Дин иштери боюнча облустук көчмө жыйын болду

20170727_111925 20170727_111932 20170727_113048 20170727_113125 Көчмө жыйында алгач  адеп-ахлак жана маданият тууралуу слайд шоу тартууланды. Андан соң, күн тартибине ылайык, Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубаныч ажы райондук хатибиятта өткөн алты айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары, ынтымакты даңазалоо, диаспоралар аралык ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды. Көчмө жыйын соңунда, облус казысы Закиров Абдулазиз кары  көчмө жыйынды уюштурууда жакындан жардам көрсөткөн райондук жетекчиликке ыраазылык билдирип,  район акими Канжарбек Эшалиевге «Ыраазылык» тапшырды. Буга кошо эле, Терек-Сай айыл аймагынын имам хатиби Умаров Нармырза жана Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы облустук казияттын ал эми,  Каныш-Кыя айылынын имамы Акулов Улан жана Сумсар айылынын имамы Полотов Мавлян райондук хатибияттын «Ардак Грамоталары» менен сыйланышты. Эскерте кетсек, көчмө жыйын буга чейин Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Ала-Бука жана Жалал-Абад шаарларында өткөрүлгөн. Көчмө жыйын жакынкы күндөрдө Тогуз-Торо районунда өткөрүлмөкчү. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *