Архив метки: аким Канжарбек Эшалиев

Майрамга утурлай «Кыргызстандагы кадырлуу карылык» долбоорунун жармаңкеси өттү

31-август-КР. Эгемендүүлүк майрамында район борбору Каныш-Кыя айылында майрамдык шаңга утурлай, Жалал-Абад Айылдык Консультациялык Кызматы (АКК) тарабынан Дания мамлекетинин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы кадырлуу карылык»  долбоорунун соңуна чыгарылышына байланыштуу «Көргөзмө-Жармаңке-2017» иш чарасы болду.

Иш чарада аталган долбоордун алкагында айылдык кол өнөрчүлөр жана баба дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн продукциялар сатыкка чыгарылды. Мында, жаңыдан мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын жаңыдан жыйналган, кургатылган жана консервалаган түрлөрү, сүттөн жасалган улуттук азыктар, жалпысынан алганда аталган азыктардын жыйырмадан ашуун түрлөрү жармаңкеге чыгарылып, мындан сырткары кийизден жасалган колдонмо буюмдар да катышуучулардын зор кызыгуусун туудурду.

Снимок_2017_09_05_11_30_25_928Снимок_2017_09_05_11_27_49_800

Снимок_2017_09_05_11_30_48_233

Снимок_2017_09_05_11_25_38_982 Снимок_2017_09_05_11_27_38_641 Снимок_2017_09_05_11_25_14_889 Снимок_2017_09_05_11_28_07_830

Район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери жармаңкенин жүрүшү менен таанышып, жармаңкенин уюштуруучуларына ыраазылык билдиришти.

Ал эми, майрамдык салтанаттын жүрүшүндө»Кыргызстандагы кадырлуу карылык» долбоорунун координатору Алмазбек Эшенкуловге жана  мал чарба адиси Казбек Эгембердиевге райондук мамлекеттик администрациянын «Ардак Грамотасы», ал эми Жаңы-Базарлык дыйкан Сайкалбүбү Кулмурзаевага Терек-Сай айыл аймагынын «Ардак Грамотасы» тапшырылды.

М. Эшназаров

Мугалимдердин август Кеңешмеси болду

Август айынын жыйырма  үчүндө райондук мамлекеттик администрациянын жыйынлар залында мугалимдердин райондук август кеңешмеси болду.

Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана мугалимдер катышты.

Кеңешме алгач, КР. Гимни менен салтанаттуу ачылган соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин чакан концерти жана мектеп окуучуларынын салтанаттуу саламдашуусу менен башталды.IMG_8060 IMG_8076 IMG_8104 IMG_8085 IMG_8095 IMG_8099 IMG_8092 IMG_20160823_161950 IMG_20160823_160307 IMG_20160823_162050 IMG_20160823_161203 IMG_20160823_164151

Андан соң, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев мугалимдердин август кеңешмесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу билим берүү тармагындагы аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду. Аким К. Эшалиев белгилегендей, райондогу мектеп жана бала бакчалардын быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында,  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А. Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна 2 млн. 618420 сом, Чакмак-Суу айылындагы “Ак Шоола”бала бакчасынын утурумдук ремонтуна 10 миң сом, “Наристе” балдар бакчасынын ремонтуна 30 миң сом, “Чебурашка” балдар бакчасынын утурумдук ремонтуна 30 миң сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом,  Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом,  К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А. Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А. Баймырзаев орто мектебине 30 миң  сом, жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом, “Ай Нуру” балдар бакчасына  131650 сом,  “Келечек” балдар бакчасына  805275 сом, “Бүчүр” балдар бакчасына 175200 сом, жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, өткөн 2015-2016-окуу жылында район аймагындагы 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп, жалпы 19 мектепте 548 мугалим эмгектенишип, 4971 окуучу билим алышты. 11-классты 278 окуучу бүтүрүп, орто билими тууралуу аттестатка, 9-классты 313 окуучу бүтүрүп, күбөлүктөргө ээ болушту. 313 бүтүрүүнүнүн 173ү жогорку окуу жайларга, 43ү атайын орто окуу жайларына, 13 окуучу техникумга тапшырышты.

Республикалык жалпы тестирлөөгө район боюнча 237 окуучу катышып, жыйынтыгында  108 лкуучу 110 баллдан жогору, 10 окуучу 150-177 баллга чейинки көрсөткүчтөргө жетише алышты.

Өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.

Өткөн окуу жылында мектептерге сырттан бир топ инвестициялар тартылды. Атап айтканда, январь айында 5 мектеп “Дүйнөлүк азык Түлүк программасына” пландаштырылып, өткөрүлдү.

Райондон 6 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан пилоттук долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Бул долбоордун алкагында аталган мектептердин ашканалары толук ремонттон өткөрүлдү.

Өткөн окуу жылында жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдары айыл аймактарынын бюджетинен жана бейөкмөт уюмдардан эмеректер үчүн жалпы суммасы 8 млн. 654 миң 600 сомдук инвестиция тартышты. Мындан сырткары, 235 миң сомдук компьютердик жабдууларды алышты.

Кеңешменин жүрүшүндө, С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин физика мугалими Р.Байматова, Р.Чонатаева, Б.Чоюнова,  А.Алыбаевалар, Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин мугалими С.Өскөнбаева. В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын тарбиячысы Г. Рамашеваларга “Ардагер мугалим” ардактуу наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Буга кошо эле, айыл аймак башчылары С. Мусабаев, Н. Мырзаяров, Б. Турдалиев, А. Рысбеков жана “Кичи Чаарат” кен фирмасынын өкүлү К. Мамакеевдер  куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, бир нече мугалимдерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Мындан сырткары, 2016 – 2017 -окуу жылына карата мектептердин даярдыктары жана окуу-тарбия  иштериндеги жетишкендиктери боюнча мектептерге байгелүү орундар тапшырылды. Атап айтканда, типтүү мектептердин арасынан өткөн окуу жылы ичинде бардык талаптарга толугу менен жооп бергендиги жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги учун  «Баш байге» менен Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебине ыйгарылып, 4000 сомдон акчалай сыйлык менен  сыйланды.

Ал эми,  жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн типтүү мектептердин арасынан I орун  Б.Камчыбеков атындагы орто мектебине ыйгарылып,  2500 сомдон акчалай сыйлык менен,  II орун С.Байдоолотов атындагы орто мектебине  ыйгарылып, 1500 сомдон акчалай сыйлык  менен, Сумсар орто мектебине III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланышты.

Ушундай эле жетишкендиктери үчүн типтүү эмес мектептердин арасынан С.Мырзалиев атындагы орто мектебине «Баш байге» ыйгарылып, 4000 сом акча менен,   I орун  Чакмак-Суу орто  мектебине ыйгарылып, 2500 сом акча менен, А.Чымканаев атындагы  орто мектебине  II орун ыйгарылып, 1500 сом акча менен, Ж.Ташкеев атындагы негизги мектебине  III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды.

Балдар бакчасынын имаратын сапаттуу ремонттон өткөрүп, аларды толук керектүү инвентарлар менен камсыз кылууда жана тарбиялануучу балдарга учурдун талабына ылайык шарттарды түзүп бергендиги үчүн 1 — орун «Келечек»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2500 сом акча менен, 2 — орун «Алтын-Бешик»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2000 сом акча менен, 3 — орун «Чебурашка» мектепке чейинки билим берүү уюмуна  ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды.

Кеңешменин соңунда, Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кенешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим беруу кызматкерлерине жана коомчулугуна Кайрылуу кабыл алынды.

М. Эшназаров

 

 

Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кеңешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим берүү кызматкерлерине жана коомчулугуна КАЙРЫЛУУСУ.

 

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу районубуздун коомчулугу!

 

Биз, Кыргыз Республикасынын Жалал – Абад облусунун Чаткал районунун мугалимдери жана билим берүү кызматкерлери ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук жалпы коомчулуктун өкүлдөрү өсүп келе жаткан жаш муундарды сезими назик, жан дүйнөсү бай, билими терең ойлогон ою да, жасаган аракети да асыл, адамгерчиликтүү өз эли жерин сүйгөн келечек ээлерин тарбиялап өстүрүп, алардын алдына чон максаттарды коюу менен бир кишидей баш көтөрүп, бүткүл рухун улуттук ой-тилекке айландырып, багыттоого районубуздун борборуна чогулуп олтурабыз.

Районубузда билим берүүнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары катары окуучулардын билим сапатын жогорулатууну, адамдардын өмүр бою билим алышынын бирдей шартын түзүүнү жана анын жеткиликтүү болуусун колдойбуз. Мында тез өзгөрүп бара жаткан дүйнөдө билим берүү системасы өзгөрбөй туруп калууга мүмкүн эмес.  Ал коомдун талаптарына жараша тез темпте байма – бай жаныланып туруусу абзел.

Татыктуу билимге ээ болуу укугу – адам баласынын эн негизги укуктарынын бири. Ал укук кандай гана өлкө болбосун билим алуу өнүгүүнүн пайдубалы болорун дүйнө эчак эле тааныган. Ал укук канчалык ийгиликтүү турмушка ашса, ошол мамлекет ошончолук тез, ийгиликтүү өнүкмөкчү.

Урматтуу кесиптештер: Албетте билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү Сиздер, мугалимдер экендиңиздерди эске алып,

Сиздер тараптан айтылган сунуштарды, көйгөйлөрдү жалпы  чечүү жолдору төмөндөгүлөрдү зарыл деп табат:

1. Жаш муундарга азыркы мезгилде дүйнөнү түшүндүрүү жана илимий көз карашты калыптандырууну, адамдын укугун коргогон эркин демократиялык коомдун ыймандуу жарандарын патриоттуулукка, эли журтуна, Ата Мекенине камкор мамиле жасоого, тарбиялоого бул багыттагы иш чаралардын жигердүүлүк менен аткарылышына жетишүүгө;

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун жана диний эстремизмдин алдын алуу боюнча бардык билим берүү мекемелеринде жана коомдук уюмдарда ырааттуу иш жүргүзүүгө, бул үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын» талаптарына ылайык тарбиялоо-түшүндүрүү иштеринин түрдүү формаларын пайдаланып, алардын аң-сезимин туура калыптануусуна багыт берүүгө, мектеп, ата-эне, коомчулук жана укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;

Мектепке чейинки балдар бакчаларынын экономикалык – социалдык шарттарын мындан ары дагы жакшыртуу жана райондун аймгагында жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмундарын түзүүгө;

XXI – кылым компьютердин жана информациялык технологиялардын кылымы экендигине байланыштуу ар бир мектепте анын өндүрүштүк базасын түзүүгө жана колдо болгон бардык компьютердик техникаларды өндүрүмдүү пайдалануунун натыйжасында окуучулардын билимдерин өркүндөтүүгө жетишүүгө;

Билим берүү мекемелериндеги окуу – тарбия ишинин сапаты алардын материалдык – техникалык базасына байланыштуу болгондуктан окуу көргөзмө каражаттары, окуу китептери менен камсыз кылууга, бул үчүн элдин жана башка Эл аралык демөөрчү уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга;

Билим берүү тармагындагы кадрлардын жетишсиздигин кыскартуу максатында жогорку окуу жайлары менен байланышты чындап, жаш адистерди жергиликтүү бийликтердин көмөгү менен өз жеринде иштеп калуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;

Окуучуларды олимпиадага, республикалык тестирлөөгө жана «Алтын-тамга» тестирлөөсүнө даярдоодо баланын аң-сезимин терең ойготуу боюнча логикалык ой жүгүртүүгө карата атайын даярдалган тесттер менен машыктырып, эффективдүү жыйынтыктарды чыгарууга;

Эгемендүү өлкөбуздүн демократиялык жолдо өнүгүшү жана укуктук мамлекеттин калыптанышына активдүү катышып, эл арасында мамлекеттин саясатын терең тушүндүрүү аркылуу өзүбуздун билими жогору, саясий аң-сезими жетик инсандар экендигибизди көрсөтүүгө.

 

Урматтуу кесиптештер, урматтуу районубуздун коомчулугу биз сиздерге кайрылабыз!

БУУнун адам укуктары боюнча декларациясында ата – энелер өз балдарынын өнүгүүсү, ден – соолугу жана жыргалчылыгы үчүн функционалдык жактан жооптуу болоору жазылган. Так ушул үй бүлө коомдо өзүн алып жүрүүнүн баладагы үлгүсүн калыптандырат. Алардын негизинде бала өз турмушун курат. Учурда ата – энелер билим берүү процессинин толук кандуу катышуучусу.

