Архив метки: аким

Коргон-Сай айылында жаңы аталыштагы көчө пайда болду

24-июнда Чаткалдан чыккан белгилүү инсандардын бири, маркум Сариев Токторбайдын ысымы Коргон-Сай айылындагы чоң көчөлөрдүн бирине салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Салтанатка маркумдун уул-кыздары, район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, алыс-жакындан келген коноктор, замандаштары катышып, маркумду эскерүү сөздөрүн сүйлөшүп, маркум Сариев Токторбайдын жаркын элесин өчүрбөө максатында көчөгө коюлуп жаткандыгына ыраазылыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, маркум Сариев Токторбай 1900-жылы Чаткал районунун Үр-Кедей айылында төрөлгөн. 1934-жылдыан баштап бир нече жыл Коргон-Сай айылынын айыл башчысы болуп иштеп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каржалган элге тапкычтык жана уюштуруучулук менен жардам бере алгандыгы менен эл оозуна алынган.

Маркумдун ысымын көчөгө коюу демилгеси анын уулу Токторбаев Тургуналы тарабынан көтөрүлүп, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан колдоого алынды.

М.Эшназаров

маркс көчө 1 маркс көчө 2 маркс көчө 3 маркс көчө 4 маркс көчө 5 маркс көчө 6

Чакмак-Сууда жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 12-декабрда Чакмак-Суу айылында «Асаба» ЖЧКсы тарабынан курулган 150 орундуу мектептин ачылыш аземи болду.

Ачылыш аземина район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, мектептин курулушун каржылаган «Кичи Чаарат» кен казуу фирмасынын райондогу өкүлү Ван Зун айым баштаган өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана айыл тургундары катышты.

ч 1 ч 2ч 3ч 4ч 6 ч 5

Азем алдынан алгач мектептин кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип,  келген коноктор мектептин ички абалы менен таанышышты. ч 7ч 8

ч 9Андан соң, салтанаттуу жыйын болуп, жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга «Ардак Грамоталар»  тапшырылды. Мындан сырткары,  район акими Канжарбек Эшалиев  баштаган райондук жетекчилер тобу жана коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, акчалай жана материалдык жардамдарын тапшырышты. Жыйынтыгында, мектепке 113500 сом акча, 2 баш кой, 7 баш козу, 1 даана телевизор жана наркы 70 миң сомдук 1 даана үн күчөткүч аппаратура түштү.

Аземге катышкан коноктор жана айыл тургундары мектептин салынышына түздөн-түз салым кошкон райондук жетекчиликке, «Кичи Чаарат» фирмасынын жетекчилигине жана «Асаба» ЖЧКсына ыраазылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, мектептин курулушуна «Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан 27 млн. сом берилген.

М. Эшназаров

Жаштар маселелери өткөн жылда….

Бүгүнкү күндө, Чаткал районунда 18 жашка чейинки 9295 өспүрүм болсо, анын ичинен жети жашка чейинки 3466 жаш жеткинчек бар. Өткөн 2016-жыл ичинде райондук жаштар кеңеши тарабынан пландалган 19 иш чаранын 12си өткөрүлүп, ага  1234 өспүрүм катышкан. Ал эми, райондук   спорт   бөлүмүндө бир дагы райондук деңгээлдеги иш чара өткөрүлбөй,  акыркы мезгилде райондук спорт бөлүмүндө жумуш өтө солгундап кеткен.

2016-жылдын соңуна карата район боюнча 20 жаш өспүрүм РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө  бөлүмүндө  каттоодо турат.   Булар тууралуу январь айында болуп өткөн райондук коллегияда район акими Канжарбек Эшалиев өз баяндамасында белгилеп кетти.

М. Эшназаров

«Маданият— ыйман менен адептен башталат «

Кечээ, 31-январда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө 2017-жыл— ыйман, адеп жана маданият жылына карата жогорудагыдай аталыштагы тегерек стол болду.

