Райондун 80 жылдыгына арналган кеңешме болду

кенешме 1 кенешме 2 кенешме 3 кенешме 4 кенешме 5 кенешме 6 кенешме 7 кенешме 8 кенешме 9 кенешме 10 кенешме 11 кенешме 12 кенешме 13 кенешме 1417-апрель күнү район борборундагы Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйундө Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө арналган кеңешме болду. Кеңешмеге район аймагынан келген район тургундары катышты. Кеңешменин алдынан алгач, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган, Чаткал өрөөнүнүн жаралыш тарыхына жана район болуп уюшулуу тарыхына байланышкан театрлаштырылган оюн көрсөтүлдү. Буга кошо эле, райондук балдар чыгармачылык үйүнүн окуучулары тарабынан улуттук бийлер аткарылып, райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин хор менен аткаруусунда Чаткал районунун Гимни тартууланды. Андан соң, кеңешменин расмий бөлүгү башталып, алгач Чаткал районунда 2013-14-жылдарда аткарылган иштер слайд-шоу аркылуу көрсөтүлдү. Слайд-шоудан соң, район акими Канжарбек Эшалиев кеңешменин катышуучуларын алдыдагы Чаткал районунун 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, аталган маарекенин өткөруү максатын, себебин учкай түшүндүрүп, бүгүнкү кеңешме район калкы менен аталган маарекени өткөрүү күнүн белгилеп алуу үчүн өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Ал–Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча оюбузду республикалык жана облустук тийиштүү жетекчиликтер бир добуштан колдошту. Эми, сиздер менен маарекени өткөрүү күнүн белгилеп алып, жогорку тийиштүү органдарга билдиришибиз керек. Буга чейин райондун 80 жылдыгын өткөрүү иш чаралары башталып, мектептерде, мекемелерде аталган маарекеге арналган ар кандай иш чаралар өткөрүлө баштады. Буга кошо эле, район туууралуу фильм тартылып, энциклопедия чыгууда. Мындан башка да алдыда бир топ иш чаралар бар. Биз сиздерге районубузда өткөн эки жылда аткарылган иштер чагылдырылган слайд-шоуну жөн жерден көргөзгөн жокпуз. Өткөн эки жылда районубузда көзгө өрүнөөрлүк өнүгүүлөр болду. Азыр Чаткал району облуста Жалал-Абад шаарынан жана Ноокен районунан кийин үчүнчү орунда турат.-деп Чаткал районунун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө алдына-ала эсептөөлөргө ылайык төрт млн. сом акча каражаты сарпталаарын билдирип, аталган каражат райондогу кен тармагында иштеген фирмалардан жана райондун өзүнөн каралаары болжолдонуп жаткандыгын маалымдады. Андан соң, район акиминин экинчи орунбасары Муратбек Досматов кеңешменин катышуучуларына Жалал-абад облустук архивинен алып, даярдалган Чаткал районунун район болуп уюшулуу тарыхын окуп берип, андан кийин райондун 80 жылдык маарекесин өткөрүүгө кетчү каражаттардын алдын-ала болжолдонгон сметасы менен тааныштырды. Кеңешменин катышуучулары сметада айрым иш чараларга каралган каражаттар боюнча өз ой-пикирлерин айтышып, көпчүлүгү ат оюндарына каражат аз коюлуп калыптыр, дагы бир аз каражат кошсоңуздар, себеби бери жагы Ала-Бука, ары жагы Таластан ат оюнчулар келишет-деген ойлорун билдиришти. Мындан сырткары, маареке өтчү жай тууралуу пикирлер айтылып, катышуучулар бир топ жерлерди сунушташты. Буга район акими Канжарбек Эшалиев маарекени өткөрүү боюнча атайы режиссер чакырылаарын, анан аны менен биргеликте маарекеге ылайыктуу жер караштырылаарын маалымдады. Ал эми, айрым катышуучулар жалпы маарекеге кетчү каражат да аздык кылаарын, ага дагы кошуу керектигин билдиришип, өз сунуштарын айтышты. Буга район акими Канжарбек Эшалиев да кошулаарын билдирип, район үчүн күйгөн бир топ атуулдар ага кайрылышып, каражат жагынан жардам берүү сунушун айтып жаткандыктарын, эгер кошумча каражат табылып калса дагы маарекенин сметасы кеңейтилээрин билдирди. Кеңешмеде маарекени өткөрүү күнү кызуу талаш-тартышты жаратып, райондук жетекчилик сунуш кылган август айынын 22-23үнө каршы чыккандар да, ага макул болгондор да кызуу талкуулашты. Аталган күнгө макул эместер август айы ат оюндарына ылайык эмес деген пикирди бетке карманышып, маарекени сентябрь айына жылдырууну сунуш кылышты. Бул сунушка жооп берген Канжарбек Эшалиев октябрь айында шайлоо кампаниясы башталып, республикалык маанидеги мындай иш чарага удаалаш өткөрүү ыңгайсыздык жаратаарын, буга кошо эле, бул мезгилдде райондук жетекчилик шайлоо иштерин уюштуруу иштери менен алектенип калаарын белгиледи. Ал эми, бир тобу маареке өткөрүүгө август айы ылайыктуу экендигин баса белгилешип, райондук жетекчиликтин сунушуна макул экендиктерин билдиришти. Соңунда, маарекени сентябрь айында өткөрүүнү сунуш кылган катышуучулардын сунушу эске алынып, райондук жетекчилик маареке сентябрь айынын 12-13үндө өткөрүлсүн деген чечимге токтолушту.]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *