Архив метки: Ак-Таш

Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлдү

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратына көчүрүлүп, окутула баштады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 123 окуучу бар, ал эми жаңы имарат 150 орунга эсептелинген. Окуучулар жаңы мектепте эки нөөмөт менен окутулуп, класстар жетишээрлик болот.

акташ мектеп 1 акташ мектеп 2 акташ мектеп 3 акташ мектеп 4 акташ мектеп 5

М.Эшназаров

Ыйгарым укуктуу өкүл Чаткалга келди

Май айынын  он сегизинде КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу Чаткал районуна иш сапары менен келди.

Ал алгач, Терек-Сайдагы «Этибакр Терек-Сай» кен өндүрүү ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Андан соң, Ак-Таш айылына келип, андагы жаңыдан курулуп жаткан жүз элүү окуучуга ылайыкташырылган мектептин курулушу жана Ак-Таш чегара тосотунун абалы менен жакындан таанышты.

Буга кошо эле, айыл тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.IMG_20160518_125251 IMG_20160518_125855 IMG_20160518_125406 IMG_20160518_160228 IMG_20160518_160521 IMG_20160519_101808 IMG_20160519_101736

Ыйгарым укуктуу өкүл айыл калкы менен жолугушууда аталган айылга курулуп жаткан мектепке республикадан бөлүнүп жаткан каражат жетип калса, быйыл ишке кириши мүмкүн экендигин себеби, өлкөдө акыркы мезгилдерде болуп жаткан ар кандай табигый кырсыктарга каражаттар жумшалып кетип жаткандыгын айтты жана акыркы жылдары райондун үч айылында-Коргон-Сай, Айгыр-Жал жана Ак-Таш айылдарында үч жаңы мектеп курулуп жаткандыгы чоң жетишкендик экенин кошумчалады.

Буга кошо эле, райондо он чакырымга жакын унаа жолу асфальтталып, көпүрөлөр курулуп жаткандыгын белгиледи.

Ал Ак-Таш айылы да чегарага жакын аймактарынын катарына кирээрин, ага ылайык келечекте социалдык жактан колдоолор болоорун айтты.

Жумагүл Эгембердиева мындан сырткары, республикада акыркы жылдары ишке ашырылып келаткан социалдык-экономикалык албан иштерден да бир топ мисалдарды келтирип, элди ынтымакка, ар кандай кырдаалдарды сүйлөшүүлөр менен гана бүткөрүүгө чакырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилердин тобу андан ары Кара-Суу айылына курулуп жаткан мектепке жана айгыр-жалдык дыйкан Нуржамал Наргозиеванын күнөсканасына барып, андагы иштер менен таанышты.

Андан соң, Чаткал-Ала-Бука унаа жолунун Айгыр-Жал айылынан чыга беришине курулуп, жаңыдан ишке берилген көпүрөнү көрүштү.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш сапары эртеси да улантылып, райондук мамлекеттик администрациясында район тургундары жана райондук актив менен жолугушту.

Жолугушууда алгач, Ж. Эгембердиева буга чейин район тургундарынан коюлган суроо-талаптардын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Буга кошо эле, айыл чарба тармагында базар экономикасы талап кылган айыл чарба өсүмдүктөргө басым жасалып, башка райондор сыяктуу эле Чаткал районунда да күнөсканалар иштетилип башталгандыгын, бүгүнкү күнгө карата облус боюнча төрт жүз сексенден ашуун күнөскана бар экенин, күнөсканаларды тамчылатып суугаруу ишке ашырылып жаткандыгын, мал чарбасы да өнүгүп, калк азыркы кезде колундагы малды асылдандырууга көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда башка райондорго салыштырмалуу малдын саны көбөйгөнүн айтып, мал чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана даярдалган азыктарды райондогу тоо кен ишканаларына сатуу боюнча келишимге жетүүнү колго алуу керектигин айтты.

Ал буга кошо эле, Чаткал районунда тоо кен фирмаларынан түшкөн кирешелерге бир топ жакшы иштер аткарылып жаткандыгын белгилеп, Чаткал районунда акыркы мезгилдерде наристелердин өлүмү көбөйүп жаткандыгы кейиштүү экендигин бирок, мындай көрүнүшкө дарыгерлер гана эмес жарандар өздөрү да дарыгерлерге өз убагында кайрылбай айрым учурда өздөрү да күнөөлүү болуп калышаарын айтып, бул маселе менен иш алып барууну райондук жалпы дарыгерлик борборунун башчысына жана район акиминин социалдык маселелер боюнча орун басарына тапшырма берди.

Чаткал районунда 4609 жаран жөлөкпул алышаарын жана жарандарга жөлөкпул берүү мыйзамга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгынан маселе чыгышы мүмкүн экендигин, мектеп жашына чейинки балдарды бала бакчалар менен камсыздоонун көрсөткүчүн жогорулатуу керектигин, акыркы мезгилде чет жактарда иштеген жарандарыбыз киреше таап, өз жерине жардам беришип, айрымдары балдарын жакындарынын колуна таштап натыйжада, балдар терс мамилеге кабылып жаткандыгын айтып, антсе да, миграциянын оң таасири бар экендигин билдирди.

Быйыл мамлекет тарабынан облус боюнча сегиз чакырым унаа жолу асфальтталса, мындан эки чакырымы Сумсар айылына бөлүнгөнүн, Жалал-Абад облусунда негизги төрт чиелүү маселе-диний экстремисттик кырдаал, чегара маселеси, этностор аралык чыр-чатак жана техногендик кырсыктарга байланыштуу маселелер бар экендигин билдирип, чегара маселесин мамлекеттик деңгээлдеги адистер гана чечээрин, бул маселеге кийлигишүүгө карапайым калк эч качан аракет кылбоосу керектигин, мындай калпыс аракеттин алдын алууга ар бир кызматкер аракеттенүүсү керектигин айтты.

Ал мындан ары калкка ар кандай кырсык кырдаалдарда берилүүчү ссуда берилбесин, мындан ары турак-жайларды камсыздандырууну колго алуу керектигин маалымдап, буга карата бир нече мисалдарды келтирди.

Бүгүнкү күндө коңшулаш мамлекеттерге тиешелүү делген Кыргызстандын аймагындагы чоң объекттер мамлекетке өткөрүлүп жаткандыгын, коңшулаш мамлекеттер менен талаш маселелерде жеке жарандар кийлигишпесе, бул маселени чечүүчү тиешелүү жактарга жардам бергендиги ошол экендигин, жер-жерлерде кредит алгандар кредиттерди төлөбөйбүз-деп айтып жаткандары  мыйзамсыз экендигин, ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керектигин айтты.

Ыйгарым укуктуу өкүл сөз соңунда, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн бюджети төрт жүз пайызга дейре өсүп, бир топ жакшы иштер болуп жаткандыгын айтып, элде фирмалар менен ынтымак болсо жакшы иштер турмушка ашырыла берээрин белгилеп, калкка ынтымак каалады.

Андан соң, турак-жайды камсыздандыруу боюнча облустагы өкүл Руслан Казаков турак-жайларды камсыздандыруу маселелери, пайдасы жана жол-жоболору тууралуу айтып, камсыздандыруу иштерине мамлекеттен жүз элүү миллион сом бөлүнгөнүн билдирип, камсыздандыруу полистери айрым социалдык жактан муктаж жарандарга бекер берилээрин ал эми, камсыздандыруу каражаттары атайын комиссиянын берилиши тууралуу чечиминен кийин мурдагыдай ссуда сыяктуу беш-алты жыл кечиктирилбестен бир айдын ичинде берилээрин билдирип, активдин катышуучуларын камсыздандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды жана катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Андан соң, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева баштаган облустук жетекчилерге берилчү суроо-жоопторго кезек берилип, катышуучулар О. Кожобеков, Ф. Атажанова, К. Өскөнбаев, Ө. Токтогулов, А. Сапарбеков, Ш. Муратбеков, У. Абдиев, Ш. Таласбаевдердин суроолоруна жооп берилип, ага ылайык, асфальтталган жолдор жана курулган көпүрөлөр убагы келгенде тийиштүү кагаздары бүтөөрү менен мамлекеттин балансына өтөөрү, экотехинспекциядан Чаткал районуна өзгөчө көңүл бөлүү боюнча Премьер  министрге кайрылуу жолдоноорун, балдар жана карылар эс алуучу лагерь ачууну райондук жетекчилик колго алуусу керектигин, балык чарбасын да мүмкүн болсо колго алуу керектигин, социалдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү кайрадан каралып жаткандыгы, райондук сотко быйыл жаңы имарат  салынышы күтүлүп жаткандыгы, фирмалардагы кытай жарандарына берилчү квота маселесин экотехинспекция менен биргеликте текшерип чыкса болоорлугу, А. Айымбетов мектебинин спорттук залы быйыл бүтөөрү ал эми, Ак-Таш айылындагы мектептин бүткөрүлүшү каражатка байланыштуу болоору, Чандалаш көпүрөсүн бүткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү белгилүү болду.

