Архив метки: Айдай Сулайманова

Чаткал археологиялык мурастарга бай аймак экендиги талашсыз

  Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аймагында жайгашкан тарыхый эстеликтердин сакталуу абалдары тынчыздандырууда. Жыл өткөн сайын тарыхый-маданий мурастарын сактоо, кам көрүү жана тарбиялык маани-маӊызын пайдалануу иштеринин ордуна, тескерисинче кыйратуучулук көрүнүштөр көбөйүдө. Жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда, мындай абалдын түзүлүшүнө түздөн-түз антропогендик (киши колдуу) факторлор себеп. Алардын бири түрдүү максаттагы жер өздөштүрүү – курулуштарды жүргүзүү (жаны конуштар, фермалар,жол, көпүрө, суу сактагычтар, электр зымдарын өткөзүү, дыӊ жерлерди айыл-чарба максатында өздөштүрүү, кен иштетүү, жаӊы мүрзөлөрдү куруу ж. б.). Дагы бир фактор – жеке адамдардын жер астында жаткан металл буюмдарды аныктоочу приборлор (шаймандар) аркылуу археологиялык мураска таандык баалуу буюмдарды казып алып сатуулары. Мындай жол менен табылган тарыхый баалуулуктар көбүнчө мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстандын аймагынан контрабандалык жол менен чет өлкөлөргө чыгарылып кетүүдө. Ал эми ушундай иштерге катышы бар жарандар керт баштарына киреше алып келчү тармак катары алектенип, алардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Демек байыркы буюмдарды сатып алуучулар да арбын.

Айдай СулаймановаЧалдыбардан табылган карапа ийик башы. Башкы-Терек айылыАрча м-н бекемд-н жер астындагы арык. Суулу-Тегерек Бузулган мурзодогу карапа идиш. Чакмак-Суу айаылы Жаны турак жайды каттоо. Аюу-Чачы  Ал эми байыркы буюмдардын тагдыры андан ары жеке адамдардын менчиги катарында, башка чөйрөгө котортулуп, андан ары чайкоочулардын буюмуна айланууда. Ал эми Кыргызстандын булуӊ-бурчунан байыркы буюмдарды казып алып, сатып пайда көрүү менен шугулданган жарандардын жасаган жоруктары мыйзам боюнча, – “байыркы буюмдар материалдык маданият эстеликтери катары, мамлекеттик органдын уруксаатысыз өлкөнүн чегинен сыртка чыгарып кетүүгө тыюу салынат” (Тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамдын 33-беренеси). Мындай иш жасаган жарандар коомдо «кара археологдор» катары ХIХ к. бери белгилүү. Бирок учурдагы «кара археологдордун ишмердүүлүгү» чексиз күчөп, чоӊ киреше алчу бизнестин түрүнө айланган. Бул фактордун күч алышынын бир нече себептери бар: таберик (реликвия) буюмдарга суроо-талаптын кызуусу, аларды контрабандалык жол менен сатуу аракеттеринин «жолго салынышы» жана аларга өкмөттүн чара колдонбогону. Мыйзамдын күчү кагаз бетинде калып, иш жүзүндө алсыз болушу. Ал эми ушул күнгө чейин таберик контрабандачыларынын жасаган иш-аракеттери тергелип тийиштүү жазага тартылбашы.

Жогоруда айтылгандай жолдор менен тарыхтын унчукпас күбөлөрү кыйроого дуушарланып, канчалаган белгисиз эстеликтердин издери түбөлүккө жоюулууда. Кесепети маданий мурасыбызга жана илим чөйрөсүнө орду толгус зыян келтирип жатат. Андыктан учурда кантип бузулууларга, тоноочулукка бөгөт коюп сактап калабыз, ал үчүн кандай иш-чараларды көрүү керек деген чон маселе турат. Демек эстеликтердин арасы суюлганча сактоо чараларын иштеп чыгуу жана уюштуруу зарыл. Убагында чара көрүлбөсө, илимий жана маданий мааниси зор болгон эстеликтерден кол жууп калуу коркунучу, ал эми илим багытында болсо изилдөө жүргүзүп, кур дегенде документештирип калуу маселеси курчууда. Масштабдуу сандагы эстеликтердин эсебин алып, абалын каттоо, изилдөө жана документештирүү иштери солгун жүрүүдө. Анткени каржылоо жокко эсе, ал эми саналуу адистердин күч-аракеттери жетишсиз. Ошондой эле жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органында иштеп жаткан маданият бөлүмдөрү, архитектура башкармалыгы, айыл аймактарынын башчылары жана айыл башы менен бирдиктүү иш-чараларды жигердүү жүргүзүүлөрү абзел. Тарыхый-маданий мурастарды коргоону жана пайдаланууну Маданият, маалымат жана туризм министирлиги жөнгө салары маалым эмеспи. Андыктан сөз болуп жаткан маселелерге тийиштүү мыйзам жоболору, жарлыктар, жана токтомдордун негизинде министирлик менен бирдикте иш алып баруу керек. Ал эми илим багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий мекемелердин адистери менен иш алып барууга болот.

 

 

Чаткал өрөөнундөгү эстеликтердин абалы

 

Мамлекетибиз өз алдынча болгондон тартып бир топ жылдар ичи Чаткал районунун тургундары тунжураган жашоо өткөрүп, чарбачылык, билим, маданият ж. б. у. с. чөйрөлөрдө жаӊылануу жана өнүгүү жышааналары солгундап калган эле. Бирок акыркы мезгилдерде өрөөндүн кен байлыктарын иштетүү максатында жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорду тартып, жаӊы жана совет доорунда башталып аягына чыкпай калып кеткен кен алуу объектилери кайрадан ишке киргизилүүдө. Бул көрүнүш чаткалдыктардын турмушуна социалдык экономикалык жактан бир топ жагымдуу өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Кен иштетүүчү компаниялардын жардамы менен акырындап унаа жолдорунун оӊолушу өрөөнгө келип кетүү мүмкүнчүлүгүн, техника менен унаанын көбөйүшү чарба жүргүзүү шарттарын жеӊилдетүүдө. Жергиликтүү тургундарга жумуш ордулары пайда болуп, айрыкча жаштардын жер кезгендери да басандап калды десек болот.

Бирок жаман-жакшы бир жүрөт демекчи, кен иштетүү жергиликтүү экологиялык коопсуздуктун абалына терс таасирин тийгизүүдө. Алардын катарында тарых жана маданият мурастарынын абалына да зыян келтирерин белгилеп, макаланын негизги максаты эстеликтерди коргоо маселелерине арналгандыктан сөздү ушул нукта уланталы …

Чынында акыркы жылдардын ичинде Чаткал өрөөнүндөгү археология эстеликтерине байланыштуу көйгөйлүү маселелер өткөн кылымга караганда бир топ курчураак десек болот. Алардын ичинен айрыкча кен өндүрүү долбоорлорун иш жүзүнө ашырууда келип чыккан терс жактары. Мында ири аянттагы жер тилкелер алдын ала археологиялык экспертизадан өткөрүлбөстөн иштетилиши. Жер кыртышы техниканын күчү менен бир нече метрге жеткен тереӊдикке чейин алынып бузулат. Ошону менен жер бетинде сакталган эстеликтердин түзүлүшү, эсеби, кайсыл элдин маданиятына жана доорго таандык экендиги тууралуу маалыматтар алынбастан бузулуп белгисиз бойдон калып жатат.

Кен иштетүү максатын алдына койгон ишканалар дыӊ жерлерди жарандар, археология эстеликтеринин бар же жогун аныктаган чечимсиз эле курулуш иштерин жүргүзүп башташат. Мындай иштер түздөн-түз тарых илимине чон зыян алып келет жана маданият эстеликтеринин изсиз жок болушуна өбөлгө түзчү мыйзамсыз кадам. Андыктан кен иштетүүгө бөлүнгөн аянттарды алгач эксперттик изилдөөдөн өткөрүү зарыл. Бул талап аткарылбаса жер убактылуу колдонуу үчүн жеке ээликке берилбейт деген маанидеги чечимди Маданият, маалымат жана туризм министирлиги тарабынан берилет. Ал эми бул талап аткарылбаган учурда административдик жоопкерчилик кодекси боюнча жерди пайдалануучу  жазага тартылат, же көрсөтүлгөн өлчөмдөгү жазапул өндүрүлөт. Ошондуктан эстеликтердин бар же жоктугун аныктаган корутунду чыкканга чейин жер аянттын өздөштүрүнүн бардык баскычы мыйзамсыз иш катары бааланат. Эксперттик изилдөө жүргүзбөстөн жерди өздөштүрүү эстеликтердин бузулушу толук мүмкүн деген корутундуну чыгарууга негиз жаратат. Жер кыртышы бузулган тилкеден табылган археологиялык буюмдардын кандай гана калдыктары болбосун, алар бөлүнүп берилүүчү жер тилкелеринде тарых жана маданият мурастарынын орду болгондугун ырастайт. Ал эми андан ары эстеликтин жайгашкан ордун так аныктап, изилдөө жана документештирүү иштери чоӊ кыйынчылыктарды жаратат. Мында биринчиден өздөштүрүлгөн жердин аянтын бүтүндөй казып эстеликтин жайгашкан ордун табуу керек болот. Ал үчүн адам күчү, узак убакыт жана ири өлчөмдөгү акча каражаты жумшалат.

Эстеликтерди сактоо жана изилдөө иштеринин натыйжалары кандай маселелердин бетин ачат жана орду тууралуу окурманга айкыныраак болуш үчүн кыскача сөз кылып кетсек.

Азыркы Кыргызстандын аймагында эстеликтердин негизги бөлүгү малчылык менен алектенген көчмөн элдердин маданиятына мүнөздүү жана алар жергебиздин бүткүл аймагында жайгашкан. Коло доорунан (биздин заманга чейинки II мин жылдык) тартып кыргыз мамлекеттүүлүгү (XVI кк.) түзүлгөнгө чейинки мезгилдин ичинде каада-салты, диний ишенимдери жана дүйнөгө болгон көз-караштары түрдүү болгон элдер жашап өткөн. Алардын издерин көбүнчө өлүк коюу салтарын камтыган мүрзөлөрдү, кээде турак-жайларын изилдөө жолу менен кайсыл уруулар кандай доордо жана кайсыл аймактарга чейин тарап жашап өткөндүгү, кандай салттарды карманышкан, турмуш-тиричилиги, жашоо образдары кандай болгон деген ж. б. у. с. маалыматтарды ала алабыз.

Айрыкча өлүк коюу салтына тиешелүү эстеликтерди изилдөөдө бир уруу элдин кандай аймактарда кайсыл доорго чейин жашагандыгы, калктын коомдук түзүлүшү, саны, башка уруудагы эл менен болгон байланыш алакалары, салттык окшоштук (жакындык) же айырмалары, жашаган ээликтерин жана анын чектерин ж. б. да көптөгөн маселелердин айланасындагы жооптордун негизинде тарыхыбызды тактай алабыз. Ошондой эле байыркы элдин жашаган аймактары жана алар тараткан маданияттын издери жөнүндөгү картаны ушул эстеликтердин жардамы менен түзүүгө болот.

Учурда мамлекеттердин көбү көөнө тарыхын, өнүгүү жолун, тилин, маданиятын тынымсыз изилдөө менен тереӊдетип келишет. Мисалга алыс кетүүнүн зарылчылыгы жок. Коӊшу Казахстан, Өзбекистан жана Таджикистан өлкөлөрү маданий мурастарын сактоо үчүн мамлекеттин деӊгээлинде кам көрүп каржылашат, илимий изилдөө, сактоо, эстеликтерди ачык асман алдындагы музейлерге айлантууда, жаӊы музей имараттарын курушууда.

Ал эми биздин өлкөдө кандай оӊ жышааналар жүрүүдө? Бул суроого жоопту келечекте алабыз деген үмүтүбүз бар.

Тарыхтын баары эле жазылып кала берген эмес, ал эми археологиялык эстеликтер өткөн тарыхыбыздын элесин берчү күзгү. Жыл өткөн сайын алар жогоруда белгилегендей түрдүү факторлордун тийгизген терс таасирлеринен бузулуп азайып барат. Сактап калуу, жайылтуу, музейлерге айлантуу боюнча дүйнөлүк масштабдагы ири уюмдар иштейт, бирок алардын колу кыска. Ошондуктан ар бир өлкөнүн жарандары жер-жерлериндеги эстеликтерине кам көрүү жана сактоо үчүн жапа тырмак салым кошпосо, бул уюмдардын жасаган аракеттери, усулдары, жардамдары, каккан конгуроолорунун натыйжалары жетишсиз бойдон кала берет.

Көйгөй өлкөнүн бардык бурчуна мүнөздүү, бирок Чаткал жеринде бөтөнчө экенин дагы белгилейбиз. Себеби бул чөлкөмдө кен байлыктарын иштеткендердин саны өсүп, жер тилкелери маданий мурас объектилери жок деген корутундуусуз (уруксааты жок) эле ири аянттагы жер кыртыштарын техника менен сүрүп-казып, ачык түрдөгү карьерлерге айлантышууда. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун улук илимий кызматкери Илья Мезгин азыркы Чаткал районуна караштуу аймакта Касан-Сай суусунун куймалары Кара-Төбө, Андагул менен Ыштанберди сууларынын ортолугунда жайгашкан орто кылымдардагы (IX-X кк.) эӊ ири кен иштетүүчүлөрдүн өндүрүштүк жана турак жай курулуштарынын бүтүндөй орду азыркы кен өндүрүүчүлөр аркылуу бузулуп атканы тууралу өкмөткө жана ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча улуттук комиссиясына кат менен кайрылган. Бул өзгөчө жана сейрек сакталган эстеликтер жөнүндө басма жана интернет каражаттары аркылуу атайын макала да жарыяланган.

Ушундай эле бүлүнгөн жерлер Чаткал өрөөнүндө көп экендигин, айрым адистер жана жергиликтүү тургундар да айтышат. Буга өзүбүз күбө болгон Актам (Касан-Сайдый боюнда), Чанач, Суулу-Тегерек жана Куру-Тегерек капчыгайларында орун алган ачык карьерлер жөнүндө айтсак.

Өткөн жылы археологиялык чалгындоо иштери өрөөндүн жогорку бөлүгүндө Кара-Буура ашуусун карай жүргүзүлгөн эле. Ошол учурда жергиликтүү ишкердин Суулу-Тегерек суусунун Чаткалга (оӊ жээк) куйган жердеги тектирди казып иштеткенине күбө болдук. Мындагы казылган аӊ ичинде 4-5 метр тереӊдикте атайын таштар менен корумдалып курулган ноо (дренаж) сыяктуу бир нече арыктардан суу оргуп агып жатты. Бул эски кенчилердин жер астынан баалуу кен алуу үчүн жасаган курулуштардын (шахта) ордунда топтолгон суулар ноолор аркылуу сайдын боорунан сыртка агып чыгышын камсыздаган курулуштар болгон. Алгач жети-сегиз жыл мурун ушундай эле көп сандаган жер алдындагы курулуштар жети-сегиз жыл мурун Суулу-Тегерек капчыгайын казууда жолуккан. Бул жерде айрым арыктар арча устундар менен бекемделген. Натыйжада кен өндүрүү токтогон соӊ, капчыгайдын ичи иштетилген таш-топурактар менен кайра тапталып, жер алдындагы курулуштар биротоло талкаланган. Учурда Куру-Тегерек сайындагы топурактарды казууда да жер астындагы арыктар жолугууда.

Ошондой эле жергиликтүү ишкер иштетип жаткан тектирдин тигинен кесилген кыртыштан көмүлгөн кишинин баш сөөгү көрүнүп калган. Буга чейин тектирдин (сайдын сол жагы) үстүнөн бир нече эски мүрзө катталып, фото сүрөтү түшүрүлгөн эле. Аз убакыттын ичинде биз каттаган мүрзөлөр жер менен кошо алынып кеткен.

Бул иш тууралу кабар Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысына жана маданият министирлигинин маданий мурас бөлүмүнө өз убагында жеткирилген жана биздин ишкер менен жолуугуга болгон аракетибиз оӊунан чыккан жок. Бул тууралу айыл башчысы менен байланышканда алтын жуугандар жергиликтүү бийлик органдарынан эч кандай уруксаат албастан иштерин баштагандыгын билдик. Ошондой эле маданият министирлигин ушул маселеге тийиштүү бөлүмүнө да чара көрүүлөрүн сурап маалымдадык.  Иш көрсөтүп тургандай жергиликтүү жарандар «өз жеринде» билгенин жасашат жана мыйзам жоболоруна баш ийбегени факт экенин көрүнүп турат. Эӊ сонун мисал, мыйзам талаптарын аткарууну биринчи өзүндөн башта жана башкаларга үлгү бол! Алгач мындай жоруктар жергиликтүү бийлик органдары аркылуу токтотулушу керек жана мыйзам негизинде жаза чарасы жүрүшү керек. Бул иш мисал болгондой, «өзүм билемдик» иштер жасалып келген жана дагы да уланары талашсыз. Эрте-кечтир чек коюлуусу керек. Ал эми жогоруда белгиленген бузуукулук иш тийиштүү органдар аркылуу тергелип, жыйынтык чыгат деген ойдобуз.

