Архив метки: ардагер

Бүгүн, Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында 9-Май-Улуу Жеңиш майрамына карата «Өчпөс полк» жүрүшү болду. Жүрүшкө Улуу Жеңиш майрамына карата ураандар айтылып, желектер көтөрүлүп, жалпы жүз элүүдөн ашуун жаран катышты.
Андан соң, Улуу Жеңишке арналган эстелик-мемориалга гүлчамбар коюлуп, маркум ардагерлердин арбагына куран окулду.
Салтанаттуу Гимн ойнолгон соң, район акими баш болгон райондук жетекчилер куттуктоо сөздөрдү айтышып, ооруктун ардагерлерине жана согуштун ардагерлеринин жесирлерине белектер тапшырылды.

9-май к-кыя 1 9-май к-кыя 2 9-май к-кыя 3 9-май к-кыя 4 9-май к-кыя 5 9-май к-кыя 6 9-май к-кыя 7 9-май к-кыя 8 9-май к-кыя 9 9-май к-кыя 10 9-май к-кыя 11 9-май к-кыя 12 9-май к-кыя 13 9-май к-кыя 9-май к-кыя14
Салтанаттан соң, райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерт тартууланып, спорттук оюндар болду.
Азыркы кезде райондо эки ооруктун ардагери жана согуш ардагерлеринин он бир жесири бар.
Майрам алдынан оорук ардагерлерине жана ардагерлердин жесирлерине райондук жетекчилик жана мекемелер тарабынан белектер тапшырылды.

М. Эшназаров

Согуш ардагерине колдоо көрсөтүлдү

Алдыдагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Чаткал айыл аймагынын Курулуш айылынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Көчөрбай Таласбаевге Чаткал айыл аймагы тарабынан 17000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти.

Эскерте кетсек, ардагер К. Таласбаев Чаткал районундагы азыркы кездеги жалгыз согуш ардагери болуп саналат.

М. Эшназаров

Мунарбай Сыйнатович бүгүнкү күндө бактылуу карылыктын төрүнөн орун алып, жети неберенин сыймыктуу таятасы жана чоң атасы

сатибеков мунарбай IMG_2682Чаткал районунда көптөгөн атуулдарыбыз өз убагында чарчадым, чалыктым дебей мамлекетке жана элге күнү-түнү кызмат өтөп келишкен. Алар менен ар убак келечек жаштары ал тургай, бүткүл Чаткал журтту сыймыктанып келет. Ийгилик ишке жараша –демекчи өзүнүн күжүрмөн кызматы менен иштеп, райондун түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандарыбыздын бири-учурда ардактуу эс алуудагы персоналдык пенсионер Сатыбеков Мунарбай Сыйнатович. Ал алгачкы эмгек жолун 1967-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Таш-Көмүр ПМС ында жумушчу болуп иштөөдөн баштап, 1969-жылы Жаңы-Жол районуна караштуу Караван ремонттук курулуш участогунда жумушчу болуп эмгектенген. 1969-1971 жылдары Фрунзедеги финансылык-экономикалык техникумунун “статистика” бөлүмүн аяктап, 1971-80 жылдары Ала-Бука райстатында улуу инспектор, жетекчинин орун басары, 1988-89 жылдары Чаткал райкомпартиянын сунушу боюнча Беш-Арал аарычылык совхозунун партиялык уюмунун секретары, башкы эсепчиси, андан кийин 1989-жылдан 2011-жылга чейин Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматында үзүрлуү эмгектенген. Жалпылап айтканда, Чаткал, Ала-Бука райондорунун статистика тармагында 40 жыл эмгектенсе, анын ичинен 29 жыл Чаткал районунун статистика тармагынын жетекчиси болуп келди. Ардактуу эс алууга чыккан мезгилде да жөн олтуруп калбай, 2011-2012 жылдары Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн адиси кызматын аркалап, өзүнүн мыкты иш тажрыйбасын келечек муундарга бөлүшүп, тактап айтканда он бешке жакын жаш адистерди жетекчиден жогорку кызматтарга чейин тарбиялап өстүрдү.

сатибеков мунарбайIMG_2687

Адамды даража жогорулатпайт, даражаны адам жогорулатат-дегендей, Сатыбеков Мунарбай Сыйнатовичтин өтөгөн кызматтары мамлекет тарабынан зор баага ээ болуп, аткарган эмгектери эл колдоосуна арзып, 1982-жылы статистика тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн СССРдин уюшулгандыгынын 60 жылдыгына карата СССРдин Борборлоштурулган статистика башкармалыгы тарабынан “Социалисттик учеттун отличниги” төш белгиси, 1997-жылы Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетинин “Статистика отличниги” деген төш белги, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ошондой Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад облусттук мамлекеттик статистика башкармасы Жалал-Абад облустук профсоюз комитетинин “Ардак Грамоталары” менен ошондой эле СССРдин жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын элдик контролдоо комитетинин “Алкыштарына”, райондук социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” наамы ыйгарылган. Чаткал районунун “Ардактуу атуулу” наамдарына ээ болгон.

сатибеков мунарбайIMG_2689

Мына ушундай эмгеги менен кошо ынытмагы бекем, очор-бачарлуу үй-бүлөнү түптөп, өмүрлүк жубайы Жайнак апа менен эки уул, эки кызды тарбиялап, аларды өз убагында окутуп, учурда уул кыздары жогорку кызматтарда иштеп келишет. Мунарбай Сыйнатович бүгүнкү күндө бактылуу карылыктын төрүнөн орун алып, жети неберенин сыймыктуу таятасы жана чоң атасы. Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон Мунарбай Сатыбековдой эл арасында дайым бар болуп, келечек муундарга өзүнүн ак кызматы жана бараандуу эмгек жолу менен үлгү боло беришине тилектешпиз.

Гүлмайрам Ташбаева, Кыргызстан Журналисттер кошунунун мүчөсү

Ардагерге даректүү колдоо

Быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы көптөгөн өлкөлөрдө татыктуу белгиленээри айкын. Бул маарекелүү күнгө карата районубузда ооруктун жана согуштун ардагерлерине урмат-сый жана аларга ар кандай колдоолорду көрсөтүү иш чаралары өткөрүлүүдө. Тилекке каршы, районубузда жападан жалгыз согуштун ардагери калгандыгы өтө өкүнүчтүү. Антсе да, жаңырган жылдын 10-январында районубуздагы жалгыз Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу, ардагерибиз-Көчөрбай Таласбаевди каржылык колдоого алуу максатында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин резервдик фондунан акчалай колдоо көрсөтүү тууралуу район акими Канжарбек Эшалиевдин №3-буйругу чыкты. Эми мындан ары, Улуу Ата ардагер к. таласбаев 2Мекендик согуштун ардагери Көчөрбай Таласбаев ай сайын миң сомдон акчалай жардам алып турмакчы