Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу

БУЙРУК

РАСПОРЯЖЕНИЕ

Каныш-Кыя айылы                                                                                                   

№ 146

« 12 » ноябрь 2021-ж.

Райондун аймагында    турак жай секторлорунда, чарбалык обьекттерде өрткө каршы чараларды күчөтүү жөнүндө

2021-2022-жылдын кышкы жылытуу мезгилинде жеке турак жайларда, коомдук жайларда, социалдык обьектилерди өрт кырсыктарынын алдын алуу, материалдык чыгымдарга жана адам өмүрүнүн кыйылышына жол бербөө максатында буйрук кылам:

  1. Айыл аймак башчыларына, райондук  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө:
  2.  Өз аймактарыңыздардагы жеке турак жай секторлорунда өрт коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча ыкчам чараларды жүргүзүп, калкка түшүндүрүү, эскертүү чаралары көрүлсүн;
  3. Ар бир айыл аймактарда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, архитектура, РЭС кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган комиссиялар түзүлүп, жеке турак жай секторлордо өрткө каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлсүн, жаш балдарды кароосуз калтырбоо боюнча эскертүү, түшүндүрүү иштери колго алынсын;

       -кышкы өрт кооптуу мезгилде чарбалык обьектилерде, турак жай секторунда жана калк массалык түрдө чогулуучу жайларда өрт кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгып жана ишке ашырсын;

       -өрт кырсыктарына ыкчам чара көрүү максатында өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникаларын дайыма даярдыкта кармасын;

— ар бир чарбалык обьекттерде ар андай өзгөчө кырдаал учурунда сыртка чыгуучу эвакуациялык схемалардын болушу, талапка ылайык ърткъ каршы шаймандардын камсыздалышы, жарактуулугу, жооптуу кызматкерлердин бекитилиши каралсын;

— “Ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошундар” уюмдары такталып, алардын материалдык-техникалык базасын чыёдоо чаралары көрүлсүн;

—      айыл аймактардагы базарларда суу түтүктөрү(гидранттар), суу булактары менен камсыздалышы (пожарный водоем), өрт өчүрүүчү автоунаа кирүүчү жолдордун талапка жооп берүүсү, өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыздалышы (пожарный шит), электр чубалгыларынын талаптагыдай тартылышы, монтаждалышы тыкыр текшерилсин;

-колдо жасалган жана бузук абалдагы электр жылытуучу приборлорду колдонбоо, жаш балдарды кароосуз калтырбоо жана от жагуучу мештердин түтүн чыгуучу моруларын (дымоход) такай тазалап туруу боюнча калкка эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

  • Иш-чара 2021-жылдын ноябрь айы ичи ар бир айыл аймакта толук ишке ашырылып, аткарылган жумуштар, көрүлгөн чаралар боюнча маалыматтар 2021-жылдын 30-ноябрына чейин Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратына билдирилсин.
  •  Райондук ъзгъчъ кырдаалдар бъл\м\н\н башчысы А.Сулаймановго:

-райондун аймагындагы базарларда, соода түйүндөрүндө өрт кырсыктардын алдын алуу, өрткө каршы үгүт-насаат, машыгуу иштери күчөтүлсүн;

-өрт кырсыктарына ыкчам чара көрүү максатында өрт өчүрүүчү жана авриялык-куткаруу техникаларын дайыма даярдыкта кармасын.

  • Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы М.Эшназаровго:

-кышкы өрт кооптуу мезгилдеги, от жагуу мезгилиндеги өрт коопсуздук чаралары, жергиликтүү бийлик органдары, КР ЪКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өрттөрдү алдын алууга багытталган иш-чараларды кенири чагылдырсын.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басарына  жүктөлсүн.

Чаткал райондук мамлекеттик

администрациясынын башчысы-аким                                                       А.Ж.Сенирбаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *