Чаткалдын шырдагы монголдордун шыртыгына окшош

Чаткалда тигилген шырдактардын үлгүсү кыргыздын башка шырдактарынан айырмаланып турат. Мындай ойду Чаткалга үч жыл мурда жергиликтүү чеберлердин иши менен таанышууга келген Кыргызстан кол өнөрчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Динара Чочунбаева айткан. Анын айтуусунда, чаткалдык чеберлер тиккен шырдактар монголдордун “шыртык” деп аталган шырдактарына окшош экен. Кызыгы, Чаткалда шырдакты “шырык” деп да атап коюшат. Чындыгында эле, окшоштугу жана аталышы үндөшүп тургандыгы кызыгууну туудурбай койбойт жана мында, тарых изилдөөчүлөр шугулданчу бир маселе жаткансыйт.

ipp ipp

Чаткалда кыш мезгили дээрлик алты айга созулгандыктан, чаткалдык кыз-келиндер кыштын узун түндөрүндө шырдак, оймо кийиз сыяктуу кыргыздын улуттук буюмдарын тигүү менен алектенишет. Жакшы тигилген шырдактын баасы он беш миң сомдон ары турат. Чаткалда үйлөнүү той, жаңы үйдү көрүү сыяктуу иш чараларга кымбат баалуу килемден көрө шырдак алып барууну эп көрүшөт. Айыл калкы үчүн кыргыздын илгертен колдонуп келаткан буюмдардын өз баасын жогото электиги кубандырат.
М. Эшназаров

Чаткалдык уста Алматов Жуман

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну, уста Алматов Жуман өзү жаш болсо да, устачылык өнөрү менен районго таанымал. Ал жасаган ээр, така жана ат жабдыктарын райондон сырткары, коңшулаш Ала-Бука районунун тургундары да буюртма менен сатып алып кетишет. Ал бүгүнкү күндө Ала-Бука районунун тургунунун буюртмасы боюнча ат жабдыгын жасап жаткан кези. –бир ат жабдыктын баасы жыйырма миң сом турат албетте, мынчалык болгон соң, кардар нааразы болбогондой кылып, кооз жана бекем жасоого аракет кылам-дейт уста. Ат жабдыкка керектүү булгаары, бышык жип сыяктуу зарыл материалдарды Бишкектен алдырат.
Мындан сырткары, Чаткал району тоолуу болуп, унаа катары ат көп колдонулгандыктан, аттын такасына да кардар көп болот. Мындайча айтканда, көпчүлүк учурларда така жасоо менен алектенип калат. Ал ушул кыш бою алты ээр жасап саткан. Ээрлерин негизинен, бекем болсун-деп, кайыңдан чабат.

ipp ipp ipp ipp ipp
-Устачылык менен үйүмдүн бир бөлмөсүндө алектенем. Атайы устаканам жок. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө өткөн жылы шарт түзүп берүү боюнча кайрылгам, азырынча чечиле элек-дейт уста. Жуман уста өзү устакана курууга бел байлап, өткөн жылы жерпайын куруп коюптур. Жаз алды менен дубалын тикелеп, куруп бүтмөкчү.

Айылдык чебер айым Махабат Назалова

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургуну, айылдык чебер Махабат Назалова көп жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип, айыл тургундарынын күнүмдүк тирлигине жарачу буюмдарды тигип, кызмат көрсөтүп келет. Ал өз үйүнүн четки чакан бөлмөсүнө тигүү машинасын орнотуп алып, Чаткал өрөөнүнүн баш-аягындагы айылдардан буюртмаларды алып, тигет. Анын кол эмгегинен жаралган кыздардын себи, бешиктин жасалгалары, кийим-кечектер, төшөк, жууркандар ж.б. зарыл буюмдар айыл тургундарын ыраазы кылып, буюртмалар байма-бай түшүп турат. Өткөн жылы кыздын себинен беш комплект ал эми, бешиктин жасалгасынан алты комплект тигип саткан.

ipp ipp ipp ipp
Чебер Махабат Назаловага райондук жетекчилик тарабынан убагында көңүл бурулуп, 2010-жылы райондук мамлекеттик администрациядан 8-март-Аялдардын Эл Аралык майрамында “Чебер айым” номинациясын ыйгарышкан

Терек-Сай ишканасынын техникалары айыл жүргүнчүлөрүнөн акы албайт

Бүгүнкү күндө, республикабызда жер алдындагы кен байлыктарын иштеткен ар кандай ишканалар көп экенин билебиз. Алар өздөрү жайгашкан аймактарда өз багыттарына жараша иш алып баруу менен, КР. мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү калкка да ар кандай жардамдарын берип келишүүдө. Мындай калкка көрсөткөн жардамдардан “Кыргызалтын” мамконцернинин Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы бөлүмү да четте эмес.
“Кыргызалтын” мамконцернинин Терек-Сай бөлүмүнүн калкка көрсөткөн көрүнүктүү жардамы катары ишкананын автоунаалары менен айыл аймактын беш айылынын калкынын бири-бирине каттоосун бекер камсыздап келатканын айтууга болот. Тактап айтканда, бөлүмдүн эки вахталык автомашинасы жана эки автобусу бөлүмдүн жумушчулары менен кошо Ынтымак, Ак-Терек, Эшалы болуш, Терек-Сай жана 1-Май айылдарынын бири-бирине каттаган калкына бекер кызмат көрсөтөт. Башкача айтканда. айыл жүргүнчүлөрү үчүн жол кире акысы бекер.
Аталган беш айылды байланыштырган он беш чакырым жолдо бөлүмдүн автоунаалары күн сайын, таң аткандан, түн киргенге дейре он бир каттам жасашат. Айыл калкынын каттоосу үчүн өткөн жылы Кытайдан сатып алынган жаңы автобус коюлган.
Дагы бир баса көрсөтүп айта кетчү нерсе, автоунаалардын эрте мененки, түшкү жана кечки каттамы атайы окуучулардын мектепке барган жана чыккан мезгилдерине ылайыкташтырылып, коюлган. Бул ишти бөлүмдүн жетекчилигинин мектеп окуучулары үчүн көргөн чоң камкордугу деп баалоого болот.

Уста Абдыразак Алибеков-бардык шарты бар устакана курсам дейм

Чаткал районунда орто жана чакан ишкерлик менен алектенип, калктын муктаждыгын камсыздоо менен өзүнүн үй-бүлөлүк бюджетин да толуктап келаткан инсандар ондоп саналат. Алардын бири-Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибеков Абдыразак. Бул жигит жаш кезинен бери эле устачылык кесипке кызыгуу менен, аны ар тараптуу өркүндөтүп, темир, жыгач иштетип, андан эл керектөөчү ар кандай буюмдарды жасап, үй бүлөсүн багуунун бир булагы катары пайдаланып келаткан кези. Абдыразак жасаган така, ээр, жүгөн, ооздук, басмайыл сыяктуу ат жабдыктары, боз үйдүн уук, кереге, түндүк сыяктуу колдонмолору башкалардан сапаттуулугу менен айырмаланып, жергиликтүү тургундардын чоң суроо-талабын жаратып келүүдө. Булардан сырткары, Абдыразак там куруу өнөрү менен да алектенип, бул жаатта да элдин алкышына ээ болуп келүүдө. Өз кесиби тууралуу уста–устачылык өнөр атамдан калган кесип, атам кезинде белгилүү уста болчу. Жаш кезимден атамдын жанында ээрчип жүрүп, көп өнөрүн алып калгам. Атамдан калган өнөрдө өркүндөтүп минтип, устачылык менен алектенип жүрөм-дейт.
Абдыразактын устаканасы өз үйүнүн каптал жагында, тар бөлмөдөн орун алган. Ага өзү эптеп курап алган көөрүк, дөшү, барскан, балка, барскан жана темир ширеткич сыяктуу устачылык шаймандарын жайгаштырып, ошол жерде узанат. Өзү жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин агроэкология факультетин аяктаган. Алган билимине ылайык, айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгында да эмгектенип жүргөн. Бүгүнкү күндө аңчылыкты көзөмөлдөө департаментинде инспектор болуп эмгектенүүдө. 2009-жылы Каныш-Кыя айылдык кеңешине депутат да болуп шайланган. Антсе да, атадан алган өнөр жан дүйнөсүн тим койбой, минтип, устачылык кесипти таштабай, элдин керегине жарап келатат.
Уста Абдыразак өз устаканасын жаңылап, ички шартын оңдоп, калктын суроо-талабына ылайык, өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында каражат табуу үчүн көп жактарга кайрылгандыгын айтат. Бирок, эч жактан оң жооп ала албай келүүдө.-устакананын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө грант же, жеңилдетилген кредит түрүндө болсо да, каражат жагынан колдоо берсеңиздер-деп, райондук жетекчиликке жана айыл округуна бир нече ирет кайрылгам. Эгер каражат жагынан колдоо болсо, ыңгайлуу жерден атайы жер участогун бөлдүрүп алып, ал жерге керектүү бардык шарты бар устакана курсам деген оюм бар-дейт.
М. Эшназаров

