Архив метки: А. Жумабаев

Тоютту сактоодо өрткө жол бербейли

Урматтуу жердештер, учурда төрт түлүк мал үчүн тоют камдоодо, өрт коопсуздук эрежелерине токтолуп кетмекчибиз.

Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоюттарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз.

Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек.

Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат.

Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз.

Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз.

 

А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант

«Тилсиз жоодон » сактаналы

Урматтуу жердештер, акылман элибиз өрттү «тилсиз жоо», — деп бекеринен атаган эмес. Жалынды колдонууда ага кылдат мамиле кылбаса, ал биз үчүн «жоого» айланат. Урматтуу мекендештер, жаркыраган жаз айы келип тазалоо иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Айыл жерлеринде топтолгон таштандыларды жана күзгү жалбырактарды өрттөө учурунда, өрт коопсуздук эрежелерин так сактабасак натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүсү мүмкүн. Статистикага карасак, өткөн 2016-жылдын март жана апрель айларында таштандыларды өрттөөдө өрт коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан улам районубуздун аймагында 8 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада олутуу чыгымдарды  алып келген. 

Урматтуу мекендештер, кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрт коопсуздугунун эрежелерине так бололу. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли.

А. Жумабаев, Чаткал  райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн инспектору, лейтенант                                           

101 өрткө каршы кызматы эскертет!

Отсуз адам баласынын турмушун элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, аны пайдаланганда этият болуп, эң жөнөкөй болгон өрткө каршы эрежелерди сактабаса ал ырайымсыз  таш боор өрткө айланып, бир заматта өмүр бою жыйып-терген оокатты, материалдык байлыктарды күлгө айлантып, ал түгүл адамдардын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирет. 

Чаткал районунда  катталган өрт кырсыктарынын себептерин  анализдеп көрсөк төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат:

Биринчи орунда электр зымдарын туура эмес монтаждоо, электр жабдыктарын эрежеге ылайык пайдаланбоо, стандарттык эмес электр жабдыктарын колдонуу. Андан кийинки орунда балдардын от менен ойноосу, чылым чегүүдөгү этиятсыздык жана башка себептер турат.

Мына ушундай себептердин айынан болуп жаткан өрт кырсыктарын болтурбай коюу жалпыбыздын ишибиз.  Ошондуктан

ар бирибиз өз үйүбүздөгү электр зымдарын талапка ылайык монтаждап, колдо жасалган электр жылыткычтарын колдонбосок. Жаш балдарга от менен ойноо зыян гана алып келээрин түшүндүрүп жеткирүүбүз зарыл.

Дагы бир айта кетчү нерсе атуулдарыбыздын өрт чыккан кезде өрткө каршы кызматынын телефон номерин билбей 103,104 телефондоруна чалышканын угабыз. Ошондуктан өрткө каршы кызматынын телефон номерин билдирип коюууну туура көрдүк. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын телефону – 101. Эгер кокусунан өрт чыкса ушул телефонго чалып, өрт чыккан жердин толук дарегин, телефон чалган адам өзүнүн аты-жөнүн, телефон номерин айтууга тийиш.

Өрт чыкса 101 кызматы жардамга барууга дайым даяр турат.

101-кызматы эскертет. Ар кандай электр жылыткычтарын, мештерди жагууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактаңыздар. От жагууда тез күйүүчү майларды (бензин, керосин, солярка) колдонбоңуз. Стандартка ылайык келбеген электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салынат. Үйдүн чатырларына моруга жакын жерге кургак чөп, отун, пахта ж.б. тез күйүүчү заттарды жыюуга болбойт.

Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар.

А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору лейтенант                                    

Өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда

«Өрт тилсиз жоо» дейт элибизде. Анткени өрт айтып келбейт. Ошондуктан өрт кокустугун болтурбоо үчүн ага каршы алдын ала иш-чараларын иштеп чыгып, өрткө каршы колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек. Ал үчүн кыш мезгилинде жылуулук берүүчү приборлорду, электр зымдарын жана от жагуучу мештерди өз убагында кароодон өткөрүп туруу зарыл. От жагуучу мештердин тура эмес курулгандыгынан, газ жана электр менен жылытуучу приборлордун кароосуз калтырылгандыгынан жылдан-жылга өрт кокустуктарынын саны азайбай кележатат.

