Өткөн жуманын соңунда, район борбору Каныш-Кыя айылындагы №46 кесиптик лицейинде КР. Президенти тарабынан жарыяланган «2016-жыл-Тарых жана Маданият жылына» аталган окуу жайынын жааматы тарабынан «Сармерден» маданий оюн-зоок иш чарасы өткөрүлдү.
Маданий иш чаранын алдынан №46 кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков маданий иш чаранын катышуучуларын жана көрүүчүлөрүн кирип келген Нооруз-Жаңы-Жылы менен куттуктап, таймашчу эки жаатка ийгилик каалады.
Андан соң, маданий иш чаранын программасына ылайык алгач, кыргыздын улуттук даамы болгон сүмөлөктүн жаралуу тарыхынан сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.
Андан соң, окуу жайынын кызматкерлери айымдар жана мырзалардан турган эки топко бөлүнүшүп, улуттук жана заманбап обондуу ырлардан созолонтушуп, комуз жана ооз комузда күүлөрдү аткарышып, табышмак, макал-лакаптардан айтышып, улуттук бийлерден катыра бийлешип айтоор, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен, өз ара таймашты.
Окуу жайынын ардагер мугалимдеринен турган калыстар тобу эки жааттын өнөрлөрүн сынашып, кезеги менен баа берип турушту.
Калыстардын белгилөөсүндө, айымдар жаатынан Айсалкын Кудайкулова, Рахат Өскөнова, Бермет Сейитбекова, Калиса Надырова, ал эми, мырзалар жаатынан Байзак Өскөнбаев, Сыргабай Беккулиев, Кылычбек Өскөнбаев, Советбек Иманалиевдердин аткарган номерлери өзгөчө болду.
Сармердендин соңунда, калыстардын чечимине ылайык, жеңиш аткарган номерлеринин кыйла артыкчылыгы, ар тараптуу өнөрпоздугу жана өздөрүн сахнада талаптагыдай алып жүрүүсү менен өзгөчөлөнгөн айымдар жаатына ыйгарылды.
Буга кошо эле, маданий иш чаранын алкагында кыргыздын улуттук даамы болгон сүмөлөк бышырылып, сармердендин катышуучулары жана көрүүчүлөрү сүмөлөк козгошуп, жаңырган жылга карата каалоо-тилектер айтылды.
М. Эшназаров