Жалпы

Терек-Сай айылдык кеңешинин токтомдору (14.12.2020)

67
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы.

2020-жылдын  14-декабры

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясынын

№ 1 токтому

“Бүчүр” балдар бакчасынын жаңы имаратынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акысын төлөп берүү жөнүндө

            Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулуп бүткөн “Бүчүр” балдар бакчасынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акысын чечип берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы жаңы курулуп бүткөн “Бүчүр” балдар бакчасынын курулуш иштерин көзөмөлдөөчү технадзордун айлык акысын төлөөгө 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы.

2020-жылдын  14-декабры

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясынын

№ 2 токтому

Терек-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебине генератор алып берүү жөнүндө

Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О.Исаковдун мектепте кыш мезгилине карата генератор алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебине кыш  мезгилине карата генератор алып берүү үчүн 45 000 (кырк беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы.

2020-жылдын  14-декабры

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясынын

№ 3 токтому

Терек-Сай айыл аймагында жаштардын арасында “Көк бөрү” улуттук оюунун уюштуруу жөнүндө

Терек-Сай айылынын тургуну Н.Хаджибековдун Терек-Сай айылында жаштардын арасында “Көк бөрү” улуттук оюунун уюштуруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Терек-Сай айылында жаштардын арасында “Көк бөрү” улуттук оюунун уюштуруу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  1. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  
    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ     КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА  

Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы.

2020-жылдын  14-декабры

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясынын

№ 4 токтому

Турмуш шартына жана ден соолуктарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү  жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Козубаева Айнагүлдүн күйөөсү Джаркулов Кеңештин жүрөк оорусу менен ооруп жаткандыгына, Чотбаева Айнуранын көзү ооруп жаткандыгына, Кызыл-Токой айылынын тургуну Абдырахманов Туранбайдын  боор ооруусуна (цирроз печень) дарылануу үчүн ,  Мавледянов Римдин, Байгазиева Анипанын, Ормотоева Манзуранын , Джапарова Нарбунун  турмуш шарттарына   байланыштуу  материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  ХVI кезексиз сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Козубаева Айнагүлдүн күйөөсү Джаркулов Кеңештин жүрөк оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу дарылануу үчүн 10 000 (он миң), Чотбаева Айнуранын көзү ооруп жаткандыгына байланыштуу 10 000 (он миң), Кызыл-Токой айылынын тургуну Абдырахманов Туранбайга  боор ооруусуна (цирроз печень)  20 000(жыйырма мин) ,  турмуш шарттарына байланыштуу Мавледянов Римге 12 000 (он эки миң) сом, Байгазиева Анипа 8 000 (сегиз миң), Ормотоева Манзурага 5 000 (беш мин), Джапарова Нарбүгө 12 000 (он эки мин) сом   акча каражаттары ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен   материалдык жардам катары  бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ нүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                  Ажакматов И.К.

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ ЧАТКАЛ РАЙОНУ ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ    </
]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь