Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактаңыздар

Урматтуу районубуздун тургундары! Эгин талааларында жана чөп жайыттарда жүргөндө төмөнкү эрежелерди  эсиңизден чыгарбаңыздар: Күйүп жаткан ширенке жана тамеки калдыктарын ыргытпаңыз; Отту топурак катмарына чейин тазалаган аянтчада гана жагыңыз; Өрт кооптуу  мезгилде от жагып жана калдыктарды өрттөбөңүз; Чай кайнатып же тамак жасаган соң, отту суу менен өчүрүңүз, же очоктогу чок толугу бойдон өчкөнгө чейин топурак менен комүп, отту толугу менен өчүрүп салыңыз. Жаңы башталган өрттү, суу жалбырактуу дарактардындын бутактары менен же топурак чачып өчүрүңүз. Эң оболу чөп, саман, пакал  ж.б.у.с. Тоютарды үйлөрдөн, сарайлардан, чаркаптардан 30-40 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштыруу жана алардын айланасын жакшылап тосуу талапка ылайык. Тоютту ж.б. тез күйүп кетүүчү заттарды үйлөрдөн жана сарайлардын чатырында сактоо опурталдуу. Себеби кокусунан имараттын чатырынан өрт чыгып калса, жогорудагы аты аталган заттар өрттүн тез күйүп кетүүсүнө өбөлгө түзөт да, аны өчүрүү бир топ татаалдашат.  Тоютту аба аркылуу өтүүчү электр линияларынын астына жана жолдордун боюна жыюу да өрт коопсуздугунун эрежелерине дал келбегенин эстете кетмекчибиз. Дагы бир айта кетчү орчундуу маселе, тандыр, очок, ж.б.у.с. ачык жалынды колдонуу менен байланышкан курулмалардан тоют жыйылган жерден  аралыгы 40 метрден кем эмес болуусу талап кылынат. Күл төгүү үчүн да атайын чуңкур казылып, ал да тоют жыйылган жерден мүмкүн болушунча алыс болуусу зарыл. Мындан сырткары, жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана алардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө керек. Ар бир үй өрт өчүргүч шаймандар жана сууну запасы менен камсыз кылынышы зарыл. Себеби, бул  кокусунан өрт чыгып калса, өрт өчүрүүчү бөлүмчө келгиче, өрттүн тез күч алып кетүүсүнүн алдын алат. Өрт чыкса «101» телефонуна чалыңыздар. Эстетип кетебиз , уюлдук  телефондон  101ге чалуу акысыз. Урматтуу  жердештер, өрттүн алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактасак тилсиз жоонун жолуна бөгөт койгон болобуз. А. Жумабаев, Чаткал райондук  ӨКМКБнүн  инспектору, улук  лейтенант                          ]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *