Архив метки: Айбек Кудайкулов

Кулактандыруу!

Урматтуу чаткалдык студент улан— кыздар!

Чаткал районунун кулуну, Ош шаарындагы “Чаткал коомунун” төрагасы, Ош шаардык кеңешинин депутаты Кубатбеков Идирис  Атантаевичтин демөөрчүлүгү менен “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси тарабынан  Чаткал районунун чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттер арасында стипендиялык сынак жарыяланат!

Сынактын максаты:

Чет өлкөлүк ЖОЖдорго өз күчү менен өтүп жана ийгиликтүү билим алып жаткан Чаткалдык студенттерди колдоо жана алардын артынан өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө стимул берүү.

Стипендия тууралуу:

1. Чет өлкөдө окуп жаткан ар бир Чаткал районунун студенти катыша алышат.

2. Стипендиянын өлчөмү 20.000 (жыйырма миң) сом

Конкурстун талаптары:

1. Сынакка катышуучу сөзсүз түрдө Чаткал районунун тургуну болуусу шарт

2. Талап кылынган документтерди толук жана ирээттүү түрдө тапшыруусу керек

3. Байланыш каражаттарын так көрсөтүүсү талап кылынат.

4. Конкурска катышууну каалоочулар эң кеч болгондо документтерин 20-февралга чейин тапшыруусу зарыл.

Талап кылынуучу документтер:

1. Резюме. (классикалык)

2. Өмүр баян

3. Окуу жайынан окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымкат

4. Окуусундагы жетишкендик китепчесинин көчүрмөсү (зачетка)

5. Окуу жайы, билим алып жаткан адистиги тууралуу маалымат

6. Окуу жайга кантип өткөндүгү тууралуу кыскача баяндама

7. Кошумча жетишкендиктери тууралуу маалымат

8. Байланыш каражаттарын сөзсүз түрдө көрсөтүү керек.

Жыйынтыктоо жана сыйлоо:

Стипендиялык сынакка жөнөтүлгөн документтерди демөөрчү Кубатбеков Идирис жана “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин өкүлдөрү карап чыгып эң мыктысын татыктуусун тандашат.

Жеңүүчү деп табылган катышуучу атайын  Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесине” чакырылат жана ошол жактан тапшырылат. Эгер алыста болгонуна байланыштуу андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол учурдагы шартка жараша байгеси эң коопсуз жол менен жеңүүчүнүн колуна жеткирилет.

Борбор калаада окуган чаткалдык студенттер кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө

12746042_466257506910246_1026094188_n
Бишкек шаарындагы “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен райондун айылдарын кыдырып, “Арзуу кылам бул ишти мен Кудайдан, жардам берип мен бирөөнү кубантсам” — аттуу райондук деңгээлдеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө.  Учурда аталган иш чаранын чаткалдык студенттерден турган уюштуруу тобу  бардык айылдарга концерттик программа тартуулашууда.  
Аталган коомдук бирикменин төрагасы Айбек Кудайкуловдун маалымдашынча, иш чарадан андан түшкөн каражаттары райондогу мүмкүнчүлүгү чектелеген адамдарга берилмекчи.
М. Эшназаров

Чаткал жолугушуусу-2016: Алдыңкы студенттерге стипендиялар тапшырылды

«Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү конкурсттук программасын иштеп чыкан.  Бул конкурстун программасы социалдык тармактар жана райондук мамлекеттик администрациясынын “chatkal.kg”   расмий сайтты тарабынан коомчулукка жарыяланган эле.  Ушул жылдын 27-февралү күнү  Бишкек шаарында Чаткал жаштар жолугушуу кечеси уюштурулуп,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмеси Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Чаткал районунан чыккан мыкты студенттерге стипендия берүү  салтанаты болду.Анда, Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясынын ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек миграция жана жаштар министрлигинин “Ардак громатасы” татыктуу болгон,   Спорт тармагында Республикалык мелдештерде стол тенниси боюнча   1-орунду багындыргандыгы,  окуу жайдын “Жылдын мыкты студенти”,  Чаткал районунун Сумсар айылынын тургуну, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетнин 4 курсунун студентти Мирзаим кызы Улара 4000 сом, коомдук маданий иштерге жигердүү катышкандыгы, ыр-бий өнөрүн мыкты аткаргандыгы, комуз ойноо жана манас айтуудагы мыкты чеберчиликтери жана университетин громата, сертификаттарынын ээлси Кыргыз-Түрк Манас  университетинин 4курсунун студенти Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургуну Турганбаева Асел Манасбековна 2000сом , ушул эле номинация менен  Инновациялык технологиялар жана Экономика коледжинин 3курсунун студенти Чаткал районунун  Жаңы-Базар  айылынын  Кадырбек кызы Айзада 2000 сом, окуудагы мыкты жетишкендиктер үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун стипендиясынын ээси,  аталган окуу жайдын 5-курсунун студенти, Чаткал районун Жаны-Базар айылынын тургуну Турабеков Залкарбек Турабекович  4000 сом, коомдук иштердеги жигердүүлүгү  менен айырмаланган, аталган окуу жайдын дагы бир курсунун студенти, Чаткал районун Айгыр-Жал айылынын тургуну Алмазбек кызы Мираида  4000 сом, Махмуд Кашкари- Барскани атындагы чыгыш университетинин студенттик кеңешинин мүчөсү, “Кыргызстан жаш лидерлер” коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү,  жогоруда аталган университеттин 2-курсунун студенти Жуманазаров Аскар Жуманазарович 4000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атайын  номинацияларын жана сыйлыктарды Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев тапшырды.