Жыйын соңунда, ыйгарым укуктуу өкүл Ж. Эгембердиева район калкына ынтымак каалады.

Арис Ак-таш айылына мал жуут курууну паландаштырууда

IMG_1480 (2)Буга чейин Чаткал айыл аймагындагы калктын колундагы төрт түлүк малды ар кандай ооруларга каршы дарылоочу жуут маселеси жетишээрлик чечилбей келген. Быйыл бул маселе АРИС программасы тарабынан чечилиши күтүлүүдө. Тактап айтканда, аталган программанын каражатына Ак-Таш айылына жуут курулушу максат кылынууда. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынан билдиришти. Бул долбоор ишке ашып калса, калк колундагы малдын ветеринардык бир топ маселеси чечилээри талашсыз.

М. Эшназаров

Маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган мелдеште

23-февраль-Мекенди коргоо күнүндө Жаңы-Базар айылында волейбол боюнча маркум Эгенберди Батырбековдун жаркын элесине арналган райондук мелдеш болду.

Мелдеш бул күнгө коюлгандыгынын себеби, бул күн маркумдун туулган күнү болуп эсептелет. Ошондуктан, мелдеш жыл сайын ушул күнү өткөрүлөт.

волейбол 8волейбол 7

Бу жолку мелдешке жалпы  команда катышты. Мелдеш жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу таймаш менен өтүп, мыкты командалар алдыга иргелип  чыкты.

Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Чаткал командасына берилип, беш миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орун болсо, Каныш-Кыя командасына берилип, үч миң сом акчалай байге кошо ыйгарылды. Ал эми, 3-орун райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасына берилип, эки миң сом акчалай байгеге ээ болушту. 4-орунга Ак-Таш айылынын командасы ээ болуп, миң сом акчалай байгенин ээси болушту. Мындан сырткары, өзгөчөлөнгөн спортчуларга ар кандай кызыктыруучу сыйлыктар да берилди.

Мелдеш маркумдун иниси Кудайберди Батырбеков тарабынан демилгеленип жана каржыланып, маркум мурда иштеген райондук электр тармагы ишканасы, Чаткал айыл аймагы, райондук сот, маркумдун туугандары, классташтары тарабынан да акчалай демөөрчүлүк көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жаңы-Базар айылындагы Т. Жаналиев орто мектебинин дене тарбия мугалими Абдыкадыр Турсуматов билдирди.

М. Эшназаров

Жайыт комитетинин колдоосу менен

100_3679

Ак-Таш айылына Чаткал айыл аймагындагы жайыт комитетинин колдоосу менен айылдын жакынкы жайытына жол салынууда. –Өткөн жыл соңунда, жайыт комитети тарабынан жайытка жол салуу үчүн элүү миң сом акча каражаты берилген. Кыш кирип келип калгандыгына байланыштуу жол салуу иши токтоп калган. Азыркы учурда жол салууга пайдаланылчу күйүүчү май даяр. Жаз келээри менен айылдын жакынкы жайытына жол салынмакчы. Аталган жол бүткөрүлсө, айыл калкынын колундагы төрт тулүк малды жайытка жеткирүүдө жакшы шарт тузүлүп калат.-дейт Ак-Таш айылынын башчысы Эгенберди Кошокбаев.

М. Эшназаров

Ак-Таш айылынын инфратузүмү жакшырууда

Мындан эки жылдай мурда район аймагында башталган райондун инфратүзүмүн жакшыртуу жумуштары район борборунан четки айылдарга жетип, өз жемишин бере баштаганы кубандырат.  Тактап айтканда, буга чейин Чаткал айыл аймагынын  Ак-Таш айылы инфратүзүмдү жакшыртуу жумуштарынан унутта калгандай болуп, буга айыл тургундары да нааразы болуп келсе, бүгүнкү күндө аталган айылда эки кабаттуу, заманбап мектептин имараты курула баштап, айыл калкын ыраазы кылууда. Аталган мектептин курулушу жакынкы жылдарда аяктамакчы.

IMG_5977

Буга кошо эле, түрткү берүүчү гранттын эсебинен айылга быйыл заманбап балдар бакчасынын имараты курулуп баштамакчы. –Балдар бакчасына түрткү берүүчү гранттан 1,5 млн. сом каралган. Балдар бакчасынын курулуш иштерин жүргүзүүнү тендерден утуп алган Айти-Булак курулуш ишканасы алып бармакчы.

Жакынкы күндөрдө борбор калаага барып, тиешелүү мекемелерге кирип, балдар бакчасынын курулуш иштерине тиешелүү айры маселелерди чечип келүүнү максат кылып жатам. Бул иштердин жузөгө ашуусуна туздөн түз аракеттерди көрүп келаткан район акими Канжарбек Эшалиевге ыраазылык билдиремин-дейт айыл башчы Э. Кошокбаев.

Кошумчалай кетчү нерсе, аталган айылга барчу негизги унаа жолундагы эки  көпүрө да былтыр оңдоп, түзөөдөн өткөрүлгөн.

М. Эшназаров

Ак-Таш айылында ыксыз ысырапкорчулукка каршы жыйын өттү

 Февраль айынын он тогузунда Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында айыл тургундары катышкан ысырапкорчулукка каршы жана айылдын ички тартибин жөнгө салууга арналган айылдык жыйын болду.

Жыйында айыл башчысы Эгенберди Кошокбаев жана айыл депутаттары жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча сөз сүйлөшүп, айыл турмушунда болуп келе жаткан айрым ыңгайсыз көрүнүштөрдү мисал келтиришип, айыл калкын ыксыз ысырапкорчулуктан алыс болууга чакырышты.

IMG_5925 IMG_5926 IMG_5927

Мындан сырткары, айыл башчы Э. Кошокбаев айыл калкын ынтымакка чакырып, айыл тургундарынын ички тартибине тиешелүү маселелерди айтып, айыл жаштарын түнкүсүн эч себепсиз көчөдө басып жүрбөшүн жана айылдагы жеке менчик дүкөндөр түнкүсүн спирт ичимдиктерин сатпоосун талап кылып, эгер айтылган талаптар орундалбай турган болсо, тиешелүү жактарга чейин кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүгө бараарын эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө, айылдагы аялдар кеңешинин курамы кайрадан бекитилип, аялдар кеңешинин төрайымдыгына Көчкөнбаева Жамила бир добуштан шайланды.

М. Эшназаров

Чегарачыларга майрамдык маанай тартуулап келишти

Өткөн жуманын соңунда алдыдагы 23-февраль-Мекенди коргоо күнүнө карата “Ч. Айтматов” атындагы райондук маданият үйүнүн директору Каныбек Бекмуратов баштаган өнөрпоздор тобу Ак-Таш чегара заставасына барышып, андагы чегарачыларга концерт коюшуп, майрамдык маанай тартуулашты.

