Архив метки: Бактыбек Исабеков

Чаткал айыл аймагында суугат каналдары тазаланууда

Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылына жана айыл тургундарынын үлүш жерлерине барчу суугат каналы оор техниканын жардамы менен тазаланып, кеңейтилүүдө. Узундугу жети чакырымды түзгөн бул суугат каналы акыркы ирет 1983-жылы  тазаланган. Бул тууралуу Курулуш айылынын башчысы Шеркул Таласбаев билдирди. Ал буга кошо эле, каналды тазалоого болжолдуу 3 тоннадай күйүүчү май кетээрин, ага ылайык, айыл аймагы тарабынан керектүү күйүүчү-майлоочу майлар жана айыл тургундары тарабынан ар бир кожолуктан колдоо катары үч жүз сомдон берилип жаткандыгын жана каналды тазалоо иши жакынкы 3-4 күндө аяктаарын маалымдады.  IMG_20170517_165340 IMG_20170517_165309 IMG_20170517_185139 IMG_20170517_184640

Мындан сырткары,  айыл аймактын Ак-Таш айылында да узундугу 7 чакырым келген суугат каналын тазалоо иши алып барылууда. Бул суугат каналы толук тазаланып, кеңейтилген соң, буга чейин суугат суусу жетпеген Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы жалпы 85 га айдоо жер аянты суулуу жерге айланат. Буга кошо эле, суугат суусу жетишсиз болуп келген Салык-Булак участкасындагы 90 га айдоо жер аянтына да суугат суусу толук жете баштайт.  Жалпылап айтканда, 175 га айдоо жер аянты суугат суусу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди.  Ал-Салык-Булак участкасына жергиликтүү тургундар көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн эгишет. Ал эми, жаңыдан суу жеткирилип жаткан Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы 85 га айдоо жер аянтына келерки жылы буудай себүүнү максат кылуудабыз-деп кошумчалады.

Чандалаш айылына барчу суугат каналы өткөн жумада тазаланып, кеңейтилген.

Белгилей кетчү нерсе,  жогоруда аталган иштер айыл аймактын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө аркылуу ишке ашырылууда. Ал эми, каналдарды тазалоого айыл аймакта иш жүргүзгөн “Консалитед Аурум” фирмасынын оор техникалары пайдаланылууда.

М. Эшназаров

Чаткал айыл аймагында буудай себүү колго алынууда

Чаткал айыл аймагында быйыл буудай аянтын көбөйтүү колго алынууда. Аталган айыл аймактын башчысы Бактыбек Исабековдун билдиришинче, быйыл 50 га жерге буудай эгилмекчи.

Буга чейин эгин жыйноодо комбайндын жоктугунан улам, жергиликтүү тургундар буудай, арпа сыяктуу эгиндерди себе албай келишкен. Быйыл айыл аймак башчысы Бактыбек Исабеков жергиликтүү дыйкандарга комбайн маселесин чечип берүүнү убада кылгандыктан, алар буудай себүүнү кайрадан колго алышты.IMG_20170509_174233 IMG_20170509_191947 IMG_20170509_191957 IMG_20170509_185836 IMG_20170509_190031 IMG_20170509_192113

-Буудайды биз ун катары гана пайдаланбастан, малдарга тоют катары да пайдаланабыз. Буудай эгүүгө шарт түзүп берген айыл аймак башчысына ыраазыбыз-дешет жергиликтүү дыйкандар Алмаз Козубаев жана Жумабек уулу Каныбек.

Эскерте кетсек, мурдагы жылдарда буудай аянты таптакыр азайып, өткөн жылы Чаткал айыл аймагында буудай себилген эмес.

М. Эшназаров

Көпүрөлөрдү бекемдөө иштери жүрүүдө

Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы Чаткал дарыясына курулган мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү бекемдөө иштери жүрүүдө. Аталган жумуш Чаткал айыл аймагы тарабынан жүргүзүлүп,  негизги жумуштарга өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде “Конслитед Аурум” фирмасынын 2 даана оор техникасы тартылды. Буга кошо эле, кара жумуштары айыл тургундары  тарабынан бүткөрүлүүдө.

жаныбазар копуро IMG_20170425_104102

жаныбазар копуро IMG_20170425_103907жаныбазар копуро  IMG_20170425_103613-Биз бул көпүрөнү бекемдөө иштерин ушул жуманын аягына дейре бүткөрүүнү пландаштыруудабыз. Мындан сырткары, Курулуш айылындагы Чаткал дарыясына курулган көпүрөнүн да астын суу жеп, кооптуу абал түзүлүүдө. Көпүрөнү сактап калуу үчүн көпүрөнүн эки башына кошумча таянычтарды жасап, алды суу жеп жаткан түбүнө чоң таштардан таштоо керек.Бул тууралуу тиешелүү жактарга билдиргенбиз. Каражат жагы чечилсе, керектүү техникаларды сүйлөшүп, табууга дараметибиз жетет. –дейт Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков.

М. Эшназаров