Кызамык оорусу тууралуу билип коюу керек

«Кызамык оорусунун кабылдоосу опконун, мээнин сезгенуусуно алып келет ошондуктан, кызамыкты жеӊил оору катары кабыл алган туура эмес»

 

— Кызамык  ооруга балдар күз-кыш мезгилинде көп чалдыгышат. Буга суукта бөлмөлөрдүн көп желдетилбей, жылуу бойдон туруусу себепкер. Анткени, мындай абал вирустун пайда болуусуна ыӊгайлуу шарт түзөт. Кээ бир ата-энелердин кызамыкты жеӊил оору катары кабыл алганы туура эмес. Көбүнчө бул дарттын кабылдоосу өпкөнүн, кулактын, мээнин сезгенүүсүнө алып келип, өлүмгө жеткириши мүмкүн.

Кызамыктын пайда болушу

— Вирустун эӊ коркунучтуу  мезгили бул денеге кызыл бүдүр чыкканга чейин 3-4 күн мурда, бүдүр чыккандан кийинки төртүнчү, бешинчи күнгө чейинки убакыт болуп эсептелет. Вирус ооз-мурун көӊдөйлөрүнөн канга өтүп, кан аркылуу бүт денеге таралат. Вирус канга сиӊгенден кийин дененин табы 38-39 градуска  чейин көтөрүлүп, жөтөл, алсыроо, жарыктан чочулоо жана көздөн жаш агуу менен башталат. Дем алуу жолдорунун чел кабыкчасы сезгенет. Оору башталгандан үчүнчү-төртүнчү күндөрү денеге жыш майда кызыл бүдүрчөлөр пайда боло баштайт. Бүдүр алгач кулактын артынан башталып , чачтын түптөрү, моюнга, бетке андан кийин көкүрөккө, кол, бутка этабы менен чыга баштайт. Бүдүрдүн чыгуу убагы 4-5 күнгө чейин созулат. Андан кийин дене табы төмөндөп, бүдүрлөр жоголо баштайт да, ордунда күрөӊ түстөгү тактар калат. Бейтап кабылдоосуз (осложнение) өткөн кызамык оорусунан ушул мезгилден баштап айыга баштайт. Инкубациялык мезгили 16-21 күн.

Кызамык оорусун кантип алдын алуу керек?

— Кызамык оорусун алдын алуу максатында 12 айга толгон балдарга эмдөө жүргүзүлөт.  Ал эми 6 жашта иммунитетти бекемдөө үчүн бала  кайрадан эмделет. Бул оору айрыкча 1 жаштан 6 жашка чейинки балдардын арасында көп кездешет. Ал эми 1 жашка чейинки балдардын бул дартка чалдыгышы энесинин иммунитетинин төмөндүгүнөн улам болот. Иммунитети төмөн балдар эмдөөдөн өткөн болсо да бул ооруга чалдыгуусу мүмкүн, бирок оору жеӊил өтөт. Ал эми эмдөөдөн баш тарткандардын балдары бул дартты оор кабыл алышат. Кичине кезде оорубаса, анда ал адам өмүрүнүн аягына чейин кызамык оорусу менен канча жашта болбосун ооруп калуусу мүмкүн.

Кызамык менен кызылчанын айырмасы

— Кызамык менен кызылча ооруларынын бейтапка тийгизген таасирлери окшош. Мисалы, кызамыкта да, кызылчада да бейтаптын дене табы көтөрүлөт, жөтөл, мурун бүтүү, мурундан суу агуу пайда болот. Көзү кызарат, тилине, ооз көӊдөйлөрүнө  жана бара-бара бүтүндөй денесине кызыл чекиттер чыгат. Бир өзгөчөлүгү кызамыкта денени кызыл чекит жайылган абалда көбүрөөк капташы мүмкүн.

Кош бойлуу эне кызамыктан сак болуусу керек

— Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда наристе тубаса кемтик менен төрөлүшү мүмкүн. Кош бойлуулуктун акыркы айларында бул ооруга чалдыккан болсо анда ичиндеги баланын ички органдары жабыркап, аз кандуулук менен төрөлүшөт. Мындай балдар 18 айга чейин кызамыктын вирусун бөлүп чыгарып, башкаларга оору жуктурушат.

Кызамык чыккан адамга кам көрүү

 Ооруга чалдыккан адамга суюктук көп берип, бөлмөнү караӊгылатып коюу керек.

Дене табын түшүргөн дарыларды дарыгердин кеӊеши менен берүү туура болот. Канда вирус жүргөндө дарыларды өзү билемдик менен ичүү ар кандай реакциялардын жүрүп кетүүсүн шартташы мүмкүн.

Бейтап жаткан бөлмөгө күндүн нуру тийип турса жакшы, себеби күн нуру зыяндуу микробдорду өлтүрөт. Бирок нур бейтаптын көзүнө чагылбашы керек. Бөлмөнү күндө 2-3 ирет тазалап, желдетип, жаткан төшөктөрүн күнгө жайып туруу керек. Баланы өтө тердетпей, кол, тырмактарын таза кармоо зарыл. Анткени кызамык чыккан жайлар кычышып, аны тармаганда тырмактагы микробдор денеге кирип, ал жерге ыйлакчалар пайда болуп, ириӊдеп кетүүсү мүмкүн.

Бейтаптын кийимдерин да бат-бат которуп туруу керек. Таза пахтадан болгон кийим кийсе жакшы болот.

 Оорулуу диета кармоосу керек. Ачуу, ширин, ачкыл, ышталган, куурулган тамактарды жебейт. Колдон келишинче жеӊил тамактарды — сүт, быштак, атала, жана кыргычтан өткөрүлгөн сабиз же алманын боткосу пайдалуу. Кошумча банан, кургатылган өрүктүн шербетин, мейиз сыяктуу мөмө-жемиштерди берген да пайдалуу.  Ал эми аллергия чакыра турган жумуртка, балык, бал, цитрус жемиштери, тоок эти, дан куурай жана башка азыктарды таптакыр бербөөнү сунуштайбыз.

Күн жакшы жылыганда баланы жылуу кийинтип таза абага чыгаруу керек. Күнгө канчалык көп кактанса ошончолук бат сакаят.

Баланын кызарган жерлерине зеленка сүртүп туруу керек.

Биздин райондо кызамык жана кызыла оорусу менен катталган оорулуу жок бирок, башка региондордо катталып жаткандыктан  сак болууга чакырабыз!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *