Чаткалдык жаш спортчу эл аралык мелдеште жеңүүчү болду

Чаткалдык жаш спортчу Артурбек Мамыров 22-июлда Талас шаарында өткөн Кулатуу эр таймаш боюнча эл аралык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында чемпиондукту жеңип алды. IMG-20160724-WA0013

IMG-20160724-WA0003 IMG-20160724-WA0009

 

Артурбек спорттун бул түрү менен машыкканына аз гана убакыт болсо да, көзгө толоорлук ийгиликтерди жарата алды. Айта кетсек, өткөн жылдын 2-февралында болуп өткөн эрежесиз эр уруш боюнча республикалык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында  үчүнчү орунду багындырган эле. Быйыл минтип, эл аралык мелдеште жеңүүчү болду.

Артурбек КР. Дене тарбия жана спорт академиясында үчүнчү курста окуйт.  Келечектүү жаш спортчуга албан ийгиликтерди каалайбыз.

М. Эшназаров

Улуттук Кызыл Ай коому Чаткалга жардамга кол сунууда

Өтүп бараткан жуманын шаршембисинде КР. Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү район борбору Каныш— Кыя айылына келип, райондук жетекчилик жана райондук мекеме— ишканалардын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү.IMG_20160720_112234 IMG_20160720_110027 IMG_20160720_104722 IMG_20160720_104707

Жолугушууда алгач, аталган коомдун борбор калаадагы штабынын өкүлү Салтанат Абдыжапарова коомдун тарыхы, максаты жана ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, коом Чаткал районуна алгач ирет келип жаткандыгын, мындан ары район калкы менен ар кандай кырдаалдарда тыгыз иштешүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Ал буга кошо эле,  коомдун өкүлдөрү Улуттук Кызыл Ай коомунда негизинен, ыктыярчылар эмгектенишип, алар аркылуу башка мамлекеттердеги не бир апаат мезгилдерде кыйналган адамдар жардам алып келаткандыгын слайд шоу аркылуу катышуучуларга түшүндүрүшүп, катышуучуларды ыктыярдуу катары кызматташуу менен аталган коом аркылууар кандай оор кырдаалдар жүз берген учурда  районго жардам берсе болоорун айтышты.IMG_20160720_101030 IMG_20160720_101910

Жолугушуунун жүрүшүндө, райондогу аз камсыз болгон үй бүлөлөргө коом өкүлдөрү тарабынан бекер кийим— кечек таркатылды.

М. Эшназаров

Элдин саламаттыгына албан эмгек сиңирген Гулипа эже

гулипа эжеIMG_2704

Дүйнөнүн көркү болгон аял заты кандай гана жагдайдагы жумуш болбосун, бири соодагер, бири чебер, бири дарыгер дегеле ар түрдүү тармактардагы кызматтарда иштеп, аны алып кетүүгө жөнөмдүү ийкемдүү болушат. Ал эми үйдө болсо балдардын сүйүктүү энеси, өмүрлүк жолдошунун өмүр гулипаИзображение 4808шериги, ошондуктан да аялзаты коомдун күзгүсү деп бекеринен айтылбагандыр.  Мына ошондой тажрыйбалуу кызматкерлерибиздин бири Кулийпа Исаева.

гулипаИзображение 4803Ал 1951-жылы Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылында туулган. Алгачкы эмгек башатын 1968-жылы баштап, 1977-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайын аяктап бүтөрү менен Чаткал райондук ооруканасында медсестра, ФАПта акушер, фелдьшер болуп эмгектенген. Ал эми 1989-жылдан тартып, Каныш-Кыя СВАсында, андан кийин үй- бүлөлүк жалпы  дарыгерлик тобунда медсестра болуп, жалпылап айтканда ушул жаатта 44 гулипаИзображение 4801жылдан ашык эмгекгулипаИзображение 4800тенди.

Айтканга оңой көрүнгөнү менен бул жылдар аралыгындагы далай кыйынчылыктарды жеңип, кандай шартта болбосун ишти алып кетип мыкты иштеп, көптөгөн ийгиликтерге аны менен кошо алкыш-ыраазычылыктарга жетише алды. “Жумушту- жумуштай пайдалансаң жумуш сага өз жемишин берет” дегендей, ал өз ишинин жемишине жетип, тактап айтканда “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери”  төш белгиси менен “Кыргыз Республикасынын гулипаИзображение 4812эмгек сиңирген медицина кызматкери”  наамына жана Чаткал гулипаИзображение 4802райондук жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан “Ардак Грамоталарга” ээ болду. Жаш кызматкерлерге үлгү боло алды. Бүгүнкү күндө Кулийпа Исаева чарчадым- чалыктым дебей Чаткал райондук  жалпы дарыгерлик практикалык борборунун физкабинет бөлүмүндө иштеп жатат. Өз жамаатында, райондун коомчулугунда, чон кадыр-баркка ээ. Жароокер эне 3 кыз 2 уулду тарбиялап, өстүрүп эрежеге жеткирди. Он тогуз небере, бир чеберенин бактылуу балалыктарын көрүп турган убагы. Районубузда мындай эмгек  жолунун узун кырында жүргөн апаларыбыз көп болушсун.

М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошунунун мүчөсү

Элге эмгеги сиңген ишмер жубайлар

мелисбай 4

Районубузда өзүнүн кажыбас эмгеги, мамлекетке жана элге жасаган ак кызматы менен таанылган инсандардын көп экендиги кубандырат. Андай инсандар, эл үчүн жасаган эмгегин милдет кылбай, карыса да, өзүнүн баа жеткис акыл-ойлору, эң бир керектүү демилгелери жана көсөмдүгү менен жжалпы журтка жол көрсөтүп, калк арасында, мамлекеттик башкарууда али да өз орду бар экендигин тастыктап келишет. Мындай инсандардын бири да эмес, экөөсү тактап айтканда, эмгектин баатырлары, жубайлар-Сейталиев Мелисбай аба менен Абылкасымова Сардал эне.

Сөздү алгач Мелисбай Сейталиевден баштасак, Мелисбай аба1939-жылы 3-мартта Чаткал районунун Сталин колхозунда жарык дүйнөгө келген.1956-жылы 10-классты аяктаган соң, Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумга  тапшырып, тилекке каршы ал окууну улантпай таштап койгон.1958-жылы Кызыл-Армиянын катарына чакырылат. Мелисбай аба аскердик кызмат өтөп жүргөн кезде эле алдын-ала көрөгөчтүк кылып,  жогорку окуу жайына тапшырууга даярданып жүргөн. Алдын-ала билгендей, аскердик милдетти аяктап келген оң, 1961-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Иниститутуна тапшырып, аны 1966-жылы ийгиликтүү аяктап,география-химия адистиги боюнча  кесипке ээ болот.мелисбай 3

Ошол жылы эле, Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя сегиз жылдык мектебине завуч болуп дайындалып , анда эки жыл иштеген соң, 1968-жылы өзү туулуп, өскөн  Курулуш айылындагы Крупская атындагы сегиз жылдык мектебине директор болуп дайындалат. Ал жерде1980-жылга чейин тактап айтканда, 12 жыл эмгектенди.

1980-жылы Чаткал өзүнчө район болуп, түзүлгөндө, райсполкомдун жооптуу катчысы болуп дайындалып, бул кызматта 1984-жылга чейин иштеп, райондун андан ары түптөлүшүнө өзүнүн көрүнүктүү салымын кошо алган.1984-жылдын февраль айында Беш-Арал мамлекеттик коругуна директор болуп дайындалып, бул кызматта 1989-жылга иштеген. Андан соң, тактап айтканда, 1989-жылы Чаткал совхозуна башкарма болуп дайындалып, анда да бир топ жыл эгектенип, совхоздун чарбалык жумуштарын бир топ алга сүрөйт. Кийин Беш-Арал мамлекеттик коругуна илимий-кызматкер болуп жумушка орношуп, ошол жерде эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.  мелисбай 2

Мелисбай аба мамлекетке жана элге көрсөткөн албан эмгектери көмүскөдө калбай, жогорку даражадагы бир топ сыйлыктар менен сыйланган. Алардын айрымдарына токтоло кетсек, Ош облустук комитети тарабынан элге Марксизм –Ленинизмдин идеяларын тушундүрүүдө көрсөткөн эмгегим үчүн “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” мактоо Граммотасы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиуму тарабынан “В.И.Лениндин 100-жылдык юбилейине карата” маарекелик медалы менен сыйланган.

1984-89 жылдарда “Беш-Арал” мамлекеттик коругун жетектеп, коруктун өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн “Беш-Арал” мамлекеттик коругунун 30 жылдык маарекесине карата Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата айылдын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Мактоо баракчасы менен сыйланган.

2009-жылы мамлекет жана эл үчүн кылган зор эмгеги эске алынып, райондук жетекчилик тарабынан “Чаткал районунун ардактуу атуулу” ардактуу наамы ыйгарылган.

Мелисбай Сейталиев буга кошо эле, коомдук жана саясий иштерге көп аралашып, райондук кеңештин бир нече жолку чакырылышына депутат болуп шайланып, өзүнүн баа жеткис сунуштары, калыс пикири жана учур талап кылган демилгелери менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген.

Мында сөзсүз айта кетчү нерсе, үстүбүздөгү жылда Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин белгилөө демилгеси алгач Мелисбай Сейталиев тарабынан райондук жетекчиликке сунуш кылынып, колдоо тапкан. Мелисбай аба Чаткал районунун качан уюшулгандыгын архивдик материалдар аркылуу далилдеген соң гана район жетекчилигине сунуш кылгандыгы айдан ачык. Бул иш Мелисбай Сейталиевдин коомдук ишмер катары даанышмандыгын жана алысты көрө билген көсөмдүгүн дагы бир ирет далилдеп турат.

“Баатырды баатыр кылган жубайы”-демекчи, Мелисбай абанын жубайы Абылкасымова Сардал эне тууралуу да өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Сардал эне  жогорку билимдүү. 1966-жылы Ош Мамлекеттик Институтунун биология-химия факультетин аяктаган соң алгач, Каныш-Кыя 8жылдык мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган.  Андан кийин, 1968-69 окуу жылында Курулуш айылындагы 8 жылдык мектебинде биолог мугалим болуп иштеп жүрүп, 1987-жылы Курулуш айылындагы Крупская атындагы 8 жылдык мектебинде директорлук кызматка дайындалган. 1987-88 окуу жылында Сардал эненин аракети менен Крупская мектебинин аталышы “Сары-Булак толук эмес орто мектеби” болуп өзгөртүлгөн жана мектептин окуу корпусу кеңейтилип, он бир жылдык мектепке ылайыкташтырылып, он бир жылдык мектепке айландырылган. Көрүнүп  тургандай, аталган мектептин түптөлүшүнө Сардал эненин жетекчилик орду чоң экендигин танууга болбойт.

Сардал эненин агартуу тармагындагы элүү жылдык үзүрлүү эмгеги жогорку жетекчилик тарабынан өз учурунда жогору бааланып, “Кыргыз СССРинин методисти” ардактуу деген наам ыйгарылган. коомдук жана саясий иштерге активдүү катышып, эл ишенимине ээ болуу менен, айылдык советке эки ирет депутат болуп шайланган.

Баатыр жубайлар-Сейталиев Мелисбай менен Абылкасымова Сардал эне бири-биринен калышпай, жооптуу кызматтарды аркалап, мамлекетке ак кызмат өтөө менен бирге,  төрт уул, үч кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришип, баарысын жогорку билимдүү кылышты. Уулдардын улуусу Талант айылда жекече мал чарбачылык менен алектенет. Экинчи уулу Эрнис Новосибирск шаарында бизнес тармагында, Урал С. Мырзалиев  атындагы орто мектебинде мугалим жана ошону менен бирге эле, Чаткал айылдык кеңешинин төрагасы ал эми, кичүү уулу Мекен салык кызматында эмгектенет. Кыздарынан-Венера райондук социалдык фонд башкармалыгында инструктор, Рахат С.Байдөөлөтов орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип келет.

Баатыр жубайлар бүгүнкү күндө, жыйырмадан ашуун неберенин, бир чеберенин,чоң ата, чоң энеси жана таята, таенеси энеси болуп, кутман карылыктын доорун сүрүп жаткан кездери.

М. Эшназаров

Улгайган адамдарды колдоо максатын көздөгөн долбоор

Өткөн жылдан бери DCA Central Asia тарабынан каржыланып,  Жалал— Абад Айылдык Консультациялык Кызматы  тарабынан ишке ашырылып келаткан «Жалал— Абад облусундагы улгайган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу» долбоорунун кызматкерлери өткөн ишембиде район борбору Каныш— Кыя айылына келип, долбоор алкагында иш алып барып жаткан жергиликтүү дыйкан— фермерлерге тегерек стол өткөрүштү.IMG_20160716_100746 IMG_20160716_110859 IMG_20160716_103727 IMG_20160716_110929

Тегерек столдо алгач, тренер Алмазбек Эшенкулов долбоор тууралуу кеңири маалымат берип, андан алынчу киреше булагы тууралуу түшүнүк берди. Ал бүгүнкү күндө райондун беш айылы— Каныш— Кыя, Коргон— Сай, Башкы— Терек, Жаңы— Базар жана Терек— Сай айылдарында ишке ашырылып, аталган айылдардагы дыйкан— фермерлер күнөсканалардан киреше таап башташкандыгын айтты.

Андан соң, дыйкан фермерлер Нарсулуу Наргозуева, Назгүл Момунова, Азия Молдотаевалар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Тегерек столдо мындан сырткары, тренерлер—Каныкей Мырзаева, Эгемберди Казыбеков жана Алишер Юлдашевдер  эдвокаси, мал чарбасын кантип асылдандыруу, үнөмдүү мештерди куруу боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.IMG_20160716_144016 IMG_20160716_150148 IMG_20160716_145945 IMG_20160716_145854 IMG_20160716_152253 IMG_20160716_153647 IMG_20160716_153434

Тегерек стол жыйынтыкталган соң, катышуучулар долбоордун алкагында иш алып барып жаткан тоок багуучу Уулбү Рахматова жана дыйкандар Үмөтбек Кушназаров жана Гүлзада Таласбаевалардын күнөсканалары менен таанышышып, Нургазы Жолдошевдин үйүнө курулган үнөмдүү мешти көрүшүп, анын курулушу жана үнөмдүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

М. Эшназаров

АРИС; Долбоорлор коомчулукка сунушталууда

Өткөн жуманын соңунда раймамадминистрацияда  АРИСтин ПРЖР долбоорунун координатору Алмазбек Акматалиев, ПУХПЖ долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев, социалдык мобилизациялоо боюнча адиси Мирбек Досуев, долбоордун облустук координатору Сапарбек Токоев, район акими Канжарбек Эшалиев жана район тургундарынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. IMG_20160714_143652 IMG_20160714_143705 IMG_20160714_143728

Тегерек столдо алгач, координатор Алмазбек Акматалиев АРИСтин приоритеттүү багыттары менен катышуучуларды кеңири тааныштырып, буга чейинки долбоор тарабынан республикада, анын ичинен Чаткал районунда бир топ иштер аткарылып, райондун айыл чарбасынын өнүгүүсүнө бир топ салымдар кошуп келгенин фактылар менен келтирип, бул жолку долбоорлор айыл чарбасынын, мал чарбасынын жана жайыттардын шарттарын оңдоо багытында ишке ашырылаарын маалымдады.

Тегерек столдо АРИСтен республика боюнча эң көп өлчөмдөгү каражат Каныш— Кыя айыл аймагына бөлүнүп жаткандыгы маалым болду себеби, аталган айыл аймагы долбоор тарабынан коюлган көп талаптарга жооп бергендиги менен артыкчылыкка ээ болуп натыйжада, айыл аймакка эки жүз элүү миң доллар акча каражаты берилиши күтүлүүдө.

Тегерек столдун жүрүшүндө, катышуучулар долбоордун кызматкерлерине суроолорду беришти. Аларга өз кезегинде тийиштүү жооптор алынды.

Район акими Канжарбек Эшалиев айыл аймак башчыларын жана катышуучуларды долбоорго жигердүү катышып, райондун социалдык— экономикалык маселелерин чечүүдө четте турбай, активдүү болууга чакырды.IMG-20160719-WA0007

Тегерек столдун соңунда, долбоордун Чаткал району боюнча эксперти болуп жаңыдан дайындалган Майсалбек Молдалиев катышуучуларга тааныштырылды.

М. Эшназаров

 

Кулагыңызга күмүш сырга: Шакафтарда кургак учукту акысыз жана ишенимдүү дарылайт

Чаткал районунун Сумсар айыл аймагына караштуу Шакафтар айылында кургак учукка каршы республикалык бейтапкана жайгашкан. Бул мекемеге жыл сайын республикабыздын туш тарабынан кургак учук менен ооруган жарандар келип дарыланып, сакайып кетишет. Бейтапканада дарылоо бекер жүргузулөт, тактап айтканда, бейтаптардын дары-дармеги жана тамак-ашы мамлекет тарабынан каржыланат. Анда эмесе, билбегендер болсо билип, укпагандар болсо угуп, дартына дабаа таппай жүргөндөр болсо бейтапкананын кабарын угуп, бул мекемеден дабаа таап калса сизге да, бизге да сооп болоор деген изги тилекте бул бейтапкананын ички жана тышкы шарттары менен тааныштыра сиздерди кетмекчибиз.

IMG_0041

ЧАТКАЛ РАЙОНУНУН ШАКАФТАР АЙЫЛЫНА КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

 

IMG_0015 (2)

БЕЙТАПКАНАНЫН КИРЕ БЕРИШИ

 

IMG_0014

БЕЙТАПКАНА ШАКАФТАР АЙЫЛЫНЫН ДАЛ БОРБОРУНДА ОРУН АЛГАН

 

IMG_20160115_113306Бейтапканада башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде кездешпеген медициналык жабдуулар кызмат көрсөтөт

IMG_20160115_110331

IMG_20160115_110509 БЕЙТАПТАР МАМЛЕКЕТТИК DOTS ПРОГРАММАСЫ АКЫСЫЗ, БЕКЕР ДАРЫЛАНЫШАТ

Бейтапкана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун DOTS программасынын алкагында бейтаптарды акысыз дарылайт

IMG_20160115_110343

IMG_20160115_110358IMG_20160115_114140 БЕЙТАПКАНАНЫН ЭМГЕК ЖААМАТЫ

Бейтапкананы учурда  жалпысынан сексен бир кызматкер эмгектенип, мындан алтоосу жогорку билимдүү врач ал эми, жыйырма үч атайын кургак учук боюнча адистик окуусунан өтүп адистешкен фельдшер, медайымдар кызмат көрсөтөт. Бейтапканада республикага белгилүү дарыгер Ахмат Добаевич Шаханов эмгектенет.

IMG_20160115_113932

БЕЙТАПКАНА АЛДЫҢКЫ РЕНТГЕНДИК АППАРАТТАР МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН

адамдарга коопсуз бактероцидная лампаIMG_20160115_110156

АДАМГА КООПСУЗ БАКТЕРОЦИДДИК ЛАМПА

IMG_20160115_112519

БЕЙТАПКАНА ЖЫЛ САЙЫН КЕРЕКТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАШ КАДРЛАР МЕНЕН ТОЛУКТАЛЫП ТУРАТ

IMG_20160115_113947

ЗАМАНБАП РЕНТГЕНДИК БӨЛМӨ

автоклав аппараттарыIMG_20160115_110828

АВТОКЛАВ АППАРАТТАРЫ

автоклав буу менен жогорку температурада шприцтерди тазалайтIMG_20160115_110842

АВТОКЛАВ АППАРАТЫ БУУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ШПРИЦТЕРДИ ЖОГОРКУ ТЕМПЕРАТУРАДА ТАЗАЛАЙТ

жогорку температурада идиш аякты тазалайт, стерилизациялайтIMG_20160115_111353

БЕЙТАПТАР ТАМАКТАНГАН ИДИШ-АЯКТАР БУЛ ЖАБДУУНУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖОГОРКУ ТЕМПЕРАТУРАДА СТЕРИЛИЗАЦИЯЛАНЫП, ТАЗАЛАНЫП ТУРАТ

куф тамакты, кекиртекке ысык менен тазалооч аппаратIMG_20160115_110659

КЕКИРТЕКТИ ЖОГОРКУ ТЕМПЕРАТУРАДА ТАЗАЛООЧУУ «КУФ» ДЕП АТАЛЧУ АППАРАТ

термостаттарMG_20160115_110416

ТЕРМОСТАТ ЖАБДУУЛАРЫ

УВЖ денеге ысык коючу аппаратIMG_20160115_110732

ДЕНЕГЕ ЫСЫК КОЮУЧУ УВЖ ЖАБДУУСУ

IMG_20160115_110607

БЕЙТАПКАНАНЫН БАРДЫК БӨЛМӨЛӨРҮ БЕЙТАПТАРГА ЫҢГАЙЛУУ

IMG_20160115_112605

БЕЙТАПТКАНАДА ИШТЕГЕН ЖАШ ДАРЫГЕР

IMG_20160115_110645

БЕЙТАПТАР ҮЧҮН БАРДЫК ШАРТТАР ТҮЗҮЛГӨН

IMG_20160115_110653

БЕЙТАПТАР ЖАТЧУ БӨЛМӨЛӨР КҮНӨСТҮҮ, ЖАРЫК ЖАНА АР ДАЙЫМ ТАЗА

IMG_20160115_111716

ДАРЫЛАНЫП ЖАТКАН БЕЙТАПТАР

IMG_20160115_111642

ДАРЫЛОО УЧУРУНАН БИР КӨЗ ИРМЕМ…..

IMG_20160115_113758

 

 

 

Түшүмдү өрттөн сактайлы

Үстүбүздөгү жылдын май, июнь айлары жаанчыл болгону менен учурда жайдын ысык аптабы жердин бетин акырындап тегерек четтеги чөп-чарларды куурата баштады. Ушул кезде кичине эле учкун болсо дүрт этип алоолонгон жалынга айланчу өрт коркунучу күчөп турган убак.

Учурдагы эң маанилүү өнөктүктөрдөн болгон тоют топтоо, кылкандуу дан эгиндерин оруп-чабуу иштерди баштоо алдында турабыз.

Ошондуктан, мына ушундай өрт чыгуу коркунучу күчөп турган мезгилде жыйналган тоюттарды, эгин аянттарын өрт кырсыктарына алдырбоо үчүн тийиштүү кам көрүүнү унутпасак. Эң жөнөкөй болгон өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбагандыктан жыл сайын көп сандаган эгин аянттары жана  тоюттар бөөдө күлгө айланууда.

Ошондуктан жергиликтүү айыл аймак  башчылары өрткө каршы тийиштүү чараларды көрүү менен, фермер, дыйкандар менен биргеликте өрт коопсуздугунун эң жөнөкөй болгон эрежелерин эстеринен чыгарбай, алардын так аткарылышына аракет кылуулары зарыл.

Ар бир үймөктүн аянты 150 чарчы метрден ашпай, бири-биринен аралыгы эң кеминде 20 метрден кем болбоосу тийиш. Үймөктөрдү жуп-жубу менен үйүүгө болот. Бирок, мында бир жуптагы үймөктөрдүн аралыгы 6, ал эми кийинки жуп 30 метрден кем болбоосу керек.

Тоют топтолгон жайлар электр зымдарынан 15 м, жолдордон 20 метр, имараттардан 50 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылуусу талапка ылайык.

Тоют жана түшүм жыйноого катышкан бардык тракторлор, автоунаалар жана комбайндар учкун өчүргүчтөр, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар менен талапка ылайык жабдылуусу зарыл. Ал эми бул өнөктүктө иштеген адамдар өрт коопсуздугу боюнча атайын нускоодон өтүп, эрежелерди так сактоосу көзөмөлгө алынып турулуусу керек.

Бышып жетилип калган эгин аянттарынын жол менен кесилишкен жерин 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан 4 метр кеңдикте айдатууну унутпоо керек, анткени бул өрттүн жайылып кетишине чоң бөгөт болот.

Чабыла баштаган эгин аянттарынын жанында соколуу трактор турганы шартка ылайыктуу. Ошондой эле, эгин аянттары өтө эле чоң болсо алар комбайндын бир күндүк нормасы боюнча участокторго бөлүнүп, ортолорун 8 метр кеңдикте чаптырып, артынан соко менен айдатуу зарыл.

Дагы бир өтө маанилүү нерсе – бышып жетилип калган эгин аянттарын, тоют сакталган жайларды кайтарууну унутпоо керек.

Ар бир тоют сакталган жай милдеттүү түрдө өрткө каршы шаймандар жана суунун запастары менен камсыз болунуп, өрткө каршы катуу тартиптин сакталышы такай көзөмөлгө алынып турулуусу зарыл.

Акырында айтаарыбыз, элибиздин эң негизги байлыгы болгон наныбызды «тилсиз жоодон» сактоо – бул жалпыбыздын  ишибиз. Ошондуктан, бул маанилүү кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо өнөктүгүнө мейли жетекчи, дыйкан болсун, жетишээрлик маани берип, өрттөн сактаналы.

А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору, лейтенант

Эс алуучу жайларыбыздын коопсуздугун сактайлы

      Районубуздун суктандырган кооз эс алуучу жайларыбызды өрт кырсыктарынан алдын алуу багытында өрт коопсуздук эрежелерин сакташыңыздарды эсиңиздерге салабыз.  

Бүгүнкү күндө окуучулардын лагерлерин жайкы эс алуучу мезгилине карата кызуу даярдап жаткан учур. Андыктан ремонт учурунан пайдаланып жатаканалардын туура эмес курулган эшиктерин сыртка ачыла турган кылып куруу керек. Лагердин имараттарына тартылган электр зымдарын чыңалуудан өткөрүп, жараксыз жерлерин жаңылоо зарыл. Лагердин айланасын кургак чөптөрдөн тазалап, өрт кокустугуна каршы суу сактагычтарды ремонттон өткөрүп, аларга сууларды толтуруп, өчүрүү шаймандары туруучу калканчаларды толуктоо керек. Лагердин айланасына өрт кокустугун эскертүүчү белгилер «От менен ойнобо», «Тамеки тартпа» деген сыяктуу эскертүүчү белгилердин илинүүсү тийиш. Телефондук байланыш ар убак оң абалда болуп, көрүнүктүү жерге «өрт кокустугу болгон кезде 101-ге кабар кылыңыз» деген жазуу илинүүгө тийиш. Лагердин кире бериш дарбазасына өрт кокустугуна каршы курулган суу сактагычка баруучу багытты көрсөткөн белгилери илинип турушу зарыл.

Ал эми токойлуу тоолордо жана башка эс алуучу жайларда эс ала тургандарга: эс алуучу жайларга жеңил автоунаа менен же жөө бара жатып, өчүрүлбөгөн тамекини туш келди таштабай, жагылган отторду унутпастан өз убагында өчүрүп, өрт коопсуздугун эскертүүчү белгилерге көз сала жүрүүңүздөрдү эскертебиз.

  А. Жумабаев, Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору. лейтенант

 

Саламаттыкты сактоодогу эң көйгөйлүү маселелери талкууланды

Бүгүн, 28— июнь күнү район борборундагы «Ч. Айтматов» атындагы райондук маданият үйүндө райондогу саламаттыкты сактоо тармагындагы эң көйгөйлүү маселелерге байланыштуу райондук тегерек стол болду.IMG_20160628_100936 IMG_20160628_100919 1467088806431 1467088830576 1467088853004 1467088873009

Жыйында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, буга чейин райондогу саламаттыкты сактоо тармагы бир кыйла кыйын абалды кечиргендигин, азыр тейлөө, ички тартип маселелери бир топ чечилип калгандыгын, антсе да, кадр маселелери көйгөй болуп келаткандыгын, азыр эки дарыгердин орду бош болуп, ага чет жактан дарыгерлерди тартуу маселеси каралаарын, азыр райондон он алты улан— кыздар жогорку медокууда окуп жаткандыгын айтты.1467089230317

 

Ал буга кошо эле, райондогу мекемелер менен биргеликте райондогу саламаттыкты сактоо ишиндеги маселелерди жабыла чечүү керектигин билдирди.

Андан соң, Сумсар аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева сөз сүйлөп, Союз мезгилиндеги дарыгерлерге көрүлгөн камкордуктар тууралуу айтып, азыр дарыгерлер катардагы медайым, кызматкерлердин маяналарындагы теңсиздикти айтып, өз ой— пикирлерин билдирди. Ал буга кошо эле, азыркы медкызматкерлердин кыйынчылыктуу шарттары тууралуу айтып, медкызматкерлерге райондук мекемелер тарабынан керектүү шарттарды түзүп, районго дарыгерлерди тартууга жана аларга шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди көрүү керектигин билдирди. 1467089688847 1467089703065 1467089719898 1467089737657

 

Андан кийин, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге сөз берилип, ал өз сөзүндө өткөн жылы айыл өкмөтү тарабынан кургак учук менен ооруган жети жаранга жалпы бир тонна жети жүз элүү кило көмүр берилгендигин,  айыл аймактагы медмекемелерге төшөнчү, жууркан жаатында жардам берилгендигин, мындан сырткары келерки айларда акчалай жардамдар берилээрин, Чакмак— Суу айылына ФАП куруу пландаштырылып жаткандыгын, ФАПтардын чатырлары оңдолуп, ремонттолуп жаткандыгын, сырттан келген дарыгерлердин жашоочу үй акылары төлөнүп берилип келаткандыгын, жашоочу үй маселесин чечүү жаатында да аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Ал берилген суроолорго ылайык, эгер кат аркылуу кайрылуу болсо, сырттан келген дарыгерлер менен бирге эле жергиликтүү дарыгерлерди да көмүр менен камсыздап бере алаарын билдирди.

Айгыр— Жал участкалык ооруканасынын башкы дарыгери Байызбек Балташев Чапай, Кара— Суу айылдарына кышында Тез жардам унаасы баралбай жаткандыгын, айрым кургак учук менен ооругандар жардамга муктаж болуп жаткандыгын, удаа эгиз төрөгөн энелерге да үч же, төрт эм төрөгөн энелер сыяктуу жардамдарды берүүнү кароо керек экендигин айтты.

Медайым Ракыя Өнөрбаева Башкы— Терек айылына тез жардам чакыруу менен ушуга чейин врачтар сейрек бараарын айтып, аталган айылдагы медайымдардын шарты өтө оор экендигин айтып, тиешелүү жактардан өтө аз көңүл бөлүнүп жаткандыгын айтып, кошумча штат берүүнү суранды. Буга жооп иретинде Чаткал ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбеков аталган айылга бир врач берилээрин билдирди.

1467091685327

Андан кийин райондогу ФАП, ҮДТлардын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу слайд шоу көрсөтүлдү. Бул  видео топтомго райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова түшүндүрмө берип, Сумсар айыл аймагындагы медмекемелерге салыштырмалуу райондун калган башка жактарындагы медмекемелердин абалы өтө төмөн экендигин белгиледи.

Андан соң,  Терек— Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева, ЖДПБнын дарыгери Абдумалик Исмаилов, Жаңы— Базар участкасынын дарыгер— физиатры Капар Нарбаевдер сөз сүйлөштү.

Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков аймактык ооруканага максаттуу жардамдар берилип келаткандыгын билдирди.

Жыйын соңунда, жыйынга катышкан айыл аймак башчылары, тиешелүү кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары тегерек столдо кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын толук аткарууга даяр экендигин билдиришти.

М. Эшназаров