Архив метки: А. Айымбетов

Адеп жана ыйман-маданияттын башаты

Февраль айынын онунда Айгыр-Жал айылынын А. Айымбетов орто мектебинде Чаткал райондук маданият бөлүмү тарабынан быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата  «Адеп жана ыйман-маданияттын башаты» аттуу тегерек стол болду.

IMG_20170210_155249 IMG_20170210_155220 IMG_20170210_155808 IMG_20170210_162255

Тегерек  столго айыл тургундары, мектеп мугалимдери жана жогорку класстардын окуучулары катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган ата-энени сыйлоо, жашы жете элек балдар арасындагы рекетчилик жана бүгүнкү күндөгү карылардын жосунсуз жоруктары тууралуу видеожүгүртмөлөр тартууланып, анда камтылган маселелер катышуучулардын кеңири талкуусуна коюлду. Мында, катышуучулар өз ойлорун ортого салышып, талкууга коюлган маселелер тууралуу ойлорун айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Талкууда буга кошо эле, жеткинчектердин жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизип жаткан интернет оюндары тууралуу да сөз болуп, маданият кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

М. Эшназаров

Жаңы мектепте окуу башталды

Изображение 4381(сүрөттүн материалга тиешеси жок)

Айгыр-Жал айылындагы А.Айымбетов атындагы мектебинде өткөн жылы кыш мезгилинде өрт чыгып, мектептин имараты жараксыз абалга келген эле. Аталган мектептин курулушуна Түрк гранты аркылуу 11 млн. 600 миң сом жумшалып, спорт залынан башка бардык курулуш иштери бүткөрүлүп, аталган мектеп бүгүнкү күндө ишке берилди.

М. Эшназаров