Архив метки: Айтматов

А.Баймырзаев орто мектебинде улуу жазуучу эскерилди

16-ноябрь күнү А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду эскерүү кечеси » болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган залкар жазуучубуздун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, Айтматовдун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ырлар аткарылды
Мындан сырткары мектепте Ч. Айтматовдун 90 -жылдыгына атайын бурч уюштурулган

баймырзаев 1 баймырзаев 2 баймырзаев 3 баймырзаев 4

 

М.Эшназаров

 

30-декабрда Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы “Ч. Айтматов” атындагы райондук маданият үйүндө район акиминин Балаты майрамы болду.

Аталган майрамдык иш чарага айыл аймактардан жарым, тоголок жетим балдар жана мыкты окуган окуучулар, жалпысы 85 бала катышып,  район акими Канжарбек Эшалиевдин өз колунан жаңы жылдык белектерди алышты. Район акими Канжарбек Эшалиев белектерди тапшыруу менен бирге, катышуучуларга жаңы жылдык куттуктоо сөзүн сүйлөп, алардын окууларына ийгилик, өздөрүнө бекем ден-соолук каалады.

акимдин балатысы 2 акимдин балатысы 3

Иш чаранын алкагында буга кошо эле, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан ыр, бий коштогон чакан концерт тартууланып, катышуучулар Аяз Ата жана Аяз Кыздын коштоосунда майрамдык шаңга бөлөнүштү.

Майрамдык иш чарага район аймагында кен казуу жана чалгындоо иштерин алып барган “Кичи Чаарат”, “Чаарат ЗААВ” жана район акиминин фондунан жалпысы 30 миң сом акча каражаты жумшалды.

Кошумчалай кетчү нерсе, Терек-Сай жана Сумсар айыл округдарындагы жарым, тоголок жетим 20 балага район акиминин  атынан белектер жөнөтүлдү.