Тегерек столго  район акими Канжарбек Эшалиев, райББнын башчысы Тажибай Тынышов, √46-кесиптик лицейдин директору Бактыбек Алибеков, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевдер, РИИБ кызматкерлери жана айыл тургундары катышты.IMG_20170131_142808

IMG_20170131_160942 IMG_20170131_154511 IMG_20170131_162010 IMG_20170131_143918 IMG_20170131_150514

Тегерек столду алгач райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев ачып, ал быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын мааниси, максаты жана ушуга тиешелүү жагдайлар тууралуу айтып, катышуучуларды тегерек столго активдүү катышууга чакырды.

Андан соң, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан азыркы коомдо, тагыраагы улуу, орто жана кичүү муун арасында болуп  келе жаткан аракечтик, сый— урматсыздык, балдар арасындагы рекетчиликке байланышкан ыймансыз, маданиятсыздык көрүнүштөр тууралуу видеожүгүртмөлөр катышуучулардын назарына сунушталды.

Катышуучулар өз кезегинде, видежүгүртмөлөрдө чагылдырылган окуялардын тегерегинде талкуу жүргүзүшүп, өз ойлорун ортого салышты.

Иш чаранын жалпы катышуучулары тегерек столдун өтүшүнө жана анда козголгон маселелерге  оң баа беришти. Ал эми, район акими Канжарбек Эшалиев тегерек стол ушуну менен эле токтоп калбай, мындай иш чараларды райондун ар бир айылында өткөрүү маселесин көтөрүп, райондук маданият бөлүмүнө сунуштап, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.

Иш чаранын жүрүшү райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун ыр, күүлөрү менен коштолду.

М. Эшназаров

АРИС; Долбоорлор коомчулукка сунушталууда

Өткөн жуманын соңунда раймамадминистрацияда  АРИСтин ПРЖР долбоорунун координатору Алмазбек Акматалиев, ПУХПЖ долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев, социалдык мобилизациялоо боюнча адиси Мирбек Досуев, долбоордун облустук координатору Сапарбек Токоев, район акими Канжарбек Эшалиев жана район тургундарынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. IMG_20160714_143652 IMG_20160714_143705 IMG_20160714_143728

Тегерек столдо алгач, координатор Алмазбек Акматалиев АРИСтин приоритеттүү багыттары менен катышуучуларды кеңири тааныштырып, буга чейинки долбоор тарабынан республикада, анын ичинен Чаткал районунда бир топ иштер аткарылып, райондун айыл чарбасынын өнүгүүсүнө бир топ салымдар кошуп келгенин фактылар менен келтирип, бул жолку долбоорлор айыл чарбасынын, мал чарбасынын жана жайыттардын шарттарын оңдоо багытында ишке ашырылаарын маалымдады.

Тегерек столдо АРИСтен республика боюнча эң көп өлчөмдөгү каражат Каныш— Кыя айыл аймагына бөлүнүп жаткандыгы маалым болду себеби, аталган айыл аймагы долбоор тарабынан коюлган көп талаптарга жооп бергендиги менен артыкчылыкка ээ болуп натыйжада, айыл аймакка эки жүз элүү миң доллар акча каражаты берилиши күтүлүүдө.

Тегерек столдун жүрүшүндө, катышуучулар долбоордун кызматкерлерине суроолорду беришти. Аларга өз кезегинде тийиштүү жооптор алынды.

Район акими Канжарбек Эшалиев айыл аймак башчыларын жана катышуучуларды долбоорго жигердүү катышып, райондун социалдык— экономикалык маселелерин чечүүдө четте турбай, активдүү болууга чакырды.IMG-20160719-WA0007

Тегерек столдун соңунда, долбоордун Чаткал району боюнча эксперти болуп жаңыдан дайындалган Майсалбек Молдалиев катышуучуларга тааныштырылды.

М. Эшназаров

 

Район акиминин маалыматы угулду

 

Январь айынын 20сында райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким  Канжарбек Эшалиевдин өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматын угуу боюнча райондук коллегия болду.

IMG_5369

Коллегияга райондогу мекеме, ишканалардын кызматкерлери, район тургундары жана КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысы Камилжан Абдыкалыков, “Жалал-Абадэлектр” ишканасынын башчысы Азамат Паязовдор катышты.

 

Коллегия КР. МамлекетIMG_5402тик Гимни менен ачылып андан соң, өткөн жыл ичинде ак эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо салтанаты болуп, мында КР. Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Анаркулов Башкы-Терек айылынын тургуну Шайдылда Качикеевге облустук “Аймак” гезитинин Ардак Грамотасын тапшырып, башына ак калпак кийгизди.

IMG_20160120_105025

Ал эми, Бактыбек Анаркулов район акими Канжарбек Эшалиевге республикалык “Кыргыз Туусу” жана  “Ордо” гезиттеринин “Жылдын мыкты акими” номинацияларын тапшырды.

IMG_5412IMG_20160120_105217 IMG_20160120_105238 IMG_5388

Өткөн жылдагы биометрикалык каттоо иш чарасына активдүү катышкандыгы үчүн Терек-Сай айыл аймагынын экономист- статисти Айгүл Жантаевага район акими Канжарбек Эшалиев бир даана ноутбукту тапшырды. Мындан сырткары, Б. Субанов, А. Нарбекова, З. Барпиев, Г. Акылбекова, Б. Нарынбетовалар облустук жана райондук Ардак Грамоталарга ээ болушту.

Сыйлык тапшыруу аземинен соң, район акимининин отчетуна кезек берилип, алгач өткөн 2015-жыл ичинде аткарылган иш чараларды камтыган слайд шоу көрсөтүлдү.

IMG_5370

Андан кийин, район акими Канжарбек Эшалиев өткөн 2015-жылдагы аткарылган иш чаралар тууралуу баяндама жасады.

IMG_5397

Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2015-жыл ичинде райондун көп тармактарында бир топ жетишкендиктер болду. Атап айтканда, социалдык-экономикалык жана маданий тармактарда облустук жана республикалык деңгээлдеги иш чаралар жүзөгө ашырылып, Чаткал району республикадагы алдыңкы райондордун бири катары таанылды. Райондогу эки айыл аймагы-Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары дотациядан чыгып, өзүн өзү каржылай ала турган деңгээлге жетти. Аталган айыл аймактардагы кен байлыктарын иштеткен ишканалар райондун жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык жана маданий абалын  бир топ жакшыртууга салым кошушту. Мунун аркасында районго бир нече социалдык объекттер жана көпүрөлөр курулуп, жолдор асфальтталып, айылдарга ичүүчү таза суу жеткирилүүдө.  Өткөн жылдагы негизги иш чаралардын бири-Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси облустук деңгээлде өткөрүлдү.

IMG_5400

Район акиминин баяндамасынан соң, райондогу төрт айыл аймактарынын башчыларына коллегия мүчөлөрү тарабынан суроолор берилип, өткөн жыл ичинде аткарылбай калган айрым план, милдеттенмелердин  аткарылбай калуу себептери суралды. Мында, коллегия мүчөлөрү тарабынан Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймак башчыларына азык-түлүк коопсуздугу боюнча алынып барылып жаткан иштер жетишсиз экендигин белгилешип, дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүү талабы коюлду.IMG_5405IMG_5396

Андан соң, жарыш сөзгө орун берилип, А. Жантаева, Н. Мамбетова, У. Абдыкеримова, К. Исмаиловдор жарыш сөзгө чыгышып, район акиминин маалыматы тууралуу оң пикирлерин билдиришип, район акими К. Эшалиевдин ишине ийгиликтерди каалашты.IMG_5407IMG_5403

Коллегия соңунда, район акими К. Эшалиев февраль айында айылдык кеңештердин кошмо жыйынында депутаттарга дагы маалымат берилээрин, район акиминин өткөн жыл ичиндеги аткарган иштерине ошондо баа берилээрин кошумчалады.

М. Эшназаров

Район акиминин отчету канааттандырарлык деп табылды


Январь айынын 30унда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында айылдык кеңештердин кошмо жыйынынын кезектеги сессиясы болду.
Сессиянын күн тартибине 5 маселе-кошмо жыйындын президиумун шайлоо, кошмо жыйындын төрагасын шайлоо, кошмо жыйындын катчылыгын шайлоо, эсептөө комиссиясын шайлоо жана райондук мамлекеттитк администрация башчысынын райондун 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2015-жылга милдеттери жөнүндөгү отчету коюлду.
Алгач, кошмо жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселелер депутаттардын кароосуна коюлуп, кошмо жыйындын президиуму шайланган соң, кошмо жыйындын төрагалыгына Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы Урал Сейталиев бир добуштан шайланды.
Андан соң, кошмо жыйындын катчылыгы, эсептөө комиссиясы шайланды.
Күн тартибиндеги кийинки маселе боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчету угулду.
Отчетто белгиленгендей, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо эл чарба тармактарынан 2361592,9 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 100,5 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызга же 311246,3 миң сомго көп аткарылды.
Райондо айыл чарбасы тармагында жылдын жыйынтыгы менен 1038749,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 98,7 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 131,2 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2928,0 тонна эт, 8589,0 тонна сүт, 100,0 тонна жүн, 1860,0 миң даана жумуртка, талаачылыктан 1559,0 тонна дан, 5411,0 тонна картошка, 96,0 тонна май өсүмдүгү, 3377,0 тонна жашылча өндүрүлдү.
Өнөр жай тармагында 732849,0 миң сомдук продукция өндүрүлуп, план 93,5 пайызга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 94,3 пайызга аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 107 пайызга аткарылды.
Ал эми район боюнча калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жылдын жыйынтыгында 32201,0 миң сом болуп, план 109,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 110,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды
Капиталдык салымдардын көлөмү 78332,1 миң сомду түзүп, план 112,2 пайызды, 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 172,5 пайызга аткарылды.
Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 479461,0 миң сомду түзүп, план 116,1 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 117,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
Жыл ичинде райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 345423,8 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 161,8 пайыз өсүш камсыз кылынды. Анын ичинен 136042,7 миң сом айыл чарбасына, 46339,0 миң сом соода сатыкка, 123753,9 миң сом социалдык тармакка, 39288,2 миң сом ар кандай тармакка тартылган.
Райондун аймагында кредит берүү жакшы жолго коюлду. 2014-жыл ичинде райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 182344,9 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы тарабынан 379019,5 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 101,1 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 68% га камсыз кылынды.
Анын ичинен республикалык бюджетке 312311,4 миң план белгиленсе 302841,7 миң сомго аткарылып, план 97% ал эми, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 61,7 % түздү.
Жергиликтүү бюджетке 66195,7 миң сом план белгиленсе, 76177,8 миң сом топтолуп, план 115,1% пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 113,9% көп топтолгон.

Айыл аймактар боюнча алганда, Каныш-Кыя айыл аймагына жалпы 2837,0 миң сом план берилсе, 3460,6 миң сом топтолуп, 122,0 пайызга аткарылган.
Чаткал айыл аймагына 661,0 миң сом план берилсе, 932,7 миң сом топтолуп, пландан 271,7 миң сом ашыкча же 141,1 пайызга аткарылган.
Терек-Сай айыл аймагына жалпысынан 877,0 миң сом план берилсе 1621,4 миң сом топтолуп, план 744,4 миң сомго ашык же 184,9 пайызга аткарылган.
Сумсар айыл аймагына 520,0 миң сом план жеткирилген болсо, 649,5 миң сом топтолуп план 124,9 пайызга аткарылды.
Отчет окулуп бүткөн соң, депутаттар отчетто айтылган маалыматтар боюнча аким Канжарбек Эшалиевге суроолорду беритшти. Соңунда, район акими Канжарбек Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылды.
Мындан сырткары, район акими Канжарбек Эшалиев жаңырган 2015-жылга карата коюлган милдеттер жөнүндөгү маалымат берди.

Өсүү темпи бир топ жогору камсыздалды

Январь айынын 22синде райондук мамлекеттик администрацияда КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматов, райондун облустагы куратору Сабырбек Сатыбалдиев, облустук ПЛУАД-6 ишканасынын башчысынын орунбасары Камал Исманов, райондогу айыл аймак башчылары, мекеме, ишканалардын, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана тийиштүү кызматкерлери катышкан райондук коллегия болду.
Коллегияда алгач, өткөн жыл ичинде мамлекетке жана элге жасаган ак кызматы менен айырмалангандарды сыйлоо аземи болду. Мында, Чаткал айыл аймагынын башчысы Н. Мырзаяров, КР. өКМнин райондогу өкүлү А. Сулайманов, раймамадминистрациянын башкы адиси Р. Асанбаев, медайым Ж. Бекмуратова, Сумсар айыл аймагынын статисти К. Дербишевдер раймамадминистрациянын “Ардак Грамоталары” менен сыйланышты.
Андан соң, алдын ала белгиленген күн тартибине ылайык, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчету угулду.
Отчетте белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча экономикалык жана социалдык саясатын турмушка ашырууда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы эл чарбасынын бардык тармактарында бир топ аракеттер жасалган.
Атап айтканда, 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондо эл чарба тармактарынан 2361592,9 миң сомдук дүң продукция өндүрүлүп, берилген план 100,5 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 115,2 пайызга же 311246,3 миң сомго көп аткарылды.
Райондо айыл чарбасы тармагында жылдын жыйынтыгы менен 1038749,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, белгиленген план 98,7 пайызга, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 131,2 пайызга өсүү темпи камсыз болгон. Анын ичинен район боюнча мал чарбасынан 2928,0 тонна эт, 8589,0 тонна сүт, 100,0 тонна жүн, 1860,0 миң даана жумуртка, талаачылыктан 1559,0 тонна дан, 5411,0 тонна картошка, 96,0 тонна май өсүмдүгү, 3377,0 тонна жашылча өндүрүлдү.
Өнөр жай тармагында 732849,0 миң сомдук продукция өндүрүлуп, план 93,5 пайызга, ал эми 2013-жылга салыштырмалуу 94,3 пайызга аткарылып, район боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 107 пайызга аткарылды.
Ал эми район боюнча калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү жылдын жыйынтыгында 32201,0 миң сом болуп, план 109,3 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу 110,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды
Капиталдык салымдардын көлөмү 78332,1 миң сомду түзүп, план 112,2 пайызды, 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 172,5 пайызга аткарылды.
Чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 479461,0 миң сомду түзүп, план 116,1 пайызга аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 117,9 пайыз өсүү темпи камсыз кылынды.
Жыл ичинде райондун экономика, социалдык тармактарына жалпысынан 345423,8 миң сомдук инвестиция тартылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 161,8 пайыз өсүш камсыз кылынды. Анын ичинен 136042,7 миң сом айыл чарбасына, 46339,0 миң сом соода сатыкка, 123753,9 миң сом социалдык тармакка, 39288,2 миң сом ар кандай тармакка тартылган.
Райондун аймагында кредит берүү жакшы жолго коюлду. 2014-жыл ичинде райондун калкына финансы-кредиттик уюмдар тарабынан 182344,9 миң сом кичи жана орто кредиттер берилип, калктын жашоо турмушун жакшыртуу, өз чарбаларын жана ишкердүүлүгүн өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлдү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы тарабынан 379019,5 миң сом салык жана жыйымдар топтолуп, берилген план 101,1 пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 68% га камсыз кылынды.
Анын ичинен республикалык бюджетке 312311,4 миң план белгиленсе 302841,7 миң сомго аткарылып, план 97% ал эми, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 61,7 % түздү.
Жергиликтүү бюджетке 66195,7 миң сом план белгиленсе, 76177,8 миң сом топтолуп, план 115,1% пайызга, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 113,9% көп топтолгон.

Айыл аймактар боюнча алганда, Каныш-Кыя айыл аймагына жалпы 2837,0 миң сом план берилсе, 3460,6 миң сом топтолуп, 122,0 пайызга аткарылган.
Чаткал айыл аймагына 661,0 миң сом план берилсе, 932,7 миң сом топтолуп, пландан 271,7 миң сом ашыкча же 141,1 пайызга аткарылган.
Терек-Сай айыл аймагына жалпысынан 877,0 миң сом план берилсе 1621,4 миң сом топтолуп, план 744,4 миң сомго ашык же 184,9 пайызга аткарылган.
Сумсар айыл аймагына 520,0 миң сом план жеткирилген болсо, 649,5 миң сом топтолуп план 124,9 пайызга аткарылды.
Район аймагында иш жүргүзгөн “Вертекс Голд Компани”, “Фонта”, “ЗААВ Чаарат” жана “Кичи Чаарат” фирмаларынын колдоосу менен Каныш-Кыя-Жер-Капчыгай айылдарынан өткөн негизги жолдун 3,5 км аралыгы 21 млн. 100 мин сомго ал эми, Транспорт министрлиги тарабынан 12 000 000 сомго Жаны-Базар, Курулуш айылдарында 2 км жолго асфальт төшөлдү. Ак-Таш айылына кетчү көпүрө 650 000 сомго капремонттон өткөрүлдү жана Ала-Бука-Жаны-Базар автожолунун 96 кмдеги (Терс участогу) жер көчкүнү суруп жол салып турууга 353000 сом каражат сарпталды. Ошондуктан эле, жол каттамдарын камсыз кылуу үчүн районго 1 автопогрузчик алынып келинди. Белгилей кетчү нерсе эң татаал участоктордун бири болгон Чакмак-Суу айылынан Кара-Буура ашуусуна чейинки 25,7 км аралык ДЭП-27 ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

коллегия 1 коллегия 2 коллегия 3 коллегия 4

2014-жылда катталган 23 фирмадан 6 фирма, булардын ичинен 2 фирма изилдөө (“ЗААВ Чаарат” ЖАКу, “Кичи Чаарат”ЖАКу) жана 4 фирма алтын өндүрүү боюнча (“Вертекс Голд Компани”ЖЧКу, “Фонта” ЖЧКу, “Кай Интерпрайз” ЖЧКу, “Кыргызалтын” ААКу) иштеген. Аталган фирмалардан финансылык колдоолору аркылуу 2014-жыл ичинде көптөгөн иштер аткарылды. Алардын айрымдарына токтоло турган болсок аталган суммадан: 21 100 000 млн. сомго Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автожолунун Каныш-Кыя жана Жер-Капчыгай-Айгыр-Жал участкаларына 3,5 км асфальт төшөлдү. Андан сырткары курулушу өткөн жылда башталган Кызыл-Токой айылына Таза-Cуу проектиси 32 млн сомго бүткөрүлдү. “Кай Интерпрайз” фирмасынын каржылоосу менен Коргон-сай айылына 2 000 000 сомго көпүрө курулуп ишке берилди. “Ю.А.Гагарин” орто мектебине окуучуларды ташуу үчүн автобус сатып алууга 200 000 сом жана “Жылдызча” бакчасынын кошумча имаратынын курулушуна 200 000 сом салым кошулду. Ошондой эле, Каныш-Кыя жана Жаны-Базар айылдарына калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн “Чаарат ЗААВ” фирмасынан 1 000 000 сом каражат которулуп арзан баадагы эки дүкөн уюштурулуп ийгиликтүү иштеп жатат. Андан сырткары аталган фирма тарабынан Каныш-Кыя-Кировка автожолунун “Каракысмак” участогун кеңейтүү боюнча 2 153 125,93 сомдук иш аткарылып, жолдун тар жерлери жардыруу иштери аркылуу кеңейтилген. Райондогу дагы бир стратегиялык курулуш обьектиси болгон санэпид көзөмөл борборунун лабораториясынын курулушуна “Кай Интерпрайз” фирмасы 500 000 сом акча каражатын которуп берген. Чаткал айыл аймагына Жаңы-Базар айылынын таза суу түтүктөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө “Чаарат ЗААВ” ЖАКу 1 млн. сом которуп берип, тендер өткөрүлгөн. Чаткал айыл аймагынын кеңсесинин ремонтуна “Кичи Чаарат” ЖАКу 400 000 сом жардам берген. Жаны-Базар айылынын маданият үйүнө 100 000 сомго музыкалык аппаратура сатып алынган. Жаны-Базар айылындагы мечиттин ремонтуна 600 000 сом каражат берилген. “ЕТ Гео” фирмасы 150 000 сом спорттук эмеректерди жана 400 000 сом башка муктаждыктар үчүн Ак-Таш айылына финансылык колдоо көрсөткөн. “Эвентус” фирмасы тарабынан Терек-Сай айылы менен Кызыл-Токой айылынын ортосундагы автомобиль жолуна 25 км. аралыкка шагыл төшөлгөн. Терек-Сай орто мектебине “Хайленд эксплорейшн” фирмасы 150 000 сом акча каражатын демъърчлк жардам катары бөлүп берген. Жаны-Базар айылына “Бустер” фирмасы тарабынан сметалык баасы 10 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 50%ы аткарылды. Айгыр-Жал айылына “Вертекс Голд Компани” ЖЧКу тарабынан сметалык баасы 20 млн. сом болгон көпүрөнүн курулушу бүгүнкү күнгө 30%ы аткарылып, 2015-жылда бүткөрүлүп ишке берилет. Ошондой эле райондо медицина тармагындагы адистердин тартыштыгынан 7 студентти аталган адистикке окутуп даярдоо боюнча райондогу фирмалар тарабынан каржыланып жатат. Кызыл-Токой айылына маданият үйү 8 млн.,400 мин сомго курулуш иштери башталып, бүгүнкү күнгө 6 255 000 сомдук жумуш аткарылып быйылкы жылда бүткөрүү жагы пландаштырылып жатат. Ошондой эле, райондо “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” фирмаларына кошо “Вертекс Голд Компани” фирмасы да өкүлчүлүктөрү ачылды жана фирмалар тарабынан район тургундарына 138 жумуш орду түзүлгөн. Дагы бир чоң окуялардын бири-өткөн жылдын 28-ноябрында Терек-Сай айылында “Кассан” сурьма участогу ачык-айкын жергиликтүү коомчулуктун көз алдында аукционго коюлуп, 4 521 000 долларга сатылды. Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагынын өздүк бюджетинен 12 млн. сомго 3 км жолго асфальт төшөлүп, 2,5 км. аралыкка тротуар курулду жана Каныш-Кыя-1 көпүрөсү 495 000 сомго, Каныш-Кыя-2 көпүрөсү 484 000 сомго ремонттолду. Ал эми Каныш-Кыя айыл аймагынын кеңсеси 5,9 млн. сомго заманбап капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
«Ыдырыс Ата» күмбөзү райондо тарыхый туристтик обьект болуп эсептелинет. 2014-жыл ичинде туристтик обьект катары жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында ар кандай көчөттөр (карагай,арча) тигилип, демөөрчүлөр тарабынан кошумча туристтер тамактануучу жана тамак бышыруучу жайлар жана о.э. жеке демөөрчүлөр аркылуу 100000 сомдук жергиликтүү бюджеттен 125000 сомго арка курулуп, фонддон отургучтар орнотулуп, ишке берилди.
Райондук мамлекеттик администрациясынын жана мекеме–ишканалардын колдоосу менен 150 000 сомдук жумуштар аткарылып, 2014-жылы жалпы 3545 туристтер келишти. Анын ичинен 3542 жергиликтүү туристтер, 2 КМШ, 1 чет өлкөдөн келген.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин отчетунан соң, райондук ветборбор мекемесинин башчысы Ж. Жолдошев, Каныш-Кыя айылдык кеңешинин башчысы Э. Кошбаев, “Байчечекей” балдар бакчасынын башчысы У. Абдыкеримова, райондук социалдык фонддун башчысы А. Эшикуловдор жарыш сөзгө чыгышып, аким К. Эшалиевдин отчету канааттандыраарлык экендигин бир ооздон белгилешти.
Жарыш сөздөн соң, КР. өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Мамасалы Акматовго сөз берилди. Ал өз сөзүндө, райондун Сумсар, Терек-Сай жана Чаткал айыл аймактарында болуп жаткан иштер менен жалпы таанышкандыгын айтып, келечекте Чаткал жана Ала-Бука райондору өзүн өзү камсыздаган район болоорлугу тууралуу оң пикирлер барлыгын, себеби, бул эки райондо тоо кен тармагынын келечеги кең экендигин белгилеп–районго тоо кен мекемелеринен тиешелүү каражаттар түшө баштаса, албетте, бардык тармактарда алга жылуулар болот. Тоо кен ишканалары менен тыгыз иштешип, алардан түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланып, бардык тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылуу керек-деди. Ал буга кошо эле, быйыл башталчу АРИС программасына долбоорлорду жазып, бир топ иштерди бүткөрүп алууга болоорлугун айтты.