Архив метки: бала бакча

«Ай-Нуру» бала бакчасы жаңы имараттуу болду

26-ноябрда Терек-Сай айылындагы Ай-Нуру бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Бакчанын мурунку имараты жараксыз абалга келип калган. Азыркы жаңы имараты отуз эки млн. сомго бүткөрүлдү. Жаңы имарат жүз орунга ылайыкташкан.

айнуру бб

Жаңы-Базар айылына жаңы бала бакча курулууда

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына кен казуу менен алектенген «Консалитед Аурум» фирмасынын демөөрчүлүгү менен 13 млн. сомго 75 орундуу бала бакча курулууда. жаныбазар садик 1 жаныбазар садик 2 жаныбазар садик 3 жаныбазар садик 5 жаныбазар садик Бакчанын курулушу былтыр башталган. -Быйыл октябрь айына карата ишке кириши күтүлүүдө-дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков.
Айылда мындан башка дагы «Байчечекей» бала бакчасы бар. Аталган айылдын калкынын саны өсүп жаткандыктан, кошумча бала бакча ачуу зарылдыгы келип чыккан.

М.Эшназаров

Мектептерге жана бала бакчаларга көчөттөр берилди

Быйыл Каны-Кыя айыл өкмөтү тарабынан айыл аймакка баш ийген мектеп жана бала бакчаларга жалпысы 53700 сомдук 1345 даана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү берилди.ишембилик 5 ишембилик 6 ишембилик 7 Буга кошо эле 51 даана карагайдын, 290 даана мырза теректин жана 96 даана кайыңдын көчөттөрү берилип, бул көчөттөрдүн жалпы суммасы 56300 сомду түздү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

М.Эшназаров

Айгыр-Жал айылына жаңы бала бакча курулууда

Жыл башында Айгыр-Жал айылынын Кара-Булак участкасына 75 орунга ылайыкташкан бала бакчанын имаратын куруу иштери башталган эле.  Сметалык баасы 17500,0 мин сомду түзгөн бакчанын курулуш иштеринин  7100.0 мин сому быйылкы жылы каржыланып, натыйжада бакчанын имаратынын дубалы  тургузулуп, чатыры жабылды.

М. Эшназаров

Терек-Сай айылдык аймагы балдар бакчаларды тамак–аш азык-түлүк менен камсыздоону тандоо боюнча тендер жарыялайт

ТЕНДЕР 3 лотко бөлүнөт:

1-лот – тамак-аш азык-түлүктөрү

2-лот – мөмө-жемиш, жашылчалар

3-лот – эт азык түлүктөрү

Тендерге катышууга кызыктар тараптар болсо Терек-Сай айылдык аймагына 2015-жылдын 2-апрелине чейин кайрылып катталып, тийиштүү документтерди алсаңыздар болот.

Тендер 2015-жылы 2-апрелде саат 13-00 дө Терек-Сай айылдык аймагында өткөрүлөт.

Сурап билүү телефону: 0777-21-59-44

Алтынчы тайпа ачылды

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы “Келечек” балдар бакчасында 5 тайпада 140 наристе тарбияланчу. Бирок балдарын бакчага берүү максатында кезекке турган ата-энелер дале арбын эле. Бул маселе айыл аймак менен балдар бакчанын жетекчилигинин аракетинин натыйжасында чечилди десе болчудай. Тактап айтканда аталган бакчада 6-тайпа ачылып, наристелер кабыл алына баштады. Буюруса мындан ары бул бакчада 160 бала тарбияланмакчы.

Т. Темиралиев «Чаткал оттору»

Бала бакчаларда кошумча тайпалар ачылды

Өткөн 2014-жылдын август айында Саясат өнүктүрүү институту менен GIZ бирикмеси Чаткал районунда бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында атайын сынак өткөргөн. Аталган сынакка райондон бир топ бейөкмөт уюмдар катышып, алардын ичинен “ТОС Курулуш” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сайкал Абдылдаева Чаткал жана Каныш-Кыя айыл аймактарына бакчага тартылбаган балдарга кошумча тайпа ачуу боюнча долбоору менен катышып, утуп алган. Жакында, тагыраак айтканда, 23-26-январь күндөрү “Чаткал айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” жана “Каныш-Кыя айыл аймагында 2-6 жашка чейинки балдардын кошумча билим, тарбия алуусуна жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү” долбоорлорунун алкагында Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы “С. Чондоева”, Каныш-Кыя айылындагы “Чебурашка”жана Айгыр-Жал айылындагы “Алтын-Бешик” балдар бакчаларына керектүү эмеректер, буюмдар жана колдонмолор тапшырылып, раймамадминистрациянын, айыл аймактын тийиштүү кызматкерлеринин жана ата-энелердин катышуусунда кошумча тайпалардын ачылыш аземи болду. Долбоордун жетекчиси С. Абдылдаеванын маалымдашынча, Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына кошумча тайпа ачуу долбоорлору үчүн 2 млн. сом акча каражаты каралган. Долбоордун алкагындагы бул каражаттар жыл соңуна чейин берилип, долбоордун алкагындагы иштер толук аткарылмакчы.

кошумча тайпа 1 кошумча тайпа 2 кошумча тайпа 4 кошумча тайпа 5 кошумча тайпа 6