ЗАСТАВА IMG_5931

ЗАСТАВА IMG_5935

 

ЗАСТАВА IMG_5940 ЗАСТАВА IMG_5942 ЗАСТАВА IMG_5944 ЗАСТАВА IMG_5945 ЗАСТАВА IMG_5957 ЗАСТАВА IMG_5969 ЗАСТАВА IMG_5972

Райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору чегара заставасынын жоокерлерине атуулдук духтагы эстрада жана элдик жанрдагы обондуу ырлардан созолонтушуп, өнөрпоздор-Суусаркан Аширбекова, Бактыгүл  Кенжебаева, Марипа Шадыкановалар тарабынан тартууланган  элдик обондуу ырлар жоокерлерге абдан жагып, алардын өзгөчө кызуу кол чабууларына арзыды.

Майрамдык концерттин соңунда, Ак-Таш чегара заставасынын башчысы, капитан Миралы Амиракулов жана Ак-Таш айылынын башчысы Эгенберди Кошокбаевдер чегарачыларга майрамдык маанай тартуулагандыктары үчүн райондук маданият үйүнүн өнөрпоздоруна ыраазылыктарын билдиришти.

М. Эшназаров

Элдик жыйындар өтүүдө

 

26-январь күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилеринин тобу Чаткал айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш жана Ак-Таш айылдарында болуп, элдик жыйын өткөрүштү.акташ сходIMG_20160126_102426акташ соцфондIMG_20160126_104432

Элдик жыйын алгач Ак-Таш айылында болду. Жыйында негизинен, айыл тургундары соцфонд төлөмдөрүнүн жогорулагандыгына нааразылыгын билдиришип, райондук соцфонд башкармалыгынын башчысы Адылбек Эшикуловго бир топ суроолорду беришти. Өз кезегинде Адылбек Эшикулов суроолорго жооп берип, соцфонд төлөмдөрү боюнча мыйзам КР. ЖК тарабынан колдоо таап, КР. Президенти тарабынан кабыл алынгандыгын ал эми, райондук соцфонд аткаруучу гана орган экендигин, райондук соцфонддон эч нерсе чечилбесин билдирип, соцфонд төлөмдөрү тийиштүү жогорку органдар тарабынан кайрадан каралып жаткандыгын, ага карата райондон сунуштар жиберилгендигин маалымдады.курулуш сходIMG_20160126_141040

Элдик жыйында мындан сырткары, айылга «Тез жардам» автоунаасы керек экендигин айтышты. Аким К. Эшалиев райондук борборлоштурулган ооруканадагы бир «Тез жардам» автоунаасын айылга бөлдүрүп берээрин билдирди.

Айыл тургундары айылда электр энергиясынын ашыкча чыңалуусунан улам жарык тез-тез өчүп калып жаткандыгын билдиришти. Бул маселе боюнча жооп берген РЭС башчысы Кылыч Жарашов айылдагы чегара заставасына жакында орнотулган трансформаторго айылдагы үйлөрдү бөлүп, чыңалууну калыбына келтирип берээрин айтты.

Элдик жыйындын жүрүшүндө мындан сырткары салык, саламаттыкты сактоо жаатында да бир топ суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Аким К. Эшалиев Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө жигердүү салым кошкон айыл тургундарына ыраазылыгын билдирди.

Элдик жыйын андан ары Курулуш айылында улантылып, мында райондук ветборбордун башчысы Жунусбек Жолдошев малды дарылоо иштери февраль айында башталаарын, бүгүнкү күнгө кутурма оорусуна каршы беш миң вакцина келгендигин билдирди. Ал өткөн жылы республика боюнча ветеринария иштерине 60 млн. бөлүнсө, быйыл бул сумма эки эсе көбөйтүлүп, 130 млн. сом бөлүнүп жаткандыгын маалымдады. курулуш сходIMG_20160126_140407курулуш сходIMG_20160126_140248

Курулуш айылынын суу жээктерин өзөн суусу жеп, айрым үйлөргө жакындап жаткандыгы, айылдагы С. Мырзалиев орто мектебинин курулуш сходIMG_20160126_140320имаратынын эскирип бараткандыгы, айылдагы ФАПты ылайыктуу имаратка көчүрүү тууралуу көйгөйлөр айтылып, аким К. Эшалиев бул маселелер боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү  КР.ӨКМнин райондогу өкүлү А. Сулаймановго жана райондук борборлоштурулган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Б. Баймырзаевге тапшырды.