Үй бүлө – бул адамдын бүтүндөй өмүрүндөгү бирден-бир тарбиялоо Университети.

Жарандык коомубуздун ынтымак – ырашкерлигин чыңдоону, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөнү, элибиздин бейпилдигин сактоону жигердүү ишке ашыруу менен атуулдук парз катары кабыл алып, биз райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жалпы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жигердүү аракеттерди жасап , чечимдерди кабыл алганга чакырабыз !

 

Кайрылуу райондун мугалимдеринин жана билим беруу кызматкерлеринин август Кенешмесинде кабыл алынды.

 

23 – август  2016 – жыл

Саламаттыкты сактоодогу эң көйгөйлүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 28— июнь күнү район борборундагы «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүндө райондогу саламаттыкты сактоо тармагындагы эң көйгөйлүү маселелерге байланыштуу райондук тегерек стол болду.IMG_20160628_100936 IMG_20160628_100919 1467088806431 1467088830576 1467088853004 1467088873009

Жыйында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, буга чейин райондогу саламаттыкты сактоо тармагы бир кыйла кыйын абалды кечиргендигин, азыр тейлөө, ички тартип маселелери бир топ чечилип калгандыгын, антсе да, кадр маселелери көйгөй болуп келаткандыгын, азыр эки дарыгердин орду бош болуп, ага чет жактан дарыгерлерди тартуу маселеси каралаарын, азыр райондон он алты улан— кыздар жогорку медокууда окуп жаткандыгын айтты.1467089230317

 

Ал буга кошо эле, райондогу мекемелер менен биргеликте райондогу саламаттыкты сактоо ишиндеги маселелерди жабыла чечүү керектигин билдирди.

Андан соң, Сумсар аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева сөз сүйлөп, Союз мезгилиндеги дарыгерлерге көрүлгөн камкордуктар тууралуу айтып, азыр дарыгерлер катардагы медайым, кызматкерлердин маяналарындагы теңсиздикти айтып, өз ой— пикирлерин билдирди. Ал буга кошо эле, азыркы медкызматкерлердин кыйынчылыктуу шарттары тууралуу айтып, медкызматкерлерге райондук мекемелер тарабынан керектүү шарттарды түзүп, районго дарыгерлерди тартууга жана аларга шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди көрүү керектигин билдирди. 1467089688847 1467089703065 1467089719898 1467089737657

 

Андан кийин, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге сөз берилип, ал өз сөзүндө өткөн жылы айыл өкмөтү тарабынан кургак учук менен ооруган жети жаранга жалпы бир тонна жети жүз элүү кило көмүр берилгендигин,  айыл аймактагы медмекемелерге төшөнчү, жууркан жаатында жардам берилгендигин, мындан сырткары келерки айларда акчалай жардамдар берилээрин, Чакмак— Суу айылына ФАП куруу пландаштырылып жаткандыгын, ФАПтардын чатырлары оңдолуп, ремонттолуп жаткандыгын, сырттан келген дарыгерлердин жашоочу үй акылары төлөнүп берилип келаткандыгын, жашоочу үй маселесин чечүү жаатында да аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Ал берилген суроолорго ылайык, эгер кат аркылуу кайрылуу болсо, сырттан келген дарыгерлер менен бирге эле жергиликтүү дарыгерлерди да көмүр менен камсыздап бере алаарын билдирди.

Айгыр— Жал участкалык ооруканасынын башкы дарыгери Байызбек Балташев Чапай, Кара— Суу айылдарына кышында Тез жардам унаасы баралбай жаткандыгын, айрым кургак учук менен ооругандар жардамга муктаж болуп жаткандыгын, удаа эгиз төрөгөн энелерге да үч же, төрт эм төрөгөн энелер сыяктуу жардамдарды берүүнү кароо керек экендигин айтты.

Медайым Ракыя Өнөрбаева Башкы— Терек айылына тез жардам чакыруу менен ушуга чейин врачтар сейрек бараарын айтып, аталган айылдагы медайымдардын шарты өтө оор экендигин айтып, тиешелүү жактардан өтө аз көңүл бөлүнүп жаткандыгын айтып, кошумча штат берүүнү суранды. Буга жооп иретинде Чаткал ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбеков аталган айылга бир врач берилээрин билдирди.

1467091685327

Андан кийин райондогу ФАП, ҮДТлардын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу слайд шоу көрсөтүлдү. Бул  видео топтомго райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова түшүндүрмө берип, Сумсар айыл аймагындагы медмекемелерге салыштырмалуу райондун калган башка жактарындагы медмекемелердин абалы өтө төмөн экендигин белгиледи.

Андан соң,  Терек— Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева, ЖДПБнын дарыгери Абдумалик Исмаилов, Жаңы— Базар участкасынын дарыгер— физиатры Капар Нарбаевдер сөз сүйлөштү.

Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков аймактык ооруканага максаттуу жардамдар берилип келаткандыгын билдирди.

Жыйын соңунда, жыйынга катышкан айыл аймак башчылары, тиешелүү кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары тегерек столдо кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын толук аткарууга даяр экендигин билдиришти.

М. Эшназаров

Чаткалда Улуу Жеңиш майрамы белгиленди

IMG_20160509_102307 IMG_20160509_102445 IMG_20160509_103402 IMG_20160509_102841 IMG_20160509_103640 IMG_20160509_103800 IMG_20160509_103309 IMG_20160509_113408 IMG_20160509_113419 IMG_20160509_115949 IMG_20160509_130139

9-Май Улуу Жеңиштин жетимиш бир жылдык мааракеси Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында чоң салтанат менен белгиленди.

Бул күнү ардагерлерди коштогон райондук жетекчилик менен биргеликте район калкы Улуу Жеңишти даңазалаган шаңдуу музыканын коштоосунда район борборундагы Улуу Ата-Мекендик согуштун каармандарына арналып тургузулган эстелик монументке гүлчамбарлар коюлду.

Андан соң, Улуу Жеңиштин урматына РИИБ кызматкерлери тарабынан автоматтан залп атылып, Улуу Ата-Мекендик согуштун курмандыктарына арналып куран окулду.

Салтанаттуу аземдин калган бөлүгү ардагерлерди сыйлоо иш чарасына арналып мында, район акими Канжарбек Эшалиев, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев, райондук аскер комиссариатынын комиссары, капитан Эрнис Самаков, райондогу Ооган жана Баткен коогалаңдарынын катышуучуларынын кошуунунун төрагасы, капитан Өмүрзак Токтогуловдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалашты.

Буга кошо эле, район акими Канжарбек Эшалиев ооруктун ардагерлери-Жакыпбеков Талип жана Нармырзаев Эргешбайга КР. Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн акчалай белектерин тапшырды. Буга коло эле, ардагерагерлерге Каныш-Кыя айыл аймагы жана райондук аскер комиссариаты тарабынан да акчалай белектер берилди. Эскерте кетсек, райондо бүгүнкү күндө, жалгыз гана согуш ардагери болгон Көчөрбай Таласбаев ден соолугуна байланыштуу майрамдык салтанатка келип катыша албагандыктан, ага арналган акчалай белек райондук жетекчилик тарабынан үйүнө алып барып берилди.

Салтанат спорттук оюндар жана райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду.

Майрамдык салтанатка Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан он беш миң сом ал эми, спорттук оюндарга он миң сом бөлүнүп берилди.

М. Эшназаров

«Чаткал таланттары-1» ырлар жыйнагынын ачылышы болду

9c5e2e24c5483a373199441f6c4c5567IMG_20160508_160726

6-майда район борбору Каныш-Кыя айылындагы «Ч. Айтматов» атындагы маданият үйүндө жыл башында чаткалдык белгилүү жуналист Мухамедалы Эшназаров тарабынан түзүлгөн элеттик акын, жазуучулардын «Чаткал таланттары-1» аттуу чыгармалар жыйнагынын бет ачаар аземи болду.

Бет ачаар аземине район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилердин тобу, аталган жыйнакка кирген чыгармалардын аворлору, айыл тургундары, маданият кызматкерлери катышты.

Иш чаранын башталышында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, элеттик акын, жазуучуларды «Чаткал таланттары-1» чыгармалар жыйнагы жарык көрүшү менен кызуу куттуктады. Ал өз сөзүндө, жыйнактын түзүүчүсү, белгилүү журналист, акын Мухамедалы Эшназаровдун чыгармачылык жетишкендиктерине учкай токтолуу менен, жаңырган жылда э журналисттер үчүн жарыяланган республикалык эки сынактан биринчи жана экинчи орундарды багындыргандыгын жана ЮНИСЕФ уюмуна долбоор жазып, балдар үчүн көчмө оюн аянтчасын утуп, ал бүгүнкү күндө район калкына зор кызмат көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, раймамадминистрациянын атынан «Ыраазылык кат» тапшырды жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Андан соң, маданият үйүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан ыр жыйнакка кирген акындардын ырларынан көркөм окулуп, көрүүчүлөргө эстетикалык зор ырахат тартууланды. Буга кошо эле, чыгармалары ыр жыйнакка кирген акындар-Сайкалбү Абдылдаева, Айбек Сапаркулов, Мээркан Атабаева, Азимкул Абдылдаев, Мырзабек Салибаев, Мухамедалы Эшназаровдор өз чыгармаларынан көркөм окуп беришти.

Аземдин жүрүшү маданият үйүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолуп, белгилүү обончу Үсөн Оморов баштаган ырчылар обон созушуп, аземди ыр, күүгө бөлөштү.

Мындан сырткары, акындарды куттуктоо үчүн келген конокторго да сөз берилип, алар акындарга белек-бечкектерин тапшырышып, чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Аземдин соңунда, келген коноктор ак дасторкондун четинен даам сызышты.

Б. Дилдебаев

 

Район акиминин отчету канааттандыраарлык деп табылды

акимдин отчётуIMG_5840

ГКЧП 2016 IMG_5639акимдин отчётуIMG_5842 акимдин отчётуIMG_5843 акимдин отчётуIMG_5848

Февраль айынын 17 синде айылдык кеңештердин кошмо жыйыны болду.

Кошмо жыйында бир нече маселелер каралып, анын негизгилеринин бири бул-райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев отчету угулду.

Алгач, өткөн жыл ичинде район аймагында аткарылган иштер тууралуу слайд шоу көрсөтүлүп,  андан соң, кошмо жыйындын күн тартибине ылайык, район акими Канжарбек Эшалиев айылдык депутаттарга өткөн 2015-жыл ичинде райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

Отчетто белгиленгендей, район аймагында бир нече соцобъекттер ишке берилип, унаа жолдору асфальтталып, социалдык жана маданий иш чаралар жузөгө ашырылган. Алардын катарына мектеп, бала бакчалары, көчө жарыктандыруулары, айылдарга таза суунун жеткирилиши ж.б. жумуштар. Булардын баары калктын колдоосу жана сунуштары менен ишке ашырылды.

Район акими Канжарбек Эшалиев отчет берген соң, отчетто айтылган айрым маселелер боюнча депутаттардын берген суроолоруна жооп берди.

Андан соң, райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жыл үчүн социалдык-экономикалык иш планы менен тааныштырылып, кошмо жыйындын депутаттары тарабынан кабыл алынды.

Жыйын соңунда, район акиминин отчету бир добуштан канааттандыраарлык деп табылды.

Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев депутаттарга ыраазылык билдирүү менен, ынтымакта иштешип турса, алдыда район үчүн бир топ иштер аткарылаарын айтты.

М. Эшназаров

Сыйлык-сыймык: район акиминен сыйлыкка ноутбук алды

IMG_20160120_134618 Өткөн 2015-жылы райондук мамлекеттик администрация тарабынан райондогу биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкан кызматкерлерге сыйлык катары бир даана ноутбук берүү чечими чыгарылган эле. Жыйынтыгында, бул иш чарага активдүү катышкан кызматкер катары Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти Айгүл Жантаева табылган. Жакында болуп өткөн райондук коллегияда район акими Канжарбек Эшалиев Айгүл Жантаевага сыйлык катары убада кылынган бир даана ноутбукту өз колу менен тапшырды.

Анда эмесе, Айгүл Жантаевага сыйлыгыңыз кут болсун демекчибиз

Менин да айтаар кебим бар…

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

(2015-жылдын 11-декабрында “Жаңы ордо” газетасына жана анын сайтына Чаткал районунун акими К. Эшалиев жөнүндө макала жарык көргөн. Ошол чыккан макалага жооп кылып райондун акими “Жаңы Ордо” газетасына төмөндөгүдөй жооп берген.)

 Канжарбек Эшалиев, Чаткал районунун акими:

“Элдин акчасына Бишкекке үй салсам, биринчи кабатын балдар бакчасына, экинчи кабатын карылар үйүнө  бергенге даярмын”

 

Канжарбек Жаныбекович, сөздү  ток этер жеринен баштасак. Чаткал районундагы  Жаңы-Базар деген жерде баасы  200 миң доллар көпүрө мындан 2-3 жыл мурун бүтмөк экен. Ал ушул кезге чейин бүтпөптүр. Бул боюнча сизге  кылмыш иши козголгон деген маалымат айтылды. Бул айтылгандардын чындыгы барбы?

— Көпүрөнүн курулушу боюнча мага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Ал көпүрөнүн курулушу башталганда  мен аким болуп шайлана элек болчумун. Мурунку  акимдин убагында курулуш  иши башталган. Баса белгилеп айтып коёюн, курулушка  бюджеттен эч кандай  каражат  каралган эмес.  Райондук бюджетке курулушка деп каралган акча түшпөгөн.  Көпүрө демөөрчүлөрдүн жардамы  менен курулмак.  “Тоо кен Корея” фирмасы менен  “Тоо кен” фирмасы  көпүрөнү салып берип жатат. Бирок, эки компания  өз ара соттошуп жаткандыктан көпүрөнүн курулушу аягына  чыкпай токтоп турат.  200 миң доллар биздин бюджеттен бөлүнбөсө, ал акча райондук казынага  келип түшпөсө биз кантип  аралашмак элек? Көпүрөнүн каржы маселесине кийлигишүүгө биздин акыбыз да жок.

Көпүрөгө делип  каралган 200 миң  доллардын эсебинен сизди аким болгон деп айтып жүрүшөт. Жергиликтүү депутаттардын  отуз жетисине  2 миң доллардан акча  тараткан экенсиз.  Акчанын күчү менен шайлангансызбы?

— Мени жергиликтүү кеңештин депутаттарына  акча таратты  деп маалымат тараткан  адамдар жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын да  абийирине шек келтирип жатат.  Менин талапкерлигим акимдин кызматына  көрсөтүлүп жатканда  эч кандай акча таркатылган  эмес. Мен 37 депутатка  2 миң доллардан акча  таркатчудай  бай эмесмин. Андай байлыгым  да жок. Коррупциялык жол менен кызмат орунга  келүүгө жеке өзүм каршымын. Акимди  шайлоо учурунда 7 талапкер көрсөтүлүп,  биринчи турда  эле мен 33 добушка ээ болуп,  аким болуп  дайындалганмын.  2 миң  доллардан акча  таратпаганымды жергиликтүү кеңештин депуттаттары  толугу менен тактап берет. Ал эми көпүрөнүн курулушуна  каралган  200 миң доллар акчаны  демөөрчүлөр өздөрү  билишет. Ал акчаны менин колума берген  да эмес.

Чаткал районунда алтындан түшкөн каражатты каалагандай тескеген топ бар дешет. Ал топтун башында  сиз турат экенсиз.  Ал топту кандай негизде кургансыз?

— Бул мени Чаткал элине жек  көрсөтүү үчүн  аракет кылып  жаткан адамдардын чыгарган маалыматы.  Мен дагы алтындан түшкөн каражатты  каалагандай тескеген  кандай топ экенин  түшүнгөн жокмун. Ал топ качан түзүлгөнүн, кимдерден турарын так айтышса жакшы болмок экен.  Чаткал  районунда 25 миң калк жашайт. Менин тобум ошол  25 миң эл. Мени  көзөмөлдөп турган дагы карапайым калк. Мен үчүн элдин кары-жашы дебей баары  бирдей. Чаткал  районунун акими катары  элдин талабын  талашканга дайым даярмын. Элден өткөн сынчы жок дейт. Менин жумушка кызмат  үчүн чуркаган 3-4 адам эмес, эл гана  так баасын бере алат. Мен  ар дайым жумушка кетип жатып “Калыстыгың болбосо  акимдигиң не пайда?” деген сөздү  өзүмө-өзүм берем.  Аким катары баарына калыс  карашым керек. Баардык  жасалып жаткан иш мыйзам  чегинде болушун талап кылам. Мен аким болуп туруп,  район элинин ырыскысын өзүм билемдик  менен каалагандай чачып жаткан топту уюштуруп, анын башында өзүм тургандыгымды фактылар менен далилдеп беришсе, менин кызмат  ордума  көз артып жаткандарга  кабинетимди бошотуп  беремин. Ошондой топ бар болсо, эл алдына  чыгып топ менен жолукканга даярмын.

Ал топко жергиликтүү кеңештин депутаттары кире турганы  айтылбадыбы. Ошол топко кирген жергиликтүү депутаттары  Жогорку Кеңештин депутаттарында жок “Джип” үлгүсүндөгү машиналарды  айдап жүргөнү жөнүндө сөз  болгон. Бул чындыкпы?

— Жергиликтүү кеңештин  депутаттары “Джип” авто унааларды  айдап жүрүшөт деген маалыматты окуп сүйүндүм. Демек, биздин районубузда экономикалык өсүш болуп, элдин жашоо шарты оңолуп жатыптыр. Азыр өлкөбүздө карапайым адам деле өзүнүн жашоо шартын оңдогонго аракет кылып, үй салып, “Джип” машина  алып жатпайбы. Жергиликтүү  кеңештин депутаттары кандай  айдап жүргөнүнө менин  кандай  тиешем бар? Ал  өздөрүнүн  жеке жашоосу. Жеке мен бир дагы депутатка акыркы  үлгүдөгү машина тургай, Союз учурунда чыккан  машина дагы алып берген эмесмин. Ар  ким  кандай жашайт,  өзүнүн эрки.  Мен аким катары  Чаткал районунда жергиликтүү кеңештин депутаттары гана эмес, ар бир үй-бүлөөнүн короосунда экиден “Джип” машина турушун  тилеймин. Мен жөнүндө ар кандай ушактарды чыгарып жүргөндөр дагы экиден  машиналуу болушсун. Мени  “Лексус” маркасындагы кымбат баалуу машина  алды деп айтышыптыр. Азыр аким  катары  менде “Волга” жана “Исузу Бекорн” маркасындагы кызматтык авто унаа бар. Муну  элдин  баары билет.

Авто унаадан сырткары  сиз кыска убакыт  аралыгында эле Бишкекке заңгыраган эки үйдү салып жибериптирсиз. Ал үйлөрдү өзүңүз иштеп тапкан каражатка салдыңызбы?

— Чындыгында  мен дагы кыска убакыттын ичинде  аким эмес, акчасы бар  бизнесменге деле заңгыраган үйдү Бишкек шаарына салыш кыйын болсо керек деп ойлойм. Мен айылга үй салып баштаганыма  5 жыл болду. Дагы деле ал үйүм бүтө элек. Бир  жылда эле эки кабаттуу болгон эки үйдү салып жибергенге  каражатты  табыш оңой болбосо керек. Мен 5 жылда айылга  үй салып бүтүрө  албай  жатканымда, борбор калаага эки хансарай салганымды өзүм дагы элестете  албайм. Бишкекте менин эки кабат хан сарай түгүл, времянкам жагы  жок. Эгер Бишкектеги эки кабаттуу үй меники болсо анын биринчи  кабатын балдар бакчасы кылып, экинчи кабатын карылар  үйүнө өткөрүп берүүгө даярмын.

Сиз аким болуп келгенден бери Чаткалга  көзгө көрүнө турган бир да имарат курулбады деген доомат  коюлуп  жатат. Район  үчүн  кандай  иштерди жасай  алдыңыз?

— Союз тарагандан  кийин  Чаткал  районунда  курулуш  иштери  токтоп  калган. 24 жылда райондун  аймагында бир  да мектеп курулган эмес. Мен аким болуп ишке киришкенге чейин  эки чоң мектеп авариялык  абалда болчу. Бул маселе чечилбей келген. Аким болуп  дайындалгандан бери үч мектептин курулуш иштерин баштадык. Бир мектепти жакын арада  колдонууга  бергени жатабыз. Жакында  эле “Ай-Чубак” балдар бакчасын 10 млн сомго куруп бүтүп, пайдаланууга  бердик. “Чебурашка” балдар бакчасы  музыкалык  мектепке берилип  кеткен  экен. Аны кайра  кайтарып алып, 3млн сомдук керектүү жабдыктарды  алып, ишке  киргиздик. Жаңы жылга  чейин Коргон-Сай айылындагы балдар бакчасын пайдаланууга  беребиз деп турабыз. Чакмак-Суу айылындагы  дагы балдар  бакчасын  сатып алып, аны  да пайдаланууга берип  жатабыз. Айгыр-Жал менен  Каныш-Кыяны  бириктирген жолго 18 млн сомго  көпүрөнү бүтүрүп  пайдаланууга берилди.  Таласка  кеткен жолго да көпүрө  салынды. Каныш-Кыя   айылынын ичинде эки  көпүрө ишке  кирди.  Ак-Таш айылында  эки көпүрө ремонттон өткөрүлдү. Ушул  күнгө чейин Чаткалда  коомдук  мончо  жок болчу.  Мен аким болуп  келгенден кийин  коомдук мончо курулду. Айгыр-жал  айылында  маданият үйү курулуп жатат. Бул жасалган  иштер эл үчүн болуп жатат  да. Чаткалда  бир да көзгө  көрүнөрлүк  имарат курулган жок  деген курулай  доомат. Андай  сөздү райондо болуп жаткан жакшы иш-чараларды жокко чыгаргысы  келген бир ууч адамдар таратып  жатат деп ойлойм.

Коомдук  мончо 3,5 млн сомго  курулуп, азыр  жараксыз болгондуктан иштебей  жаткан турбайбы?

— Жараксыз болуп иштебей жатат деген сөз суу кечпейт. Азыр элдер ошол  коомдук мончону пайдаланышып жатат. Жай мезгилинде  айыл жергесинде жашаган эл мончого барбайт  да. Жайлоого чыгышат, чөп чапканы  кетишет. Күн ысып жаткан мезгил болгондо дарыяга түшкөнү барышат. Айылда  жай мезгилинде мончого болгон талап дээрлик жок болот.  Ошондуктан коомдук мончо дагы жай мезгилинде иштебейт. Суук түшөрү менен иштей баштайт.

— Чаткалдагы  эң көйгөйлүү маселе экология экенин  сиз да танбасаңыз керек. Алтын казган фирмалар экологияны  бузуп жатканы  айтылып келе жатат. Азыр  экологиялык абал кандай?

— Менин  кесибим  эколог  болгондуктан  райондогу экологиялык  абалды көзөмөлдөп турам.  Жеринен  таанышканы барганда дагы алтын казган  фирманын жетекчилерине өз сөзүмдү айтам. Аким  экологияга көңүл кош  карайт деген дагы туура эмес. Жай мезгилинде  ар бир  айылдан бирден элдин өкүлүн, жергиликтүү депутаттар кирген 17 адам делегат менен Түркияга  барып  экология боюнча тажрыйба алып келдик. Келгенден кийин бизде иштеп жаткан фирмаларга  “Түркияда  алтын иштеткендер экологияга зыянын тийгизбей иштейт экен” деп талап койдук. Эгер алтын казгандар экологияга  терс таасирин тийгизе турган болсо райондо экотехинспекциянын адистери бар, ошолорго кайрылып, тийиштүү  чараларды  көрөбүз.

Жергиликтүү эл алтын казган компаниялар экологияга терс таасирин тийгизип жатат деп каршы  чыкканда, сиз эл менен компаниялардын ортосуна түшүп, алтын казгандардан акча алат экенсиз. Бул айтылгандарга  кандай жооп айта аласыз?

— Мен  аким болгуча бир топ нааразычылыктар болуп, эл менен  фирмалардын ортосунда  пикир  келишпестиктер жаралып, алтын казгандардын техникаларын тартып алып, жол тоскон окуялар болгон. Азыр деле пикир келишпестиктер болуп турат. Мен бийликтин ошол жердеги өкүлү болгондон соң стабилдүүлүктү кармоо, элди ынтымакка чакыруу, түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү менин милдетим. Ошондой окуя  боло турган болсо райондогу  укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн башчылары менен чогуу  барып, эл менен сүйлөшүп, маселени жеринде чечкенге аракет кылып келем. Эл нааразы болуп жатканда, аны жеке өзүмдүн кызыкчылыгыма пайдаланып, алтын  казгандардан акча өндүрүп алсам, кудайга да жакпай турган иш кылган болмокмун. Чаткал  чакан район. Акча алган болсом заматта эле билинип калмак. Мен ачык эле айтып коёюн, элдин нааразычылыгын пайдаланып фирмалардан акча талап кылган учур болушу  мүмкүн эмес. Мындан кийин да андай окуя болбойт.  Кайсыл райондо ошондой окуя болгон болсо, аким  стабилдүүлүктү сактаганга аракет жасамак.

Алтын казган фирмадан  өзүңдүн кызматтык авто  унааңызды ремонттон өткөзүү үчүн акча  которткон экенсиз.  Кайсыл фирма  акимдин кызматтык унаасын ремонттон өткөрүү үчүн акча  которуп, демөөрчү болуп берген?

— Менин үстүмдөн  эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Мени  каралап жаткан  адамдар далилдүү аргументти таба албаса, сөзсүз сот алдында  жооп берет. Менин кызматтык унаамды ремонттон өткөзүү үчүн бир дагы фирма акча которуп берген эмес. Эгер чын эле  кайсыл бир фирма акча которгон болсо, аны айтып жаткан  адамдар кайсыл банкка акча которулганын, эсебин берип койсо жакшы  болмок.

Мындан сырткары райондогу Мамакаттонун имаратын  ремонттон өткөрөм деп  фирмалардан акча алып, имаратты оңдобой же фирмага акчаны  кайтарып бербей жүрөт экенсиз?

— Райондогу  Мамлекетик каттоо  кызматына жардам  көрсөтүү  боюнча фирмаларга кат жазып кайрылганбыз. Бирок,  бир дагы  фирманын жетекчиси  Мамкатоонун имараты үчүн  деп  менин колума  акча алып берген эмес.      Эгер  фирмалар  жардам көрсөткөн учурда  дагы   мага эмес. Мамкатоонун өзүнө алып келип бермек. Алтын казгандар деле мага акчаны эч кандай  докумети жок  эле бере бергидей келесоо эмес да. Эгер кайсы фирма  мага тыйын берген болсо, мен беттешкенге даярмын.

Чаткал районунда  өндүрүлгөн  алтындан   2 пайыз  жергиликтүү казынага калат экен. Сиз  ошол акчадан  9 млн  сомго   маданият  үйүн куруга бериптирсиз. Сиздин ал  акчага аралашканга  укугуңуз жок да. Кантип уруксат берип койдуңуз?

-Туура, ал  акчаны   иштетүү үчүн   токтом чыгырып берүүгө  акимде  эч кандай   укук жок. Азыр эки баскычтуу бюджет.  Айыл өкмөттөр, өздөрүнүн  бюджетин депутарттары менен  бирге карап, кайда жумшоо керек экенин чечишет. Аким аларга көрсөтмө бере албайт. Аким көрсөтмө берген күндө деле  аны жергиликтүү кеңеш  канаттандырбайт. 9млн сом боюнча  тендер өтүп, Каныш-Кыя айыл өкмөтү  тарабынан каржыланган. Азыр ал  салына турган маданият  үйүнүн  курулуш иши бүтү алдында турат.  Менин ал жерге эч кандай тиешем жок.  Тендер өтүп, жеңүүчү  аныкталган соң,  курулушка деп каралган  9 млн сомду бербей,  казынада кармап турганда  каржы министрлиги менен Экономика  министрлигинен атайын кат баргандан кийин  гана курулушту айыл өкмөт каржылаган. Аким тарабынан 9 млн сомду иштеткенге эч кандай токтом кабыл алынган эмес. Алтындан түшкөн  акчалар айыл өкмөттөрдүн  бюджетинде кармалып турат.  Ал акча райадминистрацияга келип түшпөгөндөн кийин  биз ага аралашканга укугубуз жок.  Мени билим берүү тармагындагы  коррупциялык  иштерге аралаштырып жиберишиптир. Райондук  билим берүү башкармалыгында  1млн 260 миң  сомдук коррупция иштери болуп, кассир 960 сомду кайра төгүп  жатканын айтыптыр. Бул боюнча тергөө иштери  жүргөн. Акыркы чекитти сот коёт. Ал ишке аким жооп бербейт да.  Менин кандай тиешем бар ал ишке. Ооруканага  ошол кассирди  бухгалтер кылып койгон деп  мени күнөлүү кылышыптыр. Кимди бухгалтер  кылып дайындашты оорукана жетекчилиги өзү  чечет да.  Мен ал жерге эч кимди бухгалтер кылып дайындаган эмесмин. Менин    функцияма  кирбейт, аралашпайм дагы.

Чаткалда  криминал башкарып калды деп айтылып жүрөт. Мындан бир аз мурун эле   бир фирманы 5кг алтыны менен тоноп кеткен окуя болду эле. Ушул окуя  айтылгандарга негиз болуп бербейби?

— Мен ошол сөздү чыгарып жаткандарга “ Кайсы криминал  Чаткалды башкарып жатат?” деген суроону берет элем. Ар кандай сөздөрдү чыгара бериш  оңой экен да. “Фонта”  деген фирманы  тоногондор  колго түшүрүлүп , иши сотко өтүп,  тоногондор өздөрүнүн  жазасын алышкан. Акимдин ордуна көз арткандар менин  жеке жашоомо да асылып  корукта жетекчи болуп турганда катчы кыздын боюна бүртүрүп коюп, аким болгондон кийин  ага үй салып  берген деп  айтышыптыр. Мен  корукта жетекчи болуп иштегеним чын. Бирок катчы кыздын  боюна бүтүрүп койгон дегидей, алар ошол учурда шам жагып кармап туруптурбу? Эгер фактысы болсо эл алдына чыксын. Мен жооп бергенге даярмын.  Аким болгондон бери  эч кимге үй салып берген  эмесмин. Өзүмө 5 жыл мурун  үй салып баштагам, ошону бүтүрө  албай жатып, башка  адамга  кантип үй салып берет элем? Андай окуя болгон эмес. Кудайга шүгүр өзүмдүн  жакшынакай болгон  үй –бүлөөм бар. Эки  кыз бир уулум бар. Келинчегим мадания үйүндө  иштейт. Эл арасында өзүбүздүн жай турмушубузду өткөрүп жатабыз.  Кызмат үчүн күрөшкөндөр менин үй-бүлөмө асылбай жигитче күрөшсө дейм.  Аларга да үй-бүлөөлүк бакыт каалайм.  Ар кандай сөздөр менен мени элге жаман көрсөткөндөргө  кудайдан  ыйман берсин.  Чаткал районунда биринчи  райондун 80 жылдык мааракесин уюштурдук.  Буга чейин мындай иш чара болгон эмес.  Эли аз болгону менен тарыхы бай экенин даңазаладык.  80 жылдыкка карата 80 доолбор деген  программа  иштеп чыканбыз. Райондун энциклопедиясын биринчи басып чыгардык.  Бул дагы чоң жетишкендик.  Ушул сыяктуу бир топ иштер аткарылганын  экономикалык абалыбыз  жакшырып баратканын  көргөндөр, ушул иштерди  мен жасасам болбойт беле деп кыска ой менен алектенип  жатышса керек.  Ошол адамдарга кимдин пешенесине акимдикти  жараткан жазган болсо, ошол    адам  аким болот, бирөөнү  каралоо менен аким боло албайт   дейт элем.  Босогобузда  жаңы жыл келе жатат. Жаңы жылда   элиме жараткан  жакшылык берсин.  Элибиз тынч болсун.  Чагымчыл күчтөрдүн  артынан  эрчибесин.  Бул менин актанып айткан пикирим эмес. Бөйрөктөн шыйрак  чыгарып  жаткан адамдардын  жүздөрү  бат эле ачылыт. Акты ак, караны кара  деген эл баарына калыс баасын берет.

Маектешкен  Наралы  Асанбаев “Жаңы ордо” газетасы

Жаңырган жыл жакшылыкка жар болсун!

чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев20151020_114716 (2)

Урматтуу Чаткал районунун тургундары! Баарыңыздарды күн санап кирип келе жаткан 2016-жаңы жылыңыздар менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атынан куттуктайм.

Жаңы жылга баарыбыз жакшы ниет менен бара жатып, алды менен өзүнүн сапарын карытып бара жаткан эски жылга саресеп салсак, кой жылында районубуздун эли  үчүн бир топ тарых барактарында жазылып калчуу жакшы жышаандардын күндөрү болду. Районубуздун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын чогубуз менен уюшкандыкта областтык мааниде белгиледик. 80 жылдыктын шарапаты менен бир топ илимдин адамдары катышкан “Чаткал району-илимий изилдөөлөрдө” аттуу республикалык маанидеги илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. Ошону менен катар эле алгачкы жолу Чаткал районунун энциклопедиясы жарык көрүп, элибиздин колуна жетти.

өтүп бара жаткан жылда элибиздин ынтымагы менен социалдык, маданий, билим берүү жана башка тармактарда бир топ ийгиликтер жаралды. Көптөгөн алдыга койгон максаттарыбызга жетише алдык.

Ардактуу калайык калк! Жаңырып келе жаткан 2016-жыл элибиз үчүн жакшылыктар коштогон жылдардан болсун. Элибиздин башына бакыт конуп, жергебизди кыдыр жылоолосун. Ар бир үй-бүлөгө ынтымак, ден соолук жана жакшылыктарды каалайм.

А. Эшалиев, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким

 

Чаткалдын жетик уулдарына чын дилден ыраазымын

SAM_1447

Чаткал Чаткал болгону көп нерсени башынан өткөрдү. Тээ согуш жылдарынан бери эле Чаткалда не деген өзгөрүүлөр болду. Алардын баары тарых барактарында калды, албетте. Чаткалдын тарыхын астейдил оодара карап олтурган адам не деген ажайып окуяларга, түркүн тагдырлуу белгилүү адамдарга кезигээри талашсыз. Чаткалдын түптөлүшүнө не деген асыл адамдар салым кошкон жок. Алардын катарына Чаткалды бир-эки жолу көрсө да, бул жердин ыйыктыгын, асылдыгын баалап, кыргыз журтунун ыйык бир бурч экендигин астейдил жүрөгүнөн сезип, бейиштин бир бурчундай болгон алакандай кооз жердин келечек тагдыры үчүн жан күйдүргөн Султан Ибраимов, Турдакун Усубалиев сыяктуу белгилүү инсандар буга кошо эле, Чаткалдан чыккан Темиркул Кошбаевдей чыныгы уулдар кирээри талашсыз.

Мага да Чаткалда иштөө туз насиби буйруп, өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары өрөөңдү өздөштүрүү озуйпасы мага тапшырылып, бул куттуу жерде он жылдай эмгектендим. Азыр ойлоп олтурсам, Чаткалга жыйырма алты жаш курагымда келип, жаштык курагымдын жалындуу мезгили Чаткалда калыптыр. Ал кезде Чаткалга жаңы гана техникалар келе баштаган мезгил. Өрөөндүн баш-аягы өздөштүрүлө элек. Чаткалдык жигердүү жаштардын деми менен далай жерлерди өздөштүрүп, Башкы-Терекке калктуу конушту негиздедик. Ал жерлердеги жаштык кездин бараандуу күндөрү аликүнгө эсимде.

Андан бери далай мезгил өтүп, Чаткал район катары бир топ жетишкендиктерге ээ болуп, республикага таанымал болду.

Мына, жакында Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде белгиленди. Бул маарекеге республикалык жана облустук деңгээлдеги бир топ коноктор келишип, Чаткалдын өнүгүп жаткандыгына күбө болушту. Мен да сыйлуу коноктордун катарында көп жакшы нерселерге күбө болдум. Чаткалда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгондугуна күбө болуп, райондун ушундай деңгээлге жетишине менин да салымым бар экендигине ичимден сыймыктандым.

Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси жогорку деңгээлде белгиленди десем аша чаппайм. Чаткалдын алмустактан берки басып өткөн жолу сахналаштырылып чагылдырылып, бүгүнкү күндөгү ар тараптуу жетишкендиктери да бир сыйра көздөн өткөрүлдү. Чаткалга ушундай чоң иш чара керек эле. Антпесе, Чаткалдын өнүккөнүн ким билет да, ким билбейт. “Миң уккандан бир көргөн артык”- демекчи, ар нерсени адам өз көзү менен көргөнү жакшы. Ушундай чоң иш чараны өткөрүүгө демилгечи болгон инсандарга,  Чаткал районунун азыркы жетекчилигине, район акими Канжарбек Эшалиевге чын дилден ыраазылыгымды билдирмекчимин. Чаткал районунда мындай жетишкендиктер дагы көп боло берсин.

Саматкул Максымбеков. Чаткал районунун ардактуу атуулу, КР. Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Ала-Бука району