Архив метки: Бакытбек Исабеков

«Кыз-Булак» эс алуу жайы оңдолууда

Чаткал өрөөнүнүн кире беришиндеги «Кыз-Булак» жүргүнчүлөрдүн эс алуу жайы жеке ишкер Мухамедалы Батырбеков тарабынан оңдолуп-түзөлүп жана кеңейтилип, жалпы коомчулук үчүн кошумча тамактанып, эс алуучу жайга айландырылууда.
Быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жылына» карата аталган жайды өнүктүрүү үчүн Чаткал айыл аймагы тарабынан жеке ишкер Мухамедалы Батырбековго бөлүнүп берилген. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакытбек Исабеков маалымдады.кызбулак 1 кызбулак 2 кызбулак
Ал эми, жеке ишкер Мухамедалы Батырбековдун билдиришинче, бул эс алуучу жайга азырынча бир боз үй жана эки сөөрү орнотулууда. Эс алуучу жай толук ишке кирген соң, бир учурда жүздөн ашуун эс алуучуну тейлемекчи. -Бул жерге көбүнчө жаштар үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, жаратылыш койнунда эс алганы келишет. Эс алуучу жай ишке кирсе, алардын да ойдогудай эс алуусуна шарт түзүлөт- дейт жеке ишкер.
«Кыз-Булак» эс алуу жайы май айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.
Жеке ишкер мындан сырткары Жаңы-Базар айылындагы жеке менчик «Нурсауле» ресторанын ачып, 5 жылдан бери калктын маданий эс алуусун камсыздап келүүдө.

М. Эшназаров

Бүгүн, Чандалаш айылынын негизги суугат каналы болгон Төлөбаев атындагы каналы ашар жолу менен тазаланды.
Бул ишке жалпысынан жүзгө жакын тургундар катышып, каналдын жыртык-тешиктерин чым, топурак жана цемент менен жамашып, ичиндеги акыр-чикирлерин жана топтолгон кум, шагылдан тазалашты.чандалаш 1 чандалаш 2 чандалаш 3 чандалаш 4 чандалаш 5 чандалаш 6
Канал тазалоого Чаткал айыл өкмөтү 600 кило цемент бөлүп берип, трактор менен кум, шагылды ташып, эксковатор менен толуп калган жерлерин тазалоо иштерин жүргүзүп берди. Буга кошо эле, ашарчылардын тамак-ашына бир баш кой берди.
Эскерте кетсек, Жаңы-Базар айылынын тургундарынын үлүш жерлеринин сексен пайызы Чандалаш өрөөнүндө жайгашып, суугат маалында Төлөбаев атындагы каналын пайдаланышат. Канал 1982-жылы курулган. Узундугу 9 чакырымды түзөт.

М. Эшназаров