IMG_7884 IMG_7886 IMG_7888 IMG_7889 IMG_7895IMG_7896IMG_7891   IMG_7897 IMG_7905 IMG_7908 (2) IMG_7910 IMG_8058 Ал эми, «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин активдүү мүчөлөрүн жаштар саясатын жүзөгө ашырууда кичи мекенине кошкон салымы үчүн  Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Атантай уулу Жоодарбек, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Жунусбек уулу Шумкар,  Бишкек Гуманитардык университетинин студенти Анарбекова Раиса Жаныбековна,           Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин студенти Азимкул уулу Искак, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети студенти Нармырзаева Таттыбүбү  Асановна, Туризм академиясынын студенти Бейшенова Айгерим Нарбаевна, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Абдиев Жаныш Мирзалимович            , Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Нармырзаев Илясбек Мансурханович, Бишкек гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,     «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Кудайкулов Айбек Обгановичке        Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Канжарбек Эшалиев тарабынан “Ардак грамоталар” жана райондук деңгээлдеги сыйлыктар тапшырылды.
Мында айта кетсек, алдыңкы 6 студентке 4000 сомдон жалпы 20000 сом раймамадминистрация тарабынан, алдыңкы 3 студентке 1000 сомдон 3000 сом Чаткал айыл аймагы тарабынан берилди.

Бишкек Гуманитардык университетинин ректорунун жардамчысы,  «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Кудайкулов жогорудагы маанилүү иш чара тууралуу өз пикирин төмөндөгүдөй билдирди:

-Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты кичи мекенибиздин уясынан учуп чыгып, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында эмгектенип, изденип окуп, билим алып жаткан  жаштарыбызды бири-бири менен  жакындан тааныштыруу.  Мекенге болгон атуулдук сүйүүнү бекемдөө, өз-ара ой бөлүшүп, пикир алышууга чакыруу болуп саналат.

2014-2015-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын жана анын башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичтин материалдык жактан көмөк көрсөтүүсү менен 12 мектептен бирден алдынкы  көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларды Бишкек, Ош шаарларындагы жогорку окуу жайлар, маданий, тарыхый  борборлор менен  тааныштыруу,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугуштуруу иш- чаралары жүзөгө ашырылды.

Бишкек шаарында билим алып жатышкан студенттер арасында бир кыйла иш чаралар уюштурулуп, районубузга кандай кызмат кылабыз?  деген теманын алкагында ар жыл сайын:   “Мыкты долбоор мыкты баскыч”,  “Миң кадам бир кадамдан башталат”, — деген сыяктуу  маселелердин алкагында жигердүү жаштардын жолугушуулары үзгүлтүксүз өткөрүлөп келүүдө. Райондук деңгээле мектеп окуучулары арасында кызыктуу дебаттар  уюштурулуп, алар менен студенттердин ортосунда өз ара алака байланыш түзүлүүдө.   Өткөн жылдын май айында элибиздин талантуу уулу Таалай Бектургановду эскерүү кечеси уюштурулуп,  буга районубуздун тургундары жана сиздер өзүңүздөр буга күбө болдуңуздар. Мындан сырткары борбор калаабыздагы жаштардын жайкы жана кышкы жаратылышка чыгып, эс алуу иш- чаралары ийгиликтүү өткөрүлүп келатат.

Учурдан пайдаланып, жаштардын бүгүнкү жолугушуу кечесине  атайы келип  катышып,  биздин коомдук бирикмебиз менен студенттерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөткөн Чаткал райондук мамлекеттик админстрация башчысы-аким Канжарбек Жаныбековичке өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз.

Мектеп окуучуларынын экскурсия жасоодогу иштерине,  алардын тамактануусуна көмөктөшүп, ар дайым колдоп келе жаткан,  жердеш улуу агаларыбыз Биймырза Токтораливге,  Базарбай Мусабековга, Райимжан  Усупбековго, Атантай Акбаровго, Жайлообай Нышановго, Шайлыбай Дадабаевге,  Болот Алибековго,  Акматбек Таласбаевге, Роман Усупбековго,  Жээналы Орозбаевге, Абдыкайым Оморовго, Дүйшөн Стамбековго, Асылбек Орозовго, Субан Ашировго, Бактыбек Баймырзаевге, Абдыжапар Нурдиновго, Идирис Кубатбековго өзгөчө  ыраазычылык билдирип кетмекчибиз. –

Кошумчалай кетсек, аталган жолугушуу белгилүү алып баруучу Чыңгыз Мырзаев, белгилүү эстрада жылдызы Дилшат Кангелдиевалардын катышуусунда өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду.
М. Эшназаров

Таалай Бектургановдун жаркын элесине арналган сынак болду

DSC_0670DSC_0674DSC_0676DSC_0687DSC_0692

Мындан бир ай мурда борбор калаадагы чаткалдык жаштардын башын бириктирген “Келечекке багыт” коомдук уюмунун демилгеси жана Чаткал раймамадминистрациясынын демөөрчүлүгү менен, Чаткалдан чыккан белгилүү талант, маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесине арналган сынак жарыяланган эле.

Сынак 30-апрель күнү маркум Таалай Бектургановдун туулган айылы-Жаңы-Базардагы Таалай Бектурганов атындагы маданият үйүндө өтүп, анда Таалай Бектургановдун обондуу ырларын гитарада мыкты аткарган жыйырма аткаруучу ат салышты.

Сынактын алдынан алгач, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Андан соң, аткаруучулар Таалай Бектургановдун ар кыл темадагы чыгармаларын аткарышып, калыстардын сынынан өтүшүп, күйөрмандардын кызуу кол чабуусуна арзышты.

DSC_0696 DSC_0701 DSC_0712 DSC_0735

Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен баш байге Ак-Таш айылынан келген аткаруучу Жусуп Бектургановго ыйгарылды. Ал эми, 1-орунду Канатбек Алиев, 2-орунду Өмүрбек Орозов, з-орунду болсо, Турабеков Бекжан ээлешти. Калган катышуучулар раймамадминистрациянын “Ардак Грамоталарына” арзышты.

DSC_0742 DSC_0900 DSC_0915DSC_0916

Катышуучулардын ичинен Терек-Сайдан келген аткаруучу, 1-топтогу майып Жеңиш Айылчиевге район акими Канжарбек Эшалиев раймамадминистрациянын “Ардак Грамотасы” менен бирге, миң сом кошумча акчалай байге тапшырды.

Эртеси, 1-май күнү район борборундагы Чыңгыз Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө сынактын жыйынтыктоочу гала концерти болду. Гала концертте сынактын жеңүүчүлөрү маркум Таалай Бектургановдун бирге жүргөн жакын досу Дүйшөн Сатыбалдиев, “Таалай элеси” эстрадалык тобунун аткаруучусу, белгилүү ырчы Тотомидин Жолдошевдер баштаган чаткалдык белгилүү ырчы, аткаруучулар менен биргеликте көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан сырткары, жаш акын Мырзайым Айтымбетова жана бийчи Айзада Кадырбек кызы көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашып, көрүүчүлөрдүн дүркүрөтө кол чабууларын жарата алышты.

DSC_0919DSC_0924DSC_0925DSC_0926DSC_0932DSC_0938

Сынактын жүрүшүндө, район акими Канжарбек Эшалиев сынактын баш байгесинин ээси Жусуп Бектургановго “Ардак Грамота” менен бирге жаңы гитара жана кубок тапшырды. Ал эми, 1-орунду алган Канатбек Алиевге телевизор, 2-орунду алган Өмүрбек Орозовго уюлдук телефон, 3-орунду алганБекжан Турабековго DVD тапшырылды.

Буга кошо эле, сынактын уюштуруучуларынан болгон “Келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин жетекчиси Айбек Кудайкулов баштаган мүчөлөрү да элдин ыраазычылыгына арзышып, белек-бечкектер менен сыйланышты.

Сынактын уюштуруучуларына жана демөөрчүлөрүнө маркум Таалай Бектургановдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова чын дилинен ыраазылыгын билдирди.

Сынактын соңунда, район акими Канжарбек Эшалиев июнь айынын он сегизинде борбор калаада маркум Таалай Бектургановду эскерүү кечесин өткөрүү пландалып жаткандыгын, бүгүнкү сынактын жеңүүчүлөрү эскерүү кечесинде, чоң сахнада өз өнөрлөрүн элге тартуулашаарын белгиледи.