Терек-Сай айылдык кеңешинин токтомдору (апрель, август, ноябрь, 2019-жыл)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абадоблусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2019-жылдын 02-апрели

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясынын
№ 7 ТОКТОМУ
Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын айылга таза суу тартуу максатында диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр полиэтилендик суу түтүкчө алуу жөнүндөү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIIсессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр политэтилендик түтүкчө алуу үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абадоблусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2019-жылдын 29-ноябры

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
№ 9 ТОКТОМУ
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунунун тез жардам бөлүмүнүнмед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү жөнүндө
№ 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн мед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. № 4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн мед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
ЧАТКАЛ РАЙОНУ
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

КЫРГЫЗКАЯ РЕСПУБЛИКА
ЖАЛАЛ-АБАДСКАЯ ОБЛАСТЬ
ЧАТКАЛЬСКИЙ РАЙОН
АЙЫЛНЫЙ КЕҢЕШ
ТЕРЕК-САЙСКОГО АЙЫЛНОГО АЙМАКА

Жалал-Абадоблусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы
2019-жылдын 06-августу

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
№ 6 ТОКТОМУ
Терек-Сай айыл аймагына санарип теле берүүсүн оңдоо, ремонттоо жумуштары үчүн айлык маянаны чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына санарип теле берүүсүн оңдоо, ремонт иштерин жүргүзүү жумуштары атайын адистин жоктугуна байланыштуу жумуштар убагында бүтпөй жаткандыктан, жер адис И.Смановго кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVсессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:

  1. Санарип теле берүүсүн оңдоо , ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жер адис И.Смановго кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасын 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

Терек – Сай айылдык
Кеңешинин төрагасы: Ажакматов И.К

]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *