Архив метки: Ала— Бука

Дин иштери боюнча облустук көчмө жыйын болду

Бүгүн раймамадминистрациянын жыйындар залында КР. Коргоо Кеңешинин 2014—жылдарга карата кабыл алынган Концепциясынын  багыттарын турмушка ашырууга жана 2017-жыл -ыйман, адеп жана маданият жылына карата облустук маанидеги көчмө жыйын болду.

Көчмө жыйынга облустук дин башкармалыгынын жетекчилиги,  он эки район, шаарлардан келген имам хатибдер жана райондук мекеме, ишканалардын кызматкерлери катышты.20170727_111925 20170727_111932 20170727_113048 20170727_113125

Көчмө жыйында алгач  адеп-ахлак жана маданият тууралуу слайд шоу тартууланды.

Андан соң, күн тартибине ылайык, Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажы райондук хатибиятта өткөн алты айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан сырткары, ынтымакты даңазалоо, диаспоралар аралык ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Көчмө жыйын соңунда, облус казысы Закиров Абдулазиз кары  көчмө жыйынды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн райондук жетекчиликке ыраазылык билдирип,  район акими Канжарбек Эшалиевге «Ыраазылык» тапшырды. Буга кошо эле, Терек-Сай айыл аймагынын имам хатиби Умаров Нармырза жана Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы облустук казияттын ал эми,  Каныш-Кыя айылынын имамы Акулов Улан жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян райондук хатибияттын «Ардак Грамоталары» менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, көчмө жыйын буга чейин Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн.

Көчмө жыйын жакынкы күндөрдө Тогуз-Торо районунда өткөрүлмөкчү.

М. Эшназаров

Сурьма казгандар өз коопсуздуктары үчүн күйүшсө дейм…

Ооба  десеңизчи,  “ Көр  тириликтин айынан  Тиленбай  сартка  үч  тийдим” –деп  күйгөнүнөн бирөө айтса  керек. Анын  сынары   көр  тириликтин  көйгөйү  пендени  оттон  алып  сууга, суудан  алып  отко салып дегендей өз элегинде каалагандай өкчөйт тура.  Ыраматылык  союз  мезгилинде   баары  жумуш   менен  камсыз  болуп турган үчүнбү, телегейи  тегиз  көрүнчү. Союз  таркаганы ыдырап баары өз алдынча болгон өлкөлөр “баштагынын бири жок, каран калган дүйнө бок” болуп алапайын таппай калышпадыбы. Баардык  жерде  жумушсуздук    башкы  көйгөйгө  айланды.  Дал ушул  жумушсуздуктун  айынан    далай  мекендештерибиз    дүйнө  кезип  жүрүшөт.  Караламан  жумушчуну мындай кой,   жогорку  билимдүү   адистер  маянанын  аздыгынан   кызматтарын  таштап   чет  жакта  көчө  шыпырып, пол жууп, айтор үй-бүлөсүн бакканга киришти.   Анан  кантмек, жашоо  үчүн  күрөшү  керек.  Алар  ак  эмгек  менен  акча  таап  үй-бүлө  багууда.   Ошол  эле  мезгилде   чет  өлкөгө    кете албагандар  же  ал  жактан  кара  тизмеге  киргендер  аргасыз болуп калышты. Алла таалам ар  бир  пендеге ар кандай өлчөмдө ырыскы бөлүп, анысын ар кай жерге чачып койгон тура.   Кенебеген  кен  пейил    элибизди кейишке салбай,  кен  байлыкты  мол  бериптир.  Союз ыдыраган 90-жылдары    көпчүлүк  аймактын  алапайын  таппай  калган тургундары алтын  казып  күн  кечиришти.  Азыр  да  бул  багытта   алектенгендер  арбын.  Бирок  алтындын  кол  күчү  менен   казып  алуучу  запастары  улам азайып, сонку  мезгилде  кыйынчылык  жаратып  жаткандыгы  маалым.  Бул   Ала-Бука-Чаткал жергесине  да  мүнөздүү  көрүнүш  эмеспи.

Дал  ушундай  шартта  Терек-Сайдагы   таштанды  шахтыларга  кирип  сурьма  казуу “өнөктүгү”   башталды.  Эбак  урандыга айланган    бул  шахтыларда   иштөө үчүн эч кандай  шарттары  жок. Бирок  “буюкканга  жылдыз  ай  болуп көрүнгөдөй” тиричиликтен  кыйналгандарга  бул  да  тоскоол  боло  албады.   Түндөп-күндөп  сурьма  казып   сатышып,   жашоо үчүн  күрөш  уланды.   Урандылардын  арасын тытып , анча-мынча  калган  сурьма калдыктарын  таап талкалап,   ондогон чакырым  аралыкка  оор жүктү аркалап  келип     сатышат.