Камырдан бедиз жасаган Чаткалдык жаш бедизчи

Чаткалдык жаш бедизчи Насиба Абдимиталип кызы өзү жасаган эстелик буюмдары менен көпчүлүктү таңгалдырып турган кези. Анын өзгөчөлүгү-ал бардык буюмдарын кадимки камырдан жасагандыгында. Биринчи сорттогу кадимки унга өлчөм менен суюк желимдегич жана крахмал кошуп, сууга ийлеп, даяр болгон камырды он сааттай тыныктырган соң гана, ар түрдүү боекторду колдонуу менен, андан ар түрдүү скульптуралык эстелик буюмдарды жасай баштайт.
Жаш бедизчи бул өзгөчө өнөр менен шулугданганына бир жылга жетпеген мезгил болсо да, жасаган буюмдары менен элге тааныла баштады. Тактап айтканда, өткөн жылдын апрель айында өткөн райондук “Алтын өрөөн” сынагында бедизчи кол өнөрчүлөрдүн арасында 1-орунду багындырган. Эми, жаш бедизчиге эл арасынан ар кандай буюмдарга буюртмалар түшө баштаган кези.

бедизчи насиба абдимиталип кызы 2 бедизчи насиба абдимиталип кызы 4 бедизчи насиба абдимиталип кызы 5 бедизчи насиба абдимиталип кызы 6 бедизчи насиба абдимиталип кызы 7 бедизчи насиба абдимиталип кызы1
Жаш бедизчи Насибанын апасы Атыргүл Кызыбыз балдарымдын эң кичүүсү болгондуктан, андан эч кандай деле өнөрдү күткөн эмес элек, минтип, өз алдынча эле камырдан суктанаарлык буюмдарды жасай баштаганын көпрүп, бир чети ыраазы боло, бир чети кызыбыздын талантын ал чоңойгонго чейин эч байкабаганыбызга таңбыз-дейт күлүп. Бедиз жасоого кетчү керектүү колдонмолорду атасы Абдимиталип акчасын аябай, кайдан болсо да таап сатып берип, чыгармачылыгына ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.
Ал эми, жаш бедизчи кандай окууга тапшырса деле, өзү сүйгөн өнөрүн таштабастыгын айтат. Азыркы кезде Насиба жасаган эстелик буюмдар райондогу мекемелерден да орун ала баштады, тактап айтканда, айрым жетекчилер ал жасаган буюмдардан алышып, өз мекемелерине өзгөчө буюм катары коюшууда.

Сырдуу дүйнө — Киши кийик Чаткалды байырлайбы?

Дүйнө жүзүндө жеке адамдарга гана көрүнүп, илимпоз, окумуштуулардын “тузагына” таптакыр илинбей келаткан сырдуу нерселердин бири бул-жапайы адам же, кар киши эмеспи. бул сырдуу макулукту көбүнесе Гималай тоо кыркаларынан кезиктиришет экен. Биз койнунда өмүр кечирип келаткан улуу тоолор да Гималай тоо тизмектеринин бир учуна кирсе керек. Ошондуктанбы айтоор, бул сырдуу макулук бүгүнкү күндө деле айрым адамдарга көрүнө калып жаткан кези.
Биздин күндөрдө эле Чаткалда адам сымал табышмактуу макулукту көргөн эки окуя жүз берди. Алгач мындан төрт жыл илгери Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибеков Кубаныч бул сырдуу макулукту көргөн. Бул тууралуу мен атайы кызыгып, Кубанычка барып жолугуп, анын көргөн, билгендерин райондук газетага жазган элем. Анын айтымында, алар эки-үч адам болуп, ууга чыгышат. Тоо аралап баратышып, Кубаныч шериктеринен алдыга озуп, кичине ашууну ашып кетет. Аңгыча, капыстан эле алдынан катуу чаңырган ачуу кыйкырык чыгып, андан алдындагы аты үркүп, чалкасынан кетиптир. Катуу чаңырыкты уккан анын шериктери артынан жете келишип, аны тургузуп, эмне болгонун сурашса, тиги тээ алды жагын көргөзөт. Анан, алар Кубаныч көрсөткөн жакты дүрбү менен карашса, тээ алдыда чаң ызгытып, маймыл сымал денесин жүн каптаган жандык качып баратыптыр. Адамдан эки эсе чоң көрүнгөн неменин аркасындагы жал сыяктуу жүнү желге желпилдеп баратыптыр…
Андан кийинки окуя өткөн күздө болду. Бул ирет адам сымал сырдуу жандык Каныш-Кыя айылынын тургуну Медербекке көрүндү. Ал күз күндөрүнүн биринде айылдын маңдайындагы Түлөберди сайына уйларын издеп барат. Анан, сайга түшкөн таман жол менен баратып, жолдо жаткан, адамдын жылаңаяк издериндей бирок, өтө чоң издерди көрүп, таңгалып, сай жакка бара берет. Аңгыча, алды жакта адамга караганда өтө эле алибеттүү, жылаңач неме ары карай түшүп баратыптыр.
Медербек өзү көргөндөрү тууралуу буларды айтты:-Тиги неме мага карай кайрылып, мени көрүп, катуу кыйкырып жиберди. Мен да коркконумдан кыйкырып жиберип, кайра артымды карай качтым. Ал да, андан ары чымын-куюн болуп, качып жөнөдү. Тиги адам сымал неме өзү жылаңач экен. Чачтары желкесине түшөт. Бети-башын жүн каптаган. Адамга караганда өтө эле алибеттүү экен.Мен сайдан чуркап чыгып, карасам, тээ алыста бир атчан келаткан экен. Алдынан тосуп чыгып, көргөнүмдү айтсам, жашыраак бала экен, мага ишеңкирей бербеди. Анан, ал экөөбүз мен качып чыккан сайдын жолуна келип, ага тиги неменин издерин көргөздүм. Ал издерди көрүп, менден бешбетер коркуп кетти.-
Мына окурман. Эки окуя тең биз жомоктордон билчү, жапайы адам деп атаган адам сымал жапайы макулуктун бүгүнкү күндө деле улуу тоо койнунда жашоо улап келаткандыгынын тикелей күбөсү.
Бул адам сымал жапайы макулук көп жылдардан бери окумуштуулар чөйрөсүнүн башын маң кылып келаткан кези. Анткени, уфологдор жапайы адамды көрдүк деген жерге барганда, ал неме кумга сиңгендей жок болуп кеткен учурлар көп болгон. Айрым уфологдор анын керектүү учурда көзгө көрүнбөй калчу мистикалык касиети бар дешип да айтышкан себеби, алар аны көрдүк деген жерге барышып, жапайы адамды таппай калышкан. Анан уфологдор атайы приборлор менен жердин магниттик талаасын текшеришкенде, анда термелүү болгонун аныкташкан. Чынында эле, биз жапайы адам деп атачу немелер жаратылыштын бардык сырын билишип, аны өз жашоосунда колдоно билишээр. Ошончүн алар адам баласына көрүнбөй жашоо кечирүүнү туура табышып, кылым кыркып, жашап келатышкандыр. Бир жагынан туура эле кылышат. Антпесе, адам дегениң, аларды да бир балээге кабылтаары турган иш.
М. Эшназаров

Белгилүү обончу Токон Эшпаев-“Чакырат жашты Чаткалым” чыгармасы бир келген илхам менен жаралган

Ала-Тоонун бейиштей бир кооз бурчу болгон, чалкыган кең Чаткалды даңазалаган “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыр улуу муундун өкүлдөрүнүн эсинен чыга элек. бул ыр тээ 70-80-жылдары республиканын булуң-бурчунда жаңырып, ошол кездин духуна төп келген ажайып чыгарма катары кабыл алынган. Насип буйруп, бир ирет бул ажайып чыгарманын автору, белгилүү обончу, ырааматылык Токон Эшбаевге жолугуп калдым. Өзүм чаткалдык болгондуктан, кичи мекеним тууралуу белгилүү чыгарманын жаралуу тарыхын билгим келип, Токон Эшбаевди маекке тарткан элем.
-Токон аке, “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу белгилүү ырдын автору сиз экендигинизди билебиз. Бул ыр кандайча жаралып калды эле. Ушул тууралуу айтып бериңизчи?
Анда тээ алтымышынчы жылдардын аягы эле. Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына жаңы көпүрө курулуп, анын ачылышы болмок. Ага удаа малчылардын облустук слету да Чаткалда болмок экен. Ал облустук мааракеге Жалал-Абад облусунан артисттерди чакырышты. Арасында мен да бармын. Скорый деп койчу УАЗ машине менен келатабыз артисттер, Чапчыма белин ашып. Жолу татаал, бийик, кыялап…
Малчылардын Чаткалда өтчү облустук слетуна арнап, облустук гезиттин атайын чыгарылышын чыгарышкан экен. Бизге да бирден берген. Анан машинеде келатып, аны карасам, акын Таш Мияшевдин “Чакырат жашты Чаткалым” аттуу ыры кошо басылыптыр. Ырды окуп, жолдо эле кыңылдап, обонго салдым. Обонго салган соң, аккордеон менен ырдап да көрдүм. Чаткалга бардык. Слет башталды. Ал кезде слет деген кадимкидей эле майрам болчу эле. Слет учурунда, артисттердин катарында мага кезек келди. Анан мен, газетадагы ырды кыркып алдым да, карамель деп аталчу ширелүү момпосуйдун ширеси менен аккордеондун үстүнкү бетине ырды жармаштырып, эл алдына чыгып, аны карап алып, ырдадым. Слеттун катышуучуларына да газетадан бирден таркатылган эле. Алар жаңы эле чыккан газетадагы ырга качан обон чыгара салды экен?-дешип, таңгалып жатышкандыгы көрүнүп турду. Ошентип, ал ырды биринчи жолу Чаткалда ырдагам.
-Бул ыр анан, кандайча популярдуу болуп кетти?
-Ал мезгилде компартиянын идеологиясы өкүм сүрүп, жаштарды, комсомолдорду дың жерлерди өздөштүрүүгө жана алыскы жерлерди өнүктүрүүгө шыктандырып, үндөп жаткан мезгил эле да. Бул ыр ошол кездин ураанына, духуна үндөшкөндүктөн, ошол кездеги муунга алынып кетти.
-Сиз келген 70-жылдары Чаткалдын көрүнүшү, абалы кандай эле?
-Ал кезде, камыштан жабылган жепирейген тамдар бар экен. Тамдар да азыркыдан бир топ аз. Азыр болсо башкача. Чаткал бир топ өнүккөн.
-Токон аке, кызыктуу маегиңиз үчүн чын дилимден ыраазылык билдирем
Мухамедалы Эшназаров

Жаш ырчы Самаган

Өткөн жылы КР. экс Президенти Роза Отунбаева тарабынан демилге көтөрүлүп, өткөрүлгөн “Бөбөк ыры” республикалык сынагына Чаткалдык жаш таланттар да катышып, ийгиликке жетише алган. Тактап айтканда, Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы “Т. Жаналиев” атындагы Чаткал орто мектебинин 2-классынын окуучусу Жоробеков Самаган аталган сынакка катышып, сынакка эң активдүү катышкан жеткинчектердин катарында атайын кызыктыруучу беш сыйлыктын бирине илинип, беш миң сом акчалай сыйлык жана Р. Отунбаеванын фондунун китептери менен сыйланган.
Сынакта Самаган Жоробеков Чаткалдык белгилүү обончу, бир нече облустук жана республикалык сынактардын жеңүүчүсү үсөн Оморовдун “Алтын апа” аттуу чыгармасын аккордеон менен автордун коштоосунда аткарган. Самаган Жоробековдун аткаруу чеберчилигижана сахнада өзүн талаптагыдай алып жүрүүсү сынактын комиссиясынын мүчөлөрү Жамал Сейдакматова, Гүлмира Эсенгулова, Меңди Мамазаировалар тарабынан жогору бааланып, жогорудагыдай баага татыган.
Самагандын талантын баалап, ага чыгармачылык дем берүүнү туура көргөн ата-энеси Аскарбек менен Аида жана мугалими, обончу үсөн Оморов менен биргеликте аны менен борбор калаага барышып, сынактын башынан аягына дейре бирге болушкан. Минтип, алардын үмүтү акталып, Чаткалдан барган жаш талант катары уулу Самагандын ысымы чоң сахнада жаңырып, республиканын чыгармачыл чөйрөсүнүн назарына илинди.
Азыр Самаган Жоробеков “Т. Жаналиев” атындагы Чаткал орто мектебинин 3-классында окууда

Чаткал.kg сайты кызматташууга чакырат

Урматтуу районубуздагы мекеме, ишканалардын жетекчилери!

Кадырлуу районубуздун тургундары!

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Чаткал.kg расмий маалыматтык сайты жалпыңыздарга өз кызматын сунуштайт. Сиздер бул сайтка ар кандай маанидеги кулактандыруу, жарыя, токтом, ж. б. маалыматтарды жарыяласаңыздар болот. Сайттын администрациясы   Кыргыз Республикасынын «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдарынын алкагында иш алып барат.

Байланыш үчүн тел: 0777745914,

эл.почта: mr.muhamedaly@mail.ru

Сиздерди терең урматтоо менен, Чаткал.kg сайтынын башкы редактору Мухамедалы Эшназаров