Ошондой эле Чанач капчыгайынын ичи токой-суусуна карабастан жер кыртышы толук ойрондолуп, топурагынан алтын чайкап алуу аракеттери төрт жылга чукул улантылып келет.

Ал эми Жамгыр өзөнүндө (Талас Ала-Тоосунун Чаткал тарабында, Кара-Буура ашуусуна жакын) бир нече түстүү металлга бай жер кыртышы казып алынып, топурагы Казахстандын жерине ташылып жатканына он жылдын жүзү болду.

Азырынча Чаткалдагы кен өндүрүүчүлөрдөн үч ишкана археологиялык эскперттик чалгындоо иштерин уюштурушуп, натыйжасында табылган археологиялык эстеликтерди толугу менен казып изилдөө аракеттери ишканалар тарабынан каржыланды. Эстеликтерди илимий багытта толук изилдеп документештирүү иштери Чандалаш суусунун башындагы Чаар-Ат жеринде жана Чакмак-Суу капчыгайынын Куру-Тегерек жеринде жүргүзүлдү. Куру-Тегеректеги жер тилкелеринде курулуш долбоорлору толук аягына чыкканча баштапкы эки жылдагыдай эле археологдордун көзөмөлүндө болот.

Дагы бир факты – бул жаӊы конуштардын курулушу. Мисалы Чакмак-суу айылы түштүк-батыш тарапты карай кеӊейип бара жатат. Бул айылдын тургундары Чаткал суусун жээктеп турчу тектирде VI-VIII кк. курулган мүрзө дөбөлөрүн техника менен эле сүрдүрүп, андан чыккан таштарды топтоп жаӊы курулуп жаткан үйлөрдүн пай-дубалын түптөөгө колдонуп жатышат. Топурак үйүп курулган мүрзө дөбөсүнүн ортосу иргелген суу-таштардан таар бөлмө сыяктуу тургузулуп, ичине маркумдун сөөгү тиричилик буюдары менен кошо коюлган. Таш бөлмөлөр жердин бетине эле курулгандыктан, мүрзө дөбөлөрүн сүргөндө бир көлөмдөгү таштар менен кошо кишинин сөөктөрү, карапа идиштер да талкаланып чыгат. Бул көрүстөндү өткөн кылымдын ортосунда А.К. Кибиров изилдеп беш мүрзө ачкан. Ушундай эле түзүлүштөгү мүрзөлөр Тулеберди, Арал, Кызыл-Бел (Жер-Көпүрө) жана Кызыл-Алма деген жерлерде да ачылган. Учурда Чакмак-Суу айылынын тургундары тиричилик таштандыларын сүрүлгөн мүрзөлөрдүн  үстүнө ыргытып таштанды жайларына айлантып алышкан.

Байкоомдо азыркы жергиликтүү жашоочуларга тиешеси жок эски көрүстөн болгондуктанбы тартынбастан эле бузуп, таштарын курулуштарга жумшашат. Ал эми кишинин сөөктөрү аларды сестендирбейт. Балким азыркы салттагыдай эле киши сөөгү жер астында көмүлгөн деген ойдо мүрзөнүн үстүн гана бузуп алгандай ойдо болуштары мүмкүн. Бирок тарыхый-маданият мурастарын сактоо жобосу боюнча эстеликтердин айланасында атайын изилдөө чараларынан сырткаркы иштерди жасоого, бузууга  тыюу салынат.

Бул иштер боюнча айрым тургундарга жана айыл башына бул мүрзөлөр тууралу кыскача маалымат жана жасалып аткан бузуу иштерин токтотуу зарылдыгы боюнча эскертме берилди. Ошондой эле Чакмак-Суу айылынын жакасында жайгашкан көрүстөндүн ар бир мүрзө дөбөлөрүнүн саны, абалы катталып, фотосүрөттөрү алынды.

Акыркы эки жыл ичинде Чаткал өрөөнүндөгү эстеликтерди изилдөө жана абалдарын каттоо менен алектенген топтун айрым жергиликтүү тургундарына жүргүзүлгөн айрым суроо-жооптордо, эски мүрзөлөрдө жана шаар чалдыбарларында чоочун адамдардын көп кездешерин, алардын көпчүлүгү археологбуз, жасаган иштерибизге тийиштүү документерибиз бар дегендери тууралуу маалыматтарды алдык. Айрым тургундар болсо, силер кечиктинер, алда канчан археологдор эстеликтерди изилдеп кетишкен, силерге «эч нерсе» калган жок деген ойлорун айтышты. Мындай маалыматтарга караганда “чоочундар” археологиялык эстеликтерде мыйзамсыз иштерин жасашканы айдан ачык эмеспи.