Үйлөрдүн үстүнө кургак чөптү же саманды ж.б.у.с. тез күйүүчү заттарды жыйып коюушат. Бул- өрт кокустугу болгон учурда андан бетер өрттүн күчөп, жалындап күйүүсүнө шарт түзөт. үйлөргө жана малсарайларга электр зымдарынын башаламан тартып өтүү, электр зымдарынын уланган жерлери тура эмес болуп, сырты ачык түрдө калтырылгандыгы да өрт кырсыгын алып келет. От жагылууучу мештерди жана түтүн чыгуучу моруларды курууда өрт кокустугунун эрежелерин сактоо, өрт кокустугунун алдын алат десек жаёылбайбыз. Себеби ушул курулмаларды курууда эреже сакталбагандыктан турак жайларда өрт кырсыктары болуп, натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүдө.

Өрт кырсыгын болтурбоо үчүн төмөндөгүдөй эрежелерди аткаруу абдан зарыл:

Мештердин от жагылуучу жана күл чыгарылуучу эшиктеринин алдына 50-70см өлчөмүндө темир түнүкө төшөлүшү зарыл. Мештерге от жагууну жана күл чыгарууну жаш балдарга ишенип  тапшырууга болбойт. От күйүп турган мештерди кароосуз калтырбаёыздар. Күл төгүү үчүн коопсуз жерге чуңкур казып коюу керек. Моруларды мезгил мезгили менен ыштан тазалап туруу да талапка ылайык. үйдүн чатырындагы моору өткөн жердин айланасы күйүүчү заттардан таза болуусу зарыл. үйдүн чатырына чөп, саман, пакал, ж.б.у.с. тез күйүп кетүүчү заттарды сактоо өрт коопсуздугу тарабынан өтө опурталдуу экендиги эсисиёиздерге салабыз. Тандыр, очок ж.б.у.с от жагылуучу курулмаларды сарайдан, үйдөн мүмкүн болушунча алыс жерге курулганы жакшы болот. Ал эми чөптү үйдөн жана сарайлардан 15-20 метр алыстыкта жыюу шартка ылайыктуу. Таштандыларды турак үйлөргө, малсарайларга жана тоют чөп жыйылган жайларга жакын жерлерде өрттөбөгөнүңүз эрежеге ылайык. Ширенкелерди жаш балдар көрбөгөн, билбеген жерлерге коюу да өрттүн алдын алууга өбөлгө түзөт.

Урматтуу мекендештер, өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда.

Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликке жол бербейли. Ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт салган болобуз.

А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору  лейтенант                                

Эгиндерибизди өрт кырсыгынан сактайлы

     2016-жылдын 7 айында Чаткал районунда  9 өрт кырсыгы катталып, өрттүн кесепетинен келтирилген материалдык зыян     261 миң 125 сомду түздү.

Азыркы учурда районубузда  түшүмдү жыйноо жана тоют даярдоо башталган учур. Ушул учурда ар кандай түшүм жыйноочу техникалардын ишке жарамдуусун, өрт жана техникалык коопсуздугуна жооп берерин текшерүү зарыл.

Түшүм жыйноодо өрт кырсыктарынан алыс болуш үчүн ар бирибиз төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактообуз кажет.

Тоют даярдоодо  эгин талаасында тамеки тартууга тыюу салынат.

Ар кандай от менен байланышкан нерселерди колдонууну катуу                 көзөмөлгө алуу.

Тоютту ташуу убагында техниканы жалын өчүрүүчү тетик менен камсыз кылуу.

Ар бир комбайнды 80 литр суу, кийиз жана шыпыргы менен камсыз кылуу.

Комбайнды күнүгө 3 жолу тазалоо.

Ширетүүчү (сварка) иштерди өзүнчө аянтта жасоо керек.

 

Жогорудагы талаптарды аткарбаган атуулдарга, өрт кырсыгын пайда кылгандарга мыйзам чегинде катуу жаза колдоноорубузду эскертебиз.

 

 А. Жумабаев,   Чаткал райондук ӨКМКБнүн  инспектору ,   лейтенант   

Түшүмдү өрттөн сактайлы

Үстүбүздөгү жылдын май, июнь айлары жаанчыл болгону менен учурда жайдын ысык аптабы жердин бетин акырындап тегерек четтеги чөп-чарларды куурата баштады. Ушул кезде кичине эле учкун болсо дүрт этип алоолонгон жалынга айланчу өрт коркунучу күчөп турган убак.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктөрдөн болгон тоют топтоо, кылкандуу дан эгиндерин оруп-чабуу иштерди баштоо алдында турабыз.

Ошондуктан, мына ушундай өрт чыгуу коркунучу күчөп турган мезгилде жыйналган тоюттарды, эгин аянттарын өрт кырсыктарына алдырбоо үчүн тийиштүү кам көрүүнү унутпасак. Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбагандыктан жыл сайын көп сандаган эгин аянттары жана  тоюттар бөөдө күлгө айланууда.

Ошондуктан жергиликтүү айыл аймак  башчылары өрткө каршы тийиштүү чараларды көрүү менен, фермер, дыйкандар менен биргеликте өрт коопсуздугунун эң жөнөкөй болгон эрежелерин эстеринен чыгарбай, алардын так аткарылышына аракет кылуулары зарыл.

Ар бир үймөктүн аянты 150 чарчы метрден ашпай, бири-биринен аралыгы эң кеминде 20 метрден кем болбоосу тийиш. Үймөктөрдү жуп-жубу менен үйүүгө болот. Бирок, мында бир жуптагы үймөктөрдүн аралыгы 6, ал эми кийинки жуп 30 метрден кем болбоосу керек.

Тоют топтолгон жайлар электр зымдарынан 15 м, жолдордон 20 метр, имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылуусу талапка ылайык.

Тоют жана түшүм жыйноого катышкан бардык тракторлор, автоунаалар жана комбайндар учкун өчүргүчтөр, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен талапка ылайык жабдылуусу зарыл. Ал эми бул өнөктүктө иштеген адамдар өрт коопсуздугу боюнча атайын нускоодон өтүп, эрежелерди так сактоосу көзөмөлгө алынып турулуусу керек.

Бышып жетилип калган эгин аянттарынын жол менен кесилишкен жерин 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан 4 метр кеңдикте айдатууну унутпоо керек, анткени бул өрттүн жайылып кетишине чоң бөгөт болот.

Чабыла баштаган эгин аянттарынын жанында соколуу трактор турганы шартка ылайыктуу. Ошондой эле, эгин аянттары өтө эле чоң болсо алар комбайндын бир күндүк нормасы боюнча участокторго бөлүнүп, ортолорун 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан соко менен айдатуу зарыл.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – бышып жетилип калган эгин аянттарын, тоют сакталган жайларды кайтарууну унутпоо керек.

Ар бир тоют сакталган жай милдеттүү түрдө өрткө каршы шаймандар жана суунун запастары менен камсыз болунуп, өрткө каршы катуу тартиптин сакталышы такай көзөмөлгө алынып турулуусу зарыл.

Акырында айтаарыбыз, элибиздин эң негизги байлыгы болгон наныбызды «тилсиз жоодон» сактоо – бул жалпыбыздын  ишибиз. Ошондуктан, бул маанилүү кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө мейли жетекчи, дыйкан болсун, жетишээрлик маани берип, өрттөн сактаналы.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант

Эс алуучу жайларыбыздын коопсуздугун сактайлы

      Районубуздун суктандырган кооз эс алуучу жайларыбызды өрт кырсыктарынан алдын алуу багытында өрт коопсуздук эрежелерин сакташыңыздарды эсиңиздерге салабыз.  