Оолда шору арыбаган  шордуу  эл!

Эч  кандай  коопсуздук  чаралары   көрүлбөгөн   шахтыларда   азап  менен  акча  таап, кайран суйкайган жандар сурьманын газына уугуп, ден соолугунан ажырап, жамандыктын бетин ары кылсын айрым учурда күтүлбөнөн кырсыктар болуп, кулаган таштын алдында калып каза болгондору да жок эмес. Бирок  жумушсуздук   кендирин  кескен   элди   бул  коркунучтар  токтото  албай, кайра эле сурьмага азгырып келүүдө.

Болуп  жаткан  кырсыктарды  алдын  алуу  максатында   жергиликтүү  бийлик      тарабынан    далай  жолу  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп, ондогон    протоколдор  түзүлсө да сурьма казгандардын аягы тыйылаар эмес.  Албетте,  жашоо   үчүн  күрөшкөн сурьмачыларды деле түшүнүү керек. Бирок, бир гана өкүнүчтүү жагдай алардын ден соолугу, келечеги, анан өмүрү. Дегеним, дарыгерлердин атымында эч кандай коопсуздук чаралары көрүлбөй туруп, таш талкалап сурьма казуудан өпкөнүн силикос дартына кабылуу коркунучу бар. Мындан сырткары кен чыккан жерде уран болорун эске алсак, анда ден соолук үчүн чоң коркунуч турганын унутпайлы. Ошондуктан сурьма казгандар абайлашса.

 Т.Темиралиев

Ветлаборатория учур талабына жооп бербейт

 

Бүгүнкү күндө, райондогу серологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү ветеринардык лабораториясынын учурдагы абалы талапка жооп бербейт. Лаборатория Ала-Бука райондор аралык лабораторияга баш ийип, мында эки кызматкер эмгектенет. Бирок тилекке каршы, аталган лабораторияда тиешелүү шарттар түзүлбөй, иш алып баруу үчүн тиешелүү каражаттар бөлүнбөй жаткан кези.  Бул тууралуу жакында райондук коллегияда айтылды.

М. Эшназаров

Кулактандыруу!

Кыргызстандагы Save the Children International филиалы SPRING долбоорунун негизинде ваканттык орунга сынак жарыялайт!

1 орун. Өздүк автоунаасы менен айдоочу

Иштөөчү жери: Чаткал району.

Талаптар;

1. Билими орто же жогорку билимдүү, айдоочулук күбөлүгү В категориясында,

2. Иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес. Эл аралык уюмдар менен иштөө тажрыйбасы бар. Кыргыз, орус же, өзбек тилдеринде эркин сүйлөгөн, командада ар кандай кырдаалда иштөө тажрыйбасы бар,

3. Автоунаасы; 2000— жылдан кийинки, 100 чакырымга 10 литр бензин сарптоосу тийиш.

Милдеттери;

—Долбоордун кызматкерлерин, иш кагаздарын жана мүлкүн коопсуздук менен жеткирүү,

—Жол кырсыгына кабылбай иштөө тажрыйбасы,

— Жол эрежелерин жакшы билүүсү,

—Жолдо жүрүүдө ар кандай кырдаалда өз учурунда туура чечим кабыл алуусу жана автоунааны башкара билүү,

—Керектүү мезгилде автоунаасын тейлөө, оңдоо жана жүргүзүү,

—Автоунаанын абалын дайыма көзөмөлдөп туруу,

—Өз учурунда автоунаасын оңдоо иштерин жүргүзүп туруу,

—Салык төлөмдөрүнө (патент, соцфонд)  милдеттүүлүгүн аткаруу,

—Кошумча жумуштарды аткаруу,

 

Так маалыматты долбоордун сайтынан job.kg таап алсаңыздар болот.

Резюме, сунуш кат жана 3 жолдомо катты hr-kg@savethechildren.org электрондук дарегине сынакка коюлган кызматты жана райондогу так, даана даректи 2016— жылдын 8-сентябрына чейин жөнөтсө болот.

 

Ылайыктуу талапкерлер аңгемелешүүгө чакырылат.