Ошондой эле чоочун (белгисиз) жарандардын эстеликтерде «иш» кылып жүргөндөрүн археологдор да учуратат. Белгисиз дегенибиздин себеби, чоочундар жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын каттоосунан өтүшпөйт жана эстеликтерди атайын изилдөөгө уруксат берүүчү «Ачык кагазга» ээ эмес. Ачык кагаз улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданият институтунун алдындагы археологиялык талаа иштер комитетинин чечими аркылуу, археолог адистиги боюнча эмгектенген илимий кызматкерлерге гана берилет жана бул уруксаат кагаз маданият министирлигинде катталган соӊ эстеликтерде иштөөгө болот. Бардык категориядагы тарыхый-маданият мурас объектилери Мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет жана алардын айланасында иш жүргүзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик бийлик органында уруксаат кагазын каттодон өткөрбөгөн жарандардын пайда болушу чоочун болуп эсептелинет. Алардын жасаган иш-аракеттери мыйзамга каршы келгендиги үчүн тыюу салынат.

Мындай «иштер» менен алектенген жарандарды «эстелик көркоолору» деп атасак да жарашат деп ойлойм. Алар металл издөөчү шаймандары менен эстеликтердин үстүнөн буюмдардын (темир, коло, күмүш, алтындан жасалган түрдүү кооздук, зер, тиричилик буюмдары, эмгек жана согуштук куралдар, тыйын ж. б. нерселер) ордун аныктап, казып-чукуу менен бузуп, тоноочулука барышат.

Ар бир адис-археолог талаа-иштерин кайсыл гана эстеликте иш жүргүзбөсүн, ар дайым «эстелик көркоолорунун» чукуп казган издерине туш болушат. Бул эстелик көркоолору айрыкча байыркы шаар жана турак-жай урандыларынан турган эстеликтерге кол салышат. Жакындап келген кишинин «кооптуу» экенин байкаса сөзгө келбейт. Күтүп турган унаа менен заматта убактылуу көздөн кайым болушат да кайрадан эле пайда болушат. Мындай окуялар далай учурайт жана ар жолу маданият министирлигинин маданий мурас бөлүмүнүн адистерине кабарланат. Кээде жергиликтүү милиция органына кайрылып, арыз жазган учурлар да болгон, бирок натыйжасыз бойдон калууда.

Өткөн жылы мындай контрабандалык иштерге бөгөт коюу максатында “Тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамдын 33-беренесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилген: «Археологиялык иштерди, анын ичинде суу астындагы иштерди өз алдынча жүргүзүү, ошондой эле атайын техникалык каражаттар болуп саналган металл издөөчүлөрдү, металл детекторлорду, радарларды жана магнит приборлорун тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан атайын уруксаатсыз (ачык бараксыз) пайдаланууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет (2015-ж. 20-мартындагы N 65 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык).

Демек беренеде көрсөтүлгөн жер алдындагы металл буюмдарын аныктап берүүчү шаймандардын бардык түрү атайын уруксааты –»ачык кагазы» жок эстеликтерде колдонуу мыйзамсыз. Шаймандарды уруксаатсыз колдонууда административдик айыптар салынып, шаймандар жана казып алынган буюмдар конфискацияланат (Административдик жоопкерчилик кодексинин 117-4 беренеси). Бул иш-чаралар административдик жоопкерчилик кодексинин негизинде мамлекеттик борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тарабынан акты түзүү менен иш жүзүнө ашырууга болот.

Эстеликтердин эсебин алуу, коргоо, пайдалануу жана изилдөө менен алектенген адистер, алардын мурдагы жана учурдагы физикалык абалдарына байкоо жүргүзүп (мониторинг), ар бир өзгөрүүлөрдү белгилеп, ченеп-өлчөө жана фото документтерин түзүшөт. Иш учурунда ар бир археологиялык объектилерде эстелик көркоолору жасаган иштерди көрүүгө болот. Алар тонобогон эстеликтер жокко эсе. Өздөрүн «археолог» атаган эстелик көркоолору менен маектешкен элеттиктерден уккан айрым маалыматтарда илимий эмгектерден жана жеригиликтүү тургундардан сурамжылап, адистерге белгисиз эстеликтерди да таап тоноо иштерин жасашат. Эл арасынан кокустан табылган эски буюмдарды сатып алышат. Мындан кийин жөнөкөй элдин да кызыгуусу артып, эстелик көркоолорунун катарына кошулуп азгырылуусуна оӊой шарт түзөт.

