Архив метки: Балдар сүрөтү

Балдар майрамында «Балдар сүрөтү» сынагы болду

1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө Каныш-Кыя айыл аймагы жана Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте   «Балдар сүрөтү» аттуу сынак уюштурулуп, сынакка айыл аймакка караштуу 9 мектептин окуучулары сүрөттөрдү тартып келген сүрөттөрү менен катышты. Комиссиянын чечими менен сынактын жеңүчүлөрүнө айыл аймагы тарабынан 15 000 сом акча каражаты сыйлык катары ыйгарылды.

1-июнь к-кыя4 1-июнь к-кыя 7 1-июнь к-кыя 6 1-июнь к-кыя 5 1-июнь к-кыя 3 1-июнь к-кыя 2 1-июнь к-кыя 1

Андан сырткары ар бир бала бакчаларда майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. «ЗААВ Чаарат» фирмасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү 40 балага 20 000 сом акча каражаты таркатылды. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошев, айылдык Кеңештин депутаттары Г.Рысбекова жана У.Каратаевдер дагы демөөрчүлүк көрсөтүп балдарды куттукташты.

М.Эшназаров