Архив метки: АКК

Майрамга утурлай «Кыргызстандагы кадырлуу карылык» долбоорунун жармаңкеси өттү

31-август-КР. Эгемендүүлүк майрамында район борбору Каныш-Кыя айылында майрамдык шаңга утурлай, Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы (АКК) тарабынан Дания мамлекетинин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы кадырлуу карылык»  долбоорунун соңуна чыгарылышына байланыштуу «Көргөзмө-Жармаңке-2017» иш чарасы болду.

Иш чарада аталган долбоордун алкагында айылдык кол өнөрчүлөр жана баба дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн продукциялар сатыкка чыгарылды. Мында, жаңыдан мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын жаңыдан жыйналган, кургатылган жана консервалаган түрлөрү, сүттөн жасалган улуттук азыктар, жалпысынан алганда аталган азыктардын жыйырмадан ашуун түрлөрү жармаңкеге чыгарылып, мындан сырткары кийизден жасалган колдонмо буюмдар да катышуучулардын зор кызыгуусун туудурду.

Снимок_2017_09_05_11_30_25_928Снимок_2017_09_05_11_27_49_800

Снимок_2017_09_05_11_30_48_233

Снимок_2017_09_05_11_25_38_982 Снимок_2017_09_05_11_27_38_641 Снимок_2017_09_05_11_25_14_889 Снимок_2017_09_05_11_28_07_830

Район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жармаңкенин жүрүшү менен таанышып, жармаңкенин уюштуруучуларына ыраазылык билдиришти.

Ал эми, майрамдык салтанаттын жүрүшүндө»Кыргызстандагы кадырлуу карылык» долбоорунун координатору Алмазбек Эшенкуловге жана  мал чарба адиси Казбек Эгембердиевге райондук мамлекеттик администрациянын «Ардак Грамотасы», ал эми Жаңы-Базарлык дыйкан Сайкалбүбү Кулмурзаевага Терек-Сай айыл аймагынын «Ардак Грамотасы» тапшырылды.

М. Эшназаров

Чаткалдык дыйкандар чарбасын өнүктүрүүдө

Чаткал өрөөнүнүн климаты катаал болуп, айрым айыл чарба өсүмдүктөрү өссө да, жыргатаарлык түшүм бербей келгени белгилүү. Ага карабай, жергиликтүү бийликтин колдоосу жана эң башкысы, мээнеткеч дыйкандардын тынымсыз аракети менен ондогон күнөсканалар курулуп, район калкы жергиликтүү жашылча, жемиштер менен камсыздалууда.IMG_20160803_110946

Күнөсканалардын көпчүлүгү Айгыр— Жал айылында курулган. Мындагы он күнөскананын сегизи Каныш— Кыя айыл аймагынын бюджетинен ал эми, экөөсү Айыл Кеңеш Кызматы (АКК)  тарабынан курулуп берилген. Баса белгилей кетчү нерсе, быйыл Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жыйырма беш даана күнөскана курулуп берилген. Бүгүнкү күндө дыйкандар күнөсканаларга эгилген помидор жана бадыраңдан мол түшүм алышып, өз үй бүлөлөрүнүн кирешесин көбөйтүүдө.

Биз төмөндө айгыр— жалдык дыйкандар жана алардын ийгиликтери менен сиздерди тааныштырмакчыбыз.

Дыйкан Тойчиева Мавлюда алты жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. IMG_20160803_105059IMG_20160803_111050

Дыйкан Бердибекова Жибек бүгүнкү күндө күнөсканадан алты миң сомдой киреше тапты,   —буюрса, алдыда дагы көп киреше табабыз— дейт кубанып.IMG_20160803_111346

Тажикстандан мындан үч жыл мурда Чаткалга келин болуп келген тажик кызы Зарина  Турдиева да тоолуктардын жашоо— шартына көнүп тим болбостон, айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуп, үй бүлөсүн камсыздоодо.IMG_20160803_114256

Дыйкан Алиева Гүлшайыр күнөсканасына алгач эккен бадыраң менен помидордун көчөттөрү дарт  тийип, соолуп калып, ага карабай экинчи ирет эккен. Азыр көчөттөрү чоңоюп, түшүм бере баштады.IMG_20160803_122030

Дыйкан Ташбү Рыскулова (сүрөттө ортодогусу)  көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келген. Айыл аймагы тарабынан жыл башында куруп берген күнөсканадан бүгүнкү күнгө чейин жүз килодой түшүм алды.IMG_20160803_122800

Дыйкан Гүлзат Нармырзаева күйөөсү Абубакир менен биргеликте тынымсыз эмгектенип, күнөсканадан мол түшүм алууну максат кылып турган кездери.IMG_20160803_124600

Дыйкан Айчүрөк Сарыбаева буга чейин картошка, сабиз эгүү менен чектелип келсе, быйыл айыл аймагы тарабынан берилген күнөсканага ээ болуу менен үй бүлөлүк каржы маселесин чечүүдө зор мүмкүнчүлүккө ээ болгонуна кубанууда.IMG_20160803_130858

Белгилей кетчү нерсе, Айгыр— Жал айылындагы дыйкандарды белгилүү дыйкан, АККнын мүчөсү Нарсулуу Абдылдаева көзөмөлдөп, дыйкандарга баалуу кеп— кеңештерин берип турат.IMG_20160803_121917

Дыйкандар керектүү шарттарды түзүп берген Жалал— Абад облустук Айыл Кеңеш Кызматына жана Каныш— Кыя айыл аймагынын жетекчилигине ыраазылык билдиришүүдө.

 

М. Эшназаров

 

Улгайган адамдарды колдоо максатын көздөгөн долбоор

Өткөн жылдан бери DCA Central Asia тарабынан каржыланып,  Жалал— Абад Айылдык Консультациялык Кызматы  тарабынан ишке ашырылып келаткан «Жалал— Абад облусундагы улгайган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу» долбоорунун кызматкерлери өткөн ишембиде район борбору Каныш— Кыя айылына келип, долбоор алкагында иш алып барып жаткан жергиликтүү дыйкан— фермерлерге тегерек стол өткөрүштү.IMG_20160716_100746 IMG_20160716_110859 IMG_20160716_103727 IMG_20160716_110929

Тегерек столдо алгач, тренер Алмазбек Эшенкулов долбоор тууралуу кеңири маалымат берип, андан алынчу киреше булагы тууралуу түшүнүк берди. Ал бүгүнкү күндө райондун беш айылы— Каныш— Кыя, Коргон— Сай, Башкы— Терек, Жаңы— Базар жана Терек— Сай айылдарында ишке ашырылып, аталган айылдардагы дыйкан— фермерлер күнөсканалардан киреше таап башташкандыгын айтты.

Андан соң, дыйкан фермерлер Нарсулуу Наргозуева, Назгүл Момунова, Азия Молдотаевалар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Тегерек столдо мындан сырткары, тренерлер—Каныкей Мырзаева, Эгемберди Казыбеков жана Алишер Юлдашевдер  эдвокаси, мал чарбасын кантип асылдандыруу, үнөмдүү мештерди куруу боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.IMG_20160716_144016 IMG_20160716_150148 IMG_20160716_145945 IMG_20160716_145854 IMG_20160716_152253 IMG_20160716_153647 IMG_20160716_153434

Тегерек стол жыйынтыкталган соң, катышуучулар долбоордун алкагында иш алып барып жаткан тоок багуучу Уулбү Рахматова жана дыйкандар Үмөтбек Кушназаров жана Гүлзада Таласбаевалардын күнөсканалары менен таанышышып, Нургазы Жолдошевдин үйүнө курулган үнөмдүү мешти көрүшүп, анын курулушу жана үнөмдүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

М. Эшназаров