Бирок эл арасында оӊ жана терс иштерди ажырымдаган жоопкер жарандар болот эмеспи. Ошондой адамдардын бири берген маалыматта 2013-ж. Чаткал суусунун сол тарабында жайгашкан Күлбөс-кан шаар чалдыбарына жакын чатыр тигип, бир нече күн бою күндүзү балык улап, түнкүсүн темир издөөчү шаймандары менен жер бетин сыдырып жүргөн үч орус тилдүү чоочун жарандарды байкаган. Ал Башкы-Терек айлынын тургуну, жоопту эки-үч кишини чогултуп, караӊгы түшүрө чоочун конокторго келишип, ким жана эмне иш жасап жүргөндөрүнө суроо салышат. Жооп ордуна «колдоочусуна» телефон чалып, сурап келген тургундар менен байланыштырган. «Колдоочу» кызмат абалынан пайдаланып аларды коркутуп опузалоого алып, кылмышкерлерди канатына калкалап, көркоолордун ишин улантуусуна шарт түзүп берген.

Ушул сыяктуу баш ийбөөчүлүк, өздөрүнө өзү хан, б. а. укук мыйзамдарына каршы иш жасагандарга эмес, тескерисинче өздөрүн «артыкча» сезгендер баш ийгендерге доомат артышып, мыйзамды ит үрө берет кербен жүрө берет деген лакаптын кейпине теӊешүүдө.

Мындай окуялардан кийин мыйзам кимдер үчүн жана кандай зарылчылыктар үчүн жазылууда деген суроо туулат. Же ал карапайым жарандар үчүн жазылып, ошолор гана угууга милдеттүүбү?

Учурдагы керт башын гана ойлогон адамдардын кесепети албетте азыр биз сөз кылып жаткан маселелердин жаралышынын башында турушат. Тарых мурастарын ар бирибиз коргоп, тарбия жагын алып пайдалануунун ордуна эстелик көркоолорунун контрабанда жолу менен керт баштарынын жыргалчылыгын камсыздашына кызмат көрсөтүп отурабыз. Ар бир жаран мыйзам чегинде иш жасап, тарыхый-мурасыбыз аздектебесек, ал  булак эмес, соолуп калса башка жерден жарып чыкчу. Тээ алмустактан бери жер менен жер болуп, көчкү, сел, жер титирөөдөн жана адамдардын кыйратуусунан издери жоголуп, азыркы күндө бириндеп аман калган эстеликтер гана алдыбызда турат. Андыктан ар бир жаран көз-карашын өзгөртүп, ойлонуп иш кылуусу керек.

Кантсе да дүйнө ак ниет, дилгир адамдарсыз болбойт эмеспи. Чаткалдагы эстеликтерди издөө жана каттоо иштерин жүргүзүүдө айрым жергиликтүү жарандардын кошкон салымдарын айтпай коюу мүмкүн эмес. Алар Ооганбай Андашов, Абдыалым Ташбаев, Айдарбек Шайбеков ж. б. Аты аталган инсандардын көмөгү менен бир нече жаӊы эстеликтерди каттай алдык – байыркы доордогу мүрзөлөр, орто кылымдардагы турак-жайлар, жеке чарбалуу уй чалдыбарлары, кенчилердин өндүрүштүк мештерин жана үй курулуштарынын урандылары.

Ооганбай ага өзүнүн адистигине байланышкан кызматын өтөө менен катар Чаткал өрөөнүнүн ичинде жайгашкан тарыхый эстеликтерге да көз салып жүргөнүн айтып, жолуктурган жерлерин бизге көрсөтүү менен жаны объектилерди каттого көмөктөштү.

Ушундай эле археологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө 2000-жылдардын башында Чаткал районунун Жаны-Базар айыл аймагынын ошол кездеги башчысы Таласбай уулу Акматбек, экс-аким Мукаш Мамбетов, Беш-Арал токой чарбасынын экс-директору Искендер Барпиевдер да колдон келген колдоосун көрсөтүшкөн эле.

Жогоруда сөз болгон инсандар ушундай ак ниет иштери менен башкаларга үлгү болушуп, катарлары көбөйө беришсе экен деген каалообузду жана аларга ыраазычылыгыбызды айтмакчыбыз.

Учурда өлкөнүн аймагында жайгашкан эстеликтердин кыйроосуу көбөйгөн сайын алардын эсебин алып, абалын көзөмлдөө иштерин жөнгө салуу сыяктуу чараларды жүргүзүүдө ошончолук чоӊ түйшүктөргө да туш болуудабыз. Бүгүнкү күндө бизге жеткен эстеликтердин дээрлиги элет жеринде, тоолордун койнунда кездешет. Ал эми бүгүнкү күндө жергиликтүү калк эстеликтерге кандай мамиле жасоо керек, кантип сактоого көмөк бере алышат сыяктуу ж. б. маселелердин айланасында атайын усулдук көрсөтмөлөрүн (инструкция) иштеп чыгып элет арасына жайылтуу иштерин тездетүү зарыл.

         Мындай иштер колго алынганча, убактылуу ээликке өткөрүп пайдаланууга берилчү жерлерди археологиялык экспертизадан өткрүү жолдору жана анын мааниси тууралу негизги маалыматтарды ишкерлер үчүн айта кетсек.

Жерди өздөштүрүүгө өткөрүү (трансформация) боюнча документердин тизмегин камдоодо, бөлүнүп берилчү жер тилкелеринде археологиялык эстеликтердин бар же жоктугун далилдеген кагаздын болушу да сөзсүз абзел. Алгач жерди археологиялык эксперттик алдын ала изилдөө иштерин жүргүзүп алган оӊ. Анткени эстеликтердин жайгашкан орду табылган учурда аларды сөзсүз түрдө илим багытында казып изилдөө жана документештирүү керек. Эгер иштетүүгө жер тилкесин талап кылган жаран археологиялык толук изилдөө чараларын жүргүзүүгө каражаты жетишпесе, башка жер тилкесин алуу керек. Бирок ал жерди да эксперттик көзөмөлдөн өткөрүү абзел болот. Эгерде бөлүнүп берилчү жер тилкесинде тарыхый-маданият мурас объектилеринин орду табылса, жогоруда белгиленгендей изилдөө чаралары жүргүзүлөт. Натыйжада толук изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн илимий отчетту министирликтин алдында түзүлгөн комиссия талдап чыккан соӊ чечим чыгарат. Анын негизинде Министирлик жерди пайдаланууга болоорун же болбошу тууралуу жоопту жер иштетүүчү жарандарга берет. Эгерде тарыхый-маданият мурастарынын изи жок болуп чыкса, анда жерди өздөштүрүүгө каршы эместиги тууралу чечим чыгарылат.

Ал эми эксперттик алдын ала изилдөө жана толук изилдеп документтештирүү боюнча түзүлгөн отчетторду министирдин буйругунун негизинде археолог-адистердин тобунан түзүлгөн комиссия таанышып талдоо милдетин алат. Жумушчу топтун мүчөлөрү өз алдынча талдап-иштеп, бүтүмдөрүн ортодо жыйынтыкташат. Комиссия кабыл алган чечим Министирлик тарабынан берилчү акыркы чечүүчү жооптун негизин түзөт. Ушундай процесстер өткөрүлүп, тарыхый-маданият мурастары бузулуу же изсиз жоголуу коркунучуна дуушарланбаган учурда гана жерди пайдалануучу өзүнө өткөрүп алууга жана өздөштүрүү иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алат (албетте башка инстациялардан да уруксаат алгандан кийин).

Жогоруда айтылып кеткен иш-чаралардын баары мыйзамдын негизинде жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн № 386 токтому (2014-ж. 11-июль) менен бекитилген жобо боюнча жүргүзүлөт.

Макалабыздын жыйынтыгында айта турган ойдун жана сунуштун түбү: эстелик мурастарына кам көрүү маданият министрлигинде отурган адистердин, же археологдор менен тарыхчылардын гана милдети же кызыкчылыгы эмес, Кыргызстандын ар бир жаранына да тийиштүү. Тарыхый-маданият эстеликтери элибиздин өткөнү эле эмес келечеги экени талашсыз, андыктан туура пайдалануу, кам көрүү, сактоо жана болочок муундарына жеткирүү баарыбыздын жалпы милдетибиз. Учурда жогоруда айтылган көйгөйлөр өлкөдөгү жөнгө салууну талап кылган негизги маселелердин бири деп эсептейбиз.

Сулайманова Айдай Турдумаматовна, КР УИА Тарых жана маданий мурас институтунун илимий кызматкери, археолог