Бүгүнкү күндө окуучулардын лагерлерин жайкы эс алуучу мезгилине карата кызуу даярдап жаткан учур. Андыктан ремонт учурунан пайдаланып жатаканалардын туура эмес курулган эшиктерин сыртка ачыла турган кылып куруу керек. Лагердин имараттарына тартылган электр зымдарын чыңалуудан өткөрүп, жараксыз жерлерин жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, өрт кокустугуна каршы суу сактагычтарды ремонттон өткөрүп, аларга сууларды толтуруп, өчүрүү шаймандары туруучу калканчаларды толуктоо керек. Лагердин айланасына өрт кокустугун эскертүүчү белгилер «От менен ойнобо», «Тамеки тартпа» деген сыяктуу эскертүүчү белгилердин илинүүсү тийиш. Телефондук байланыш ар убак оң абалда болуп, көрүнүктүү жерге «өрт кокустугу болгон кезде 101-ге кабар кылыңыз» деген жазуу илинүүгө тийиш. Лагердин кире бериш дарбазасына өрт кокустугуна каршы курулган суу сактагычка баруучу багытты көрсөткөн белгилери илинип турушу зарыл.

Ал эми токойлуу тоолордо жана башка эс алуучу жайларда эс ала тургандарга: эс алуучу жайларга жеңил автоунаа менен же жөө бара жатып, өчүрүлбөгөн тамекини туш келди таштабай, жагылган отторду унутпастан өз убагында өчүрүп, өрт коопсуздугун эскертүүчү белгилерге көз сала жүрүүңүздөрдү эскертебиз.

  А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору. лейтенант

 

101 билдирет !

   2016-жылдын  июнь   айына чейин Чаткал  районунун  аймагында 8 өрт кырсыгы катталып,  натыйжасында өрттөн келтирилген материалдык чыгым 140678 сомду түздү.Ошондуктан  Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү төмөнкү эрежелерди эсиңизге салат:

Кантип  өрттүн  алдын алууга болот:

Бул үчүн өрт коопсуздугунун өтө жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон эрежелерин сактай билиңиз.

Эсиңизде болсун:

(Балдарды   кароосуз    калтырбаңыз;

(балдардан   ширеңкелерди  катып   салыңыз;

(Күйүп    турган   ширеңке, тамекилерди  таштап салбаңыз;

(Тиричиликке керектүү электр шаймандарын, радио-теле аппараттарын, газ плиталарын иштеген бойдон   кароосуз    калтырбаңыз;

(Электр   жылыткыч  шаймандарын    күйүп   кетүүчү   буюмдарга   жакын   орнотпоңуз;

(Имараттарга (курулуштарга) жакын от жакпагыла жана өрт кооптуулугу күчөгөн маалда калдыктарды   өрттөбөңүз;

(Ачык   күйгөн   от  менен   жылытпаңыз;

(Чатырларда,   жер   төлөлөрдө   жана тепкич   аянтчаларында   күйүүчү   материалдарды сактабаңыз;

(Газ шаймандарын (плиталарын, суу жылуутучу колонкаларды) түнкүгө же үйдөн кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз;

(өрт кооптуулугу бар суюктуктар жана заттар менен иштөө учурунда этият болуңуз.

өрт учурундагы аракеттер:

(өрт жөнүндө 101 телефону боюнча кабарлоо;

(Колдо болгон каражаттар менен өрттү өчүрүүгө киришүү;

(Материалдык баалуулуктарды жана жаныбарларды эвакуациялоо.

(Жалындап күйүп жаткан нерсени жууркан-төшөк, бышык кездеме же кийим менен жаап салуу;

(Жерге төгүлүп күйүп жаткан суюктуктарды кум же топурак менен өчүрүңүз;

Бул нускоодо баяндалган өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Сиздин турак жайыңызды, мүлкүңүздү өрттөнүп жок болуп кетүүдөн сактайт жана өрт учурунда адамдардын курман болуусун четтетет.

Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант