Район тууралуу

Район тууралуу

1920-жылдарда Жалал-Абад областынын аймагы Туркестан Автономдук округуна караштуу Фергана областынын ревкомунун Анжиян уездинин карамагына кирген. 1920-жылы РСФСРдин Бүткүл Союздук Борбордук аткаруу комитетинин токтому менен Жалал-Абад округу уюштурулуп, борбору Жалал-Абад айылы болуп, анын карамагына төрт район, тактап айтканда, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Кетмен-Төбө жана Кызыл-Жар райондору кирген. Кызыл-Жар районунун Кызыл-Жар, Кырк-Уул, Саруу, Баястан, Чанач, Сумсар, Кутлук-Сейит жана Чаткал болуштуктары кирген.

1924-жылдын 14-декабрында Кара-Кыргыз автономиялуу областы уюшулган. 1924-жылдын 1-февралында Кыргыз АССР болуп уюшулат да ал 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи болуп түзүлөт.

Ал эми 1926-жылдын 6-декабрында РСФСР Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен Жалал-Абад округу, Жалал-Абад кантону болуп уюшулат. Райондор болуштуктар болуп түзүлүп, чыңдалат. Жалал-Абад кантону 8 болуштуктан турган. Алар:

Жалал-Абад – борбору Сузак айылы, 6 селолук Советтен, Көгарт – борбору Сафаровка айылы, 23 селолук Советтен, Базар-Коргон – борбору Массы айылы, 10 селолук Советтен, Ноокен – борбору Сакалды айылы, 10 селолук Советтен, Кетмен-Төбө – борбору Алексеевка айылы, 15 селолук Советтен, Кызыл-Жар – борбору Афлатун, 10 селолук Советтен, Чанач – борбору Ак-Таш айылы, 10 селолук Советтен, Чаткал – борбору Шекафтар айылы 8 селолук Советтен турган.

1928-жылдын 10-декабрында Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен Ош округу уюшулат. Ага Ош жана Жалал-Абад кантондору кирет. Болуштуктар жоюлуп аны ордуна 10 район уюшулат.

1930-жылдын 1-сентябрында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен округ жана кантондор жоюлуп, республиканын карамагына өткөрүлөт.

Ал эми 1935-жылдын 8-февралында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун №8 токтомунун негизинде райондордун биригиши жана жаңы райондордун уюшулушу жөнүндө токтом кабыл алынган. Токтомдун негизинде Көгарт району – борбору Октябрское айылы, Массы району – борбору Массы айылы, Тогуз-Торо району – борбору Атай айылы, Чаткал району – борбору Жаңы-Базар айылы болуп уюшулат.

1938-жылдын 11-мартында Кыргыз ССРинин Жогорку Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен Жалал-Абад округу кайрадан 10 району менен

уюшулат, анын карамагында Чаткал району да болгон. Чаткал районунун аймагында 6 айылдык Советтер болгон. Алар – Ак-Таш, Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Чандалаш, Айгыр-Жал, Сары-Булак айылдык Советтери болгон. Алардын карамагында 6 колхоз болгон. Алар Молотов атындагы колхоз, Каганович атындагы колхоз, Ленин атындагы колхоз, Сталин атындагы колхоз, Фрунзе атындагы колхоз жана Калинин атындагы колхоздор болушкан. 1939-жылдын 1-январындагы кожолуктарды каттоодо Чаткал районунда 4731 адам катталган. Ошол убакта Чаткал районунда 4271 кыргыз, 120 орус, 214 өзбек, 24 украин, 20 казак, 9 татар, 3 немец, 36 тажик, 1 уйгур жана башка 33 башка улуттардын адамдары жашашкан.

1939-жылдын 21-ноябрында Жогорку Советтин Президиумунун Указы менен Жалал-Абад округу Жалал-Абад областы болуп түзүлгөн.

1944-жылдын 3-январында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Талас областы уюшулгандыгына байланыштуу Чаткал району Жалал-Абад областынын карамагынан чыгарылып, Талас областынын карамагына кошулган. Ал эми 1944-жылы Чаткал району жоюлуп, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун карамагына кошулган.

1980-жылдын 9-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Чаткал району кайрадан уюшулуп, борбору Жаңы-Базар айылы болуп, Талас областынын карамагына кошулган. Ал эми 1984-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун №5930-хп. 82 Указы менен Чаткал району Ош областынын карамагына кошулган. 1990-жылдын 14-декабрындагы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин токтому менен Чаткал району Ош областынын карамагынан чыгарылып, Жалал-Абад областынын карамагына кошулган.

 

Чаткал районунун Гимни

Сөзү: А. Мамадалиевдики, З. Накетаеваныкы
Обону: С. Алиевдики

Байлыгы көп Чаткалымдын түгөнбөс,
Тарыхы бар кылымдарга көөнөрбөс.
Эзелтеден жашап келе жатышкан,
Эли шайыр, кабак бүркөп түнөрбөс.

Кайырма:
Гүлдөй берсин Чаткалым,
Күн нуруна бөлөнүп,
Күлмүңдөгөн таптаза,
Гүлдөй жайнап көгөрүп.

Эл достугу тоодой бекем урагыс,
Тоо койнунда жашап, эмгек кылабыз.
Ынтымакты бекем кармап, туу тутуп,
Келгиле деп досторго кол сунабыз.

Кайырма:
Гүлдөй берсин Чаткалым,
Күн нуруна бөлөнүп,
Күлмүңдөгөн таптаза,
Гүлдөй жайнап көгөрүп.

Бийик тоолор, тирөөчүндөй асмандын,
Булут баскан, көк тиреген баш жагын.
Келгендерге мээрим төгүп, кол сунат,
Дарбазасы ачык дайым Чаткалдын.

Кайырма:
Гүлдөй берсин Чаткалым,
Күн нуруна бөлөнүп,
Күлмүңдөгөн таптаза,
Гүлдөй жайнап көгөрүп.