдеши болуп өттү. Ага жалпы 8 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашты. Футболдук таймаш айыл арасындагы 92-96-жылкы спортчулардын катышуусунда курч маанайда уланды.

Жыйынтыгында биринчи орунга Жаңы-Базар, экинчиге Каныш-Кыя, үчүнчү орунга Башкы-Терек айылынын курама тобу ээ болушту.

Футболдук таймаш абдан курч маанайда өтүп, Жаңы-Базар айыл командасы атаандаштарын ири эсептик көрсөткүчтө утуп алып жатты. Айта кетсек, финалдык беттеште Башкы-Терек курамасын 6:2 эсебинде утуп алды. Оюндун чабуулчусу Билимбек Оморов буга чейинки даярдыктар жана спорттогу эмгектин жардамы менен ийгиликке жетип олтурганын айтты.

Мелдеш мыкты маанайда аяктап, жеңүүчүлөргө грамота жана акчалай сыйлыктар уюштуруучулар тарабынан тапшырылды. Мындан сырткары “мыкты чабуулчу” жана “мыкты коргоочу” деген номинациялар өз ээлерин тапты.

Баса белгилей кетсек, мындай спорттук мелдеш мындан ары да улантылып тураары белгилүү болду. Кийинки эстафета Жаңы-Базар айылынын 92-жылы туулган жаштарына берилди.

 

Автор: Илгиз Жамалбеков
ilgiz@maralfm.kg

 

Жардам берүүдөн аянбайлы

SAM_1614 (2)

Чаткал району боюнча бүгүнкү күндө 17 тоголок жетим бала бар жана 2015-жылдын 18-сентябрына карата ар бир жетим балага Чаткал райондук эсептешүү сактык-компаниясына эсеп ачылды жана райондук прокуратура тарабынан кайрымдуулук иретинде тоголок жетим балдардын эсебине 3500 сом которулду.

Мындан сырткары Чаткал райондук прокуратурасынын демилгесин Жалал-Абад облусунун прокурору колдоп, 2015-жылдын 23-сентябрында жеке өзү тоголок жетим балдар үчүн 5миң сом акча каражатын которду. Ошондой эле райондук прокуратура тарабынын райондук мекеме ишканалардын жетекчилерине районубуздагы 17 тоголок жетим балдардын банктагы эсебине кайрымдуулук иретинде акча салып, жаңы өсүп келе жаткан жаңы муундардын катарын толуктай турган азаматтардан болушу үчүн өзүңүздөрдүн салымыңыздарды кошууга баарыңыздарды чакырабыз деген жарыя менен кайрылуу берилди.

Тоголок жетим баланын аты-жөнү Туулган жылы, айы Бүгүнкү күндө жашаган дареги Расчетный счеттун номери
1 Нармамат уулу Бексултан ИНН №22502199800046 25.02.1998-ж.т. Чаткал р-н Айгыр-Жал айылы 03402417347405000002 Алган күнү 10.09.2015-ж

 

2

 

Нармат уулу Ырыскелди 10.12.2002-ж.т. Чаткал р-н Айгыр-Жал айылы 03402417347405000016 Алган күнү 10.09.2015-ж
3 Жээнтаев Бакытбек Наргозуевич  22406200300173 24.06.2003-ж.т. Чаткал р-н Айгыр-Жал айылы 03402417347405000012

Алган күнү 10.09.2015-ж

4 Нышанбай кызы Токтобүбү 12110200100643 21.10.2001-ж.т. Бишкек шаары 03402417347405000008 Алган күнү 10.09.2015-ж
5 Бакытбек кызы Гулнура 11808199900634 18.08.1999-ж.т. Чаткал р-н Башкы-Терек айылы 03402417347405000014 Алган күнү 10.09.2015-ж
6 Бакытбек кызы Аймира 11204200400566 12.04.2004-ж.т. Чаткал р-н Башкы-Терек айылы 03402417347405000011        Алган күнү 10.09.2015-ж
7 Бакытбек уулу Нурболот 20708200100448 7.08.2001-ж.т. Чаткал р-н Башкы-Терек айылы 03402417347405000015     Алган күнү 10.09.2015-ж
8 Камчыбек уулу Дастан 21601199900170 16.01.1999-ж.т. Чаткал р-н Каныш-Кыя айылы 03402417347405000006   Алган күнү 10.09.2015-ж
9

 

Эркинова Нурай Эркиновна 13005199800481 30.05.1998-ж.т. Чаткал р-н Ак-Таш айылы 03402417347405000005   Алган күнү 10.09.2015-ж
10 Эркин кызы Жумасия 12804200000435 28.04.2000-ж.т. Чаткал р-н Ак-Таш айылы 03402417347405000001  Алган күнү 10.09.2015-ж
11 Дурусбеков Азамат 21001199801568 10.01.1998-ж.т. Чаткал р-н Ак-Таш айылы 03402417347405000004    Алган күнү 10.09.2015-ж
12 Айтымат уулу Шумкарбек 20106200100025 1.06.2001-ж.т. Чаткал р-н Ак-Таш айылы 03402417347405000010        Алган күнү 10.09.2015-ж
13

 

Жээналы кызы Жумаида 10608199900021 6.08.1999-ж.т. Чаткал р-н Жаңы-Базар айылы 03402417347405000003    Алган күнү 10.09.2015-ж
14 Исабеков Нурзамат 20911200900452 9.11.2009-ж.т. Чаткал р-н Сумсар айылы 03402417347405000009    Алган күнү 10.09.2015-ж
15 Ражаббай уулу Кубанычбек 21901200200202 19.01.2002-ж.т. Чаткал р-н Терек-Сай айылы 03402417347405000013    Алган күнү 10.09.2015-ж
16 Максымбеков Данияр 9.01.2000-ж.т. Чаткал р-н Каныш-Кыя айылы 0340241734740500017      Алган күнү 10.09.2015-ж
17 Атамкулов Тынай 21105200100285 11.05.2001-ж.т. Чаткал р-н Айгыр-Жал айылы 03402417347405000007    Алган күнү 10.09.2015-ж

Жол коопсуздугу боюнча кеңири түшүнүк алышты

б-терек семинар 2 б-терек семинар 1

Май айынын он үчүндө Башкы-Терек орто мектебинде дене тарбия сабагынан “Дене тарбия сабагында кыймыл тактикасын, маданиятын калыптандыруу аркылуу окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо” аттуу райондук семинар болду.

 

Семинарда мугалимдер А. Орозов, Г. Абдыкеримовалар тарабынан “Улуттук күрөш”, “Укук бузуу. Суицид. Кылмыш жана кылмыштуулук” аттуу кечелер жана “Шайыр шамдагайлар” аталыштагы эстафеталык оюн өткөрулдү.

Буга кошо эле,  семинардын жүрүшүндө, жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында “Көңүл бургула, балдар!” аталыштагы тарбиялык саат өтүлдү.

б-терек семинар 3 б-терек семинар 6 б-терек семинар 5

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө, окуучулар жол коопсуздугу эрежелерин атайы орнотулган жол белгилерин колдонуп, жолдо жүрүү эрежелерин аткаруу аркылуу үйрөнүштү. Тарбиялык сааттын уюштуруучулары жолдо жүрүү эрежелерин сактоо багытында атайы колдонмо көргөзмө куралдарды жасашып, алар аркылуу сабак өткөндүктөн, сабак окуучуларга да, семинардын катышуучуларына да абдан таасирлүү болду.

Тарбиялык сааттан окуучулар жол коопсуздугу багытында кеңири түшүнүк ала алышты.

М. Эшназаров “chatkal.kg