Жаңы-Базар айылындагы болгон элдик жыйында да жогорудагыдай маселелер көтөрүлүп, айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилер жооп беришти. Мындагы элдик жыйында айыл тургуну А. Абдылдаев өткөн жылдары Чаткал айыл аймагы тарабынан аткарылган Жаңы-Базар айылына таза суу чыгаруу, жаныбазар сходIMG_1697көчө чырактарын орнотуу, Ак-Булак каналын ишке киргизүү жумуштарына байланыштуу сын пикирин билдирди.  Бул маселелер боюнча Чаткал айыл аймагынын башчысы Нурланбек Мырзаяров жооп берип, аталган маселелер боюнча жогорку тийиштүү органдар тарабынан ондон ашуун текшерүүлөр келип, эч бир кемчилик табылбагандыгын, эгер кемчиликтер табылган болсо, эбак мыйзам боюнча чаралар көрүлмөк экендигин айтты жана таза суу чыгаруу жана көчө чырактарын орнотуу иштерине айыл аймактын бюджетинен бир тыйын коротулбай жалаң инвестиция тартуу менен бүткөрүлгөндүгүн кошумчалады. Ал эми, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы М. Суранов Ак-Булак каналы боюнча эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун билдирип, далил катары тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Айыл тургуну А. Осмонкулов жогорудагыдай сын, пикирлер аркылуу элди экиге бөлүү аракетин токтотуп, учурда район жетекчилигинде жигердүү иштеп жаткан жергиликтүү жаштарды колдоп алууга чакырды.жаныбазар сходIMG_1707

Элдик жыйын жүрүшүндө район акими К. Эшалиев быйыл кен ишканаларынан түшкөн 2 пайыздык кирешенин эсебинен Чаткал айыл аймагына бир даана трактор жана чөп таңгактоочу алуу,  Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарына бир чакырымдан жалпы эки чакырым унаа жолун асфальттоо, Ыдырыс пайгамбардын кадамжайынын шартын оңдоо сыяктуу бир топ алгылыктуу иштер  максатталып жаткандыгын маалымдады. IMG_20160126_170210

Жыйын соңунда айыл тургундары өткөн жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Туусу», «Акыйкат», «Аймак», «Жаңы Ордо» сыяктуу жаныбазар сходIMG_1723республикалык абройлуу басылмалар тарабынан Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары белгиленгендигин,  аны менен бирге эле район акими Канжарбек Эшалиев аталган басылмалар тарабынан «Жылдын мыкты акими» деп табылгандыгын белгилешип, Канжарбек Эшалиевге ак калпак жана кыргыз чепкенин кийгизишип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.

М. Эшназаров

Райондогу жол тейлөө ишканасы кышка даяр

карабуура ашуусундагы снайпер көпүрөсүSAM_3056 чапчыма ашуусу

Чаткал  районунун № 27 Жол тейлөө ишканасынын   башкы инженери Т. Субаналиевдин  айтымында  райондо алдыдагы  кыш мезгилине  карата даярдыктар  90 пайыз  аткарылды.  Быйылкы жылы мекеме жаңы техникалар менен  камсыз болгон. Чаткал-Ала-Бука унаа жолдорунун коопсуздук чаралары көрүлүп, кышка карата бир топ даярдык алдын ала көрүлдү. Тактап айтканда, Чаткал–Ала-Бука авто унаа жолунун  60-80 км чакырымында  2 даана оор техника  даяр турат. Ал эми, аталган унаа жолунун  80-180 чакырым аралыгында   2даана автожүктөөчү   жана  1 даана  жол тазалоочу  техникалар ишке даяр.  Аба ырайынын катаалдыгы эске алынып,  2500 тонна күйүүчү, майлоочу май  даярдалган.  Негизи, районго 1 жылга  болжол менен 50-60 күйүүчү, майлоочу май  керектелет.  Учурда Ак-Таш айылына  кеткен негизги унаа жолун кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн  ДТ-75 авто  унаасы  оңдолуп жатат. Буга кошо эле, аталган унаа жолун    жер көчкүлөрдөн  тазалоо айыл көпүрөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Кабарчы Т Алмарсбек кызы