Чаткал айылдык кеңешинин токтому (апрель. 2021-ж.)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ                                             КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ                                             ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ

ЧАТКАЛ РАЙОНУ                                                            ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН

Описание: 0 (91)

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ                                     ЧАТКАЛЬСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ

Жаны-Базар айылы  Досматов  көчөсү                                           с.Жаны-Базар ул.Досматова

Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  ХХХII  кезектеги сессиясынын

№ 7-Токтому 

09.04.2021- жыл                                                                                            Жаңы-Базар айылы

     «Мекеменин атын өзгөртүү  жөнүндө»

Эмгек жолунда  бир нече ийгиликтерди жараткан, маркум Дурусбекова Өмүржандын ысымын Ак Таш айылынын  16.02.2021-жылдагы жалпы тургундарынын  жана Жаш Тилек МЧББУнун жалпы эмгек жааматынын чогулушунун токтомдорун карап чыгып, сунушун  угуп  жана талкуулап  Чаткал  айылдык  Кеңешинин  VI чакырылышынын  кезектеги  XXХII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Ак Таш айылынын жалпы тургундарынын жана Жаш Тилек МЧББУнун эмгек жааматынын Ак Таш айылындагы “Жаш Тилек” МЧББУнун атын өзгөртүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун токтомунун негизинде маркум Дурусбекова Өмүржандын  ысымын ыйгаруу жөнүндөгү  кайрылуусу эске алынсын жана мекемеге маркумдун аты ыйгарылсын.
  2. Мекеменин толук аталышы төмөндөгүдөй болуп даярдалсын:

Мамлекеттик тилде:Дурусбекова Өмүржан атындагы Жаш Тилек мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемеси.

Мекменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал Абад облусу,Чаткал району, Ак Таш  айылы, С.Максымбеков  көчөсү, № 5.

4. Чаткал райондук Билим берүү мекемесинен тийиштүү иш кагаздарын  ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу  суралсын.

5. Мекеменин аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнүсү көзөмөлдөнүп, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана атын өзгөртүүгө кеткен чыгымдарын өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Дурусбекова Өмүржандын  үй-бүлөөсүнө  жана  жакын туугандарына милдеттендирилсин.

6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын,  расмий     

жарыяланган соң,  Жалал-Абад областтык  юстиция башкармалыгына  ченемдик укуктук  актылардын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин социалдык масселелер боюнча туруктуу комиссиянын жана мыйзамдуулук, укук тартиби,  регламент боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

         Чаткал айылдык Кеңешинин 

         төрагасы:                                                                                        Эргеш уулу У

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *