Кытайча түш жоруган Алтынбек

котормочу Алтынбек 2 Чаткал районунан буга чейин атактуу илимпоз, акын, эмгектин баатыры, журналист, спортчу айтор, ар түрдүү тармактан чыгаандар өсүп чыккан жана мындан ары да чыга бермекчи. Муну зор ишеним жана сыймыктануу менен айтсак болот. Чаткалдан бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан ар тараптуу таланттуу жаштар да муну ырастап турат. Алардын бири-Абылаев Алтынбек деп айтууга болот. Алтынбек азыр жыйырма алты жашта. Ал кесиби юрист болгону менен, кытай тилине окуп, аны мыкты өздөштүрүп, Кыргызстандын ар кай жеринде кыргыз-кытай биргелешкен  ишканаларда тилмечтик кызматын аркалап келүүдө. Чаткалда кен казып иштеген айрым кытай фирмалары менен жергиликтүү калктын жолугушууларында кытай тилинде такылдата сүйлөп, кытай жарандары менен чаткалдык жердештеринин ортосуна көпүрө болуп, элдин алкоосуна ээ болуп келет. котормочу Алтынбек 1 Алгач Ош педагогикалык институтуна тапшырган Алтынбек ал окуу жайында эки жыл кытай тилинде окуп, 2-курсту аяктаган соң, юридикалык жогорку окуу жайына которулуп, аны ийгиликтүү аяктап юрист кесибине ээ болот. Антсе да, окуу жайын аяктаган соң, өз кесибине иштебестен, кытай тилин мыкты өздөштүргөндүгүнөн пайдаланып, Кытайдан Кыргызстанга товар алып чыгып, соода менен алектенгенге өтөт. Андан кийин, тилмечтик кызматка өтүп, Оштогу арматура заводунда, андан соң, Чаткалда иштеп жаткан “Чаткал-17” фирмасында, андан кийин Таш-Көмүрдөгү көмүр заводунда, анан ошол эле шаардагы алтын казган кытай фирмасында котормочу болуп иштеп келди. Азыркы кезде Чаткал районунда иштеп жаткан “Кичи Чаарат” фирмасында котормочу болуп эмгектенүүдө. Асыл таштан, акыл жаштан-демекчи, бүгүнкү глобалдашуу заманында жаш муундар орус тили менен бирге эле кытай, англис, керек болсо корей тилдерин билүүсү шарт болууда. Бул билгенге-азыркы замандын талабы.  Аны туура тушүнгөн Алтынбек сыяктуу жаштар минтип, тил үйрөнүп, замандын агымынан артта калбай, өз жөндөмдүүлүктөрү менен кыргыз жаштарынын азыркы замандын талабын туура тушүнгөн муун экендигин далилдеп жатышы албетте, кубандырбай койбойт.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *