Жарыя!


Чаткал   районундагы  Каныш-Кыя  айыл өкмөтү  төмөнкү   бош кызмат   орунуна   ачык   сынак  жарыялайт:
1.   Башкы  адис -Юрист    (1 штаттык бирдик):
1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим-Юриспруденция, Укук  тануу адистиктери  боюнча.
    2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
    3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Төмөнкүлөрдү билүү:
    Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана  
       муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга  каршы аракеттенүү  жөнүндө”;
    -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”мыйзамдары;
  •  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому  “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама  жөнүндө”;
  • Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык  кызмат  боюнча кеңештин  2016-жылдын  19-августундагы  №43  токтому  менен  бекитилген  “Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  жана муниципалдык  кызматчыларынын этикасынын  Кодекси.
    Тиешелүү  тармактагы мыйзамдарын:
    —       Кыргыз  Республикасынын  Бузуулар  жөнүндө  кодекси;
    —       Жер кодекси;
    —       Эмгек  кодекси;
    —       Кыргыз  Республикасынын  “Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндө”;
    —       “Жарандардын  кайрылууларын кароо  тартиби  жөнүндө”  мыйзамдары.
    Кызматтык  милдеттерин  аткаруу  үчүн  зарыл болгон  көлөмдө  мамлекеттик  (Кыргыз  республикасынын  Өкмөтүнүн  2017-жылдын21-ноябрындагы  №757  токтомуна ылайык)  жана  расмий  тилдери;
  • Билгичтиги:
  • маалыматты  жыйноо, талдоо, системалаштыруу  жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү   чөйрөдөгү ата-мекендик  жана чет  өлкөлүк тажрыйбаны  талдоо  жана  практикада  колдонуу;
  • кесиптештер менен  натыйжалуу  кызматташуу;
  • иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы  шарттарына көнүү;
     
  • Көндүмдөрү:
  • ченемдик укуктук  актылар  менен  иштөө  жана  аларды  тажрыйбада  колдонуу;
  • ишти пландаштыруу  жана жумуш  убакытын  туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам  жүзөөгө  ашыруу;
  • компьютердик  жана  уюштуруу  техникасын, зарыл  болгон  программалык протуктуларды   колдоно  билүү;
  1. Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:
    Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин топтому өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмесин, сүрөтүн;
  • паспорттун көчүрмөсүн;
  • керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • сунуш каттарын (мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча);
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда ден соолук абалы жөнүндө маалымкат.
    Аңгемелешүү этабына катышууга уруксат берилген талапкерлерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалымкат талап кылынат.
  • Эгерде конкурстан өтүп, кызмат орунуна дайындалган адамда жоюлбаган соттолгондугу бар экени аныкталса, анда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алат.
    Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  сайтка жана гезит  бетине  чыккандан  баштап  10  жумушчу  күндүн  ичинде  жүргүзүлөт.
    Дареги: Каныш-Кыя   айылы ,  Каныш-Кыя  айыл  аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  имараты.  Моб: 0777 21 11 76,   0501 21 11 76

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *