Быйыл жылдагыдан көп мал дарылоодон өткөрүлөт

Район калкынын колундагы төрт түлүк мал быйыл жылдагыга караганда көп ооруларга каршы эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев билдирди. Анын билдиришинче, райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборуна шарп, чечек, чума, кутурма жана эхинококкоз ооруларына каршы дарылар алынып келинди. Буга кошо эле, малдарды дарылоо учурунда буга чейин ар кандай себептер менен бирка басылбай калган кара малдарга да биркалар басылып, каттоого алынат.

М. Эшназаров

Жаңы бактериологиялык лаборатория ишке кирди

1-февралдан тарта Каныш-Кыя айылындагы жаңыдан курулган бактериологиялык лаборатория иштеп баштады. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова маалымдады. Анын айтымында, мында өтө оор ичеги карын (рак) ооруларынан башка бардык оорулардын жана ичүүчү таза суулардын анализдерин чыгарууга болот.

 

-Буга чейин район тургундары анализдерин чыгаруу үчүн Жалал-Абад, Ош, же Бишкек шаарларына барууга аргасыз болушчу. Мындан ары, анализдерди биздин жаңы лабораториядан чыгарууга  болот. Мындан сырткары, район аймагында иштеген кен казган фирмаларда иштеген жарандарыбыз да ден соолугунун тазалыгын биздин лабораториядан текшертип, бул тууралуу тактама кагазын алышса болот, бул боюнча кен казган фирмалар менен сүйлөшүү жүргүзүүнү максат кылуудабыз.-дейт Г. Акылбекова

 

М. Эшназаров

«Коомдук үрөн фонду» түзүлдү

Каныш-Кыя айыл аймагынын калкын мындан ары ар кандай үрөндөр менен камсыздоо максатында Каныш-Кыя айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” алдында “Коомдук үрөн фонду” түзүлдү. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди. Бул фонд мындан ары, жогоруда белгилегендей, ар кандай дан жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн көбөйтүп, керектөөчүлөргө таркатуу менен алектенет.

IMG_20190212_111418

Эскерте кетсек, район тургундары бүгүнкү күнгө чейин керектүү үрөндөрдү Ош, Чүй облустарынан ташып келип, айрым учурларда үрөндөрдүн сапаты начар чыгып калып, чыгашага учураган мезгилдер болгон. Эми, жаңыдан түзүлгөн “Коомдук үрөн фонду” мындан ары талаптагыдай иштеп турса, район калкы үрөн маселесинде кыйынчылык тартпай калаары шексиз.

 

М.Эшназаров

Кара малды каттоого алуу тартипке салынат

Район тургундары сатылган кара малдарын базадан чыгаруу, жана ошондой эле, сырт жактан сатып алган малдарын базага киргиздирүү тартибин колго албай жаткандыктан, райондо кара малдарды так эсепке алууда башаламандыкка жол берилүүдө.  Бул тууралуу Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл борборунун башчысы Жунусбек Жолдошев элдик жыйын учурунда билдирди.

IMG_20190212_155418

Ал кошумча билдиргендей, район тургундары жогорудагыдай тартипти кармануу менен бирге, райондон сырткаркы базарларга чыгарчу малдарга да тиешелүү кагаз алуулары тийиш. Эгерде, сатылчу малга тиешелүү кагазы жок болсо, ал малдарды ташыган айдоочуларга жаңыдан кабыл алынган “Бузуулар кодексине” ылайык, акчалай жазага кириптер кылынмакчы.

Коргон-Сай көпүрөсү кеңейтилет

Коргон-Сай айылынын тушундагы Чаткал дарыясына курулган мал жана жөө адамдар өтүүчү көпүрө быйыл кеңейтилет. Бул тууралуу Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында район акими Канжарбек Эшалиев билдирди.

коргон-сай көпүрөсүнүн ачылышы 2

Анын билдиришинче, көпүрөнү кеңейтүү иши район аймагындагы кен казган фирма тарабынан жүргүзүлмөкчү.

Тактай кетсек, аталган көпүрөнү кеңейтүү коргон-сайлыктардын көптөн берки суроо-талаптарынын бири болуп келген.

Быйыл К. Акназаров орто мектебинин жаңы имараты ишке берилет

Быйыл Коргон-Сай айылындагы К. Акназаров орто мектеби толук ишке берилет. Бул тууралуу район акими Канжарбек Эшалиев Коргон-Сай айылында болгон элдик жыйында маалымдады.

IMG_20190212_102505

Анын маалымдашынча, аталган мектепти толук бүткөрүүгө республикалык бюджеттен тогуз млн. сом акча каражаты бөлүндү.  Ал мектепти бүткөрүүдө республиканы эле карап олтурбастан, район тарабынан да тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.

М. Эшназаров

Жарыя!

Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясы
Республиканын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Чаткал районунун студенттери арасында өткөрүлүүчү стипендиялык сынактын
ЖОБОСУ:
1. Максаты:
Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды илим-билимге, спортго, маданий-эстетикалык табитин тарбиялоого чакыруу.
2. Стипендия тууралуу:
Райондун мыкты студенттерине стипендия жана кызыктыруучу сыйлыктарды төмөнкү багытта тапшыруу уюштурулат:

1. Билим багытында
2. Спорт жаатында
3. Маданият тармагында
4. Активдүү жаштарга

3. Талапкерлерге коюлган талаптар:
1. Сынакка талапкер сөзсүз түрдө Чаткал районунун тургуну болуусу шарт.
2. Талап кылынган документтерди толук жана иретүү түрдө тапшыруусу керек.
3. Байланыш каражаттарын так көрсөтүүсү талап кылынат.
4. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 27-февралга чейин.
4.Талап кылынуучу документтер:
1. Резюме. (классикалык).
2. Өмүр баян.
3. Окуу жайынан окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымдама кат.
4. Сынак китепчесинин көчүрмөсү (зачетка).
5. Окуу жайы, билим алып жаткан адистиги тууралуу маалымат.
6. Кошумча жетишкендиктери тууралуу маалымат (грамота, диплом).
7. Байланыш каражаттарын сөзсүз түрдө көрсөтүү керек.
5. Жыйынтыктоо жана сыйлоо:
Стипендиялык конкурска жөнөтүлгөн документтерди уюштуруу тобуна жиберилет. Атайын райондун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия карап чыгып эң мыктысын татыктуу деп тандашат.
Жеңүүчү деп табылган конкурсант атайын Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал жаштар кечесине” чакырылат жана ошол жактан тапшырылат. Эгер алыста болгонуна байланыштуу андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол учурдагы шартка жараша байгеси жеңүүчүнүн колуна жеткирилет.

E-mail: baialyaskarov@gmail.com
Тел. 0700716150

Райондук ЖААК бөлүмүнө имарат салуу максат кылынууда

Буга чейин Чаткал райондук ЖААК бөлүмү райондук токой чарбасынын имаратында иш жүргүзүп, өз алдынча имаратка ээ болбой келгендиги маалым. Быйыл бул маселе чечилип калуусу мүмкүн. Бул тууралуу райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы  Гүнөтай Ибраева билдирди. Анын билдиришинче, ЖААК бөлүмүнө имарат салууга район борборунун Маданият участкасынан жер тилкеси бөлүнүп берилди. Эми, каражат маселеси чечилип калса, имараттын курулуш иштери колго алынмакчы.

Район мектептери интернет байланышы менен камсыздалат

Быйыл районубуздун бардык мектептери кабелдик интернет байланышы менен камсыз болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу райБББ башчысы Тажибай Тынышов элдик жыйында билдирди. Анын маалымадашынча,  интернет байланышын камсыздоо жумушу “Кыргызтелеком” ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.

Зым карагайларды оңдоого 2 млн. сом бөлүнүүдө

Быйыл Каныш-Кыя айыл аймагынын айрым жаңы конуштардагы зым карагайлары оңдолуп, калыбына келтирилет. Бул тууралуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев билдирди.  Анын билдиришинче, айыл аймагы тарабынан аталган иштерге 2 млн. сом акча каражаты бөлүнүүдө.