Чаткалдык өспүрүмдөр түштүк аймагы боюнча биринчиликти алышты

Өткөн жуманын соңунда республикабыздын түштүк аймагы боюнча мектеп окуучулары арасында воллейбол боюнча Кадамжайда өткөн «Алтын күз » спорттук мелдешинде Чаткал районунун Тообай Эрматов атындагы өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы 1-орунду жеңип алышты. Бул тууралуу спорт мектебинин директору Равшанбек Арыкбаев билдирди. Анын маалымдашынча мелдешке жалпы он бир команда катышкан.

дюсш 1 дюсш 2

М.Эшназаров

«Ай-Нуру» бала бакчасы жаңы имараттуу болду

26-ноябрда Терек-Сай айылындагы Ай-Нуру бала бакчасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Бакчанын мурунку имараты жараксыз абалга келип калган. Азыркы жаңы имараты отуз эки млн. сомго бүткөрүлдү. Жаңы имарат жүз орунга ылайыкташкан.

айнуру бб

Каныш-Кыяга тигүү ишканасы ачылды

26-ноябрда Каныш-Кыя айылынын борборундагы почта имаратынын экинчи кабатында «Aiko-seiko » фирмасынын каржылык колдоосу менен «Жалал-Абад Униформа » тигүү ишканасы салтанаттуу түрдө ачылып, ишке берилди.
Ишканада он бир даана тигүү машинасы бар.
Ишканага он эки жумушсуз кыз-келиндер жумушка алынып, учурда эмгектенишүүдө.

швея 3 швея 2 швея 1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

М.Эшназаров

Шакафтарда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өттү

14-ноябрда Шакафтар айылында FFC уюму жана Шакафтардагы «Айкөл » клубунун уюштуруусу менен эрежесиз эр уруш боюнча таймаш өттү. Анда жалпысынан эки кур коюлуп, кур үчүн ат салышкан мушкерлер 77кг салмагында Наркул уулу Алибек анын каршылашы Өзбекистандык Турсунов экөөсү беттешип, Наркул уулу Алибек женишке жетишти.
Экинчи курда Эрматов Бахадыр менен Кадыров беттешип Бахадыр Эрматов женишке жетти
Таймашка жалпы 17 жуп мушкер катышып, алардын көпчүлүгүн чаткалдык жана алабукалык спортчулар түздү.
Бул тууралуу «Айкөл » спорт клубунун жетекчиси Бектур Чыналиев билдирди.

айкөл 1 айкөл 2 айкөл 3 айкөл 4 айкөл 5

М.Эшназаров

С.Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучуга арналган адабий кече болду

23-ноябрда С. Байдөөлөтов орто мектебинде улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Адамзаттын Айтматову:Өтмүш. Учур. Келечек » аттуу адабий концерттик кечеси болду.
Кечеге райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев баштаган райБББ кызматкерлери, ата-энелер жана жогорку класстардын окуучулары катышты. Кечеде улуу жазуучунун «Тоолор кулаганда «, «Бетме-Бет » чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып коюлуп, чыгармаларына жазылган обондуу ырлар аткарылып, көркөм ырлар окулуп, окуучулар тарабынан «Эрте келген турналар » чыгармасынын негизинде тартылган видеоролик көрсөтүлдү.

байдолотов 2 байдолотов 3 байдолотов 4 байдолотов 5 байдолотов 6 байдолотов 7 байдоолотов 1

М.Эшназаров

 

 

Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектеби жаңы имаратка көчүрүлдү

Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек орто мектебинин окуучулары жаңыдан салынган имаратына көчүрүлүп, окутула баштады.
Эскерте кетсек, мектепте жалпы 123 окуучу бар, ал эми жаңы имарат 150 орунга эсептелинген. Окуучулар жаңы мектепте эки нөөмөт менен окутулуп, класстар жетишээрлик болот.

акташ мектеп 1 акташ мектеп 2 акташ мектеп 3 акташ мектеп 4 акташ мектеп 5

М.Эшназаров

С.Байдөөлөтов орто мектебинде маанилүү дебат өттү

19-ноябрда Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуучу коомдун манилуу аманаты» деген темада дебат өткөрүлдү.
Дебатка Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Жайнагүл Осмонова, РИИБ башчысынын орунбасары Атаканов Замирбек жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча кызматкери Жапарбек уулу Аскатбек, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Ызан Кудайбердиев жана райБББнын кызматкерлери, ата-энелер жана мектеп окуучулары катышты.
Дебаттын жүрүшүндө дебаттын негизги темасы болгон окуучулар арасындагы кылмыштуулук боюнча кеңири талкуу жүрдү жана тийиштүү кызматкерлерге окуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жоопторду ала алышты.
Иш чара мектептин соцпедагогу Т. Тагаева тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

мектеп иш чара 1 мектеп иш чара 2 мектеп иш чара 3 мектеп иш чара 4 мектеп иш чара 5

М.Эшназаров

А.Чымканаев орто мектебинде балдар арасындагы кылмыштуулук талкууланды

Терек-Сай айылындагы Амирабек Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары А. Чынасова, Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Тынышов Сумсар АИИБдин кызматкери Н. Кадырбеков, район прокурорунун орун басары Акылбек уулу Сыргабек,Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б. Анарбаева, Терек-Сай айылдык аймагынын соц кызматкери Т. Качыкеева,Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси С. Жуманалы кызы, мектеп жамааты жана жалпы ата-энелер катышкан жыйын өткөрүлдү.
Жыйында окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу маселесинин алкагында талкуу жүрүп, катышуучулар аталган маселени канткенде жоюу, ага бөгөт коюу боюнча өз ой, пикирлерин ортого салышты.
Жыйын соңунда айтылган маселеге каршы жалпы күрөшүү тууралуу чечим кабыл алынды

терексай 1 терексай 2

М.Эшназаров

А.Баймырзаев орто мектебинде улуу жазуучу эскерилди

16-ноябрь күнү А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз эл жазуучусу, классик, залкар калемгер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматовду эскерүү кечеси » болуп өттү. Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган залкар жазуучубуздун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, Айтматовдун чыгармаларына арналып жазылган обондуу ырлар аткарылды
Мындан сырткары мектепте Ч. Айтматовдун 90 -жылдыгына атайын бурч уюштурулган

баймырзаев 1 баймырзаев 2 баймырзаев 3 баймырзаев 4

 

М.Эшназаров

 

Айгыр-Жал айылдык эмканасына жаңы шарттар түзүлүүдө

№6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун имараты Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен 737 миң сомго темир тосмо менен короолонуп, буга кошумча 750 миң сомго заманбап гараж курулуп, пайдаланууга берилди.
Бүгүн айылдык кеңештин депутаттарынын, райондук оорукананын жетекчилигинин жана айыл тургундарынын катышуусунда заманбап гараждын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Иш чаранын жүрүшүндө, №6-Айгыр-Жал айылдык үй бүлөлүк дарыгерлик тобунун башкы дарыгери Байызбек Балташев жогорудагы жумуштардын аягына чыгышына негизги салым кошкон Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө, айылдык депутаттарга жана курулуш иштерин аягына чыгарган ишкерлерге ыраазылыгын билдирди.

айгыржал гсв 1 айгыржал гсв 2 айгыржал гсв 3 айгыржал гсв 4 айгыржал гсв 5

М.Эшназаров